Жаңы Жогорку Кеңеш ишин качан баштайт? Түшүндүрөбүз

Жогорку Кеңештин имараты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештин имараты

30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы эки жума аралыгында чыгат. Андан соң гана Жогорку Кеңештин VIII чыгарылышы биринчи жыйынга чогула алат. Парламенттин мындан аркы иш тартиби соңку Конституция жана "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамына ылайык жүрөт. Аларда эмне деп айтылат?

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыгын 14-декабрга чейин чыгарат. Баш мыйзамга ылайык, жаңы Жогорку Кенеш БШКнын соңку жыйынтыгы айтылгандан кийин, 15 күндүн ичинде биринчи жыйынга чогулат.

77-беренеге ылайык, жыйынды жашы уулу депутат ачат. Алдын ала жыйынтыктарга таянсак, аны 69 жаштагы №7 округдан талапкерлигин койгон Гулай Машрапова ачышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы жаңы курам биринчи жыйынын өткөргөндөн кийин күчүн жоготот. Жаңы депутаттардын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн башталат. Бул Конституцияда каралган жоболор болду.

Ал эми "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамына ылайык, адегенде жаңы депутаттар ичинен Даярдоо (Подготовительная) тобу түзүлөт. Бул топ алгачкы жыйынды уюштурат, топту жашы уулу депутат жетектейт.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева биринчи жыйында жаңы депутаттар биринчи кезекте карачу маселе бул - спикерди шайлоо дейт:

"Эң эле биринчи карачу маселер бул - төрага ким болот, анын орун басарлары ким болот, ошол аныкталат. Бирок ал аныкталардын алдында саясий блоктор түзүлөт. Алар депутаттык топтор болот"

Жаңы парламентттин биринчи жыйынын жашы уулу депутат ачып берген соң, мамлекеттик гимн ойнотулат. Андан кийин БШК төрагасы шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялайт. Тынчтыкбек Шайназаров мындан соң депутаттарга күбөлүк тапшырып, төш белгисин тагат. Жаңы депутат болгондор Башмыйзамдын текстине колун коюп, антын беришет.

Андан кийин депутаттар төраганы шайлоо боюнча Эсеп комиссиясынын курамын бекитип, спикерди шайлоо башталат. Ал жашыруун добуш берүү менен өтөт. Бул жолу парламентке өткөн депутаттар ичинен спикерликке кимиси жарайт? Ар кыл божомолдор айтылууда. Экс-спикер Курманкул Зулушев, учурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулу, Бакыт Сыдыков жана башкалардын ысымдары аталууда.

Талдоочу Кубан Чороев төрагалыкка ким көрсөтүлсө дагы, анын талапкерлиги үстүртөн кеңешилет деген ойдо:

"Саясий коньюктура, саясий реалдуулукка карасак, Президенттик администрация менен дагы бул маселелер кеңешилет го. Себеби, биз парламенттик эмес, президенттик өлкөбүз. Андыктан Президенттик администрациянын сунушу чечүүчү ролду ойнойт".

Төрага шайлангандан кийин, жаңы парламенттин түзүмү бекийт. Айталы, спикерди шайлоодо депутаттык топтор иш алып барып, алар талапкерин жылдырат. Төрагалыкка эки же андан көп талапкер көрсөтсө болот. Көпчүлүк добушка ээ болгон депутат жеңет да спикер болот. Эгер добуштар бирдей чыкса кайрадан шайлоо жүрмөкчү.

Шайлоо-2025: Күтүүсүз он жагдай

Би-Би-Си парламенттик шайлоодо талапкерлерге байланыштуу кызыктуу жана күтүлбөгөн он жагдайды аныктады.

  • Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаев №20 шайлоо округунан экинчи болуп жеңди. Иниси Кадыр Атамбаев камакта, атасы бозгунда жүрүп президент Садыр Жапаров менен кайым айтышып жаткан.
  • Белгилүү жаш саясатчы Орозайым Нарматованы үгүт маалында №10 округдан мандат алат деген пикирлер басымдуу болуп жаткан. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, бир жарым миңден ашык добуш топтогон Нарматова алгачкы үчтүккө кире алган жок.
  • Белгилүү ишкер, Эверестти багындырган Рыскүл Акимжанова №19 шайлоо округунун фавориттеринин бири аталып жаткан. Бирок ал үч мандаттын бирине да илинбей калчудай. Би-Би-Си шайлоо жыйынтыктары чыгып жаткан маалда анын жанында болуп, эмоцияларына күбө болду.
  • Ушул эле №19 шайлоо округунан мурда кийин коомчулук кеңири таанымал эмес Эдита Тайгараеванын жеңип чыгышы да көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Бирок ал өзү талапкерлигин койгон округда - Сокулукта акимиатта социалдык кызматкер катары иштептир. Элине кадыры өткөнү жүйөө келтирилип жатат.
  • Бул шайлоодо 1 миңдей гана добуш менен депутаттык мандат ала тургандар да болууда. Алалы, №22 шайлоо округунан 1200дөй гана добуш алган Гуля Кожомкулова гендердик квота менен мандатка илинип жатат.
  • Ал эми бул шайлоодо ким эң көп добуш топтоду? №11 округдан шайлоого аттанган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев добуштардын 60 пайызына ээ болду. Ага 24 миңден ашык шайлоочу добушун берген. Бирок округда беш гана талапкер ат салышканын, алардын үчөө депутат болгонун эскерте кетели.
  • Бул ирет аралыктан добуш берүү айрым талапкерлердин мандатка илинишине түрткү берди. 24-округда алгачкы жыйынтыктар менен мандаттан куру калганы айтылган Улукбек Карыбек уулу аралыктан алган добушунун эсебинен экинчиге чыгып, мандатка ээ болууда.
  • Аймакчы, блогерлер бул шайлоодо көп болду. Ишмердигин блогерликтен баштаган Эрулан Көкүлөв кайрадан парламентке шайланса, Болот Ибрагимов биринчи жолу Жогорку Кеңешке келе жатат. Блогерлердин ичинен ошол эле Илим Карыпбеков мурдагы жетекчилик - саясий тажрыйбасына карабай, жеңишке жетише албады.
  • Бул шайлоодо №12 округдан 25 жаштагы талапкер биринчи болуп марага келди. Чолпонбай уулу Бекмурза, прокуратура адиси, 14 миңден ашык добуш топтоду.
  • Эгер Чолпонбай уулу Бекмурза эң жаш депутат болсо, №7 округдан талапкерлигин койгон 69 жаштагы Гулай Машрапова эң улуу депутат болчудай.

Эски жүздөр: мурдагы депутаттардын көбү кайра шайланды

Парламентке ким келери дээрлик белгилүү болуп калды. Мурдагы 98 эл өкүлү, анын ичинде VII чакырылыштын 79 депутаты бул жолку саясий жарышка катышкан.

Алардын арасынан өзүн-өзү таратып жиберген соңку чакырылыштын 49 депутаты, төрагасы менен кайрадан келе турган болду.

  • Чыңгыз Ажибаев;
  • Камила Талиева 53 жашта;
  • Ырысбек Атажанов 50 жашта
  • Бурун Аманова 56 жашта ;
  • Равшанбек Рысбаев 49 жашта;
  • Советбек Рустамбек уулу 49 жашта;
  • Нилуфар Алимжанова 34 жашта;
  • Элдар Сулайманов 40 жашта;
  • Азамат Исираилов 36 жашта;
  • Бекмурза Эргешов 51 жашта;
  • Алишер Козуев 41 жашта
  • Илимбек Кубанычбеков 30 жашта;
  • Жанарбек Акаев 39 жашта;
  • Улан Примов 47 жашта;
  • Данияр Төлөнов 54 жашта;
  • Азамжан Жалилов 43 жашта;
  • Сүйүн Өмүрзаков 53 жашта;
  • Шаирбек Ташиев 49 жашта;
  • Алтынбек Кылычбаев 48 жашта;
  • Таалайбек Масабиров 1966-жылы туулган;
  • Бактыбек Сыдыков 55 жашта;
  • Айбек Алтынбеков 47 жашта;
  • Кундузбек Сулайманов 58 жашта;
  • Гүлшаркан Култаева 54 жашта;
  • Нурланбек Тургунбек уулу 48 жашта;
  • Азизбек Турсунбаев 59 жашта;
  • Айсаракан Абдибаева;
  • Дастанбек Жумабеков 49 жашта;
  • Нурланбек Азыгалиев 55 жашта;
  • Карим Ханжеза 43 жашта;
  • Медер Алиев 39 жашта;
  • Сеидбек Атамбаев 45 жашта;
  • Жаныбек Абиров 37 жашта;
  • Жылдыз Садырбаева 55 жашта;
  • Дастан Бекешев 42 жашта;
  • Гуля Кожокулова 60 жашта;
  • Элвира Сурабалдиева 47 жашта;
  • Марлен Маматалиев 44 жашта;
  • Жумабек Салымбеков 48 жашта;
  • Бахридин Шабазов 41 жашта;
  • Бакыт Тентишев 39 жашта;
  • Медербек Саккараев 54 жашта;
  • Жамиля Исаева 49 жашта;
  • Акылбек Түмөнбаев 53 жашта;
  • Гүлкан Молдобекова 61 жашта;
  • Табылды Муратбеков 30 жашта,
  • Эрулан Көкүлов 39 жашта;
  • Нурбек Сыдыгалиев 52 жашта;
  • Гүлсүнкан Жунушалиева 56 жашта;
  • Улан Бакасов 41 жашта;
  • Жылдыз Таалайбек кызы 31 жашта;
  • Чолпонбай уулу Бекмырза 25 жашта.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-декабрга карата берген маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурда өткөн Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо 1 584 446 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 пайызын түзөт. БШК билдиргендей, 2021-жылдагы көрсөткүчтөр менен салыштырганда добуш бергендердин саны 351 873 адамга көбөйгөн. Бул 28,6 пайыздык өсүш болуп эсептелет. Быйыл чет жакта 16 178 жаран добуш берген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 60,7 пайызга көп.