Ар бир элге тарыхый шанс ар дайым берилбейт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер
Ошентип күзүндө кыргыз мамлекетинин жаңы доордо жаңы форматта калыбына келишинин 100 жылдыгын белгилегени турабыз.
Кайран муундун жаны садага чабылып, башы баталгага коюлган ушул улуу тарыхый окуянын быйылкы мааракесинин белгиленишинин концептуалдык жагдайлары башкача. Буга чейин да Кара-Кыргыз автоном облусунун урунттуу мааракелери белгиленип келгени анык. Президенттер мазмуну дээрлик окшош жарлыктарды чыгарган: баланча жылдыгы белгиленсин, уюштуруу комиссиясы түзүлсүн, өкмөт мааракени салтанаттуу белгилөө боюнча иш-чаралардын планын түзсүн ж.б. сыяктуу көнүмүш иштер. Быйылкы маараке тууралуу өлкө башчысы С. Жапаровдун жарлыгында жаңы кыргыз мамлекети, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышы деген аныктамалар кошулду.
Университетте окуп жүргөнүбүздө устаттарыбыз “кандай тарыхый булакка таянып, кай фактынын негизинде айтып жатасың, далилде, болбосо оозанба” деп айда көндүргөн экен, цитата келтирейин.
“Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Басып өткөн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын түптөлүшүнүн оңойго турбаганын кийинки муун сөзсүз билиши зарыл” – деген эле президент Жапаров былтыр 7-ноябрда.
Тарыхый, саясий, укуктук жактан калетсиз бул дефинициялар биринчи ирет расмий документтерде колдонулуп отурат. Ушул аныктамалар “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” президенттик жарлыкта экинчи ирет кайталанды. Мурда XX кылымдын башындагы окуяларга карата кыргыз мамлекетинин негизделиши деген аныктамалар басымдуу эле.
Тилекке каршы, көп учурда Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү катары эсептешет. Мисалы, Кыргыз тарыхына арналган 3 томдукта так ушундай аныктама берилген. 2016-жылы жарык көргөн ушул академиялык басылмада “1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү менен кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү башталган” деп белгиленген (Кыргызстандын тарыхы. -Бишкек, 2016. 3-том, 202-бет).
Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу китептеринде да ушул аныктама колдонулуп келүүдө (О. Дж. Осмонов. История Кыргызстана с древнейших времен до наших дней//Учебник для высших учебных заведений. -Бишкек, 2020. 412-бет). А биздин оюбузча, мындай ырастама чыныгы тарых Улуу Октябрь революциясынан кийин башталды, СССРдин элдерине, анын ичинде кыргыздарга мамлекетти большевиктер тартуулады деген советтик тарыхнаамадан мураска калган, насили жалган, натуура дефиниция, коммунисттик идеологиянын эски күүсү. Эми азыркы Кыргыз мамлекетинин негиздөөөчүлөрү деген туура аныктама берилди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргыздар түрк элдеринин ичинен эӊ биринчилерден болуп мамлекет түзгөн эл экендиги тарыхый чындык, укуктук жагдай. Кыргыздар түрк макроэтносунун уюткусу. Абдыкерим Сыдыков “Краткий очерк истории развития киргизского народа” деген баяндамасында кыргыздардын байыркы доордо эле, биздин заманга чейинки 2-1-кылымдарда өз алдынча мамлекети болгонун белгилеген.
А. Сыдыков аты аталган жана башка макалаларында, Кыргыз республикасын түзүү боюнча сөздөрүндө кыргыздар өз алдынча эл, казактар же башкалар менен алмаштырууга эч болбостугун кашкайта далилдеп келген. Кыргыз авторлорунун ичинен биринчи болуп мындай тезисти коомдук айдыңда айтканын эстен чыгарбоо зарыл. Болуптур, А. Сыдыков кыргыз, демек этноцентристтик позициядан айткан дечүлөр аз эмес. Бирок кыргыз тарыхына байланышкан дүйнөлүк адабиятта, тарыхый жазма булактарда кыргыздар байыркы эл, кыргыздардын мамлекеттүүлүгү да байыркы экени эбак тастыкталган.
Академик В.В. Бартольд “Кыргыздар Орто Азиядагы эң байыркы элдердин бири. Орто Азияда жашаган элдердин ичинен биринин да ысымы тарыхта кыргыздардыкы сыяктуу эрте кездешпейт” деп жазган (В.В. Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. –Бишкек, 1996). В.В. Бартольддун кыргыздардын 8-9-кылымдардагы Борбордук Азиядагы ири жана кубаттуу мамлекети тууралуу “Улуу Кыргыз дөөлөтү” деген аныктамасы бүгүнкү күндө тарых илиминдеги туруктуу колдонулган термин жана хрестоматиялык жобо.
2001-жылы эл аралык масштабда белгиленген Кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгы, мындан 900-1200 жыл мурдагы Улуу кыргыз каганаты аталган ири мамлекет кашкайган факт болсо, андан кийин ар кандай кыргыз хандыктары жашаса, демек тарыхый логикага ылайык, укуктук, саясий адилеттик үчүн XX кылымдын башында окуяларды мамлекеттүүлүктүн жаңы доордо, жаңы формада калыбына келиши деп эсептөө кажет. Автор бул аныктамасын мындан 7 жыл мурда медиа мейкиндикте биринчи айткан эле (А. Кулматов. Мужество Ж. Абдрахманова. https://mnenie.akipress.org/unews/un_post:9129).
Тарыхый контекст, геосаясий кырдаал

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн традициялары Евразиядагы калган мамлекеттерге үлгү, түрткү жана ал мамлекеттердин, аймактагы этностордун кийинки тарыхына таасирин тийгизген фактор болгону талашсыз. Эми 100 жылдык мааракеге карата тарыхый контекстке кайрылалы. Кара-Кыргыз Автономиялык облусу кандай геосаясий шартта түзүлгөнүнө абай салалы.
Андан туура он жыл мурда Биринчи дүйнөлүк согуш башталган эле. Биринчи дүйнөлүк согуш - ХХ жана ХХI кылымдардагы улуу окуялардын жана трагедиялардын анабашы, дүйнөнү түп-тамырынан бери өзгөрткөн чоң катаклизм. Беш континенттин 32 өлкөсү катышкан, 4 жылга созулган бул чоң согушта 9 жарым миллион адам майдан талаасында курман болду, 10 миллиондон ашык адам ачкадан жана оорудан ажал тапты. 74 миллион адам согушка мобилизацияланды. Ошол мобилизация 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө, аёосуз басылгандан кийинки Үркүнгө алып келди.
Жогорудагы итапкан курмандыктардын эсебине киргени же кирбегени белгисиз, көтөрүлүштө кыргыздардын теңи кырылды. Көтөрүлүштүн жүрүшүндө эле азыркы Кыргызстандын түндүк аймактарындагы кыргыздардын 200 миңи (41%) жок кылынган. Үркүндө, ээлик кылган эзелки жерине качып баратканда, кор болуп жүрчүсүндө жана Ала-Тоого кайтканда ачкадан, оорудан, жокчулук менен муң-кайгыдан канчасы кырылганы али тактала элек.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин геосаясий ландшафт өзгөрүп, дүйнөнүн саясий картасы неченчи ирет сызылды. 4 империя - Германия, Австро-Венгрия, Осмон жана Россия кыйрады. Европада Финляндия, Литва, Эстония, Чехословакия, Польша, Латвия, Югославия, Грузия, Армения, Азербайжан, ар бири өз алдынча Австрия менен Венгрия сыяктуу жаңы мамлекеттер пайда болду. Шариатка негизделген теократиялык Осмон империясы кулап, ордуна светтик Түрк Республикасы курулду. Ушунун баары түрдүү улуттардын делебесин козгоп, өз алдынчалыкка жана эркиндикке шыктандырды.
Кармашкан мамлекеттер ээлик кылган колонияларда, айрыкча Азияда, Латын Америкасында улуттук кыймылдар күч алат. АКШда жана Европада саясий жана интеллектуалдык элитанын бир даары “улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу” жана колониалдык маселелерди “жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечүү” деген сөздөрдү бекем айта баштайт. Улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу бүгүн эл аралык укуктун принциби, БУУнун Уставындагы негизги жоболордун бири. Бирок 1792-жылы биринчи ирет Авиньон жана Венсенн провинциялары үчүн колдонулуп, унутта калган бул жобо Американын президенти Вудро Вильсондун атактуу “14 пунктунда” кайра оозго алынат. Ушу принципти бийликке келип, күчкө толгон соң бурмалаганы менен большевиктер партиясы эн башкы лозунг катары ыктуу пайдаланган. СССР да ушул принциптин большевиктик формадагы ишке ашышы. Республикалардын союзу, шериктештиги, биримдиги. 1922-жылы декабрда адегенде РСФСР, Украина ССРи, Беларусь, Закавказ ССРи сыяктуу 4 эле субъектин ортосундагы союздук келишимдин негизинде түзүлгөн СССР формалдуу түрдө федеративдик мамлекет. Ар бир республика чыгып кетүүгө акылуу деген конституциялык жобосу да бар эле.
Биринчи дүйнөлүк согуштун кесепеттери социалдык карама-каршылыктарды ого бетер курчутат, революциячыл кыймылдар күчөйт. Австрияда, Чехословакияда, Балтика боюнда, Германияда революциялык көтөрүлүштөр болот. Бирок революция коммунисттик идеологиянын дөө-шаалары мүнөздөгөндөй “дүйнөлүк империализмдин эң чириген жана артта калган жери Россияда” гана женишке жетет.
Улуттук мүдөө, тарыхый шарт, жарактуу муун

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өз алдынча мамлекет жана эркиндик кыргыз элинин пассионардык мотивациясы жана түбөлүк улуттук идеясы. Кыргыздардын ар бир мууну ушул миссияны ишке ашырууга умтулган. Бирөөлөрдүн колунан келген, башкаларына курчап турган геосаясий абал же ички кырдаал жол берген эмес. Анын үстүнө ар бир муундун көйкашка чыгышы сейрек кездешкен көрүнүш. Конгон кушту колдон качырып, келген ырыскыны кетирип жиберген муундар ар бир элде бар, биздин да андай учурларыбыз болгон, кашайып. Саясий аренега жаңы муун, ар бири ар кандай доордо кандай гана өлкө болбосун анын өкмөтүн эң сонун башкарууга, артта калган мамлекетти гүлдөтүүгө жөндөмдүү кашкөйлөр чыкты.
Биринчи дүйнөлүк согуш, Октябрь революциясы, коммунисттер курган формалдуу федеративдик мамлекет – СССРдин түзүлүшү кыргыз элине оңдой берди болду окшойт. Ошентип, 3 шарт бир келди. Тарыхый кырдаал жаралды. Элдин өчпөгөн улуттук идеясы, күүсүнөн жанбаган пассионардык мотивациясы, мамлекетти кайра жаратууга жарактуу залкарлардын мууну жана СССРдин курамындагы республикаларынын түзүлүү процесси дал келди.
Жаӊы доордо, 20-кылымдын башында кыргыз мамлекеттүүлүгү улуттук республика формасындагы мамлекет катары калыбына келди. 1916-жылдагыдай кандуу кыргын, катуу соккудан кайра бутуна туруп, өз мамлекетин калыбына келтирген улуттар сейрек. Көтөрүлүштөн жеңилгенден кийин эки жыл өтүп-өтпөй, 1918-жылдан тартып мамлекетти калыбына келтирүү идеясы улам козголуп, 1922-жылы Тоолуу Кыргыз Республикасын түзүү демилгеси ишке ашпай калды. Бирок аракет токтогону жок, 1924-жылы РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз Автономиялык облусу болуп уюшулду. Бул кыргыз элитасы үчүн кийин союздук республика түзүүгө негизги кадам эле. 1926-жылы Кара-Кыргыз Автономиялык Советтик Социалистик Республикасы, 1936-жылы Кыргыз ССРи катары кайра түзүлдү.
Мурдагы Россия падышачылыгынын, кийин СССРдин курамындагы этностордун баарынын маңдайына өз алдынча мамлекет болуу бактысы жазылбаптыр. Эгер СССРдин тарыхын карасак, ондогон улуттардын союздук республика түзүү мүдөөсү орундалбай калганын, тескерисинче, адегенде республика болуп түзүлгөн субъекттер (Бухара ССРи, Хорезм ССРи, Нахичеван СР, Горская ССРи, Крым АССРи) кийин жок болуп, айрымдары ыдырап (Закавказ ССРи, Түркстан ССРи), улуттук-территориалдык бөлүштүрүүдө жаңы жаралган улуттар ири республикага айланып, аларга чоң аймактар жана этностор бириктирилип, айрымдары суверенитет шансынан ажырап, аймагы тарып, калкы кемип, айтор татаал жана драматикалык процесстер жүргөнүн көрүүгө болот. Өз алдынча мамлекет курууга тарыхый акысы бар ири улуттар алигиче эл аралык мамилелердин өз алдынча субъектиси эмес.
Көз карандысыздык калыбына келген күн

Мааракеге утурлай дагы айрым керектүү нерсени айтуу зарыл. Биз жогоруда кеп кылгандай, Литва, Латвия, Эстония, Азербайжан сыяктуу өлкөлөр Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, алар курамына кирген империялар кыйраган соң өз алдынчалыгын жарыялаган. Алар ошол датаны эгемендик күнү катары, ал эми СССР кулагандан кийинки өз алдынчалык жарыяланган күндү эгемендик кайра калыбына келген күн катары мамлекеттик майрам, расмий дата деп эсептешет. Дүйнө да ушул аныктама менен эсептешет. Башка өлкөлөр аталган мамлекеттерди эгемендиктин калыбына келген күнүңөр кут болсун деп куттукташат. Адегенде мамлекет өзүнүн расмий майрамын өзү аныктап, өзү аташ керек. Сырт дүйнө тааныйт. Абалтадан эреже ушундай. Көз каранды эмес мамлекет ар бир өлкө, анын жарандары үчүн эң ыйык баалуулук, баарынан улук майрам, кымбат күн. Улуттук майрамдын анабашы – эркин мамлекет деп жарыяланган күн, Көз карандысыздык күнү. Эгемен мамлекет ар бир улуттун түбөлүк максаты, тынымсыз күрөшү, кыял-тилектеринин туу чокусу. Эркиндик – бул акыл таймаш, кан төгүлгөн кармаш, карандай эмгек, эрк күрөшү, журт талаш, эл талаш.
Дүйнөдө 7 миңден ашык этнос, улут бар, бирок эгемендүү, суверендүү, өз алдынча мамлекеттин саны 200дүн тегерегинде гана. Көз карандысыздык күнү ар жылы бир күнү белгиленчү катардагы майрам эле эмес. Эркин мамлекет болуу ичте жана тышта сыймык, анын жаранына укуктук кепилдик жана эл аралык мамилелердин субъектиси болуу жоопкерчилиги. Суверенитет курулай декларация болбоого тийиш. Өлкөнүн суверенитети ар бир кырдаалда жаралмагы анык сыноо, ар күнү мандайынан чыккан түйшүк, керек болсо ар бир жарандын тагдырында чындап сынала турган машакат. Маселен, мамлекет өз атуулунун укугун коргой алса, суверенитетине доо кетпейт, өз жаранын ай талаада калтырса, суверенитетине шек жаралат, мамлекетке ишеним кемийт, кадыры түшөт.
Мындан 34 жыл мурда, 1990-жылы 15-декабрда Кыргызстан Республикасынын Жогорку Совети “Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик суверенитети жөнүндө декларация” кабыл алган. Бул эң маанилүү тарыхый окуя, укуктук жана саясий акт, идеологиялык жеңиш, моралдык жоопкерчилик, шыктандыруучу кадам. Суверенитет тууралуу ушул жогорку актыга таянып, 1991-жылы 31-августа “Көз карандысыздык жөнүндө” декларация кабыл алынат да анын биринчи беренеси Кыргызстанды эркин, көз карандысыз мамлекет деп жарыялайт.
1991-жылы президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен “Көз карандысыздык жөнүндө” декларацияга конституциялык мыйзам статусу берилет. Ошол күндөн тартып 31-августу Көз карандысыздык күнү деп белгилеп келебиз. Тарыхый жана укуктук позициядан караганда бул дата шарттуу эсеп, хронологиялык формалдуулук, башкача айтканда тарыхый чындыкты жана укуктук жагдайды толук чагылдырбайт. Биз өз алдынча мамлекет курган, мамлекеттүүлүк тарыхы узак, суверенитетке тарыхый укугун ишке ашыра алган байыркы элдин көз карандысыздыгынын калыбына келиши тууралуу кеп кылышыбыз керек. Демек 31-августту Көз карандысыздык, эгемендик калыбына келген күн деп расмий атаганыбыз туура.
Юбилейлик стандарттар
Мааракелерди өткөрүү практикасын да жаңылап, мазмунун байытуубуз керек окшоду. Мамлекеттик масштабдагы иш-чаралар дээрлик окшош. Негизинен фестивалдар, театрлаштырган оюн-зооктор, айтор бир жолку маданий акциялар басымдуу, юбилейлик медалдар, почта маркалары чыгарылат, илимий-практикалык конференция, анан кыбыр эткен нерсени аймактарда мааракенин урматына деп атап, түрдүү флешмобдорду өткөрмөй. Булардын баары керек, көпчүлүктүн көөнү үчүн. Бул жолкусунда 100 социалдык-экономикалык объектини ишке беребиз деген изги нерсени кеп кылышты. Боосу бекем болсун.
Мамлекеттик юбилейлерди даярдоонун, өткөрүүнүн дүйнөдө эң сонун мисалдары бар. Адатта биз мааракени ошол жылы эстейбиз. Айталы, 2017-жылы Канаданын 150 жылдыгы белгиленди. Андан 7 жыл мурда Канаданын Мамлекеттик башкаруу институту “150!Канада” аталган үлкөн конференция өткөргөн. Окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, бизнесмендерден турган 300 делегат 25 тандамал ишмердин мааракени уюштуруу боюнча сунуштарды камтыган баяндамасын жадабай угуп, иргеп, акыл калчап, анан орток чечимге келишкен. Мааракенин эмблемасы окуучулар жана студенттер арасында бир жыл бою созулган конкурста тандалып алынды.
Канаданын парктары жана музейлери акысыз кирүү акцияларын уюштурду. Жоогазындын Канаданын желегин чагылдырган сорту атайы өстүрүлүп, мерчемдүү жерлерге тигилди. Гүл ачканда Канаданын гербин элестеткен ошол жоогазындар эми көрк берип, 150 жылдык мааракени, а башкысы мамлекет деп жарыяланган күндү даңазалап турат.
Кош жоопкерчилик
Азыркы Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнүн 1 кылымдык мааракеси быйыл бүтө калчу нерсе эмес. Чон иштин башы. Тарых жана келечек алдындагы кош жоопкерчилик. Мамлекеттин кайра жаралышы деген соң арылоого тийишпиз. Кыргызстан реформаларга бет алып, изденип, жаңылананууга, өнүгүгө умтулуп туру. Футурология менен түгөл алектенсин, көзү ачыктарга ак уруп барсын дегенден ат чабым алысмын, бирок прогноз керек. Сыртта кандай процесстер жүрөт, айланабыздагылар кантет, журт тагдырына нелер таасир этет, айтор баарын болжогонубуз абзел.
Кеменгер акын Пушкин айткандай, бизге бейтааныш, беймаалым жаңы муундар келетат. Кандай баалуулуктар төргө чыгып, кайсылары улагага сүрүлөт, кай нерселер айылдан алыс кубаланып, кандай көрүнүштөр биз менен калат? Мамлекеттин кайра калыбына келишинин мааракесинде мамлекетти бекемдөөнүн жолун издөө зарыл. Алсыз өлкөлөрдө мамлекеттик казына кем, эл жакыр, адам укуктары бузулат, массалык миграция токтобойт, жарандардын коопсуздугу сакталбайт, экономика өнүкпөйт, сөз, акыл эркиндиги чектелет.
Албетте, коррупция менен күрөш жүрүүдө, экономикалык долбоорлор иштей баштады, социалдык чөйрөдө изги иштер жасалууда, айтор бир топ позитивдүү аракеттер жасалууда. Бирок да охлократиянын, олигархиянын жана анархиянын күүсү жана элек. Мамлекет жана анын институттары али да алсызыраак. Күчтүү мамлекет мамлекеттик бийликтин үстөмдүгү гана эмес, ири алдыда элдин бекем ишеничи. Мамлекеттин бекемдиги – бул ири алдыда суверенитеттин кол тийбестиги, мыйзамдын үстөмдүгү, адам укуктарынын кынтыксыз сакталышы.
Ушул баалуулуктарды реалдуулукка айлантуу милдети туру алдыбызда. Кайран аталарыбыз XX кылымда, жаңы доордо жаңы кыргыз мамлекетин түптөдү. Алардын башы кетти, өмүрү текке кеткен жок. Жаралган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбады. Алар тарыхый миссиясын толук актады. Бирок да тарыхый шанс ар бир элге ар дайым берилбейт. Эми XXI кылым чейрегинен ооп калганда кыргыз мамлекетин бекемдөө, жакшы жашоого татыктуу элдин багын ачуу милдети турат. Бул биз өткөнгө шылтаганга, келечекке оодара салганга акыбыз жок, ушул жерде жана азыр аткарууга тийиш миссия.












