"Төркүнүм да колдобойт". Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер көбөйдү
Айдай Аманкулова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти

Сүрөттүн булагы, M.Zeinalova
ИИМ акыркы үч айда 4 500дөн ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын кабарлады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28% көп. Укук коргоочулар болсо соңку кездери психологиялык жана экономикалык зомбулукка кабылып жардам сурап кайрылган кыз-келиндер көбөйгөнүн, сотто зомбулуктун мындай түрүн далилдөө оор болуп жатканын билдиришүүдө.
Жаркын (аты өзгөртүлдү) чиедей эки баласы менен Бишкектеги кризистик борборлордун биринде баш калкалап жатат. Келиндин айтымында, күйөөсүнөн токмок жеп, психологиялык кысымга кабылган соң үйүнөн качып кетүүгө аргасыз болгон:
"Мага дайыма нааразы. "Сенин колундан эч нерсе келбейт, ишенимимди актаган жоксун" деп кемсинтет. Эмнеден жаздым билбейм. Үй тиричилигин кылам, балдарды багам, түнкүсүн кийим тигип иштейм. Мен чарчадымбды же ал чарчадыбы, түшүнбөй калдым. Соңку эки айда тынбай урушуп калганбыз. Акыркы жолу жерде отурсам, буту менен далы тушту көздөй бир нече жолу тээп жиберди. Атасынын бул кылганын уулум да көрүп калды. Ыза болуп, эки баламды алып үйдөн кетип калдым. Бишкектеги кризистик борборго келдим. Башка барар жерим жок. Төркүнүм мени колдобойт, ал жакка барсам кайра күйөөмдүн колуна салып берип коюшат".
Жаркын сегиз жыл мурун турмушка чыккан. Бул аралыкта кризистик борборго ушуну менен экинчи жолу кайрылып жатат.
"Биринчи жолкусунда күйөөмдөн катуу токмок жеп келгем. Бети-башымды жанчып таштаган, шишип кеткен эле. Азыркыга чейин башымда гематома бар. Эс-тутумум жакшы болбой, колу-бутум карышып калат. Дарыгерге кайрылсам, токмок жегендин кесепети экенин, жакшылап дарылануу керектигин айткан.
Бул жакта бир аз туруп, андан соң өз алдымча да жашап көрдүм. Бирок кайын журтум, алдап-соолап, "балдар турганда кайда барышат" деп апамдын алдына түшүп жатып жараштырып коюшкан. Эми элдешким келбейт. Күйөөм көржемечи экен. Анын оңолоруна ишенбейм. Бирок сот аркылуу ажырашкандан да тарткынчыктап турам. Себеби балдарды талашабы деп коркуп жатам",- деп кейиди келин.
Милициянын статистикасы боюнча, быйылкы жылдын үч айында катталган үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан иштер өткөн жылдын дал эле ушул мезгилиндегиге салыштырганда 1015 фактыга көп.
Зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата 3577 убактылуу коргоо ордери берилген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен 1217 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Натыйжада 393 адам коомдук ишке тартылган, 610 адам камакка алынган.
Бул эми расмий гана маалымат. Жер-жерлердеги кризистик борборлордун кызматкерлеринин айтымында, үйүндө зомбулукка кабылып, бирок милицияга кайрылгандан тартынып, жылдап азап чегип жашагандар алда канча арбын.
Ички иштер органдарына арыз жазгысы келбегендер кризистик борборлорго кайрылышат. Үйүндө зомбулук көргөн аялдардын басымдуу бөлүгү ажырашуунун, алимент кестирип алуунун жол-жобосун сурап, юридикалык кеңеш алышат.
Биздин борборго 2023-жылы 1620 адам жардам сурап кайрылса, 2024-жылы 1900 адам кайрылды. Биз аларга юридикалык, психологиялык жактан кеңеш беребиз. Баш калкасы жок болсо, убактылуу жашай турган үйлөргө жөнөтөбүз", – дейт Ош шаарындагы "Аруулан" кризистик борборунун жетекчиси Наргиза Эштаева.
Балыкчы шаарындагы "Бактылуу эне" кризистик борборунун жетекчиси Чынара Сыдыгалиева болсо, соңку мезгилде үй-бүлөдө психологиялык зомбулук күчөп баратканын белгилейт:
"Акыркы кезде катуу таяк жеген кезде кайрылбай, күйөөсүнүн жаман сөзү жанга батканда кайрылган аялдар көбөйдү. Маселен, эки жыл мурун бир келинди күйөөсү катуу сабап, үч кабыргасын сындырып таштаган. Ошондо ал милицияга кайрылган эмес. Жакында ал келин кайра сабалды. Бирок дене мүчөсү сынган жок, көзү көгөрүптүр. Бул жолу ал милицияга арыз жазып, иш сотко өттү. Бирок иш Кылмыш жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси боюнча эмес, "Денеге анча оор эмес залал келтирүү" беренеси менен козголду. "Кабыргаң сынганда эмне үчүн милицияга кайрылган жоксуң" десем, – Билбейм, үмүт бар эле. Жан-дүйнөмдү талкалап, улам кемсинте бергени, психологиялык кысымы чегине жетти" деп айтты".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Укук коргоочулар, психологдор токмок жеп, анан психологиялык кысым кабылып гана тим болбой, экономикалык зомбулук көргөн аялдардын саны да арбып бара жатканын белгилешет. Алардын пикиринде, абьюзер эркектер түгөйүн ар дайым көзөмөлдөп, иштетпей, дары-дармекке, керек болсо гигиеналык каражат сатып алганга акча бербей, көз каранды кылып алышууда.
"Зордук-зомбулук көргөн аял – эң биринчи чүнчүгөн аял. Өзүн таппай калган аял. Мындай аялдардын көбү зомбулукка көнүп калат. Үйүндө чыр чыкканда төркүнүнө кетип калышат, бирок түгөйүн кыйбай, кайра эле жарашып алышат. Жүрөгүнүн түпкүрүндө зомбулук көрүп жатканын сезишет, бирок кантип күрөшүү керектигин билишпейт", – дейт үй-бүлөлүк психолог Асыл Султанбекова.
"Сезим" кризистик борборунун мурдагы жетекчиси, укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова зордук-зомбулукка кабылган аялдар өз укуктарын коргоодо кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын, себеби кесипкөй адвокаттардын кызматы кымбат экенин, он жылга чейин созулган сот жараяндары бар экенин айтат.
Бүбүсара Рыскулова коомчулук азыр кызматы жеткиликтүү, адискөй адвокаттарга да, психологдорго да муктаж болуп жатат деп эсептейт.
"Азыр смог каптагандай эле элдин баары ачуулуу болуп калды. Муну коомдук жайлардагы, мисалы, автобустардагы элдин жүрүм-турумунан эле байкоого болот. Жер-жерлерде психологдорду көбөйтүү керек. Алар ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда болуш керек. Бишкекте адистер бар. Бирок аймактарда аз. Акыркы кезде үстүртөн билим алган психологдор да көбөйүп кетти. Бизге болсо адискөй, анан кыргыз тилдүү психологдор жетишсиз. Зомбулук көргөн аял жардам үчүн кайда кайрыларын билиш керек. Мамлекет кризистик борборлорго колдоо көрсөтүп, маалыматтык компания жүргүзүп турушу зарыл".
Статистика комитетинин соңку сурамжылоосунда социалдык-психологиялык борборлорго үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип кайрылгандардын 96% аялдар экени айтылат.
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги 2024-жылы үй-бүлөдө зомбулук жасалган 17 316 учур расмий каттоого алынганын билдирген. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 31% көп.
Былтыр августта президент Садыр Жапаров "Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон.
Мыйзамда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо маселеси күчөтүлгөн. Мындан тышкары жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетишин, жабырлануучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо каралган.
Мурдагы акыйкатчы, укук коргоочу Атыр Абдырахматованын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча кабыл алынган мыйзамдар алда канча жакшы деп эсептелинет. Бирок мыйзамды аткаруу жагы аксап жатат. Психологиялык зомбулукту далилдөө кыйынга турууда:
Укук коргоо органдарына кайрылып, "мени тилдеп, кемсинтип, сөгүп жатат" деп кайрылсаң, арызыңды кабыл албайт. Ошол эле социалдык кызматкерлер "эмнеге чакырдың эле, болгону урушкан турбайсыңбы" деп көңүл бурбай койгон учурлар жетиштүү. Муну мамлекеттик органдар эске алышы керек. Адам зомбулукка кабылганда атайын окуудан өткөн тергөөчүлөр, адвокаттар, соттор иш алып барышы керек. Тилекке каршы, мамлекеттик органдарда атайын окуудан өткөн адистер абдан аз. Психологиялык зомбулук курч, бирок соттун тажырыйбаcы аз.
Үрөй учурган окуялардан жыйынтык чыктыбы?
Аялдарга карата зордук-зомбулуктун эң коркунучтуу формасы болсо фемицид экени белгилүү. Фемицид – бул жек көрүү, гендердик дискриминация, зомбулуктун негизинде негизинде аялдарды өлтүрүү.
2024-жылы 2-январда Баткен облусунун Кадамжай районунда биринчи топтогу майыптыгы бар 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон.
Ушул эле жылы февралда 39 жаштагы Айжан Алымкулова өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрлгөн. Анын өлүмүнө шектүү деп жарандык никедеги күйөөсү кармалган. Быйыл мартта Кирилл Дамиров аттуу адам 15 жылга эркинен ажыратылды. Маркумдун жакындары ага жеңил жаза берилип калганын айтып жатышат.
Андан эки ай өтпөй, апрелде Бишкектеги Кут конушунда үч баланын энеси Рахима Айкымбаева өзү жашаган үйүндө 27 жолу бычак жеп, өмүр менен кош айтышкан. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү кармалган. Кийин ал "Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыптуу деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.
Ушул эле жылы июлда Бишкектеги №4 шаардык ооруканада Ош шаарынын тургуну, 25 жаштагы Айтурган Маматкулова каза тапкан. Кайын-журту ал өзүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын билдирсе, маркумдун жакындары ал күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапты деп эсептешет.
2020-жылы "Клооп" басылмасы Кыргызстандагы фемицид боюнча иликтөө жасап, 2010-2020-жылдардын аралыгында 762 аял өлтүрүлгөнүн аныктаган.
Бириккен Улуттар уюмунун акыркы баяндамасында 2023-жылы жер шарында 85 миң кыз-келин өлтүрүлгөнү айтылат. Кылмыштын 60% интимдик өнөктөш же үй-бүлөдөгү жакын адам жасаган. Баяндамада ар бир он мүнөт сайын бир аял же кыз фемициддин курмандыгы болору, күн сайын 140 аял жакын адамынын колунан жан берери белгиленген.












