Израил армиясы Хан-Юнисти үстөкө-босток бомбалады

Хан-Юнис

Сүрөттүн булагы, Reuters

Израил шаардын бештен бир бөлүгү эвакуацияланышын буйурганы менен, түн ичинде дагы үстөкө-босток бомбалады. ЦАХАЛдын танкалары жана брондолгон унаалары шаарга жакындады.

Израил армиясы шаарга түндүк тараптан кеткен жол - негизги майданга айланганын айтты. БУУнун өкүлү шаарда чыга албай, камалып калгандар "ого бетер тозокко" кабылаарын эскертти.

Ал арада, Би-Би-Си Израил армиясынан Хамас жана Газадагы башка куралчан топтор колдонгон туннелдерди суу менен каптатып, жоокерлерди сүрүп чыгаруу үчүн ири түтүктөр орнотулганы тууралуу Wall Street Journal'дын кабарына комментарий берүүнү сурады.

Би-Би-Си бул кабарды көз карандысыз булактар аркылуу тастыктай алган жок. 2015-жылы аткезчиликти токтотуу максатында Египет Газа чек арасын бойлой жүздөгөн туннелдерди Жер Ортолук деңизинин суусу менен каптатканы белгилүү.

Израилдин өнөктөштөрү Израиль Газа менен кошо басып алган Иордандын Батыш Жээгинде отурукташкан куралчан жөөттөрдүн жөн-жай палестин жарандарына каршы чабуулдары кескин көбөйгөнүн сынга алды. Айрым динчил жөөттөр бул жерди аларга кудай өзү бергенине ишенет. Отурукташкан жөөттөрдүн башчылары алар өздөрүн коргоп жатканын айтууда.

ХАМАСтын эсебинде Газа тилкесинде курман болгондор согуш башталгандан бери алганда 16248 адам болду.

Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяху согуш бүткөндөн кийин Газа тилкеси Израил армиясынын көзөмөлүндө калышы керек деп билдирди. Анын пикиринде, Газа тилкеси курал-жарактан, куралчан топтордон тазаланыыш керек, бул ишке көзөмөлдү Израил армиясы гана жасай алат.

Андан мурда Израил армиясы Хан-Юнистин түндүк жана чыгыш райондорунун жашоочуларын эвакуация болуу жөнундө эскертип, бул райондун карталарын жана эвакуациянын багыттарын социалдык тармакка жайгаштырды. Израилдин авиациясы качып кутулууга эскертүү берген баракчаларын таратты.

Газа тилкесиндеги көп адамдар, палестиндер өздөрү, БУУнун өкүлдөрү дагы кача турган жер жок, коопсуз жер калбаганын айтып жатышат.

БУУ миңдеген адамдар кайрадан тополоң тоз түшүп, үй-жайын таштап качкын болот деп эскертүүдө. Бул элди массалык көчүүгө мажбурлабаш керек деп Вашингтон Израилди эскерткенине карабай болуп жатат.

Палестиндик маалымат агенттиги Газа тилкесинде эки мектепте баш калкалап отурган элүү чакты адам өлтүрүлгөнүн билдирди. Бул маалымат башка булактар менен тастыктала элек.