Британия аскер машыктыруучуларын Украинага жиберүүнү караштырып жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Украинанын куралдуу күчтөрүн машыктыруу үчүн британ аскерлерин жөнөтүүнү караштырып жатат.
Эки күн мурда Британиянын Коргоо министри Жон Хили Киевге келип, Украин коргоо министри Рустем Умеров менен жолугушту. Бул сүйлөшүүдө кандай өткөнү тууралуу кенен маалымат берилген жок. Болгону жаңы жылдан тарта Улуу Британия Украинага көбүрөөк колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады деп кабарланды.
Би-Би-Синин Коргоо министрлигиндеги ишенимдүү булактарынын айтымында, Британия Украинага аскер машыктыруучуларын жөнөтүүнү караштырып жатат.
"Биздин Украина менен биргелешкен планыбыздын чоо-жайы орус президенти Путин үчүн белгисиз бойдон калышы керек",- деди Хили Би-Би-Сиге.
Бейшемби күнү Британия Украинага 225 миллион фунт стерлингге тете жаңы жардам пакети макулдашылганын жарыялады. Дрон, артиллериялык снаряддар сыяктуу жабдыктар Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырат дейт Британ өкмөтү.
Британдыктар украин аскерлерин 2022-жылдан бери машыктырат, бирок окутуулар Британияда өтүп келүүдө. Украин аймагында өтүп жаткан машыктырууларга британиялык аскер дарыгерлеринин чакан тобу катышууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга аракет кылам деген Трамп АКШнын президенти катары ишке киришкенге чейин Британия Украинага мүмкүн болушунча күчтүү позицияларды кармап турууга жардам бермекчи.
Жаңы шайланып келген Трамп согушту кантип токтото турганы белгисиз. Бирок кандай сценарий болуп кетсе дагы Киевди колдоо тууралуу кепилдикти анын Батыштагы өнөктөштөрү талкуулоого шашып жатышат.
Улуу Британия менен Украинанын коргоо министрлеринин жолугушуусу бейшемби күнү Брюсселде Британ тышкы иштер министри Дэвид Лэмми, Украин президенти Владимир Зеленский жана Евробиримдик менен НАТО өлкөлөрүнүн катышуусунда өткөн жолугушуунун алдында болду.
Дэвид Лэмми Украина кошумча колдоого муктаж экенин айтты:
"Европадагы союздаштар Украинага көрсөтүп жаткан колдоосун дагы көбөйтүшү керек. Алардын куралдуу күчтөрү үчүн зарыл болгон машыгууларды, узак мөөнөттүү келечекте маанилүү болгон каржыны күчөтүү күндүн талабы. Биз бул каржыны издөө жолдорун караштыралы".
Шаршемби күнү Британ премьер-министри Кир Стармер дагы Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы кырдаалды талкуулады.
Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн союздаштар Украинаны канча керек болсо ошончо колдошу керектигин Стармер Дональд Трампка айтты.












