Он эки жылдык билим берүүгө камылга кандай?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Окуучулар

Сүрөттүн булагы, Official

Кыргызстандын билим тармагы көп жылдан бери олуттуу реформага муктаж экени айтылып келет. Билим берүү министрлиги учурда бул боюнча масштабдуу өзгөрүүлөр башталып, чет өлкөлүк мыкты тажрыйбалар менен байытылган улуттук жаңы окуу системасынын модели түптөлүп жатканын айтууда. Өзгөрүүлөрдүн эң негизги бөлүгү 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү. Анын баштапкы этабы жаңы окуу жылынан тартып ишке ашканы турат.

Бирок коомчулукта бул маселеге байланыштуу кызуу талкуу жүрүп, түрдүү көз караштар айтылып келет. Айрымдар 12 жылдык система дүйнөлүк алдыңкы билим берүү моделдерине интеграция болууга шарт түзөрүн белгилешсе, мектептердин инфраструктурасы, окуу материалдары жана мугалимдер ага даяр эмес экенин айтып, күмөн санагандар дагы жок эмес.

12 жылдык билим берүү системасы киргизилет дегенден тартып коомчулукта, ата-энелер арасында, ал тургай мугалимдердин өзүндө да тынчсыздануу жаралды.

Эми балдарыбыз 12 жыл мектепте окуп, анысы аз келгенсип алты жашынан тарта окууга кирет экен деген ой айрымдарды түйшөлтүүдө.

Мугалимдер арасында да кандай программа менен, кантип окутатбыз деген суроолор болуп жатат.

Бишкектеги эң мыкты билим берүү жайларынын бири катары эсептелен №61 мектептин мугалими менен маектешкенибизде, ал мындай пикирин билдирди:

"Ал жөн гана айтылган сөз болуп жатат. Мектеп ага даяр эмес да. Мугалимдер дагы даяр эмес же курстардан окутушкан жок. Эмне кылабыз деп биз дагы сары санаа болуп жатабыз. Талап кылганды гана билишет. Экинчи жагы, бала толук 7 жашка чыкмайын мектеп программасын жакшы кабыл ала албайт. 6 жашта бала окууга даяр эмес.12 жылдык системаны колдонгон өлкөлөр алар башынан даяр болгон. Бизде эч кандай даярдык жок эле өтөбүз деп жатабыз",- деди аты атагысы келбеген мугалим.

"Кыйынчылыктарга дуушар болгону турабыз"

Окуучулар

Сүрөттүн булагы, Official

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Атын атагысы келбеген дагы бир мугалимдин пикиринде, Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдөн баш тартпашы керек. Ал бул өзгөрүү балдардын дүйнөлүк алдыңкы билим берүү системасына интеграцияланышына шарт түзөрүн белгилейт.

"Бул бара турган процесс. Себеби биздин балдар чет мамлекетке барганда кайра даярдоодон өтүп, бир-эки жылын жоготуп жатат. Бул өңүттөн алып караганда, 12 жылдык билим берүү системасы эң туура багыт. Акырындык менен өтүшүбүз керек. Мугалим катары дагы, мурдагы директор катары дагы бул системага өтүшүбүз керек деп эсептейм," – деди.

Бирок ал министрлик мындай кадамга өтүүдөн мурун кеминде үч жыл даярдык көрүшү керек болчу деп эсептейт.

"Ага чейин окуу предметтеринин мазмунун карап чыгуу, мугалимдерди даярдоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо керек эле. Мурда нөлүнчү классты бала бакчалардын же ар кандай окуу борборлорунун базасында окутуп келсек, учурда мектепке өткөрүлүп, кошумча жүк пайда болуп жатат. Балдарды мектептерге батыра алабызбы? Айрыкча Бишкек менен Оштогу мектептерде орун тартыш. Биз аларды батыра албайбыз. Эгерде мектеп куруу азыркыдай темп менен кете турган болсо, жок дегенде 2027-жылга чейин убакыт керек эле. Азыр көп кыйынчылыктарга дуушар болгону жатабыз. Бишкекте ар бир класста окуучунун саны кырктан кем эмес, элүүгө чейин жетип жатат," – деди ал.

"Министрликтин чечкиндүү кадамы"

"Наристе" программасын аяктап келген балдар үчүн кошумча 3 миңге жакын класс керек болот.

Сүрөттүн булагы, Official

Педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору Алмазбек Токтомамбетовдун айтымында, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү министрликтин чечкиндүү кадамдарынын бири.

"2025-окуу жылынан тартып 1-класска балдар 6 жаштан кабыл алынат. Бала бакчаларда "Наристе" программасын аяктаган же нөлүнчү классты бүтүргөн жети жаштагы балдар түз эле 2-класска көчөт. Ошол эле учурда 3-класстын окуучулары 5-класска, 6-класстын окуучулары 8-класска отурат. Бул балдар үчүн өзүнчө класс негизделип, алар жаңы программа менен окутулат. Ал эми былтыр 1-классты аяктаган окуучулар мурунку система боюнча 2-класска өтөт. Ошондой эле, 4-классты бүткөндөр 5-класска, 7-классты аяктаган окуучулар 8-класска которулуп, эски системада окуусун уланта берет. 7 жашка чыгып, бирок "Наристе" программасын окубай калгандар бар. Алар министрликтин планы боюнча быйыл саны такталып, жай мезгилинде "Наристе" программасы менен окутулат. 4-класс жана 7-класс болбой калат", – деди ал.

Токтомамбетовдун айтымында, "Наристе" программасын аяктап келген балдар үчүн кошумча 3 миңге жакын класс керек болот.

"Азыр жаңы мектептер салынып жатат, бирок бул жетишсиз болушу мүмкүн. Бул абдан чоң маселе. Ошондуктан, бала бакчалардын жана китепканалардын базасын колдонуу, бар болгон ресурстарды мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдалануу маселеси каралууда", – деди ал.

Токтомамбетов мугалимдерди окутуу маселесине да токтолуп, бул процесс үзгүлтүксүз жүрө турганын белгиледи.

"Мугалимдерди даярдоо боюнча конкреттүү план бар. Сентябрга чейин аларды окутуп чыгабыз. Андан соң, жаңы программа киргенде, биринчи каникул учурунда дагы окутуулар өткөрүлөт. Экинчи жана үчүнчү каникулда да кошумча окуутуулар уюштурулат. Жалпысынан жыл боюу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу иштери улантылат. Биздин оюбузча, мындай ыкма эң эффективдүү болот", – деди.

Ошондой эле ал билим берүүнүн мамлекттик стандарты иштелип чыгып талкууга коюлганын, учурда предметтик стандарттар, жаңы окуу китептер даярдалып жатканын кошумчалады.

"Жаңы өзгөрүүлөрдүн алкагында окутула турган материал турмуш менен тыгыз байланышта болот. Биринчиден, билим берүү процесси турмуштук жагдайларга негизделип, практикалык багытта жүргүзүлөт. Экинчиден, компетенттүүлүккө басым жасалат. Бул берилген билим окуучунун жашоосуна түздөн-түз таасир этип, аны турмуштук кырдаалдарга даярдоосу керек дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле жаңы стандартта баалуулуктар маселеси биринчи орунга чыгып, окуучулардын мүнөзүнө көбүрөөк көңүл бурулат. Мисалы, мектепти же ЖОЖду бүткөн көпчүлүк жаштар эмоцияларын туура башкара албайт, анткени биз буга чейин бул багытта атайын билим алган эмеспиз. Азыркы жаңы методикаларда баланын эмоционалдык абалы, анын маанилүүлүгү эске алынууда. Мурун баалуулуктарды калыптандырууга жетиштүү көңүл бурулбай келген, тарбия маселеси экинчи планга түшүп калган болчу. Жаңы стандартта бул кемчиликти жоюуга өзгөчө маани берилүүдө," – деп белгиледи ал.

Маалыматка ылайык, 12 жылдык моделди киргизүү бала кошумча дагы бир жыл окуйт дегендикке жатпайт. Окуучу мектепти азыр кайсыл жашта бүтүрүп жатса, ошол куракта аяктайт.

12 жылдык билим берүү моделинин киргизилиши менен окуучу мектепти аяктаганда жалпы аттестат менен кошо профилдик багытта сертификат алып чыгат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда мектеп жашына жеткен балдардын саны жыл сайын өсүүдө. Орточо эсеп менен жылына 150 миңдей бала 1-класска кабыл алынат. 12 жылдык билим берүү системасынын киргизилиши менен 2025-жылы бул көрсөткүч дагы 80 миң балага көбөйөрү болжолдонууда.

Учурда өлкө боюнча 2400гө жакын мектеп болсо, аларда 90 миңге чукул мугалим эмгектенет. Ал эми мектеп курагындагы окуучулардын жалпы саны 1,5 миллионго жетет.