Куса, арзуу, кыял. Жоокерлердин сексен жыл мурунку каттарындагы сыр

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Фронттон келген каттар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фронттон келген каттар

Мамлекеттик архивде сакталып турган саргылт тарта баштаган кагаздагы сыя же калем менен жазылган фронт каттары окуган адамдын жан дүйнөсүн козгобой койбойт. Үч буручтуу бүктөлгөн бул каттар экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында ок-дары жыттанган, оту өчпөс согуш талааларында жазылган. Сыя эле эмес, сырга толгон майдан каттары кан күйгөн оор күндөрдүн жандуу күбөсүндөй.

Мындай каттар далай жоокердин соңку каты, соңку деми болсо дагы далай жоокердин ата-энесинин медери, далай жоокердин жарынын сырдашы болгону талашсыз. Кагаз бетине сыр да, сыя да, көз жаш да төгүлгөнү турган иш. Ошондон улам буларды жөн гана эски кагаз дебес элем...

Ашыгынын же ынагынын амандыгын тилеп, караанына жалбарып, сүйүү сезими саймаланган "куш тилиндей" кабары бар жүз аарчылар өзүнчө узун кеп.

Мамлекеттик архивге басып барып, майдандан келген каттарды окуган ар бир адамдын көз алдына салгылашуулар саамга токтой калганда өз мекенине кат жазып же кат окуп жаткан жоокердин элеси тасмадай эле тартылат экен. Аны өзүмдөн да байкадым.

Экинчи дүйнөлүк согуш ардагерлеринин катары жыл өткөн сайын суюлуп жаткандыктан, өлкө аймагынан ардагерлерди таап, алардын кан майдан тууралуу эскерүүлөрүн угуу мүмкүнчүлүгүбүз да барган сайын тарып баратат.

Ушул тапта өлкө боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 32 адамды түзөт. Анын ичинде:

согуштун катышуучулары 13;

согуштун майыбы 1;

бала кезде концлагерде туткун болгондор 7;

"Ленинградды коргогону үчүн" медалы жана "Блокададагы Ленинград жашоочусу" белгиси менен сыйлангандардан 11 ардагер бар.

2024-жылы согуштун 39 ардагери калганын Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги маалымдаган.

Кезинде кан майдандан тылды карай, тылдан кан майданды көздөй каттаган каттардын тарыхый салмагы да барган сайын арта берери айдан ачык.

Жоокерлердин эл жерине болгон сагынычы, жеңишке болгон үмүтү баяндалган жүздөгөн каттар учурда мамлекеттик архивде сакталып турат.

Борбордук мамлекеттик архив
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борбордук мамлекеттик архив

Борбордук мамлекеттик архивде фронттон келген каттар боюнча өзүнчө фонд бар. Мекеменин документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жолдошбекованын айтымында, 1941-жылдан 1946-жылга чейин жоокерлердин жакындарына же тылдагылардын фронтко жазган жүздөгөн каттары архивде сакталып турат. Архивге каттардын биринчи топтому 1983-жылы тапшырылган. Андан кийинки каттарды калемгер Токтош Абдиева 2019-жылы өткөрүп берген.

Борбордук архивдин бөлүм башчысы Бакыт Жолдошбекованын айтымында фронттон келген каттардын эки топтому бар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борбордук архивдин бөлүм башчысы Бакыт Жолдошбекованын айтымында фронттон келген каттардын эки топтому бар
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Майдандан келген каттар ар бир үй-бүлөнүн ошол кездеги тагдырын, турмушун баяндап турат. Айрым жоокерлер жиберип жаткан катын согуш ардагери, акын С.Жусуев сүрөттөгөндөй "ызылдаган октор тына калганда" окопто жатып алып жазганын жашырышпайт.

Фронттон келген каттардын дээрлик баары эч кандай ашыкча боек сүртүлбөй, жоокерлер кан майданда көргөн күндөрүн так ошондой жазышкан.

19 жаштагы жоокер Курманбек Казакбаев үйүнө мындай деп жазат:

“Ардактуу Акталаанын атыр жыттуу салкын авасынан дем алып жатышкан атам, апам, таякем! Инилерим Дайырбек, Шүкүрбек, Сарылбек; жээндерим Карыбек, Тилекбүбү; Сууракан, Суурабүбү карындаштарым, ага-туугандар! Баарыңыр жалпы-жайык аман-эсен турасыңарбы? Тенти таяке, оорубай жүрөсүзбү?.. Мен 8-марттан 19-мартка дейре фронтто чабуулда жүрдүм, 19-март күнү Винниск шаарынын алдындагы катуу салгылашта жарадар болуп, госпиталга жаттым. Согуш кыйын. Анын түрүн адамга көрсөтпөсүн. Далай адам өлдү. Мен 11 күн бою кызыл чоктун арасында жүрдүм... Мыкаачы душмандардан көп шаарлар бошоду. Душманды биз жексен кылабыз, жеңиш биздики болот. Мен ишенем. Инилерим, жээндерим, силер жакшы окугула, элдин-жердин, ата-эненин татыктуу, сыймыктана турган уулдарынан болуп өскүлө. Вронтико үспөй [өзгөртүүсүз берилди] жардам берип тургула. Ден соолук тилейли. Ден соолук болсо, жеңиш менен үйгө кайтам. Көрүшкөнчө.

Курманбек, 28 май... 1944”.

Курманбек Казакбаевдин үйнө жазган каты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курманбек Казакбаевдин үйнө жазган каты

80 жылдан ашык убакыттан бери сакталып турган бул каттардын айрымында жоокерлердин душманга болгон каары, жек көрүүсү сүрөттөлсө, башкаларында туулган жерине, мекенине, сүйгөн жарына, жакындарына болгон сагынычы чагылдырылып, алакандай кагазга бардык сезимдери сыйган өңдүү.

BBC

Маданият өкүлдөрү жазган майдан каттарынын баяны

Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болгон Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан элүүдөн ашык акын-жазуучу барган. Алардын дээрлик баары кан-майдандан жазган каттарын ошол кездеги Советтик Кыргызстан (кийинки “Ала-Тоо”) журналынын редакторунун орун басары Курман Кыдырбаевага жолдоп турушкан.

Алар Кусейин Эсенкожоев, Темиркул Үмөталиев, Мукай Элебаев, Кубанычбек Маликов, Шаршенбай Кулов [генерал Феликс Куловдун атасы] сыяктуу чыгармачыл адамдар болгон.

Кээси латын арибинде, кээси кирил арибинде орусча же кыргызча жазылган бул каттар окуган адамдын жан дүйнөсүн козгобой койбойт. Жоокерлер колдоруна тийген ар кандай барактын беттерине сыя же калем менен жазганы көрүнүп турат. Айрым жоокерлер ички сырын да Курман Кыдырбаевадан жашырышпаганы байкалат.

Согуш жылдарында жазылган каттардын жыйнагы болгон бул архивдик документтердин тарыхы да кызык. Каттарды топтоп архивге өткөрүп берген жазуучу Токтош Абдиева Би-Би-Сиге мындай деди:

“Жеңиштин 50-жылдыгына эки ай калганда 1995-жылы Курман эже мени үйүнө чакырды. Барсам каттар салынган бир папка турат. Аны мурда көрүп жүргөм, бирок, эч кимге карматчу эмес. Муну эмнеге коюп койгонсуз десем айтты: “Бул каттарды сага тапшырайын деп жатам, мен сактай албайм, архивге барсам албай коюшту. Сенден башка кишиге ишенбейм, эмне кылсаң өзүң бил”. Ошентип каттар менин колума өтүп калды".

Калемгер Токтош Абдиева жоокерлердин катын топтоп "Фронттон келген каттар" деген китепти түзгөн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Калемгер Токтош Абдиева жоокерлердин катын топтоп "Фронттон келген каттар" деген китепти түзгөн

Өзүм жазган каттай...

Каттар Токтош Абдиеванын колуна өткөндөн көп өтпөй "Фронттон келген каттар" деген аталыш менен китеп болуп басылып чыккан. Китептин чыгышына ошол кездеги Чүйдүн губернатору Феликс Кулов колдоо көрсөтүптүр.

"Кулов 9-майга карата Чүйдүн бардык ардагерлерин чогултуп, бирден кол саатка кошуп баягы китепти бирден берди. Ар кандай улуттагы адамдар болгондуктан булар эми китепти окуп эмне кылышат, отурган жеринде калтырып кетишет го деп ойлодум. Бирок ардагерлер иш-чара бүткөндөн кийин жалындуу көздөрү менен Курман эже экөөбүздү тегеректеп алышып, сактап жүргөнүңөргө ырахмат, өзүбүз жазган кат катары кабыл алабыз деп, колубуздан өөп, ыраазычылыгын билдиришкен эле".

Кат жазган акын-жазуучулардын көбү өздөрүнүн ар кыл ырларын фронттон жолдоп, эли, жерине болгон кусалыктарын айтуу менен бирге газета, журналдардан салып жиберүүнү суранып турушкан. Курман Кыдырбаева болсо колуна тийген ар бир катка мүмкүнчүлүгүнө жараша жооп жазып, алардын өтүнүчтөрүн канааттандырып турганы байкалат.

"Курман, сиздин жиберген журналыңыз тийди. Чоң рахмат. Мен ден-соолукта аманмын. Азыр согуш менен Эстония территориясыны кирдик. Новгород жана Луга шаарларындагы согуштарга катыштым. Келечегиме көрөгөчтүк кыла албаймын. Кыскача ушул. Кийинки учурларда эки ооз сөз жазбапсыз. Мейли ушуга да рахмат айттым.

Адрес эски Алымкулов А.

4.03.44-жыл".

Кыдырбаева Курманга А.Алымкуловдун жазган каты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыдырбаева Курманга А.Алымкуловдун жазган каты

"Кукеш! Жакшысыңбы! Ушул ырды журналыңа басып чыгар. Жусупту эскерүү болсун. Кабар жок чыгар. Бул жерде кыш али түшкөн жок. Бар болгону шамал, туман. Караандай суук. Кар жок. Уруш болсо, мага сен тийбесең, сага мен тийбейм деген окшош анда-санда бир атыш болуп коюп кайра жым-жырт болот. Эки тарап тең окшойт. Бирок бул көпкө созулбайт. Жакында кайрадан бүркүттөй шуңгуп киребиз! Биз абдан алыс бир миң үч жүз километр жол жүрдүк та.

Фатимага, Зукешке, Тиленге салам де. Кат жаз, Кукеш!

Агаң, Темиркул

18.11.43

Акын Темиркул Үмөталиевдин каты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акын Темиркул Үмөталиевдин каты

Токтош Абдиеванын айтымында, 1942-жылдын Октябрь айынан баштап каттарды жалаң орус тилинде жазгыла деген буйрук берилген сыяктуу. Анткени эне тилиндеги каттарды текшерүүдөн өткөрүш оңойго турбаса керек. Ушуну менен бирге жоокерлерге, фронттогу опурталдуу кырдаалдарды, жоготууларды жазбагыла, өзүңөр жөнүндө турмуш жакшы, кем-карч жок, ойноп-күлүп жүрөбүз деп кабарлагыла деп эскертишкен өңдүү.

"Курман!

Кандай кызматыңды жакшы аткарып, дениң соо жүрөсүңбү?

Биринчи Май майрамы менен сени фронттон куттуктайм! Эмне үчүн кат жазууну койдуң? Же таарынып калган жериң барбы? Мен кат күтүп жатып чарчадым. Акырында сана чыдабай кат жазууга кириштим. Кусейин сага кат жазып жатабы? Мага кат жибергенине далай болду. Фрунзеде мени билген жолдоштордон кимдер бар ? Байтемиров Насреддин кайда? Адресин жибер! Сессия болуп, анда кимдер чоң болуп дайындалышты? Эл ичинде кандай жаңылыктар бар? Жоомарт, Касымаалы Жантөшевдер кайда?

Илий көчүп келди деген кабар уктум эле, эмне үчүн кат жазбайт? Иманкул кат жазып турабы? Менин турмушум болсо мурдакыдай эле жакшымын. Кыш боло бир орунда турдук эле, азыр жолдомун. Кайсы жерге барып токтоорубуз белгисиз. Кызматым кышкыга караганда абдан жеңил. Сыдыкбеков Түгөлбайга “Биздин замандын кишилерин ” жазгандыгы үчүн менден рахмат жана чоң талап айтып кой! Азамат! Кыргыз адабиятынын тарыхында Н.В Гоголь сыяктуу прозанын революционери болуп кала берет Түгөлбай! Чыдамсыздык менен акырын күтөм! Эгер Түгөлбай Фрунзен болсо ага салам айтуу менен адресимди берип кой! Ал кайтталдуу эмгегин жемиштүү бүтүрүүгө колумдан келген жардамымды аябайм. Керектүү эпизоддорду жазып да жиберем.

Кош саламат бол! Жолдошторго салам айтып кой!

Саламым менен Абдулхай.

1-май 1944 жыл".

Фронттон жазылган айрым каттар тылдагы адамдардын демине дем кошууга, жеңилин жерден алууга багытталганы байкалып тургансыйт. Анткени айрым жоокерлердин каты жакындарынан сырткары күнү-түнү талыкпай эмгектенген оруктун кызматкерлерине, колхозчуларга, мектеп окуучуларына жолдонгон.

Тылдагылардын саламы

Ошол эле учурда тылда тынымсыз иштеген кыз келиндер өздөрүнүн жакындарына дем берген каттарды да жолдоп турушкан. Алар азыр тарыхый баалуулук катары Улуттук тарых музейде сакталып турат:

"Жеңиш үчүн бир гана фронтто эмес, тылдагы күжүрмөн эмгекчилердин дагы салымы чоң. Алар жоокерлерди азык-түлүк, кийим-кече сыяктуу керектүүлөр менен камсыздап турушкан эмеспи. Согуштагылардын эрдигине дем берип, мекенге болгон сагынычын жазуу үчүн ошол кездеги кыз-келиндер атайын кат жиберип турган. Каттар ошол кездеги адамдын ички дүйнөсүн, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды чыгылдырып турат. Мисалы бул жерде бойго жеткен кыздын өзүнүн арзыган жигитине жүз аарчынын бетине сайма менен жазган катын көрүп турасыздар. Ушундай эле сайма менен жазылган дагы бир чачылуу баштык бар", – деди музейдин билим берүү, агартуу жана китепкана бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Самудинов.

Кудум эле Мырзагүлдүн Султанмуратка катындай

Сүрөттүн булагы, Мамлекеттик тарых музейинин экспонаты. ВВС

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кудум эле Мырзагүлдүн Султанмуратка катындай
Сайма менен жазылып, фронтко жөнөтүлүп, кайра келген баштык

Сүрөттүн булагы, Мамлекеттик тарых музейинин экспонаты. BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сайма менен жазылып, фронтко жөнөтүлүп, кайра келген баштык

Согуштан кийинки 50-60 жылдардагы кыргыз адабиятындагы чыгармалардын көбү согуш учурундагы элдин башынан өткөргөн азап-тозогу менен абалын ачып берүүгө арналган. Айрым чыгармаларда ал жылдары айылдарда сабаттуу адамдар аз болгондуктан фронттон келген каттарды саналуу гана киши окуй алганы, калгандары таңыркай карап “кара кагаз эмеспи” дегенсип, кооптонгон көрүнүштөр баяндалат.

Кыргызстанда жыл өткөн сайын ардагерлердин катары суюлуп, дүйнөлүк экинчи согуштун күбөлөрү азайып баратканы өкүнүчтүү. Алардын эскерүүлөрү дал ушул сыякту каттарда катылган бойдон калбай изилденип, керек болсо ошол каттар аркылуу дагы далай сырды ачууга эмнеге болбосун? Келген каттын баары эле архив же музейде сакталып турбаган соң азыр да бир топ кишинин колунда чон атасынын, таятасынын, балким бир белгисиз жоокердин каттары сакталып турат болуш керек. Ошолорго болушунча кылдат мамиле кылып, архивге же музейге жакшылап тапшырып берсе дээр элем. Ансыз үбөлөнүп, өчүп, упурап кала турган каттарды сактоо же калыбына келтирүү иши музей менен архивдин милдети болуп калаар эле.