Сүрөт баян: "Барселона" легендалары" менен "Азия легендаларынын" беттеши

Бул оюнду көрөбүз деп өзбекстандан бери атайын келген футбол сүйүүчүлөр дагы болду

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул оюнду көрөбүз деп өзбекстандан бери атайын келген футбол сүйүүчүлөр дагы болду

Бишкекте ат оюн десе Пишпекте тыгын, футбол десе борбордо тыгын. Эми кабелтең убадалар ишке ашып, капсулалар салынган бойдон калып эле калбаса анын баары жакынкы жылдары зыңкыйган жаңы жайларда өтүп, укмуш эле болуп калат. Ошентип оюн болот деген күнү садионуна дагы, академиясына дагы капсула салынды. Ак жолтой болсун! Тезирээк ишке ашсын деп туралы. Эми кеп кенен баянда...

Унаа тыгыны

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

“Барселонанын” ардагерлери Кыргызстанга келе жатканын угуп, мен дагы борбордук стадионго бардым. Бишкек милициясы түшкү саат үчтөн баштап эле айрым көчөлөргө чектөө киргизе баштаган экен, дароо унаа тыгыны күчөдү. Барселона деген деле киши жок, бир ооздон Барса, Барса деп эркелетип жүрдүк...

Соодагерлер.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

Стадиондун алдында соодагерлер соодасын кызытып киришти.

Ырчылар.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

Стадиондун ичинде эл чогула баштаган экен. Оюн башталганга чейин келгендерге чакан концерт эрмек болду.

“Барселонын” күйөрмандары

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Барселонын” күйөрмандары

“Барселонын” күйөрмандары Кыргызстанда көп эмеспи, айрымдары жакшы көргөн клубунун футболкаларын кийип келишкен экен. Бир топтору бул оюнга кийит камдагандай эле атайын даярдандык деп жылмайышты.

“Барселона” ардагерлери.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

“Барселона” ардагерлери денесин жибитүүгө киришти.

Азия легендалары.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

Азия легендалары да катардан калган жок.

Карлес Пуйоль.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

Оюн башталганы калды, оюнчулар аянтка чыгып, алардын арасында көпчүлүк күткөн Карлес Пуйоль да чыга келди.

Савиола.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

“Барселонын” ардагер чабуулчусу Савиола

Ривалдо.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

Бразилиялык Ривалдону көпчүлүгү дароо тааныды.

Азия легендалары.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

Азия легендалары.

Эдгар Давидс менен Карлес Пуйоль.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

Эдгар Давидс менен Карлес Пуйольду көргөнүнө Кыргызстандыктар өзгөчө сүйүнүп турушту.

Садыр Жапаров.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

Азия легендалары командасынын өзгөчөлүгү - анын курамында президент Садыр Жапаровдун аралаша жүргөнү болду окшойт.

Күйөрмандар.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

Стадион толук, эмес футбол оюнун баштай берсе болот.

Оюн кызуу жүрүүдө.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров

“Барселона” оюндун башында эле демилгени алып, чабуул артынан басымды күчөтө берди. Президент Садыр Жапаровду “Барселона” ардагери Карлес Пуйоль бутадан чыгарбай бекем кармап жүрдү.

Голдун автору Ривалдо болду.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров.

25-мүнөттө Садыр Жапаров алмашууга кеткенден кийин, “Барселона” чабуулун күчөтүп жүрүп алгачкы голун киргизди. Голдун автору Ривалдо болду.

Көрүүчүлөргө оюн кызыды.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров.

Көрүүчүлөргө оюн кызыды окшойт. Аңгыча “Барселона” экинчи голун киргизди.

Азия легендалары.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров.

Азия легендалары экинчи таймда чабуулду күчөткөнгө киришти.

“Барселона” Савиоланын жардамы менен үчүнчү голду киргизди.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров.

Аңгыча “Барселона” Савиоланын жардамы менен үчүнчү голду киргизип оюнга чекит койду.

Оюн аяктады.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров.

Оюн аяктады эсеп 3:0 менен “Барселонанын” пайдасында жыйынтыкталды.

Жагымдуу маанай.

Сүрөттүн булагы, Самат Жумакадыров.

Оюн жагымдуу маанай менен аяктап, оюнчуларды күйөрмандар көпкө коё бергиси келбей турушту. Катарыбызда президент ойноп жатат, утулуп койгула дебей, утулса да так оюн кылып жакшы кылды деп кужү-кужү түшкөндөрүн дагы кулак чалды.