Валентина Чупик: Мигранттарга жакын арада Орусиядан чыгып кеткиле деп кеңеш берет элем
Акчолпон Койчиева, Би-Би-Си Лондон

Сүрөттүн булагы, social
Орус президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Орусияда иштеген борбор азиялык мигранттар, анын ичинде кыргыздар да согушка айдалабы деген суроо турат. Би-Би-Си бул тууралуу Арменияда турган укук коргоочу Валентина Чупик менен маектешип, орус бийлигинин мобилизация жарыялаганы эмнеден кабар берет деп сурадык.
Би-Би-Си: Путиндин мобилизация жарыялаганы эмнеден кабар берет?
Валентина Чупик: Мен саясатчы эмесмин. Юрист катары айтсам, Орусия аскердик, ошону менен катар саясий, экономикалык тунгуюкка кептелди. Чоң акчага контракт негизинде армия топтоого каражаты жок, элди армияга өз ыктыяры менен кошулууга шыктандыра албай жатышат. Ошондуктан акча убада кылып мобилизация жарыялашты. Менин оюмча акча эмес, өлүм тууралуу сөз болуш керек.
Би-Би-Си: Эсиңизде болсо, Орусия Ураинага жаңы эле кол салганда көптөгөн Орусиялыктар Борбор Азияга агылып чыккан. Ал да мобилизацияга байланыштуу беле?
Валентина Чупик: Адегенде, согуш толук кандуу болот деген ой болуп, алар согуштун курмандыгы болгусу келген эмес. Мобилизациядан мурун, чоң согуш болот деп коркушкан. 10-мартта башталган эмиграция Орусияда финансы системасы иштебей калгандан улам болду. Көп киши күтүлбөгөн жерден жумушсуз, маянасыз калды. Андан кийин Фейсбук, Инстаграм блоктолгондо майда ишкерлер бизнесинен кур калды. Анан 9-майга карата мобилизация болот деген сөз тарап, абдан көп орусиялыктар ошондо чыгып кетишти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Борбор азиялыктарды кабатыр кылган негизги маселе - мигранттар да мобилизацияга тартылабы?
Валентина Чупик: Мобилизацияга тартылбайт, ал эми согушка мигранттар сөзсүз тартылат. Орус атуулдугун алган мигранттарды буга чейин атуулдукту алып салабыз деп коркутуп, согушка тартышкан. Эми деле депортация болосуңар деп коркутуп, же “кур-жалак үйүңдө каласың, же орус армиясына кошуласың” дешет. Иш жүзүндө бул өлүмгө барасың деген сөз. Мигранттар аскердик мекемелерге күчтөп ишке салынышы да мүмкүн. Бул иш жүзүндө кулчулук, анткени маянаны көтөрбөй мобилизациянын шартында ишке салышат. Мен ушундан корком. Андыктан мигранттарга жакын арада Орусиядан чыгып кеткиле деп кеңеш берет элем.
Би-Би-Си: Мындан баш тартуу үчүн мигранттардын кандай укуктары бар?
Валентина Чупик: Мигранттар эр жүрөктүк кылып андай келишимге кол койуудан баш тартып, согуштан көрө депортацияга макул болсо болот. Бул шартта депортациялап деле жибербесе керек. Бирок мигранттардын көбү өтө коркок. Алар психолигиялык кысымга каршы туралбайт деп ойлойм.
Би-Би-Си: Бул мобилизациядан кийин да орусиялыктар чыгып кетүүгө аракет кылабы?
Валентина Чупик: Билет саткан сайттарды карасаңар, чет өлкөгө кетчү каттамдарга билет жок калган. Ереван, Баку, Тблиси, Кутаиси, Стамбул, Анкара, Душанбе, Ташкентке билеттер жок! Демек бүт сатылып кеткен. Бишкекке билеттер эконом класска 119 миң рубльга сатылып жатат дешти.















