Иран тышкы иштер министринин орун басары: Сүйлөшүүлөргө чейин АКШ чабуулдардан баш тартууга тийиш

- Author, Лиз Дюсет
- Role, Би-Би-Синин эл аралык иштер боюнча башкы кабарчысы, Тегеран
- Author, Алекс Бойд
- Role, BBC News, Лондон
Бул BBC News сайтында жарыяланган материалдын бир аз кыскартылган версиясы
АКШ Иран менен дипломатиялык аракеттерин улантууну кааласа, мындан аркы сокку уруудан баш тартышы керек деди,- Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Мажид Тахт-Раванчи Би-Би-Сиге берген маегинде.
Анын айтымында, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы ортомчулар аркылуу Тегеранга сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга даяр экенин билдирген, бирок "абдан маанилүү маселе" келечектеги чабуулдар тууралуу өзүнүн так позициясын ачык айткан эмес.
13-июнга караган түнү Израил тарабынан башталган аскердик операция Маскатта эки күндөн кийин өтө турган, кыйыр сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасын үзгүлтүккө учуратты.
АКШ өткөн дем алыш күндөрү Израил менен Ирандын ортосундагы кагылышууга кийлигишип, үч ирандык өзөктүк объектине абадан сокку урган.
Тахт-Раванчи ошондой эле Иран уранды тынчтык максатта байытуу мүмкүнчүлүгүн талап кыларын айтып, өлкө тымызын өзөктүк бомба жасоого умтулуп жатат деген айыптоолорду четке какты.
Айтымында, Иран өзүнүн илимий-изилдөө программасы үчүн керектүү өзөктүк материалдарга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган, андыктан өлкө "өз күчүнө гана таянышы" керек.
"Уранды байытуу деңгээлин, көлөмүн талкууласа болот. Бирок, силер уранды таптакыр байытпашыңар керек, болбосо бомбалайбыз дген - бул жунгли мыйзамы",- деди ал.
Израил Тегеран өзөктүк курал жасоого аз калганын айтып, өзөктүк жана аскерий объектилерин, КСИР командирлерин жана илимпоздорун бутага алып, Иранга чабуулун баштаган.
Бул чабуулдарга жооп катары Иран Израилге ракета менен сокку урду. Аскердик аракет 12 күнгө созулуп, анын жүрүшүндө АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине: Фордоу, Натанз жана Исфаханга бомба таштады.
АКШнын соккусунан Ирандын өзөктүк программасына келтирилген зыяндын көлөмү белгисиз бойдон калууда жана Тахт-Раванчи да так маалымат бере албай турганын айтты.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өз кезегинде МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси бул чабуулдар олуттуу зыян келтиргенин айтса, АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк объекттери толугу менен жок кылынганын билдирди.
Ирандын МАГАТЭ менен мамилеси барган сайын курчуп баратат. Өткөн аптада Иран парламенти агенттикти Израил менен АКШ тарапка ооп кетти деп айыптап, аны менен кызматташууну токтотуу чечимин кабыл алган.
Трамп эгер чалгын кызматты Иран уранды кооптуу деңгээлге чейин байытып жатканын аныктаса, ал өлкөнү кайрадан бомбалоону карап чыгууга даяр экенин айтты.
Иран өзүнүн өзөктүк программасын кайсы бир келишимдин алкагында, балким санкциялар жоюлуп, өлкөгө инвестициялар тартылса, кайрадан карап чыгууга даярбы? деген BBCнин суроосуна Мажид Тахт-Раванчи:
"Эмне үчүн биз мындай сунуш менен макул болушубуз керек?"- деп жооп берди.
Ал Ирандын өзөктүк программасы, анын ичинде уранды 60%га чейин байытуу – тынчтык максаттарын көздөйт деп дагы бир жолу баса белгиледи.
Министрдин орун басары Иран ортомчулар аркылуу АКШнын "Иранда режимди алмаштырууга кызыкдар эмес"деген билдирүүсүн алганын, буга карабай, алардын аракети өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменейге багытталып жатканы айтты.
Ал Иран эли айрым учурда бийликтин аракетине нааразы болушу мүмкүн экенин айтып, бирок "сөз чет элдик кол салуу жөнүндө болгондо, ирандыктар бирдиктүү каршылык көрсөтөт" деп кошумчалады.
Би-Би-Синин кабарчысы Лиз Дюсетке Иранда иштөөгө уруксат берилген, бирок анын бир дагы репортажын Би-Би-Си Перси кызматы колдонбошу керек. Бул Иран бийлигинин өлкөдө иштеген бардык эл аралык маалымат каражаттарына койгон талабы. (VO)












