12 жылдык мектеп: Психологдор эмне дейт?

Алтынай Кариева

Сүрөттүн булагы, Алтынай Кариева

Бүгүндөн тартып мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталды. Учурда 6 жаштагы балдары бар айрым ата-энелер баласын нөлүнчү класска берерин же 1-класска каттоого тургузаарын билбей түйшөлүп турган чак.

Балдарды мектепке электрондук каттоо иштери былтыр февралда башталган. Быйылкысы билим берүү министрлигинин 12 жылдык окуу моделин киргизүү боюнча расмий билдирүүсүнө туш келди. Сунушталып жаткан ыкма коомдун кызуу талкуусуна кабылып, айрымдар мындай аракетти кубаттаса, сын айткандар дагы арбыды.

Ата-энелер эмне дейт?

12-жылдык окуу системасын кабыл алуу аракети айрыкча ата-энелерди көбүрөөк ойго салды. Айдар Кубатов эки баланын атасы. Тун кызы учурда 5-класста окуйт. Ал жети жашка чейин бала бакчада тарбияланып, мектепке барган. Экинчи кызы 6 жашта, бакчага барат. Айдар кенже кызын быйыл даярдоочу курстан окутуп, эмдиги жылы мектепке берүүнү пландап жаткан. Министрликтин 12 жылдык окуу моделин киргизүү боюнча маалыматынан кийин кызынын окууга канчалык даяр экенин текшерип көргүсү келген. Жеке мектептердин бирине барып, психологдон кеңеш алган. Бала менен маектешүүдөн кийин адис кыз физикалык жактан жетиле элек экенин айтып бир жылдан кийин мектепке берүүнү сунуштаган.

“Баламдын алты жаштан мектепке баруусун каалаган жокмун, кыйналып калат. Адис менен кеңешип алгандан кийин биз акыркы чечимибизди чыгардык. Мектепке 7 жашка чыкканда гана барабыз”,- деди ал.

Баланы оюнга кандыр

Адистердин айтымында, ар бир баланын өнүгүүсү ар башка. Бирок 6 жаштагы балдардын көпчүлүк пайызы мектепке даяр эмес болот. Психологдор бул куракты балдардын оюнга тойбой турган учуру катары мүнөздөшөт. Алты жашта оюн аркылуу өнүктүрүүнүн натыйжасы жакшыраак болот дешет.

Алтынай Кариева балдар психологу болуп иштейт. Анын айтымында, ата-энелер балдарды эрте жаштан окууга даярдап, бир эмес бир нече курстарга алып барган учурлар арбын. Бирок мындай ыкма туура эмес. Баланы белгилеген жаш курагынан эрте окууга үйрөтүү бөбөк үчүн чоң травма.

“Оюнкарак болуп, мектептен качкан балдарды көп кездештирем. Анткени бөбөк убагында оюнга тойбой калган. Ата-энелер бала каалайбы, каалабайбы ага чоң кишиникиндей график түзүп берип коюшат. Бул туура эмес ыкма. Алар өзүнүн жетпей калган максаттарын, бөксө жерлерин баласы аркылуу толтурууга аракет кылбашы керек”, - деди Алтынай.

Алтынай Кариева, балдар психологу

Сүрөттүн булагы, Алтынай Кариева

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алтынай Кариева, балдар психологу

Балаңыздын мектепке даярдыгын кантип аныктаса болот?

Психологдор баланын мектепке даярдыгын төрт этапка бөлүп карашат. Биринчиси, инсандык даярдык. Бала билим уясына ойногону эмес окуу үчүн бара жатканын түшүнүүсү керек. Ата-эне балага туура маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтө маанилүү.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бөбөктү коркутуп же ашкере мектепти мактоонун кереги жок. Анткени бала чыныгы реалдуулукту көргөндө мектепке болгон кызыгуусу жок болуп кетиши ыктымал.

Экинчиси, интеллектуалдык даярдык. Мунун бары базалык нерселер. Бала өзүнүн, ата энесинин аты-жөнүн, жашаган жерин билүүсү шарт. Бир нерсени сүрөттөп берип, жыйырмага чейин алдыга жана артка саноону өздөштүрүүсү керек. Төрт мезгилди айырмалап, салыштырып, геометриялык фигураларды, түстөрдү алмаштырбай айтып бериши негизги талаптардын бири.

Үчүнчүсү, баланын физикалык даярдыгы. Биринчи кезекте баланын бою, салмагы сыяктуу биологиялык көрсөткүчтөр эске алынат. Мектепке даяр болгон бала бут кийиминин боосун байлаганды, кийимин алмаштырып, ажатканага туура отурганды, колун таза жууганды, партасын иретке келтирүүнү билүүсү керек. Сапаттуу билим алуусу үчүн майда моторикасын жакшы өнүктүрүү маанилүү. Бала колуна калем кармап, майда нерселер менен иштөөнү, түз сызык чийүүнү, мугалимди кунт коюп угууну өздөштүрүүсү шарт.

Төртүнчүсү, социалдык-психологиялык даярдык. Бул баланын ошол чөйрөгө тез калыптанып, башка балдар менен көнүшүп кетиши. Мугалимге өз оюн эркин билдирип, башкаларды уга билүүсү дагы маанилүү.

 “Эгер бала мектепке өз курагынан эрте кирип алса, жогорудагы талаптын баары бөбөктү стресске алып келет. Маселен, совет доорунда 7 жашка бир ай жетпей калса дагы мектепке албай койчу. Бул туура ыкма. Биз маани бербегенибиз менен бир ай дагы баланын өнүгүүсү үчүн чоң роль ойнойт. Эң эле жөнөкөй мисал, чоң сумканы 6 жаштагы эмес 7 жаштагы бала араң көтөрөт. 6 жаштагы баланы класста 45 мүнөт кармап отуруу мүмкүн эмес. Алар 10 мүнөт тынч отуруп берсе дагы ошол жетишкендик”,- деди Алтынай.

Z муундун өзгөчөлүгү

Башталгыч класстын мугалими Айзада Жапарованын айтымында, заман алмашкан сайын ар бир муун жакшырып келе жатат. Азыркы балдар Z мууну деп айтылат. Булардын ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу өтө башкача жана бат. Алар бардык сферадан көп маалыматты тез кабыл алганга жөндөмүү. Бул өтө сонун нерсе дейт педагог.

“Азырды балдар жаңы технология заманында төрөлүп өтө уникалдуу муун. Алардын ойлонуусун клиптик ойлонуу деп коет. Кыска убакыт аралыгында бир нече багытта ойлоно алышат. Бул жагынан алып караганда бөбөктөдүн көбү интеллектуалдык жактан мектепке даяр келишет”,- деди ал.

Мектеп даяр болушу керек

Балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев педагог катары Билим берүү министрлигинин 12 жылдык окуу системасын киргизүү демилгесин колдойт. Мындай ыкма дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинде кеңири колдонулуп, балдар 5,5 – 6 жашынан окууга кабыл алынат. Бирок алардын программасы такыр башка. Муну айткан профессор, жаңы системаны киргизүүгө Кыргызстандын мектептери даяр болушу керек дейт. Предметтик стандарттарды, билим берүүнүн мазмунун өзгөртүп, окуу китептерин шайкеш келтирүү менен гана жакшы жыйынтыкка жетсе болот турганын айтат.

“Бала алты жаштан мектепке алындыбы, демек билим уясынын программасы ошого ылайыкташтырылышы керек. Бөбөк тажап кетпеши үчүн сабактар оюн менен коштолуусу маанилүү. Жаңы методика менен иштей билүү үчүн мугалимдер дагы кайра даярдыктан өтүшү абзел. Биздин азыркы колдонуудагы программа 7 жашка ыңгайлаштырылган. Аны алты жаштагы балдарга түшүндүрүү педагог үчүн дагы кыйынчылык жаратат”,- деди ал.

Сулайман Рысбаев

Сүрөттүн булагы, Сулайман Рысбаев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сулайман Рысбаев

Зыян келтирбөө принциби

Билим берүү министрлиги 12 жылдык окуу моделин киргизүү өлкөнүн билим берүү системасын дүйнөлүк стандартка шайкеш келтирүү деп түшүндүрүүдө. Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, Кыргызстан 11 жылдык орто билим берүү системасы менен окуткандыктан бүтүрүүчү чет мамлекетке жогорку окуу жайга тапшырууда бир топ кыйынчылыктарга кабылат. Ал аттестатын башка өлкөнүкүнө шайкеш келтирүү үчүн бир жыл коллежден окууга аргасыз болот. Билим берүү министрлигинен тастыктоочу документ алып барууга туура келет.

“Өлкөнүн билим берүү тармагы дүйнөлүк системадан артта калбашы керек. Башка өлкөнүн бүтүрүүчүлөрү чет мамлекетке окууга тапшырууда эч кандай көйгөйлөр жаралбайт. Биздин бүтүрүүчүлөр үчүн дагы ошондой шарт түзүп беришибиз керек. Эч кимге зыян келтирбе – бул билим берүүдөгү негизги принцип. 12 жылдык окуу моделин киргизүү балага, ата-энеге жана мугалимге кыйынчылык жаратпайт”, - деди Жусупбекова.

Дагы бир жыл кошулбайт

12 жылдык моделди киргизүү бала кошумча дагы бир жыл окуйт дегендикке жатпайт. Окуучу мектепти азыр кайсыл жашта бүтүрүп жатса, ошол куракта аяктайт. Бирок балдар 6 жашта 1-класска барып калат. Жусупбекованын айтымында, алар азыр колдонулуп жаткан “Наристе” программасынын негизинде окутулат. Бул программа нөлүнчү класс жана бала бакчалардын даярдоо тайпалары үчүн иштелип чыгып колдонулуп келет. Жаңы модель ишке киргенден кийин ушу эле программанын бир аз жакшыртылган варианты окутулат дейт ал:

“Баланын жаш өзгөчөлүгү абдан эске алынат. Окутуу оюн аркылуу жүргүзүлөт. Педагог баланы 45 мүнөт ордунан жылдырбай отургузуп койбойт, башка методика колдонулат. Программанын негизги максаты баланы социалдаштыруу, окуу көндүмдөрүн калыптандыруу. Накта окуу процесси 2-класстан башталат”.

Надира Жусупбекова, билим берүү министринин орун басары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Надира Жусупбекова, билим берүү министринин орун басары

Министрликтин өкүлүнүн айтымында, учурда мектеп босогосун аттоого камданып жаткан балдардын 24-25 пайызы бала бакчалардын даярдоо тайпаларында окушат. 73-74 пайызы мектепке чейинки даярдык курстарын башка билим берүү мекемелеринен өтүшөт. Калган 2 пайыз бала билим уясынын босогосун даярдыксыз аттайт. Айрым учурда бакчада тарбияланып келген бала менен нөлүнчү классты окуп келген баланын деңгээли дагы айырмаланып калат. Жаңы модель менен окутууда 1-класста балдардын билимин теңдөөгө басым жасалат.

“Маселен, тамга таанып барган бала менен тааныбай барган баланы бир класста окутуу мугалим үчүн кыйын. Бала дагы кыйналып калат. Ошондуктан даярдык курстарынан өтүп, окуганды, жазганды үйрөнүп келген балдарды дароо экинчи класска отургузууну пландап жатабыз. Бул багытта министрликтин эксперттик тобу иш алып барууда. Бир класстан экинчи класска секирүү биздин практикабызда болгон. Кыргызстан 10 жылдык окуу системасынан 11 жылдыкка өткөндө дал ушундай ыкма колдонулган. Бул жолу дагы акырындык менен кадам артынан кадам шилтеп ишке ашырабыз”,- деди ал.

4 миң класс даярдалып жатат

Кыргызстанда мектеп жашына даяр балдардын саны жыл сайын өсүүдө. Бир жылда 150 миңден ашуун бала 1-класстын босогосун аттайт. Мындай жагдайды эске алганда, 6-7 жаштагы балдарды мектепке жайгаштырууда көйгөй жаратпай койбойт.

“Азыр эле бир класста кырктан бала окуп жатат. 6 жаштагы баланы 1-класска алганда алардын саны кыйла жогорулайт. Ошончо окуучу мектепке батабы? - деген суроо жаралат”, - деди педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рысбаев.

Билим берүү министрлиги моделди иштеп чыгууда балдарды класска жайгаштыруу, жетиштүү деңгээлде окуу китептери менен камсыздоо, жаңыча окуу программасын иштеп чыгуу жагы эске алынганын айтат. Маалыматына ылайык, учурда өнөктөштөрдүн жардамы менен кошумча 4 миң класс даярдалып жатат.

12-жылдык моделдин киргизилиши менен бала мектепти аяктап жатканда аттестат менен кошо профилдик багытта сертификат алып чыгат. Мындай ыкма баланын келечекте кесип тандоосуна чоң жардам берет. Бүтүрүүчүнүн жалпы республикалык тестирлөөдө негизги тесттен тышкары, предметтик тесттен дагы жакшы балл алуусуна шарт түзөт. Учурда профилдик билим берүүнүн бир канча багыты каралып жатат. Адистердин айтымында, билим берүү тармагына 12-жылдык моделди киргизүү сунушу жаман эмес. Бирок ал натыйжалуу иштеп кетүүсү үчүн комплекстүү иштер жүргүзүлүшү керек. (VO)