Казакстандык эксперт: Шайлоодо Токаевдин күчтүү оппоненти жок

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев күзүндө кезексиз президенттик шайлоо болоорун жар салды. Жыл башында кандуу тополоң окуяларды баштан кечирген өлкөдө президент элден жаңы ишеним мандатын алуу зарыл деди ал.

Кезексиз шайлоонун себептери эмнеде? Бул суроону казакстандык серепчи, Вашингтон университетинин бүтүрүүчүсү Шалкар Нурсейитке жолдодук.

Шалкар Нурсейит

Сүрөттүн булагы, RFE/RL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шалкар Нурсейит

Би-Би-Си: Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин кезексиз президенттик шайлоо жарыялашынын себептери эмнеде?

Ш. Нурсейит: Менин оюмча, бул ушул жылдын башында болгон январь окуялары менен түзмө-түз байланыштуу. Анда президент Токаевдин буйругу менен ок атылып, 240ка жакын адам каза тапты. Андан кийин Токаев өзүнүн бийлигинин легитимдүүлүгүн күчөтүүгө аракет кылды. Референдум өткөрдү. Андан соң Назарбаевдин атын конституциядан алып таштайбыз деди. Ушундай иш-аракеттер аркылуу ал өзүн төбөлсүз президент катары көрсөткүсү келди. 

Азыр Токаев сыноодон өтүүдө. Эл жакырланып бара жатат. 2024-жылга чейин өзүн таанымал кылууга көзү жетпей жатат. Азыркы Казакстандагы саясий-социалдык көйгөйлөр барып саясий митингдерге айланышы мүмкүн. Аны ал жакшы түшүндү, январда көрдү. Ошол себептен дагы бир беш жылга шайланып алып, андан ары авторитардык президенттик режимде башкара берүүнү каалап жатат десек болот. 

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Кезексиз президенттик шайлоого Токаевдин өзүнүн катышар-катышпасы так белгилүү болдубу? 

Ш. Нурсейит: Ооба, ал өзүм катышам деп жарыялады. Мен президенттикке шайлангандан кийин, парламентке конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш киргизем деди. Тагыраагы, президенттин иштөө мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу жөнүндө өзгөртүүнү айтып жатат, башкача айтканда, Токаев өзүнүн жеңип чыгарына ишенип жатат.

Би-Би-Си: Талапкерлердин арасында элдин колдоосу чоң потенциалдуу кимдерди айтса болот? 

Ш. Нурсейит: Өкүнүчтүүсү, шайлоого аттанып жаткандар оппозициянын арасынан болобу, башкасынан болобу, Токаевге оппонент боло тургандай, күчтүү кандидат чыга элек. Анткени, Назарбаев кезинде саясий оппоненттердин баарын тазалап таштаган. Азыр Токаевге күчтүү оппонент боло турчу оппозицияда кандидат жок болуп жатат.

Алдыдагы шайлоо, альтернативасыз шайлоо иретинде өткөнү турат, башкача айтканда, Токаев доминант талапкер болот дагы, шайлоо өттү деген ойду калыптандыруу үчүн спутник талапкерлерди тиркеп коёт.

Мажилисте отурган үч партиянын бирөө "кандидаттыгын сунбайбыз, биз Токаевди колдойбуз" деди. Бул депутаттар кезинде "Жаңы Казакстан" деген депутаттардын тобу түзгөн эле. Ошол топтун мүчөлөрүнүн катарында коммунисттер да, "Ак жол" партиясынын өкүлдөрү да бар. Жалпысынан караганда, "Жаңы агым" дегендер саясий альянс куруп, ал альянстан Токаев талапкер болуп чыкканы турат сыягы. Калган кандидаттар республикалык уюмдардын, айыл партиялары сыяктуу көп белгилүү эмес партиянын өкүлдөрү болуп жатат. 

Би-Би-Си: Оппозиция демекчи, алар дайыма болбосо дагы, шайлоо өткөрүш керек деп талап кылып келишпеди беле. Кезексиз шайлоо жарыялангандан кийин ал бул кабарды кандай кабыл алып жатышат? 

Ш. Нурсейит: Оппозиция Токаев дагы Назарбаевдин жолу менен баратат деп айыптай баштады. Анткени, Токаев кезексиз шайлоо жарыялап, максаты - оппозицияга жана башка каршылаштарына шайлоого даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк бербөө. Бизде, Казакстанда тилекке каршы, шайлоонун бардыгы кезексиз, мезгилинен эртерээк болгон.

Бул жерде дагы бир маселе, Казакстандын шайлоо тууралуу мыйзамдары боюнча президенттикке кандидат болуу үчүн ал 40 жашка толгон болушу керек, соңку 15 жыл Казакстанда жашашы керек жана 5 жыл мамлекеттик кызматта иштеген тажрыйбасы болуш керек. Демек, мындай кандидаттар жалгыз ушул режимге, Назарбаевге, Токаевге иштеген адамдар боло алат деген сөз. Ошондуктан сырттан эч кандай кандидат жок. 

Би-Би-Си: Кандай гана шайлоо болбосун, андагы эң башкы суроо бийлик шайлоону таза өткөрө алабы же бир талапкердин кызыкчылыгына иштейби деген суроо эмеспи. Бул жагынан кандай күтүүлөр бар? 

Ш. Нурсейит:  Тилекке каршы, Казакстанда 30 жылдын ичиндеги бир дагы шайлоо таза өткөн жок. Муну ОБСЕ сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдар айтып келатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы президентке, президент акимчилигине түздөн түз тийиштүү орган, анын төрагасын, анын эки орун басарын президент өзү дайындайт. А Токаев өзү президент болгондон кийин Назарбаевдин кудасын отставкага кетирип, өзүнүн адамын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы кылып дайындап койду. Ошол себептүү президентке тийиштүү борбордук шайлоо комиссиясы бар кезде Казакстанда эч качан таза шайлоо өтпөйт.