Путин Украинадагы согуш кандай жагдайда токтой турганын айтты

Украина

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында Орусиянын президенти Владимир Путин басма сөз жыйынын өткөрүп, анда Вашингтондун Украинадагы согушту токтотуу планынын айланасындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу суроолорго жооп берди. Пландын баштапкы версиясы 28 пункттан туруп, Киевден өз аймактарына байланыштуу олуттуу баш ийүүнү жана Украинанын НАТОго кирүүдөн баш тартуусун караштырган.

Путин "келишимдин долбоорлору болбогонун", "акыр соңунда талкуулар сунушталган суроолордун топтому гана болгонун" билдирди. Анын айтымында, Орусия менен АКШ муну Анкориждеги саммиттин алдында эле талкуулашкан. "Мына ушундан кийин 28 пункттан турган ыктымалдуу келишимдердин тизмеси пайда богон", - деди Путин.

Ал арада батыштын медиа каражаттары Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча пландын мазмуну түзөтүлгөнүн кабарлашууда. Документ коомчулукка жарыялана элек, бирок көптөгөн басылмалар эми анда Киевдин кызыкчылыгы көбүрөөк эске алынганын, ал эми эң татаал маселелер АКШ менен Украинанын президенттеринин кароосуна калганын айтышууда.

Путин АКШнын планындагы жоболор "келечектеги келишимдер үчүн негиз болуп бере аларын" айтты. "Бирок мен азыр кандайдыр бир акыркы варианттар жөнүндө айта албайм, себеби алар жок", - деди Путин.

Путин "америкалык тарап Анкорижге чейин жана Аляскадан кийин талкууланган позициябызды кандайдыр бир деңгээлде эске алып жатканын" мойнуна алды. Бир нече медиа каражаттары жарыялаган документтин баштапкы версиясында Украина үчүн кабыл алынгыс бир нече жоболор камтылганын жана жалпысынан көбүрөөк Орусиянын талаптарына шайкеш келгенин жазышууда.

Пландын баштапкы вариантында ага бардык тараптар кол койгондон кийин согуштук аракеттер токтой турганы көрсөтүлгөн. Ал эми Путин согуштук аракеттер Украинанын куралдуу күчтөрү ээлеген позицияларын таштап кеткенде гана токторун айтты.

"Кеп эмне жөнүндө болуп жатканын кыска эле айтып койсом, баары түшүнүктүү болот. Биз азыркы күнгө чейин ар кайсы жактан согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сунуштарды алып жатабыз. Украина аскерлери азыр ээлеп турган аймактарынан чыгып кетсе, анда согуш да токтойт. Эгер кетишпесе, биз муну куралдуу жол менен камсыздайбыз. Маселе ушул эле".

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Донецк облусунун Москва оккупациялай элекбөлүгүнөн чыгып кетүүсү Вашингтондун планынын баштапкы редакциясында каралганталаптардын бири. Украина бул талапты кескин түрдө четке кагып келет. (ZMa)