Казакстандагы кандуу окуялардын чындыгы айтыла элек

Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер

Алматы, январь 2022

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Казакстандагы жыл башындагы каңтар айындагы кандуу окуялардын табияты, себептери, оюнчулары алигиче бүдөмүк. Эгер түшүнсөк. Коңшуларды биз жакшы билбейбиз. Азыр да ичинде эмне болуп жатканын түшүнө албай турабыз. Клан деп дүңүнөн кеп кылабыз, ичинде кимдер бар, жүздөрү кандай таасир этет, чын эле бир максатта бириккен топторбу же универсалдуу мүдөө - байлык жана бийлик үчүн куралган топпу, ажырата албайбыз.

Жалпы элдин социалдык-экономикалык нааразылыгы массалык акцияга айланып, саясий мүнөзгө ээ болуп, толкундоолор баш-аламандык, талоончулук, жапырт талап-тоноо, кан төгүүлөр менен коштолду. Албетте, расмий бийлиги алгачкы күндөрү улам бир аныктаманы айтып, кийин гана тыштан жана ичтен атайы уюштурулган террордук чабуул деп атады, сырттан аскердик күчтөрдү чакырып киргизди, эми абал тынч, жөнгө салынууда дей баштады. Билдирүүлөр алгачкы күндөрү улам алмашып, жаңы мазмунга жана мааниге ээ болуп жатышы көп суроо жаратты. Тыштан келген террористтерди бышыктаган жетиштүү далилдер берилгени жок.

Бирок Касым-Жоомарт Токаев бийликтен кеткен соң, эртеби-кечпи кандуу каңтарга кайрадан баа берилет. Чыныгы себептери, негизги акторлор аныкталат. 1986-жылдагы Желтоксан да кийин, Казакстан эгемендүүлүккө жеткен соң гана өз баасын алган. Казак жаштарынын Колбиндин дайындалышына каршы көтөрүлгөн акциялары, анын кан менен басылышы көп жыл бою “массовые беспорядки хулиганствующей молодежи” деп расмий аталып келген. Дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун, ар бир окуя, процесс, ошол окуялардын субъекттери кайрадан бааланмагы мыйзам ченемдүү.

Ал тургай Европада жана Америка Кошмо Штаттарында афроамерикалык Джордж Флойддун полиция тарабынан өлтүрүлүшүнө каршы түстүүлөрдүн массалык акцияларынын учурунда тарыхый инсандарга тургузулган эстеликтер атка сүйрөтүлүп кулатылды. Америкада гана эмес, Европанын көп өлкөсүндө бир топ королдор (Леополь II, каныша Виктория) саясий ишмерлер, ишкерлер, аскер башчылары, саякатчылар ж.б. көрүнүктүү инсандар акцияга чыккан түстүүлөр тарабынан колонизатор деп аталып, жаалданган топ эстеликтерди кыйратканына дүйнө күбө болду. Британиянын баш министри Жонсондон башка Европа лидерлери, Америка президенти кой-айга жарабады. 

Мындан тарыхый окуяларды кайра баалоого жол бербеген бир гана өлкөнү атоого болот. Азырынча. 1989-жылы 4-июнда Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтындагы студенттердин коррупцияга жана бюрократияга, инфляцияга жана кымбатчылыкка каршы протести куралдын күчү менен басылган. Расмий бийликтин “өлкөнүн туруктуулугуна шек келтирген саясий баш аламандыкка каршы аскер колдонууга мажбур болгонбуз, бирок бул туура, мыйзамдуу аракет” деген аныктама эч өзгөргөн жок.

Канча киши окко учканы, аман калгандардан канчасы түрмөдө жок болгону расмий айтылбайт. Айтылбайт дагы. Изилдөөчүлөр атылган же камалган студенттердин жакындарынын эскерүүлөрүнө таянып, бир нече миң киши курман болгонун болжолдоп жүрүшөт.

Ушул азыркыга чейин интернеттин кытай сегментинде бул окуяга табу коюлган, оозанган киши жок. Тяньанмень аянтындагы окуялар козголбой келиши Кытайда мамлекеттик бийликтин стратегиялык багыты өзгөрбөй, туруктуу, лидердин алмашуусу окуяларды кайра карап чыгууга жол ачпай турганын тастыктап турат.

Борбордук Азияда жалгыз Өзбекстанда гана бийликтин транзити конфликтке айланган жок.

Мамлекеттүүлүктүн традициялары, негиздери, институттары бекемделе элек өлкөлөрдө бийликтин көз ачып жумганча алмашышы, өзү саясий аренада калуу менен мураскер дайындоо ыкмасы жараксыз экени, бийлик менен кошо баалуулуктарды бат эле алмаштыруу, акылман Молдо Кылычтын устаранын мизинде оодарылган дүнүйө деген философемасы Кыргызстан менен Казакстандагы бийликке карата кашкайган чындык окшойт.

Кытайда 1989-жылы жаштардын демократиялык каршылык акциясы күч менен басылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайда 1989-жылы жаштардын демократиялык каршылык акциясы күч менен басылган.

Казакстандын кеменгерлери кайда, неге үнү чыкпайт?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Казакстандагы окуялардан ар ким ар кандай жыйынтык чыгарып, мүдөөсүнө жана деңгээлине жараша сабак алаарыбыз бышык. Ушул окуялар эгер атайы уюшулганы чын болсо, аны уюштуруучулардын максаты белгисиз, артында андай деле терең интеллект көрүнбөйт. Акыл демекчи, окуялар башка суроолор менен бирге казак журтунда бир гана элбашы, расмий бийлиги, карапайым эли жана жаалданган жаштары калганбы деген соболго жем таштайт.

Биздин башыбыздан да бийликти алмаштырган козголоңдор, баш аламандыктар менен коштолгон саясий окуялар нечен ирет өттү. Туура, айрым олуттуу коомдук-саясий маселелерде биздин интеллигенциянын да коңулга кирип кетмей же кошоматчыл аракеттери байкала калат. Бирок кыргыз журтунда тагдыр чечүүчү учурларда жарандык коом, аттуу-баштуу инсандар эл-журтка кайрылып, кепке чакырып, сөзгө келтирип, кур дегенде үн катканга жарайт. 

Негедир окумалы арбын, бизден бери болгондо жарым кылымдан ашык убакыт мурда Санкт-Петербургда билим алган алгачкы билимдүүлөрүнүн нарктуу жолун улоого тийиш, советтик мезгилде да көрүнүктүү делген интеллигенциясынын карааны байкалбады. Добушу чыкпады.

Central Asia Monitor басылмасы 2017-жылы январь айында казактар арасында блиц-сурамжылоо жүргүзгөн экен. Ага катышкан казак журтуна таанымал ишмерлер өткөн доордоон бери атактуу, азыр көзү тирүү, атактуу инсандардын ысымдарын аташкан, бирок негизинен “казак интеллигенциясы жок, миссиясы белгисиз, мурунку муун өз милдетин аткарганын, кийинкилери жок же жараксыз” экенин белгилешкен (караңыз: https://camonitor.kz/26494-est-li-v-kazahstane-intelligenciya-i-voobsche-nuzhna-li-ona.html).

Совет доорунда интеллигенция бир жагынан “улуттун ар-намысы” деп сыймыктуу аталса, экинчиден ошол эле Лениндин “интеллигенция – бул бокко да жарабаган жармачтар” деген орой атка конгон, коомдун социалдык структурасында катмар катары эсептелген билимдүү адамдар тобу эле.

Биринчиден, эгемен доордо интеллигенция роль ойнобой калган өңдүү. Салттуу баалуулуктар аласалып, акыл, билим, көркөм дөөлөттөр улагага сүрулүп, капитал менен бийликтин симбиозу төргө чыккан өлкөдө акылман инсандар, көркөм өнөрдүн, адабияттын, искусствонун ишмерлери же жүдөңкү тартып, же биротоло бийликтин, ырын ырдап жан баккан ордо кызматкерине айланат окшобойбу.

Албетте, расмий бийлик ыйгарган жогорку даражалары, ардактуу наамдары, ордендери жана башка сыйлыктары бар кишилер болгону менен, калк арасында сыйынан кемип, кадырынан ажырап, аш-тойлордо гана төргө отурууга жарап калат окшойт.

Казакстандын Эл акыны Мухтар Шаханов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстандын Эл акыны Мухтар Шаханов

Адилеттик үчүн айта кетели, бийликтен эркин болууга умтулган, ордодон аш жегиси келбеген мыктылары бар өндөнгөн. Мисалы Мухтар Шаханов. Кайран киши картайып калган бейм, карааны көрүнбөдү, үнү чыкпады. А боордош казак элинде мындай кашкөй инсандар, чыгаан маданий ишмерлери, калаа сайын окумуштуулары арбын көрүндү эле. Кийинки жаштары да мыкты чыгып, эл аралык аренада аты угулуп жаткансыган, алары да билинбейт, не бөгүп жатканы, не булут кезип көкөлөп, калк деңгээлине түшкүсу келбегени белгисиз, айтор дайыны чыкпады.

Конфликт күндөрү, жаалданган топ бир жагы, полиция экинчи тарабы, расмий бийлиги гана билген дагы бир күчтөрү, мындайда туйтунган кылмышкерлери, айтор кан-жини аралашып калган апаат учурда “кантет, катыгүн, койгула, тынчыгыла” деген кишиси калбагандай сезилди. Дегеле интеллигенциянын ролу, жоопкерчилиги сезилбеди. Кыйын кезеңде Элбасынын дайыны чыкпай, журт сыймыгы, акылы, билими, өнөрү менен журт башы, көч башы болууга тийиш башкалары билинбей турду. Кеменгери кепке жарабай, миссиясынан безерлик кылган деп кийин казак журту сураса, кине койсо, алардын жообу кандай болот. 

Экинчиден, каңтар айындагы окуялар улутка жана тышка таанымал, аздыр-көптүр кыйын чыкма илим-билим, маданият ишмерлери, эскиче айтканда интеллигенция аралаша албаган, эл куралга айланган бийлик жана байлык үчүн маңдайы тайкы кармаш (банальная битва за власть) болгон күндө да кой-айга жарабаганы таң калыштуу. Анткени көчмөн элде расмий уруу башчылары, бийлери гана жападан-жалгыз легитимдүү бийлик институту болгон эмес. Журт кеменгерлери, ойчулдары, акындары, аксакалдары, кадырман, таанымал инсандары да ошондой бийликтин туткасы катары озуйпасын аткарып келген. Кыска убакыт ичинде көчмөн казак мындай институтту, укуктук салтты жана менталдык сапатты түп-тамырынан бери жок кылып алышы мүмкүн эмес эле.

Не окуялар жаңы башталганда элди багыттап, үнүн бийликке жеткирип, элди жана бийликти ийге келтиргенге аракети көрүнбөдү. А эгер террористтер болсо, анда неге бийлик менен кошо айыптап чыкпады. Же президенти террористтер каптап келатат деп тыштан аскер чакырганда кошо чыркырабады.

Бир кезде генерал орус падышачылыгынын генералы Трепов “против манифестантов патронов не жалеть” деп айкырган сыяктуу, мамлекет башчысы, журт эгеси Токаев “стрелять без предупреждения” дегенинде ошол атактууларынын, кеменгерлеринин бирди-жарымы “элиңди кантип атасың” шекилинде собол салбады, не журтка “тарагыла, кайткыла, алдырбагыла чагымга” маанисинде үн катпады. Ким билет, а балким, өзүнө туюк айткан чыгар, асты коомчулукта андай маалымат жок. Кеменгерлер кепке жарабай, миссиясынан безерлик кылган деп кийин казак журту сураса, кине койсо, алардын жообу кандай болоору белгисиз.

Токаев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Постсоветтик доордо элитанын легитимдүүлүгү күмөн

Казакстандагы каңтар айындагы окуялар ошентип постсоветтик, жаңы, эгемен доордогу элита маселесин дагы бир ирет актуалдаштырды. Тагыраагы чыныгы элитанын жоктугун айгинеледи. Ырас, биздикилер да, казактар да билимдүү жаштардын муунун калыптандырабыз деп бир топ аракеттер жасалды, масштабы жана форматы айырмаланган, бирок окшош иштер жүрдү.

Бизде “Кадры ХХI века”, казактарда “Болашак” деген программалар, элита даярдай турган окуу жайлар ачылды, сырт мамлекеттерде окуганга чет элдик, ар кандай фонддордон алынган стипендиялар жана гранттар бөлүндү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ар жылы топ-тобу менен сырттан окутулуп жатты.

1996-жылы Белгияда дипломатиялык сапар менен жүргөнүмдө белгиялык чиновниктер казактар көп улан-кызын Брюсселде, Европанын башка шаарларында атайы, максаттуу окутуп жатканын, алардын саны, бөлүнгөн гранттар биздикинен алда канча арбын экенин, президенти Назарбаев өзү көз салаарын саймедиреп айтып беришкен. Балким технологиялык жана менеджерлик билимге ээ кадрлар тарбиялангандыр, бирок мамлекетчил муун калыптанганы күмөн. Бир гана нерсе анык. Бул – тыштагы диний окуу жайларына эсепсиз жана эч контролсуз күргүштөтүп жиберген жаштарыбыздын көбү мекенине кайтты.

Мекенине түркүн идеологияга сугарылып, түрдүү ишенимге фанатизм деңгээлинде берилип кайтты. Динди жамынган жана бир кездеги цивилизация жараткан прогрессчил Исламды жаманатты кылган, кадырына шек келтирген жаштардын жоон тобу гана устаттарынын “билимин”, насаатын” өлкөсүнө тездик менен жайылтууда. А башка илим-билимдин, алдыңкы технологиянын үлгүсүн жайылткан, прогресстин биздин кыртышта түшүм берген жаш дыйкандарын көрүү кыйын.

Казакстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Демократия, сөз эркиндиги, парламентаризм, саясий партия кандай бурмаланса, элита түшүнүгү да ошондой одоно бурмаланды окшойт.

Казакстанда олигархиялык топтор өлкө байлыгына жеке басаар болуп, расмий бийликке аралашып, олигополия түзүп алганын президент Токаев белгиледи. Бизде андан ээлик кылган байлыктын масштабы гана кемирээк болбосо, ошол эле картина. Расмий бийлик колунда, финансылык капиталга, кен байлыктарга, өзү курбаган ишканаларга, мураска калган инфраструктурага, кыскасы ырыстуу оокатка ар кандай жол менен ээлик кылган жана ардактуу наамдары, кызматтары, мамлекеттик сыйлыктары бар пенделер өзүн элита эсептейт, коомчулук да ошентип эсептеп, аларга ыйгарым укуктарын өткөрүп берген, ошолорду же аларга ылайыктуу субъекттерди шайлайт, колдойт.

Бирок маселе башкада. Алардын легитимдүүлүгү күмөн, сөзү өтүмдүү эмес. Элитага үмүт артуу жана ага ишенбөө же скептицизм абалтадан эле жанаша жашап келген. Бирок мыкты чыкманы эӊсөө, ага үмүт артуу менен Кет Буканын «улуктарыӊ сатып кетет, сак болгун» деген эскертме философиясы айкалышпай, антагонисттик чекке жетти.

Соӊку 30 жыл ичинде далай инсандар суурулуп чыкты, кыйын жетекчилер пайда болду. Бирок аларды тандоо критерийлери башкача болгондуктан саясый аренада мамлекеттин жүгүн көтөрүп кетүүгө жөндөмдүү инсандарга караганда жеке кызыкчылыгын көбүрөөк ыктаган кыйындар басымдуулук кылууда.

кыргыз-казак
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз-казак чек арасы жабылып, кыргыз тарапта автоунаалардын узун-узун кезеги пайда болгон учурлар көп болду.

Кыргыз-казак мамилесин кайра карап чыгуу зарылдыгы

Каңтардагы капсалаңдуу окуялар кыргыз-казак мамилесин кайра карап чыгуу муктаждыгын шарттады. Түбөлүк коӊшу болуу тагдыры маӊдайына жазылган, тили, дили окшош, боордош, тагдырлаш этностор негизин түзгөн эки мамлекеттин, КМШ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу регионалдык бирикмелерде өнөктөш эки өлкөнүн ортосунда соӊку 30 жыл ичинде экономика менен саясатта түбөлүк достукту айкындаган, бекемдеген, жарк эткен учурлар, жагымдуу окуялар азыраак экен. Маданий алакабыз деле алыс узабаптыр.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө 1997-жылы 8-апрелде Алматы шаарында кол коюлган, эки өлкөнүн парламенттери ратификациялаган Келишимде эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык алаканы бекемдөө, товарлардын, капиталдын жана кызматтардын эркин жүрүүсү, транзиттик сооданы колдоо сыяктуу мыкты шарттарды белгиленген жоболор жарытылуу иштебептир.

Бул өнөктөшөбүздүн Кыргызстанга мамилесинин анык көрсөткүчү гана эмес, биздин да деӊгээлибизди даана айкындап турат. Демек теӊ ата сүйлөшө албайбыз, колдогу аргументтерибизди колдонгонду билбейбиз, керектүү жол-жоболор менен эрежелерди сактаганга шарт түзө албадык. 

Кыргыз-казак мамилелерине өткөн чактын күүсүнөн кайта элек жана улам күчөгөн, өзгөрүлмө факторлор: геосаясий кырдаал, оюнчулардын тилеги, дарамети, иши, кадамы, лидердердин жана саясатты аныктаган инсандардын, топтордун аракетин тереӊ талдап, түшүнүп, сабак алууга милдеттүүбүз. 

Казакстандын олигархтарынын Кытайдан, импорт-экспортко, транзитке, ташууга, логистикага ээлик кылуу, казак товарларынын экспортун, кытай товарларынын Казакстан (Хоргос ж.б.) аркылуу реэкспортун арбытууга далалаты жана башка аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилеге кесепетин тийгизип келди.

Мамлекеттик кызыкчылыктан, макулдашуулардан, биримдик эрежелеринен жеке бизнесмендердин кусаматы жана амбициясы күчтүүрөөк болгону жашыруун эмес, жаңылык да эмес.

Президент Токаев казак бажысында коррупция гүлдөгөнүн өзү да соңку сөзүндө айтты. Буга чейин бизди айыптап, биз силердин бажыда коррупция күч болгондуктан ушундай кадамга баруудабыз деп келишкен.

Экономикалык утурум артыкчылыкты үстөмдүк катары ашкере колдонуу узакка натыйжа бербейт. Басмырлоо, эске албоо, четке кагуу эртеӊ тескери жыйынтыкка ээ болот. Демек эми тең ата мамилени түзүүгө тийишпиз. 

Кыргыз жана казак лидерлеринин тил табыша албагандыгы эки өлкөнүн мамилесине кескин зыяндуу көрүнүш экендиги талашсыз. 

Кыргыз-казак мамилесинин 21-кылымда жана кийинки мезгилге алакасы тарыхка карата мамилеге жараша болмогу айныксыз чындык. Тамырлаш, тагдырлаш, боордош элдер арасында бурмаланган тарых мамилени оңдобойт, боорду бүтүн кылбайт.

Кайсыл бир элдин дүйнөгө устун эместигин, өзгөлөрдү кем сезип, өзүн гана даңазалоонун натыйжасы зыян экенин тарых далилдеп келди. Тарыхый чындыкты бурмалоо улутка абийир да, мөрөй да алып келбейт. Кийинки муунга жана муундарга кыргыз-казак боордоштугун айныксыз тарыхый чындык экенин билдирген нерселерди макулдашып алуу зарыл. 

Ушул маселелердин тегерегинде казак боордоштор менен ачык, кенен сүйлөшүп, алар койгон кинелерди жоюп, ага да болбосо, анда "эӊкейгенге эӊкейгин, атаӊдан калган кул эмес, какайганга какайгын, жети атаӊ сенин кул эмес" деген прагматикалык жолго түшкөнүбүз туура.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт