"Мазмундун ордуна атрибуттар: Трамп менен Путиндин Аляскадагы жолугушуусунун жыйынтыгы

Трамп жана Путин

Сүрөттүн булагы, Andrew Harnik/Getty Images

    • Author, Елизавета Фохт*, Сергей Горяшко, Святослав Хоменко, Ольга Ившина
    • Role, Би-Би-Си

Дональд Трамп бир нече жылдан кийин биринчи жолу Владимир Путин менен жолугушту. Анкориждеги америкалык аскер базасында орус президентин кызыл килем төшөп, ардактуу эскорт жана Ак үй ээсинин кол чабуусу менен тосуп алышты. Үч саатка созулган сүйлөшүүдө Украинадагы согушту токтотуу тууралуу эч кандай убада берилген жок, бирок бул жолугушуу Путинге дүйнөлүк саясат сахнасына кайра кайтууга шарт түздү.

Трамп жолугушуудан кийин Путин менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулаганын айтып, Володимир Зеленскийге шарттары белгисиз келишимге макул болууну сунуштады. BBC баарлашкан эксперттердин айтымында, бул жолугушуунун бирден-бир оң жыйынтыгы – Трамп менен Путин Украина тагдырын өз алдынча чечип койгонун ачык жарыялашкан жок.

Кызыл килем жана кол чабуулар

Владимир Путин Анкорижден жакшы маанайда кайтты. Ал АКШ президенти менен 2021-жылдын жай айларынан бери жолуга элек болчу. 2015-жылдан тартып Америкага барган эмес жана соңку бир нече жыл ичинде согуш кылмыштарына шектүү катары көптөгөн мамлекеттерге кире албай калган. Ошондой учурда аны дүйнөлүк саясат сахнасына Дональд Трамп кайрадан чакырды.

Орусиянын президенти үчүн кызыл килем төшөлүп, аны Американын аскер базасында тосуп алышты. Тосуп алуу салтанаты АКШ президентинин кол чабуусу менен коштолду. (кийин Ак үйдүн басма сөз кызматы бул кадрларды соцтармактардагы видеодон алып салды). Ошондой эле ага журналисттер үчүн биргелешкен билдирүүнү баштоо мүмкүнчүлүгү берилди.

АКШ Путиндин алдына кызыл килем төшөдү

Сүрөттүн булагы, Contributor/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ Путиндин алдына кызыл килем төшөдү

Ишенүү кыйын, болгону бир жума мурун Дональд Трамп Путинди жаңы санкциялар менен коркутуп, алгач 50 күндүк, кийин 10 күндүк ультиматум коюп, чыдамы түгөнүп баратканын айткан эле.

Чындыгында, Трамптын тушунда АКШ Орусияга каршы бир дагы жаңы чектөөлөрдү киргизген жок: февралда "Чоң жетинин" толук масштабдуу басып кирүүнүн жылдыгына байланыштуу кабыл алган чараларын да колдогон эмес. Британиянын жаңы чектөөлөрүн да, Евробиримдик тарабынан июлда бекитилген орус мунайына болгон бааны төмөндөтүүнү да колдогон жок.

АКШ демократтары муну шылдыңдап: "Москва Киевди бомбалаганда жооп катары Трамп болгону соцтармакка пост жазды эле. Эми ага кошумча Путинге кол чаап отурат",- деп билдиришти.

Жолугушуудан кийин Трамп Орусияга жана анын соода өнөктөштөрүнө азырынча жаңы санкция киргизбей турганын айтты. Бирок Путин менен жолугууга бара жатып эгер ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу мүмкүн болбосо, абдан капа боло турганын билдирген болчу.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Үч сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин Трамп Вашингтонго эч кандай жыйынтыксыз кайтып келди.

"Сүйлөшүүлөр натыйжалуу ишке ашканда гана келишимге жеттик десе болот", - деди ал жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу.

Муну ок атышууну токтотуу боюнча Трамп Путин менен макулдаша албаганы катары чечмелесе болот.

"Биз азырынча ал нерсеге жете элекпиз", - деп кошумчалады Дональд Трамп.

Жолугушуудан кийин Трамп Fox News телеканалына интервью берип, өзүнүн позициясын бир аз тактады. Ал Путин "маселени чечүүнү" каалай турганын жана Орусия менен Украина келишимге жакындап калганын жарыялады.

Трамп бул келишимдин параметрлери кандай экенин жана Путин кандай шарт менен макул боло турганын айткан жок.

"Учурда чечим кабыл алуунун кезеги президент Зеленскийде" деп билдирди Трамп. Ал Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун келерки жумада уюштурууга даяр экенин кошумчалады.

"Учурда алар (Орусия жана Украина) президенттер Зеленский менен Путиндин жолугушуусун уюштурууга кам көрүп жатат. Мен алардан муну талап кылган эмесмин. Ал жерге барууну каалап жаткан жерим жок, бирок бул жолугушуу сөзсүз өтүшүн камсыз кылгым келет", — деди Трамп.

Анын бул сөздөрүнөн кийин жолугушууну ким уюштураары — Москвабы же Киевби белгисиз бойдон калды.

Трамп Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна катышууну көздөп жатат

Сүрөттүн булагы, Andrew Harnik/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна катышууну көздөп жатат

Ошондой эле Трамп Путин менен Украинанын коопсуздук кепилдиги боюнча көп маселелерде макулдашканын билдирди. Ал Зеленскийге Путин менен келишимге барууну сунуштап: "Орусия — абдан кубаттуу держава, алар андай эмес",- деди.

НАТОнун штаб-квартирасында бириккен чалгын кызматынын мурдагы жогорку даражалуу кызматкери Эдвард Ронгдун пикиринде, маанилүү жагдай — Трамп "Украинанын аймагын алмашуу" маселесин талкуулоого макул болгон жок жана орус делегациясына күн тартибин кеңейтүүгө жол берген эмес.

"Орусия тарап бул жолугушууну өз өлкөсүндө, Украинадагы согуштан башка дагы кеңири маселелер талкууланган сыяктуу көрсөттү. АКШ тарап болсо күн тартибиндеги жалгыз маселе — Украина болгонун абдан так айтты", — деди Ронг BBCге.

"Жакшы жаңылык — Украинага зыян келтире тургандай макулдашуу болгон жок. Бирок жакшы кабар ушуну менен аяктады", — деди Мамлекеттик департаментте 40 жыл иштеген, анын ичинде АКШ-Орусия мамилелерин көзөмөлдөгөн АКШнын ардагер дипломаты Дэниел Фрид Би-Би-Сиге.

Фриддин айтымында, маселе Путиндин эч кандай жеңилдикке барбаганында:

"Трамп баарын жакшы жагынан көрсөтүүгө аракет кылды, бирок ал эмнеге жетишкени түшүнүксүз".

Отставкадагы дипломаттын баамында, бул саммит эмнеге өткөрүлгөнү бүдөмүк.

"Идея АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофтун Кремль келишимге даяр деген жаңылыш маалыматынан улам пайда болгон. Болбосо Путин баарын адаштырды, же Уиткоф аны туура эмес түшүнгөн. Орусия келишимге даяр эмес болчу", — деди Фрид.

Жаңы жолугушуулар боюнча убада

Президенттердин артынан Анкорижге чейин барган журналисттер пресс-конференцияны күтүп жатышкан. Владимир Путин Аляскага келген мындай сандагы көз карандысыз кабарчылар менен сейрек жолугат. Бирок орус президенти жыйынды ачып жатып, Трампты мактап, узун кайрылуусун кагаздан окуп берди.

"Бүгүн биз президент Трамптын: "Эгер мен президент болгондо, согуш болбойт эле" деген сөзүн уктук. Менимче, чындыгында ошондой болмок. Муну тастыктайм, анткени президент Трамп экөөбүз абдан жакшы, иштиктүү жана ишенимдүү байланыш түзө алдык. Ошондуктан бул жол менен бара берсек, Украинадагы жаңжалды тез токтотууга жетише алабыз деп ишенүүгө толук негиз бар", — деди Путин.

Трамп болсо ага жооп иретинде бир нече жолу Путинди жөн гана "Владимир" деп, достук маанайда кайрылды.

Путин Трампка урмат көрсөтүп, алардын ортосунда ишенимдүү байланыш түзүлгөнүн кошумчалады

Сүрөттүн булагы, ANDREW CABALLERO-REYNOLDS/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин Трампка урмат көрсөтүп, алардын ортосунда ишенимдүү байланыш түзүлгөнүн кошумчалады

Эл алдында сүйлөөнү жана маалымат жыйындарын өткөрүүнү жактырганына карабастан, Трамп Путинди суроолорго жооп берүүдөн обочолонтуп койгондой болду. Сөздөрүн аяктагандан кийин кыйкырып суроо берген журналисттерге көңүл бурбастан, экөө тең артын карабай чыгып кетишти.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков лидерлердин пресс-конференциядан баш тартуу чечимин алардын "жетиштүү билдирүү" жасаганы менен түшүндүрдү.

Бул саммитти Украина жана Европа үчүн кантип чечмелөө керектиги азырынча белгисиз,- деди Би-Би-Сиге саясат талдоочу Евгений Рощин.

Анын айтымында, бир жагынан алганда, Трамп жеңил-желпи сөздөрдү айтып, кийин артка кайтуу кыйын болуп кала турган кадамга барган жок жана Украинанын же Европанын атынан чечим кабыл алган жок.

"Бирок аларга жакпаган нерсени макулдашкысы келип жаткан болушу мүмкүн", — деп кошумчалады эксперт.

"Трамптын көңүл борборунда калуусу үчүн бул жолугушуу жана дагы жаңы жолугушуулар тууралуу убадалар ага керек эле. Ал бул максатына жетти", — деди Би-Би-Сиге АКШнын мамлекеттик катчысынын Европага байланыштуу мурдагы жардамчысы Жеймс О'Брайен.

Анын пикиринде, өз максатына жетүү үчүн Путинге жол ачыла баштады. Бирок бул тууралуу Трамптын көз карашы, ал позициясын өзгөртөбү же жокпу азырынча белгисиз.

Эдвард Ронг Трамп жолугушууда Путинден таасирленген жок деп эсептейт.

"Эң чоң коркунуч дал ушул болчу. Путин Трампты арбап алат деп чочулашкан. Анткени Трамп күтүүсүз чечимдерди чыгарат, аны оңой эле ынандырып, оюн өзгөртүп коюуга болот", — деди Ронг.

Би-Би-Сиге маек берген адистин айтымында, жаңы жолугушуу жөнүндө убада, жолугушуудан кийин Трамптын Fox телеканалына айткандары чоң жетишкендик болуп эсептелбейт. Жолугушууну пландап коюп, бирок так дата белгиленбесе, анда мындай билдирүүлөрдүн мааниси жок.

"Баары план боюнча гана калат. Демек, бул баары кыйрамайынча сүйлөшүүгө чекит коюлбайт дегенди билдирет",- деди Ронг.

Жолугушуу түштөнүүсүз өттү

Анкориждеги жолугушууга көз салып турган украиналыктар Путин үчүн кызыл килем төшөлгөнүн, истребителдердин ардактуу коштоосун жана эки президенттин бир лимузинге чогуу отурганын Ак үйдүн Украинадагы согушка болгон позициясы кайрадан Кремлди көздөй оогондой кабылдап, кооптонушууда.

Украинанын АКШдагы мурдагы элчиси Валерий Чалый Путинди Анкорижде жылуу кабыл алганына капа болгонун билдирди.

"Алгачкы таасирлер адатта так болот. Аскер кызматкерлери кызыл килемди Путин жакындап калганда төшөй калды. Алар чогуу бир унаага отурду. Кимдир бирөө (журналист болсо керек) АКШ президентинин көзүнчө катуу кыйкырып ал жарандарды өлтүрүүнү токтотобу деп сураганга үлгүрдү. Путин суроону укпай калгандай түр көрсөттү. Мунун баарын көрүү абдан жийиркеничтүү жана өкүнүчтүү болду".

Трамп менен Путиндин жолугушуусу маалында нааразылык акциясына чогулгандар Украинанын чоң желегин көтөрүп чыгышты

Сүрөттүн булагы, DAPHNE LEMELIN/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп менен Путиндин жолугушуусу маалында нааразылык акциясына чогулгандар Украинанын чоң желегин көтөрүп чыгышты

"Ооба, жылуу тосуп алуу, кызыл килем, Путиндин Трамптын лимузинине отурушу — булардын баары украиналыктарда терс реакция жаратты. Бирок бул чындыгында Трамптын стилине абдан мүнөздүү көрүнүш. Ал ким болбосун — (Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынбы, (Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Салманбы) же башкасыбы — дайыма достук мамиледе, жылуу маанайда, меймандос көрүнүүгө аракет кылат", — деди Би-Би-Сиге НАТОнун штаб-квартирасындагы бирдиктүү чалгын бөлүмүнүн мурдагы улук кызматкери Эдвард Ронг.

Бирок россиялык жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүсү башында күтүлгөндөй узакка созулган жок. Көз салып тургандар кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдү жана президенттердин чогуу түшкү тамактануусун күтүшкөн, бирок андай болгон жок.

Соңку ирет Сүйрү залда Володимир Зеленский менен болгон тарыхый кайым айтышуудан кийин Трамп аны менен чогуу тамактанууну токтоткон.

Бирок АКШ–Орусия лидерлеринин бирдикте түштөнүүсүн токтоткон жагдайлар ал кездеги сүйлөшүүлөрдөгүдөй драмалуу болгон жок.

Ал учур кыйкырык жана айыптоолор менен коштолсо, бул жолугушууда мактоолор айтылды. Бирок жыйынтык бирдей — коомчулукка сыймыктануу менен көрсөтө тургандай натыйжа болгон жок.

Трамп жолугушуунун алдында, эгер сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаса, Володимир Зеленскийге же европалык лидерлерге телефон чалбай турганын айткан.

Бирок Киев убактысы боюнча ишембиге оогон түнү Трамптын Зеленскийге чалганы тууралуу эч кандай маалымат чыккан жок.

Владимир Путин болсо узакка созулган сөзүндө Киев жана Европа өлкөлөрү Украинадагы абалды жөнгө салуудагы "жаңы жылыштарды" үзгүлтүккө учуратпайт деп үмүттөнөрүн айтты.

"Украина менен Европа өз позициясын Трампка жеткирүү менен туура кадам жасады. Алар Орусиянын мунайы менен газына карата санкцияларды талап кылууну улантышы керек, — деди АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жеймс О'Брайен. — Болбосо, алар четте карап кала беришет, Трамп болсо күн тартибин көзөмөлдөөнү улантат".

Киевдин көз карашында, азырынча кооптуу сценарий ишке аша элек: Дональд Трамп менен Владимир Путин "тарыхый" жолугушууда Украинаны багынууга мажбурлоо жолу менен согушту токтотуу аракети үчүн бириккен жок.

Урмат-сый курсак тойгузбайт

Орус тарап саммитке чейин эле Украинадагы согуштан башка дагы маселелерди талкуулоого кызыкдар экенин билдирген. Путин үчүн эң маанилүү темалардын бири — СССР ыдырагандан кийин пайда болгон эл аралык мамилелер системасын түп-тамырынан бери реформалоо маселеси болчу.

2021-жылы Кремль өз талаптарын ачык билдирген: Москва Орусиянын "тарыхый таасир аймагында" деп эсептелген өлкөлөрдү НАТОго кошпоо тууралуу жазуу түрүндөгү кепилдикти талап кылган.

Бул тизме атайын кеңири жана бүдөмүк түзүлгөн. Ал Украинаны гана эмес, СССР кулагандан кийин пайда болгон башка бардык мамлекеттерди да камтыйт.

Аляскадагы сүйлөшүүдө бул тема талкууландыбы же жокпу Путин да, Трамп да ачык айткан жок. Бирок Путин украин маселесин чечүү үчүн "кризистин бардык баштапкы себептери жоюлушу керек" деп белгилеген.

Саясатчы Евгений Рощин Путиндин Украинага басып кирүүсүнүн "башкы себептерине" кайрадан кайрылганын терс сигнал катары кабылдаганын айтты.

"Бул жолугушууда ал бул темага, айрыкча НАТОнун кеңейүүсү боюнча маселеге кайрадан кайтып келүүгө аракет кылган. Көрүнүп тургандай Путин өжөрлөнүп жатат".

АКШ президенти болсо талкууланган маселелердин арасында "өтө маанилүү бир пункт" болгонун айтты. Бирок кайсы экенин тактаган жок. Мунун баары Путин дүйнөнүн геосаясий картасын кайра түзүү каалоосунан баш тартпаганын ачык көрсөтүп турат.

Владимир Путин менен анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөрдөн кийин

Сүрөттүн булагы, GAVRIIL GRIGOROV/POOL/AFP via Getty Images)

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин менен анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөрдөн кийин

Орусиянын президенти көптөн бери эле СССРге болгон суктануусун жашырбай келет жана чоң мамлекеттер дүйнөнү бөлүшүп, өз көзөмөлүнө алуу системасына кайра кайтууну каалап жүрөт.

Мындай талап Европанын коопсуздук системасына түздөн-түз сокку болот. Эгер Балтика жана Чыгыш Европадагы НАТО өлкөлөрү бул принципке макул болсо, анда бул Украина үчүн эле жеңилүү эмес. Ал күчтүү коңшулар өздөрүнөн алсыз мамлекеттердин көз карандысыздыгын тебелеп, өз шартын таңуулаган түшүнүктү мыйзамдаштырат дегенди билдирет.

Путин Украинадагы согушту аймактык талаш эмес, дүйнөлүк саясаттын структурасын өзгөртүүнүн рычагы катары колдонууга аракет кылып жатат. Ал Орусия үчүн Батыш өлкөлөрүнүн коопсуздук архитектурасына таасир этүү укугун камсыз кылууну көздөйт.

Путиндин Орусия менен АКШнын жакындыгын баса белгилеген сөзү бул гипотезаны ырастайт:

"Океандар бөлүп турса да биздин өлкөлөр чындыгында жакын коңшулар. Учактан түшкөндө мен: "Кутман күн, урматтуу коңшум. Сизди сак-саламатта, аман-эсен көргөнүмө абдан кубанычтамын",- деп учураштым.

"Коңшу катары бул сөз өтө жылуу, менин оюмча, абдан жакшы угулат. Бизди Берингов кысыгы гана бөлүп турат".

Бирок Трамп Путинге мамилелерди жөнгө салуу боюнча эч кандай убада кылган жок. Ооба, аны АКШда эң жогорку деңгээлде тосуп алышты. Путин үчүн урмат-сый маанилүү, бирок аны менен курсак тойбойт", — деди саясат талдоочу Рощин.

"Эгерде эч кандай жылыш болбосо, Трамп ийгиликке жеткендей түр көрсөткөнүн токтотушу керек", - деп кошумчалады Дэниел Фрид.

Орусия бийлиги Елизавета Фохт менен Ольга Ившинаны "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди. Би-Би-Си бул чечимге каршы жана аны сот аркылуу жокко чыгарууга аракет кылууда. (VO)