Эмнеге Орусия Израилдин чабуулунан кийин Иранды колдоп чыккан жок?

Путин

Сүрөттүн булагы, AFP

Ксения Гогитидзе, Би-Би-Си

Жакынкы Чыгыштагы жаңы жаңжал дүйнөдөгү эң туруксуз аймактын картасын кайра түзүшү мүмкүн. Анда Орусия салттуу түрдө таасирдүү оюнчулардын бири катары көрсөтүлчү. Башар Асад Сириядан качкандан бери жана Кремль үчүн маанилүү болгон Украинадагы согуштан улам, анын позициясы ансыз да алсырап калган эле. Эгер Израил менен Ирандын согушу Владимир Путин жарым жыл мурун эле "стратегиялык өнөктөш" деп атаган өлкөнүн туруксуздугу же өлкөнүн кулашы менен аяктаса, Орусиясын репутациясына дагы бир чоң сокку урулат.

Согуш качан аяктаары белгисиз, бирок АКШнын ага аралашуу коркунучу туулуп, жергиликтүү чыр-чатакты дүйнөдөгү эң күчтүү армиянын катышуусундагы эл аралык согушка айландырышы ыктымал. Орусия бийлиги азыркы тапта дипломатия менен гана чектелип, Каспий деңизиндеги союздашына жана кошунасына аскердик жардам көрсөтүүгө шашылбай эле, эмнеге?

Биринчиден, ал каалабаганы үчүн, экинчиден, колунан келбегени үчүн, дешет эксперттер.

Орусия аймактагы чыр-чатакка бир жолу гана түздөн-түз аралашкан – ал Сириядагы жаңжалда эле. Калган учурларда ал дайыма дипломатия жолун жана бейтараптуулукту карманып келген, азыр да ошондой таризде саясат жүргүзүшү мүмкүн.

Кремль дайыма ортомчу болууга көздөп, аймактагы бардык касташкан күчтөр Орусия менен сүйлөшүүгө даяр болгон жалгыз держава деп айтып келген. Бирок Орусия эл аралык аренада өзүн ишенимсиз өнөктөш катары көрсөтүүдө.

"Жарым жыл мурун орус бийлиги алсырап калган Башар Асаддын бийлигине кол сунбай койгон. Ошол сыяктуу эле, азыр ал "күчтөн тайып бараткан" Иранга кол кабыш кылуунун эч кандай кажетин көрбөй эле", – деп Вашингтон институтунун Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти Фабрис Баланш Би-Би-Сиге билдирди.

"Мындан тышкары, Орусия жаңы өзөктүк державанын пайда болушун каалабайт дагы", – деди ал.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Перс булуңунун монархиялары менен мамилесин бузууга жана Израил менен байланышын таптакыр үзүп салууга Кремль шашпай эле. Ал Иран режиминин кулашынын тобокелдиктерин баалап, жаңы бийлик менен кантип мамиле түзүүнү ойлонуп жаткандай.

Азырынча Путинге байкоочунун ролу эң ылайыктуу. Согуштан улам мунайдын баасы көтөрүлүүдө, бул Орусиянын негизги экспорттук товары. Ал эми өзөктүк реакторлор байланышкан жаңжал дүйнөлүк коомчулуктун жана журналисттердин көңүлүн орус армиясынын Украинадагы баскынчылык аракеттеринен бурууда, дейт Джеймс Мартин атындагы изилдөөлөр борборунун эксперти Ханна Нотте.

"Путин өзүн америкалыктарга жардамчы, дүйнөдөгү бардык маселелер боюнча ортомчу катары көрсөткүсү келет. Украинадан башка бардык нерсе жөнүндө сүйлөшкүсү келет", – деди ал Би-Би-Сиге.

Ал арада Трамп Путиндин сунуштарынан баш тартты.

"Ал ортомчу болууну сунуштады. Мен ага: "Өзүңдүн иштериңди биринчи ирээттеп алчы". Анан бул жөнүндө кабатырлансаң болот", – деди Трамп шаршемби күнү.

Орусия көп нерседен кур жалак калуу коркунучунда турат

Сүрөттүн булагы, EPA

Орусиянын таасир этүүчү рычагдары аз

Орусия көп нерседен кур жалак калуу коркунучунда турат: Ирандан айрылса олуттуу геосаясий утулуш болот, Жакынкы Чыгыштагы позициясы ого бетер начарлайт.

Бирок согуш уланууда, бул багытта ар кандай ыкмага салуу жана амалдоо жолу дагы деле сакталууда: Кремлдин ортомчулук сунушу кабыл алынса, Путин Украинадагы согушка карабай өзүн тынчтык орнотуучу катары көрсөтө алат.

"Эгер ага жараштыруу ролу берилсе, анда ал Орусиянын чыр-чатактарды чечүүдө кадыр-баркын улуу держава сыяктуу көтөрүп, Украинадан баардык көңүлдү буруп коет", – деди Би-Би-Сиге Вашингтон институтунун Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти Анна Борщевская.

Европа мамлекеттери агрессор өлкөнүн башчысын сүйлөшүү столуна чакырууну каалабай турганын билдиргенден кийин, мындай сценарий канчалык деңгээлде ишке ашаары азырынча белгисиз.

Ханна Ноттенин айтымында, Орусиянын азыркы жаңжалга таасир этүүгө дээрлик мүмкүнчүлүгү жок. Москва чыр-чатакты дипломатиялык жол менен чечүүгө чакыра берет, бирок анын кантип аяктаары Орусиядан көз каранды эмес.

"Орусия Иран менен Израилдин ортосундагы тирешүүнүн качан, кантип жана кандай шарттарда бүтөрүн аныктай турчу деңгээлде эмес", — дейт эксперт.

Картадагы "көзүрдүн баарын" азыр Дональд Трамп кармап турат. Израил АКШ президентинин Иранга каршы күрөшүүгө жардам беришин каалайт, ал эми Орусия ортомчулук кызматтарын сунуштоодо.

Москва Башар Асаддын бийлиги Сирияда кулатылып, союздашынан ажырагандан кийин Жакынкы Чыгыштагы позициясын ушундай жол менен калыбыны келтирүүнү үмүттөнүүдө.

Иран жалгыз калды

Ирандын жогорку бийлигинин кыйрашы Израилдин башкы максаты экенин айтууда

Сүрөттүн булагы, AFP

Ирандын жогорку бийлигинин кыйрашы Израилдин башкы максаты экенин айтууда. Буга чейин Ирандын аймакта жана дүйнөдө көп союздаштары жок эле, эми жападан-жалгыз калды.

Бир кездеги Ирандын кубаттуу "Каршылык көрсөтүү огу" долбоору Ливандын "Хезболласы" кыйрап, Сирияда Башар Асаддын бийлиги кулатылып жана палестиналык ХАМАС менен күрөштөн кийин алсырап калды. АКШ азырынча Израилдин Иранга каршы операциясына түздөн-түз аралашпай эле, бирок жаңжалды токтотуу үчүн дагы эч кандай кадамга баралек.

Ирандын негизги өнөктөштөрүнүн бири болгон Орусия биринчилерден болуп Израилди айыптап, деэскалацияга жол бербөө жана ок атышпоону токтотууга чакырган. Иран менен карым-катнашын сактап келген Түркия жана Кытай өлкөлөрү дагы ушундай таризде тынчтыкка чакырган.

Орус бийлигинин билдирүүлөрү "кургак сөздөрдөй" болуп, чыр-чатакка эч кандай таасир эткен жок.

"Орусия Иранга аскердик жардам көрсөткөн жок. Бирок муну эч ким күткөн эмес. Эки өлкө ушул жылдын январь айында ар тараптуу кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшкан. Бирок ал документте согуш учурунда аскердик жардам жөнүндө камтылган эмес. Былтыр Израил биринчи жолу Иранга чабуул жасагандан кийин өлкө бийлиги орустардын заманбап абадан коргонуу системаларына кызыкдар болгон, бирок Москва аларды бербей койгон", – деди Ханна Нотте.

"Панцирь С1" сымал жакынкы радиустагы натыйжалуу абадан коргонуу комплекстерин жана израил аскерлеринин аба соккуларынын мизин кайтарчу башка курал-жарактарды Орусия тарап Иранга чындап эле өткөрүп бералмак.

Мындан тышкары, Москва буга чейин Египетке сатуу максатында чогултган Су-35 согуштук учактарынын партиясын Иранга да саталмак. Тегеран аларды сатып алууга кызыкдар болгон.

"Бирок андай жасалган жок. Балким орус бийлиги кыла албады же каалабады", – дейт Нотте.

Эксперттердин айтымында, Орусия курал-жаракты азыр деле жеткирсе болмок, бирок кеч болуп калды – Израил Ирандын аба мейкиндигин толук көзөмөлдөп жатканын жакындале жарыялады.

18-июнда Путин чет элдик агенттиктердин жетекчилери менен жолугушууда Ирандын бийлиги Москвадан жардам сурабаганын билдирди. Путиндин айтымында, Орусия "ирандык досторуна абадан коргонуу системалары жаатында кызматташууну сунуштаган, бирок өнөктөштөр анчалык кызыкдар болгон жок".

Украинадагы согуш орус бийлигинин колун тушап койгон, Путин үчүн ал жак приоритет, деп Ноттенин оюу менен Фабрис Баланш дагы тең бөлүштү.

"Путин менен Трамп Украина тууралуу эмнени сүйлөшкөнүн билбейбиз. Балким, кандайдыр бир келишим болгондур – Орусия Украинада кандайдыр бир жеңилдиктерди алуу үчүн Иранда нейтралитетти сактайт. Путинди кызыктырган нерсе ушул", ­– деп эксперт божомолдоду.

Орус бийликтери азыркы согушта Израил жеңип жатканын түшүнүп, алсыз тарапты колдогусу келбейт, дейт Ханна Нотте.

"Ким күчтүү болсо, ошонуку туура" — деп орус пропагандист Маргарита Симонян жакындале X-баракчасына жазган.

"Бул Орусиядагы маанайды чагылдырат. Путин утулгандарга караганда жеңүүчүлөрдү көбүрөөк жактырат", – дейт Ханна Нотте.

Өнөктөш жана атаандаш өлкөлөр

Орусия өзүн Ирандын өнөктөшү катары айтып келгени менен, эки өлкөнүн бири-бирине болгон ишеними аз. Анын себеби жакынкы кылымдардагы эки өлкөнүн согушуна такалат.

Эки ири мамлекетти Батышка каршы риторика, алар менен тең салмактуулукту сактоо үчүн "Глобалдык түштүк" деп аталган өлкөлөрдүн блогун куруу аракети бириктирип келген. Бирок ортодо пикир келишпестиктер да көп болду.

Сирия багытында шериктеш болсо дагы ал жакта көйгөйлөр жаралган. Ирандыктар орустарды алардын объектилери тууралуу купуя маалыматты израилдиктер менен бөлүшүүдө деп эсептеген, кийин эле ошол жерлер бомбалоого учурган. Эки өлкө Түркиянын ролу боюнча көз караштары ар башкача болчу. Асад режими кулагандан кийин эки тарап тең бири-бирин күнөөлөгөнгө аракет кылышты.

Иран менен Орусиянын Сирияда эле эмес, Кавказ менен Борбор Азияда мейкиндигинде дагы тирешип, ар бири өз таасирин жайылтууга көздөп келет, деп белгилейт Фабрис Баланш. Орусия менен карым-катнашы акыркы жылдары солгундап бараткан Армения менен Иран тыгыз кызматташууда. Орто Азияда дагы Иран менен Орусия өз кызыкчылыктарын көздөп келишет.

"Иран менен Орусия ортосундагы тирешүү акыркы он жылда Сирияда багытында кызматташуусунан улам токтоп калган. Бирок азыр эки өлкөнүн Орто Азиядагы жана Кавказдагы атаандаштыгы жанданууда", – дейт Фабрис Баланш.

Тегеран менен Москванын ортосундагы аскердик кызматташтык Украинадагы согуштун башталышы менен кайра күч алган. Иран Орусияны Shahed 131/136 үлгүсүндөгү дрондор менен камсыздап турган.

Бирок соңку жылдары Орусия "Герань-2" аталыштагы дрондорду өндүрүп чыгып, мурдагыдай ирандык курал-жаракка көз каранды болбой калган.

"Ислам Республикасында Орусия тарапка ар дайым ишеним аз болчу. Бул аскердик тармакка да тиешелүү, анткени Москва "шахед" учкучсуз учактарынын ордуна Тегеранга аскердик курал-жарак, космостук техника жана акыры Тегеран үмүт кылган өзөктүк технологияларды убадалаган. Бирок анын бирин дагы аткарган жок. Ирандык ЖМКларда орус бийлиги кол койгон келишимдер алкагында дагы курал-жарактарын бербей жатканына нааразычылыктарды көп кездештирүүгө болот", – деди чыгыш таануучу Руслан Сулейманов.

Орусия өзүн ишенимсиз өнөктөш катары көрсөттү

Сириядагы таасирин жоготкондон кийин Орусиянын Жакынкы Чыгыштагы позициясы начарлады

Сүрөттүн булагы, AFP

Сириядагы таасирин жоготкондон кийин Орусиянын Жакынкы Чыгыштагы позициясы начарлады. Израиль максатына жетип, Иран режими куласа, орус бийлиги дагы бир союздашынан жана аймакка таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

"Орусиянын региондогу позициясы Башар Асаддын режими кулашы менен олуттуу түрдө бузулду. Орусия ишенимсиз коргоочу катары көрсөтүлүүдө", – дейт Фабрис Баланш.

Бирок, Ханна Ноттенин божомолунда, Орусия мурункудай эле иш-аракеттерин жүргүзгөнгө аракет кылат – жагымсыз кырдаалдан максималдуу түрдө пайда көрүүгө аракеттенет.

Сириялык өнөктөшүнөн ажырагандан кийин да орустар ирандыктардан айырмаланып Сириядан толук чыгалек. Иран боюнча дагы Москвада ушундай таризде иш жүргүзүүнү ойлонуп жаткандай.

Украинага басып кирип Батыш өлкөлөрү санкциялары ар тараптан "буугандан" бери орус бийлиги Перс булуңундагы мамлекеттер менен карым-катнашты жакшыртууну улантууда. (КВ)