Түштүк Кореядагы тирүүлөй жетимге айланган балдардын тагдыры

Жуна Мун, Би-Би-Си Корей кызматы, Сеул

South Korea

Сүрөттүн булагы, News 1

"Силердин үйдө жаңы бөбөк пайда болду, туурабы? Сенин апаң мурункудай сени эркелетпей калдыбы, болгон көңүлү ымыркайда эле болуп жатабы? Жүрү мени менен, момпосуй, оюнчук алып берем".

Бул бейтааныш аялдын үйүнүн алдында ойноп жаткан алты жашар Кюнг-хага айтылган сөздөрү эле. Чоочун адамдын айткандарына кичинекей кыз алданып, аны ээрчип, поездге түшүп кетет. Жолдо баратып уктап кетип, ойгонсо эле, эң акыркы станцияга келип калган, бирок жанындагы бейтааныш аял көздөн кайым болгондой.

Алаңдап, эмне кылаарын билбеген Кюнг-ха жакын жердеги полиция бөлүмүнө кайрылып, алардан апасына жеткизүүнү суранат. Бирок жакындарын издегендин ордуна, аны Жечон шаарындагы балдар үйүнө жиберишкен. Арадан жети ай өтпөй кичинекей кореялык кызды АКШнын Виржиния штатындагы үй-бүлө асырап алат.

Ушундай жол менен Шин Кюнг-ха 1975-жылы Түштүк Кореянын Чунчон-Букдо провинциясына караштуу Чонжу шаарындагы үйүнүн алдынан дайынсыз жоголуп, үй-бүлөсүнөн ажырап калган.

Ошол каргашалуу күндөн тартып анын энеси Хан Тэ-сунун жашоосу түп-тамырынан өзгөргөн. Кызы жоголгондон бери барбаган жери, каккылабаган эшиги калган эмес. Күн сайын үч сааттык жол жүрүп, полиция бөлүмүнө каттачу. Баласы жоголгондугу тууралуу баракчаларды көчөмө-көчө таратып, телевидение жана радиолорго чыгып, кызын табуу үчүн колунан келгендин баарын жасаган.

Азыр ал 73 жашта. Арадан 44 жыл өткөндөн кийин, 2019-жылы кызын Америкадан таап чыгат.

Кызын ДНК тесттин жана 325Kamra коомдук уюмунун жардамы менен изилдеп чыккан. Аталган уюм багып алынгандарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен жарашууга көмөктөшүү жаатында иш жүргүзөт.

Бирок, экөөнүн узак жылдардан берки жарашуусу энесине күтүлгөндөй кубаныч тартуулай алган жок, ортодо чоң суроолор жаралды.

"Эмне үчүн башка бирөөнүн баласын атайын уурдап, аны АКШга жөнөткөн? Кызым апасы өмүр бою издеп жүргөнүн билбей, таштап кетти деп ойлочу экен. Мен 44 жылдан бери издеп, ден соолугумду кетирдим, ошол жылдар үчүн менден ким кечирим сурайт? Эч ким", - дейт Хан Би-Би-Си Корея Кызматына интервью берип жатып.

Арадан кырк жыл өткөндөн кийин гана Хан Тэ-сун кызынын кандай жагдайда дайынсыз жоголгонун жана кантип чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынганы тууралуу ачуу чындыкты билген.

Түштүк Кореядан чет өлкөгө жөнөтүлгөн балдар

Мындай шумдуктуу окуя Ханганын эле башынан өткөн иш эмес. 1960-1990-жылдары АКШ, Дания жана Швеция сыяктуу чет өлкөлөргө асыроого берилип, көптөгөн балдар күтүүсүз тагдырга тушуккан. Көбүнүн укуктары бузулуп, чыныгы ата-энеси тууралуу маалыматтар жашырылып, туугандары жөнүндө документтер бурмаланып жөнөтүлгөнү Truth and Reconciliation Commission көз карандысыз уюму жакында эле жарыялаган отчетунда ачык көрсөтүлдү.

Алар 11 өлкөдө асырап алынган 367 баланын документтерин текшерип, алардын элүү алтысы ошондой кылмыштын курмандыктары болушканын аныкташкан.

"Бул мыйзамсыз иштин аркасы менен көптөгөн ата-энелер балдарынан ажырашкан", – дейт Балдардын укуктарын коргоо коалициясынын өкүлү Чо Мин Хо. Ал чет өлкөлүктөргө асыроого берилгендерге жакындарын издешүүгө жардам берет.

Чо бул маселеден жапа чеккен 100дөн ашык үй-бүлөгө кеңеш берип, алардын кайрадан биригишине көмөктөшкөн.

"Дайынсыз жоголгондон" "кароосуз жетимге" айлангандар

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өлкөлөр аралык асырап алгандар үчүн баш калкалоочу жайдын директору Ким До Хен бул окуяны "зордоп дайынсыз жоготуу" деп атайт. Ага жоопкерчиликти Түштүк Кореянын өкмөтүнө жүктөп келет.

"Ата-энелер балдарын жөндөн-жөн эле жоготуп алышкан эмес. Наристелер зордоп дайынсыз жоготулган. Ата-энелер дагы, алардын балдары дагы бул иштин курмандыгы болушкан", – деди Ким До Хен.

Анын айтымында, Түштүк Кореянын өкмөтү 1970-1980 жылдары эл аралык асыроо талабын канааттандыруу үчүн кароосуз калган жетим балдарды сунуштай баштаган. Ошол учурда аларды тыш жакка алып чыгып кетүү үчүн түрдүү схемалар уюштурулуп, наристелер буюмдай эле сатыла баштаган.

"2012-жылы "Асырап алуу боюнча Атайын Акт" кабыл алынганга чейин, таштап кетип жетим калган балдардын каттоодогу саны эл аралык деңгээлде асырап алынган балдардын санына абдан окшош болчу", – дейт Сеул Улуттук университетинин эл аралык укук илимдеринин кандидаты, доктор Ли Кын Юн.

Бул эл аралык асырап алуу чындап эле үй-бүлөлөргө муктаж жетим балдар үчүн үй табуу процессиби же эл аралык асыроо максатында жетимдерди пайда кылуу процессиби деген суроолорду жаратаарын белгилеген.

Жетимдердин реестри ата-энеси жана үй-бүлө теги тууралуу эч кандай маалыматы жок эле күбөлүк кат жасалган.

Сунсил университетинин ардактуу профессору жана өз учурунда Түштүк Кореянын эң ири бала асырап алуу Holt Children's Services агенттигинин мурдагы кызматкери Нох Хе Рён бул жаатта кыйыр иштер болуп турганын болжолдоду.

"Балдарды асырап алуу процессинин ыңгайлуулугу үчүн атайлап жетимге айлантып салууга мүмкүн эле, анткени ал кезде ата-энеси бар балдарды асыроого жөнөтүү өтө кыйын болчу", – деп божомолдойт Нох Хе Рён.

Анын айтканы менен, аталган агенттикти 1970-жылдары башкарган Бу Чоонг-ха андай айыптоолорду четке кагып келүүдө.

170 миң баланын түрдүү тагдыры жана таалайы

Түштүк Кореяда эл аралык асырап алуу 1950-жылдары согушта жетим калган балдарды, ошондой эле чет элдик аскерлер менен корей аялдарынын ортосунда төрөлгөн балдарды куткаруу шылтоосу менен башталган.

Түштүк Кореянын тез экономикалык өсүшү менен, 1980-жылдары чет мамлекеттерге асырандыга берилип жаткандардын саны эң жогорку чегине жеткен. 1985-жылы эле эл аралык деңгээлде 8800дөн ашык бала асырап алынган, бул болжол менен ар бир 1000 жаңы төрөлгөн баланын 13үн түзөт.

Статистикага ылайык, Түштүк Корея башка өлкөлөргө салыштармалуу бул жаатта сап башында турат. 1950-жылдан баштап 2022-жылга чейин чет жакка асыроо үчүн 170 миң баланы жөнөткөн.

Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын 2022-жылы жарыялаган отчетунда, балдарды багып алган ата-энелердин дээрлик 60% жалган маалыматтар көргөзүлгөнү айтылган.

Кореялык агенттиктердин чоң киреше булагы

Корея согушунан кийин Түштүк Корея дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бирине айланып, өлкөнүн өзүндө кароосуз калган балдарды багып алууну каалаган үй-бүлөлөр аз эле.

Муну байкаган өлкөнүн өкмөтү атайын трансулуттук бала асыроо программасын баштап, тийиштүү токтомдор менен жеке компанияларга жана агенттиктерге ыйгарым укуктарды берген.

Бирок ал тармакты көзөмөлдөөдө жана башкарууда мүчүлүштүктөр болуп, жеке агенттиктер чырмалышкан схемалар менен иш жүрүгүзүшкөнү отчетто айтылган.

Докладда чет элдик агенттиктер ай сайын белгиленген сандагы балдарды талап кылганы белгиленген. Түштүк Кореянын агенттиктери "минималдуу жол-жоболор" ал талаптарды аткаруу баштаган деп айтылган.

Отчет ылайык, сыртка бала асыроо үчүн төлөмдөрдү өкмөт көзөмөлдөбөгөндүктөн, кореялык агенттиктер муну чоң киреше булагына айлантышкан.

Жасалма туугандар жана жалган маалыматтар

Агенттиктер жалган документтерди жасашкан, анда балдарды таштап кеткен же атайын багып алууга берилгендей, башка кишилерди ата-энеси катары көрсөтүшкөн.

Өз учурунда көптөгөн асырап алынгандардын документтеринде өздүктөрү тууралуу жалган маалыматтар көргөзүлгөндүктөн, алар азыр чыныгы үй-бүлөлөрү тууралуу талаш жаралып, жабыр тарткандар тийиштүү укуктарга ээ боло албай жүрүшкөнүн отчетто белгиленет.

Комиссия өкмөткө расмий кечирим суроону жана трансулуттук бала асырап алуу боюнча эл аралык стандарттарды сактоону сунуштады.

Эл аралык бала асыроо иши боюнча изилдөөчү, доктор Шин Пил-сиктин айтымында, өкмөт бул жаатта институционалдык жол-жоболорун түзүп жатканда, балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү ишмердигин агенттиктерге жүктөгөн. Кийинчирээк мындай системалык мамиле эки тарапты бири-бирин күнөөлөгөнгө алып келгенин изилдөөчү белгиледи.

"Эгер өкмөт кеме командири болсо, анда кемени жүргөзгөн – жеке агенттиктер болчу", – деди Шин Пил-сик.

Доктор Шин өкмөт жыл сайын чет өлкөдө асырап алынышы мүмкүн болгон балдардын санына квота белгилөө же айрым өлкөлөргө асырап алууну таптакыр токтотуу менен эл аралык асыроо саясатына кийлигишкенин түшүндүрөт.

Бирок бул саясатка катышуу бала асырап алуу процессин жүргүзгөн жеке агенттиктердин мыйзамсыз иш-аракеттерин тийиштүү түрдө көзөмөлдөөгө жана башкарууга жайылган эмес.

Би-Би-Си Корея Кызматы эл аралык бала асыроодогу жаралган мурунку көйгөйлөр жана өкмөттүн жоопкерчилиги тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо министрлигини суроо узаткан.

"Биз эл аралык бала асырап алуу болуп өткөн тарыхый жана социалдык контекстти терең түшүнөбүз жана бул жаатта мамлекеттин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча аракеттерди улантабыз", – деди министирликтен.

Асыроо ишмердиги боюнча алдыңкы үч лидер өлкө тизмесинде

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна (OECD) мүчө өлкөлөрдүн арасында Түштүк Корея балдарды чет мамлекеттерге асыроого берүү ишмердиги жүргүзгөн жападан-жалгыз өлкө бойдон калууда. 2022-жылы Түштүк Корея чет мамлекеттерге балдарды асырандыга жөнөтүү боюнча алдыңкы үч лидер өлкө катарына кирген.

Изилдөөчү Питер Селман топтогон маалыматтарга ылайык, көптөгөн өлкөлөр Украинадагы жаңжалдан улам эл аралык асыроо ишмердигин токтотконуна карабастан, Түштүк Корея Колумбия жана Индиядан кийин эле үчүнчү орунда турат.

Үйүнүн короосунда ойноп жатып, дайынсыз жоголгон кызын 44-жылдан кийин тапкан Хан, былтыр өкмөттү сотко берип, кызы сыяктуу балдардын мыйзамсыз асыроо маселесин биринчи жолу коомчулукка көтөрүп чыккан.

"Кыңыр иштердин аркасынан үй-бүлөсүнөн ажырап, мындай үрөй учурган окуяларды башынан өткөргөндөргө кайгыларын тең бөлүшөбүз", – деди Саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо министрлигинен.

Мыйзамсыз асырандыга берилип кеткен балдар дагы деле чет мамлекеттерде жашап келүүдө, алардын көбү орто жашка келип калды.

Алардын бирөө, Даниядан ата-энесин издеп келген Хан Бун-ёнг, убагында "колунан жулдуруп" ийген ата-энелер дагы деле балдары менен жолугаша элек деген пикири менен бөлүштү.

"Коомчулукта кызуу талкуу болуп жаткан учурда, ошол ата-энелер керектүү иш-аракеттерди кылбаса, кийин кеч болуп, балдары менен такыр эле жолугушалбай калышы ыктымал", – деди ал. (KB)