Батыштын куралы Украинанын аскердик колун узартабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Абдужалил Абдурасулов, Би-Би-Си дүйнөлүк жаңылыктары
Украинага эми Орусиянын ичиндеги буталарга сокку уруу үчүн Батыштын куралдарын колдонууга уруксат берилди. Бул чечим эмнени өзгөртөт жана Украинадагы согушка кандай таасир этет?
Буга чейин Батыш өлкөлөрү Украинанын өзүндө, анын ичинде Крымдагы жана оккупацияланган аймактардагы аскердик буталарга курал колдонууну чектеп келген. Алар НАТО өлкөлөрү тарабынан берилген курал менен эл аралык таанылган чек арадагы буталарга чабуул коюу жаңжалды курчутат деп кооптонуп келишкен.
Бирок Орусиянын Харьков облусунун түндүк-чыгышындагы соңку ийгиликтери Киевдин өнөктөштөрүн Украина өзүн коргоо үчүн, чек аранын аркы өйүзүндөгү аскердик буталарды жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигине ишендирди.
Өткөн айда Орусия аймакка кургактан ири чабуул жасап, жаңы фронт ачып, бир нече кыштактарды басып алды. Орустардын алдыга жылышы Украинанын экинчи чоң шаары, чек арадан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Харьковго олуттуу коркунуч жаратты.
Бул аймактагы чек ара иш жүзүндө фронт сызыгы болуп саналат, ошондуктан Украинанын чегинен тышкаркы буталарга сокку уруу үчүн Батыштын куралын колдонууга тыюу салуу, орус аскерлерине бул операцияга коопсуз шартта даярданууга мүмкүндүк берди.
Украина жана башка европалык мамлекеттердин күчөгөн кысымынан кийин АКШ өзүнүн саясатын өзгөртүүгө жана Киевге Орусияга Батыштын курал-жарактары менен сокку урууга уруксат берүүгө макул болду.
"Биздин аракетибиздин өзгөчөлүгү согуш талаасында болуп жаткан окуяларга ылайыкташып, зарылчылыкка жараша ыңгайлаштыруу болду", - деди жума күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Прагада жолугушуусунда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул билдирүүдөн бир нече күн мурун Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Батыштын алыскы аралыкка атуучу куралы Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонулса, “санитардык аймактарды” кеңейтебиз деп коркутту.
Анын айтымында, Европадагы НАТО өлкөлөрү «ээлеген аймагы кичинекей, ал эми калкы жыш мамлекеттер» экенин эч унутпашы керек.
«Алар Орусиянын ички аймагына сокку урууну талкуулоодон мурун, ушул факторду эске алышы керек», - деп кошумчалады ал.
Эскалацияны болтурбоо, балким, АКШ Орусияга сокку урууга ATACMS (Армиялык тактикалык ракеталык системалары) сыяктуу алыскы аралыкка атуучу куралдарды кошпогонунан болуп жатат. Бул ракеталар 300 чакырым аралыкка жетет жана аны Орусия аймагындагы аскердик базаларга жана аэродромдорго сокку урууга колдонсо болот.
Мындай чектөөлөр Украинага чек арага жакын жердеги бутага гана көңүл буруу мүмкүнчүлүгүн калтырат. Бирок муну дагы деле Киевдин башкы өнөктөштөрү тарабынан жасалган олуттуу саясий кадам катары кароого болот.
Анткени 70 чакырымга чейинки кыска аралыкка жетүүчү HIMARS сыяктуу ракета системалары Орусиянын логистикалык операцияларын жана аскерлеринин кыймылын олуттуу түрдө үзгүлтүккө учуратып, ар кандай чабуул пландарын жайлатышы мүмкүн.
Эми Украина "душман Украинага кол салуу үчүн аскерлерин, техникасын жана жабдуу кампаларын топтогон жерлерге сокку ура алат", - дейт түндүк-чыгыштагы аскердик операцияларды координациялаган Харьковдогу тактикалык топтун өкүлү Юрий Повх.
Ушул аптанын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия кезектеги чабуул үчүн Харьковдон 90 чакырым алыстыкта өз аскерлерин чогултуп жатканын билдирген.
Ал эми Согушту изилдөө институту спутник сүрөттөрүн талдап чыгып, ал аймакта "базаларда жана кампаларда кеңейтилген иш-чаралар" жүрүп жатканын тастыктады. Демек, ал объектилерди бутага алуу Украина күчтөрүнүн аймактагы жаңы чабуулдардын мизин кайтаруу мүмкүнчүлүгүн олуттуу түрдө күчөтөт.
Батыштын курал-жарактарына болгон тыюнун алып салынышы Украинаны орустардын жергиликтүү КАБ деп аталган бомбаларынан коргоого жардам берери күмөн. Алар кыйратуучу таасирге ээ жана Харьковду жана башка чек ара шаарларын бомбалоодо дайыма колдонулат. Бирок мындай чабуулдарды токтотуу үчүн украин күчтөрү ошол өлүмгө алып келген КАБ бомбаларын таштаган учактарды бутага алышы керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Учурда Украинанын карамагындагы мындай учактарды кармай ала турган жалгыз курал – бул америкалык Patriot абадан коргонуу системасы. Бирок бул куралды Харьковго жакындатуу чоң тобокелчилик. Шпиондук учкучсуз учактар аны тез эле байкап, Москва бул кымбат системаны жок кылуу үчүн "Искандер" сыяктуу ракеталарды учурушу ыктымал.
Кызыктуусу, Storm Shadow канаттуу ракеталарын (же Францияда аты аталган Scalp) менен камсыз кылган Улуу Британия менен Франция алардын колдонулушун Украинага ачык эле чектеген эмес. Ал эми алардын учуу аралыгы 250 чакырымга чейин жетет. Буга байланыштуу Франциянын президенти Эмануэль Макрон өткөн аптада журналисттерге: «Биз [Украинага] ракеталар учурулган аскерий объектилерди жана негизинен Украинага чабуул жасаган аскерий объектилерди жок кылууга уруксат беришибиз керек», - деди.
Мындай риторика Storm Shadows/Scalps ракеталарын колдонууга уруксат катары каралат, - деди атын атагысы келбеген аскер авиациясынын офицери Би-Би-Сиге. Ошентип, анын айтымында, Киев эми Украина менен чектеш Курск жана Белгород облустарындагы аэродромдорго сокку ура алат.
Бирок мындай операциялар эмнеге жетише ала тургандыгы жагынан чектелет. Ушундай канаттуу ракеталар менен жабдылган украиналык Су-24 учактары аларды учуруу үчүн Орусиянын чек арасына жакындашы керек, бул аларды Орусиянын абадан коргонуу системаларына карата алсыз кылат. Ушул жылдын аягына чейин күтүлүп жаткан F-16 учактары мындай тапшырмаларды аткаруу үчүн жакшыраак жабдылган. Бирок президент Зеленский Украинанын өнөктөштөрү бул учактарды Орусиядагы бутага чабуул жасоого колдонууга уруксат берери азырынча белгисиз экенин моюнга алды.
"Менин оюмча, Орусиянын аймагында Батыштык куралдын кандай түрүн болбосун колдонуу - кайсыл бир күнү чечиле турган маселе, - деди ал жума күнү Стокгольмдо өткөн Скандинавия саммитинде.
Украин күчтөрү Орусиянын артындагы буталарды сокку уруу үчүн өз куралын иштеп чыгууга аракет кылууда. Алардын айрым дрон учактары чек арадан жүздөгөн чакырым алыстыкта жайгашкан мунай кампаларына жана аскерий объектилерге кол салды.
Акыркы кол салуу Украина чек арасынан 1800 чакырым алыстыкта жайгашкан Орск шаарындагы алыскы радар станциясына жасалды. (МА)












