"Мигрантка кол жетет". Орусиядагы жаңы реестр кандай иштейт?
Би-Би-Си, Орус кызматы

Сүрөттүн булагы, Kirill Kukhmar/TASS
Орусияда бери дегенде эле алты миллиондон ашык мигрант жашайт. Өлкө экономикасынын бүтүндөй тармактары – курулуш, коммуналдык чарба, логистика, турмуш-тиричилик жана жеткирүү кызматтары алардын ишинен көз каранды.
Мигранттар өз өлкөсүнүн экономикасына да олуттуу салым кошот. Алар которгон акчалар Борбор Азиянын ички дүң өнүмүнүн белгилүү үлүшүн түзөт.
Ошого карабастан мигранттар Орусияда дайыма дискриминацияга дуушар болгон эң аялуу социалдык топтордун бири бойдон калууда.
Ал эми бул жылы "көзөмөлдөгү адамдардын" реестри ишке кирди. Бул тизмеге кирип калгандар жумуштан, окуудан, керек болсо банк эсебиндеги акчасынан ажырап калышы мүмкүн. Соңку мезгилде бул реестрге "жаңылыш" кирип калган мигранттар да өтө көп.
500 рублга күнү түшкөн Арсендин окуясы
Арсен 5-апрель күнү эртең менен чарчаңкы абалда ойгонду. Бир күн мурун ал достору менен барга барган. Баары фастфуд жегени кирип, ошол жерден Арсен үйгө такси чакырган. Бул 25 жаштагы жигит үчүн Москвадагы кадересе түн.
Казакстандык Арсен беш жылдан бери Орусияда жашайт.
Арсен чала уйку абалында Сбербанк тиркемесин ачып, досуна бир аз акча котормой болду.
Бирок тиркемедеги кызыл фондо "сиздин төлөм четке кагылды" деген жазуу чыкты.
Төмөн жагында: "Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлиги сизди көзөмөлгө алынган чет өлкөлүк жарандардын тизмесине кошту. Сизге мамлекеттин (Орусия Федерациясынын) пайдасына милдеттүү төлөм жүргүзүүдөн, айына 30 миң рублдан ашпаган нак акча чыгарып алуудан башка бардык банк операцияларын жүргүзүүгө тыюу салынат" деген түшүндүрмөсү да бар.
Адегенде Арсен муну кандайдыр бир мүчүлүштүк деп ойлоду.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал банкка барды, бирок алар мындай маселелер менен алектенбей турганын айтышып, Ички иштер министрлигине кайрылууну сунушташты.
Көптөгөн жаштар сыяктуу эле Арсен да бардык акчасын картага сактап жүргөн, азыр ал карта бөгөтттөлдү. Батирин тинтип жатып накталай 500 рубль таап алып, ошол акча менен полиция бөлүмүнө жетти. Ал жерде да кызматкерлер ийиндерин куушуруп, жардам бере албай тургандарын айтышып, аны "Зигзагга" жөнөтүштү.
Москванын Дмитровский районундагы "Зигзаг" соода борборунда жергиликтүү миграциялык пункт бар. Ал жердегилер көбүнчө каттоого алуу, миграциялык каттоону узартуу жана иштөөгө уруксат берүү маселелери менен алектенишет.
Ал жерге кирерден мурун "Госуслуги" аркылуу алдын ала жазылуу керек. Арсен жазылайын десе, он күнгө чейин бош орун жок экен. Ал чарчап-чаалыгып үйүнө кайтты.
Ижара акыны төлөө мөөнөтү жакындап калган. Азык-түлүк сатып алышы керек болчу. Арсен бир нече юрист менен байланышты, бирок консультацияга акча керек экен. Арсен акыркы акчасына Сахарового барууну чечти.
Сахарово
Москвадан 60 чакырым аралыкта жайгашкан Сахарово деп аталган көп функционалдуу миграциялык борбор мигранттар үчүн белгилүү жай.
Бул жер узун кезеги жана кишилерди басынткан текшерүү процедуралары менен таанымал. Мисалы, ал жерде ВИЧ, сифилис жана кургак учук сыяктуу "социалдык маанидеги ооруларды жана инфекцияларды" аныктоо үчүн кан жана заара тапшыруу талап кылынат.
"Ал жердеги шарттарга чыдоо мүмкүн эмес. Көчөдө жүздөй адам кезек күтүп турат. Саатына болгону бир нече эле адамды ичкери киргизишет. Ал жерде аялдар, балдар, пенсионерлер да бар. Бири-бирин түртмөй. Айлана куралчан ОМОН менен курчалган. Алардын баары адамдарга "эй, сен" деп, орой, сөгүнүп сүйлөшөт. Өзүмдү бир террордук лагерге түшүп калгандай сездим. Баары темир тосмолор менен курчалган. Бир аял тосмого жөлөнүп турса, омончу аны ал жерден оолактатуу үчүн тосмону таяк менен чаап жиберип. Айбанга жасагандай эле мамиле жасашат", – деди Арген.

"Мен көчөдө кар астында үч саат кезек күттүм. Ичкери кирүүгө, жада калса жылынууга эч кимге уруксат берилген жок. 0,5 литрлик бир бөтөлкө суу 150 рубль, "Сникерс" 200 рубль турат. Мен ичкериде дагы бир нече саат кезек күттүм. Кээ бирөөлөр жерде отурушту, балдар бурчта уктап жатышты".
Арсен түшкө маал эле Сахарового келген жана кечки саат сегиз жарымда гана колуна номур чапталды. Документтерди тариздөө жараяны жүрүп жатканда бул номерди алып салууга жана жоготууга болбойт. Арсен эртеси да Сахарового келмек. Ошондуктан ал коомдук транспортто "эн белги" менен баратты. Кечинде жуунар алдында да номурун өчүрүп албоого аракет жасады. Эртеси манжа изин жана анализдерин тапшырды.
Ал "Сахароводогу" кир болгон медициналык бөлмөлөрдү жана коридорлорду көз алдынан өткөрдү. Суусу жок дааратканаларда зааранын үлгүсүн анализге тапшыруу керек. Жер болсо кан тамган медициналык кебездерге толуп калган.
Арсен Орусияда мыйзамдуу түрдө иштеп, турак-жайды ижарага алып жүргөн. Заматтын ортосунда банк эсеби бөгөттөлүп, минтип көзөмөлгө алынган кишилердин катарына кошулуп калды.
Көзөмөлдөгү кишилер
Көзөмөлдөнүүчү кишилердин реестри – Орусияда жүргүүгө мыйзамдуу негизи жок чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар киргизилген маалымат базасы.
Реестрди түзүүгө мүмкүндүк берген мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага былтыр июнь айынын аягында киргизилген. Болгону бир жарым айдын ичинде долбоор бардык окуулардан өтүп, март айынын башында аны Федерация Кеңеши жактырган.
Орус бийлиги мигранттар көп сандаган кылмыш жасап жатканын байма-бай айтып келет.
Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин өткөн жылы мигранттар жасаган оор кылмыштардын саны бир жылда 32%, өзгөчө оор кылмыштардын саны 26%, экстремизмге байланышкан кылмыштар 147% өскөнүн билдирген.
Бирок бул маалыматтар ИИМдин расмий статистикасына карама-каршы келет. Орусия ИИМи чет өлкөлүктөр тарабынан жасалган укук бузуулардын саны тескерисинче азайганын белгилейт.
Реестр жаңы ачылганда ага бир айдын ичинде эле 685 миң чет элдик киргизилген. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Орусияда 6,2 миллионго жакын мигрант жашайт. Демек, ар бир тогузунчу мигрант "көзөмөлдөгү адамга" айланган.
Дүйнөдө көбүнчө миграция эрежелерин бузуу менен бир өлкөнүн аймагына кирип баргандарды мыйзамсыз мигранттар деп аташат.
Орусияда борбор азиялык мигранттар басымдуулук кылат.
Чөлкөмдөгү бул өлкөлөр менен Москванын ортосунда визасыз режим бар. Демек, Орусияга мыйзамсыз баргандар дээрлик жокко эсе десе болот.
Орус чиновниктери "мыйзамсыз мигранттар" дегенде өлкөгө окуу максатында барып, бирок уруксатсыз иштей баштагандарды же жашаган жеринде каттоого турбагандарды айтышат.
Орусиядагы мигранттардын нак саны азыркыга чейин беймаалым. Маселен, Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин өлкөдө 13-14 миллион мигрант бар деген ишенимде.
Орусияда Өзбекстандын жарандары басымдуулук кылат. Кийинки орунда Тажикстан, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Армения, Азербайжан жана Беларус турат.
Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, 2024-жылы эмгек мигранттарынын акча которуулары Тажикстандын ИДПсынын 49%, Кыргызстандын ИДПсынын 18,59% жана Өзбекстандын ИДПсынын 14% түзгөн.

Сүрөттүн булагы, Stanislav Krasilnikov/TASS
Бирок эмгек мигранттары Орусиянын экономикасында да маанилүү ролду ойношот.
"Жогорку экономика мектеби" университетинин иликтөөсүнө ылайык, Москванын курулуш тармагында мигранттардын үлүшү 50% ашат, ал эми транспорт, соода, мейманкана жана коомдук тамактануу тармагында мигранттар жумушчулардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.
Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар менен мигранттар экономиканын ар кайсы тармактарында иштегендиктен бири-бири менен атаандашпайт.
"Москваны мигранттар курат, кайтарат жана тазалайт деген доомат аша чапкандык эмес", – деп жазышкан иликтөөнүн авторлору. Алар миграциялык саясаттын катаалдашы кадрлардын тартыштыгына алып келиши ыктымал экенин эскертишет.
"Реестрлер – кысым көрсөтүүнүн, изоляциянын жана репрессиянын куралы. Бул реестрлерге кирүү коомдук эн белгиге барабар. Ал олуттуу укуктук кесепеттерге алып келет. Биздин мамлекет тартипти орнотуу зарылчылыгын жаап-жашыруу менен каттоого алуу жана көзөмөлдөө моделин активдүү колдонуп жатат", — дейт Волгоград облусунун миграция боюнча юристи.
Реестрге кирип калган кишиге жашаган жерин өзгөртүүгө тыюу салынат. Ал жашаган аймагынын чегинен чыга албайт. Кыймылсыз мүлк же унаа сатып алууга же сатууга, никеге турууга, унаа айдоого, банкта эсеп ачууга, компания ачууга же жеке ишкер катары катталууга, насыя алууга жана айына 30 миң нак акча чыгаруудан башка өз акчасын колдонууга укугу жок.
"Бул кандайдыр бир себептерден улам депортация мүмкүн болбогон учурда адамды көзөмөлдө кармап туруунун бир жолу", – деп түшүндүрөт юрист.
Системадагы алешемдиктер
Мигранттардын укугун коргоо борборунун негиздөөчүсү Валентина Чупиктин айтымында, иш жүзүндө бул реестрге мыйзамсыз жүргөн мигранттар эле эмес, көптөгөн күнөөсүз адамдар да түшүп калып жатат. Чупик өзү 2005-жылы Өзбекстандан Орусияга качып келип, саясий башпаанек алып, мигранттарга акысыз укуктук жардам көрсөтө баштаган. Бирок төрт жыл мурун Орусия анын макамын жокко чыгарып, 30 жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Ал ички иштер министрлигиндеги коррупцияны сындаганы жана укук коргоо ишмердиги үчүн куугунтукталганын айтып келет.
Чупиктин билдиришинче, реестр ишке кирген алгачкы эки күндө 30дан ашуун адам жардам сурап кайрылган. Алардын баары тизмеге катачылык менен түшүп калганын айтышкан. Бул боюнча Би-Би-Си Орусиянын ИИМине суроо жөнөткөн, бирок жооп ала алган эмес.
Азыр Валентина Чупик Олесяга жардам берип жатат. Бул келин көптөн бери Орусияда жашап, расмий түрдө иштеп келет. Арсен сыяктуу эле Олеся да капысынан өзүнүн банктагы эсеби бөгөттөлүп, өзү бардык документи болсо да "мыйзамсыз мигранттар" реестрине кирип калганын билген.
Көрсө, чиновниктер өздөрү ката кетиришкен экен: анын миграциялык картасында фамилиясындагы "о" тамгасы "а" деп жазылып калган.
Ошол эле үчүн система аны башка адам катары таанып, реестрге киргизген.
"Муну байкап калгандан кийин ал дароо миграция бөлүмүнө барган. Башында аны коркутуп, депортациялана турганын айтышкан. Биз арыз жазып, жогору жактарга телефон чалдык. Акыры документтерди текшертип, ката кеткенин далилдей алдык. Алар кечирим сурап, "кокустан базага түшүп калыптыр" дешти. Бирок азырынча ката оңдоло элек", – дейт Чупик.

Сүрөттүн булагы, Vladimir Gerdo/TASS
Бул катадан улам ал жумушунан ажырап калышы мүмкүн: чиновниктер маселени териштирип жаткан маалда жумуш берүүчү келинди иштен кетирбесе, "мыйзамсыз мигрант" менен кызматташканы үчүн миллиондогон айып пул төлөп калышы ыктымал.
Айрым эксперттер алгачкы айлардагы башаламандыкты "өткөөл мезгил" деп түшүндүрүштү жана бир аз сабырдуу болууга кеңеш беришти. Бирок бул келечектеги пландары бир күндө кыйраган адамдарды тынчтандырчудай эмес.
Кош айып пул
Орусияда чет элдик жарандар ар кандай себептер менен реестре түшүп калылыш мүмкүн. Кээ бирөөлөрдүн виза мөөнөтү бүтүп калган, убактылуу жашоого уруксаты же патенти жараксыз болуп калган. Башкаларынын визасыз өлкөдө жүрүү мөөнөтү аяктаган. Бирок булар жалгыз себеп эмес.
Орусияда мыйзам бузган чет элдик жаранды өлкөдөн чыгаруу деген административдик жаза бар.
Мират Орусиядагы жогорку окуу жайлардын биринде төртүнчү курста окуган түркмөнстандык студент. Февраль айында ал студенттик жол жүрүү билети болгондуктан, жол кире акысын төлөгөн эмес. Бирок бул үчүн айып пулга жыгылган.
Мират айыптоого макул болбой, федералдык сотко кайрылган.
Ошол эле маалда Мосгортранс акчаны өндүрүп берүү өтүнүчү менен тынчтык сотуна кайрылган.
Тынчтык соту студенттин федералдык сотко кайрылганын эске албай, ал жол кире акысын төлөгөн эмес жана айып пулду да убагында жапкан эмес деген чечим чыгарган. Натыйжада ал реестрге киргизилген.
Эки жолу административдик укук бузган адамдарды өлкөдөн чыгарууга түздөн-түз буйрук бере турган норма жок. Бирок чет элдик жаран "системалуу түрдө" мыйзамдарды бузса, ИИМ анын өлкөдө жүргөнүн "жагымсыз" деп таанууга укуктуу. ИИМ мындай ырааттуулукту эки же андан көп административдик укук бузуу катары чечмелейт. Бул унааны туура эмес токтотуу, жолду туура эмес жерден кесип өтүү, ылдамдыктан ашыра айдоо, жол кирени төлөбөй коюу сыяктуу кичинекей айып пулдар да болушу мүмкүн.
Көзөмөлдөгү адамдардын реестрине кирип калган Марат азыр университеттен чыгарылууда.

Сүрөттүн булагы, Artyom Geodakyan/TASS
"Расисттик көз караштар жоюла элек"
Орусиядагы мигранттар катуу көзөмөлдөнгөн система ичинде жашоого аргасыз. Алардын легалдуу макамы жумушка уруксат алуу, каттоого туруу, миграциялык карта жана башка документтерге түздөн-түз байланыштуу. Кичинекей эле ката макамды жокко чыгарып, депортацияга дуушар кылышы мүмкүн.
Көпчүлүк батир ээлери мигранттарга турак жайын ижарага берүүдөн баш тартышат. Айрымдар жарыяларда түз эле "славяндарга гана берилет" деп жазышат. Бул дискриминацияга каршы мыйзамдарды ачык түрдө бузуу болуп эсептелет. Ал эми батир берип жаткандар мигранттарды расмий каттоодон өткөргүсү келбейт. Каттоосу жок мигрант мыйзам бузган чет элдик катары эсептелет. Натыжада алар жеке адамдарга же жасалма каттоо кызматын көрсөткөн "бир күндүк фирмаларга" көз каранды болуп калышат.
Мигранттардын укуктары бузулганда оңой менен адилеттүүлүккө жете албайт. Күн сайын алар ксенофобияга кабылат: "бош орун жок" деген шылтоо менен балдарын бала бакча же мектепке кабыл албай коюшат. Өздөрү болсо жумуш ордунда "рейддерге" туш болушат. Укук коргоочулардын айтымында, күч түзүм өкүлдөрү көп учурда мигранттардан пара талап кылып, болбосо депортация менен коркутушат.

Сүрөттүн булагы, Kirill Kukhmar/TASS
Орусиянын Украинага карата агрессиясы да мигранттарга басым көрсөтүүнүн куралына айланды. Аларга согушка катышууну сунушташып, кызыктыруу үчүн кара тизмеден чыгаруу, жарандыкты тездетип берүү же өлкөдөн чыгаруу чечимин жоюу сыяктуу айрым "жеңилдиктерди" убада кылышат.
Майда бейбаштык үчүн камакка алынган мигранттарга эркиндикке чыгуу үчүн Коргоо министрлиги менен келишим түзүү сунушталган учурлар болгон.
Мигранттарга каршы чаралар былтыр март айында болгон "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кол салуудан кийин күчөгөн. Бул кандуу окуя үчүн Тажикстандын төрт жараны камалган.
Бул окуядан кийин орус бийлиги жапырт рейддерди жана текшерүүлөрдү жүргүзө баштаган. Миңдеген мигранттар миграция эрежелерин бузду деген жүйө менен кармалган.
Тажик диаспорасынын өкүлдөрү басмырлоо күчөп кеткенин билдиришүүдө. Ал эми Тажикстандын бийлиги Орусиядагы өз жарандарына коопсуздук үчүн мүмкүн болушунча үйлөрүнөн чыкпоону сунуштаган.

Сүрөттүн булагы, Kirill Kukhmar/TASS
Акыркы бир жылда орус бийлиги нике аркылуу өлкөдө жашоого уруксат алууга да чектөө киргизди. Маселен, жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо жокко чыгарылды, эми чет элдиктер никеге туруу фактысын гана эмес, түгөйү менен узак убакыт чогуу жашап жатканын да далилдеши керек.
Ошондой эле азыр орус тилин билбеген балдарды мектепке кабыл алууга тыюу салынды. Мыйзамдарга башка да түзөтүүлөр киргизилип, Ички иштер министрлигине мигранттарды Орусиядан сотсуз депортациялоого мүмкүндүк берилди.
Ошол эле маалда Орусия бийлиги көп учурда башка өлкөлөрдү орус тилдүү жарандардын укуктарын бузуп жатат деп айыптап келет. Украинадагы согуш дагы ушул өңдүү жүйөлөрдүн негизинде башталган.
Бирок айрым орус саясатчылары жана чиновниктери мигранттарды басмырлаган билдирүүлөрдү байма-бай таратып келишет. Бул учурда Кремль аларды айыптабайт.
Сахароводо эки сутка жүрүп, батиринин көрүнгөн бурчунан тыйын чогултуп, 200 рублга сатылган "сникерске" зар болгон Арсендин окуясы салыштырмалуу жакшы аяктады. Ал мыйзамсыз мигранттардын тизмесинен чыгарылды. Бирок ката эмнеден улам кеткенин эч ким түшүндүргөн да, кечирим сураган да жок.
Макаладагы бардык каармандар анонимдүүлүктү сурашкандыктан алардын чыныгы аты-жөнү айтылган жок. (АА)
Материалдын түп нускасын бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот: Миграция: Орусиядагы жаңы реестр












