“Путиндин өзүн окопко”: Россияда мобилизацияга каршы акциялар өттү

Alexander Demianchuk/TASS

Сүрөттүн булагы, Alexander Demianchuk/TASS

Россияда жарым мобилизация жарыялангандан кийин оппозициялык жана согушка каршы кыймылдар каршылык акциясына чыгууга чакырышты. Бул Россия Украинага басып киргенден берки согушка каршы өткөрүлгөн биринчи чоң акция болуп калды. Каршылык акциялары Россиянын отуздан ашык шаарында болду. Кармалгандар саны миңден ашты.

Мурдагы жылдардагы каршылык акцияларына караганда бул жолу акцияларга анчалык көп адам келген жок. Полиция дагы абдан катаң иштеп жатат. "ОВД-Инфонун" маалыматына караганда түнкү саат 01:33 карата "38 шаарда кармалгандар 1403 адам болду".

Карта задержаний

Бийликтин опузасы

Акциялар башталганга чейин эле Москванын прокуратурасы уруксат берилбеген массалык каршылык жыйындарына катышкандар 15 жылга чейин түрмөгө камалып кетерин эскертти.

Москвадагы Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин студенттерине шаардын борборуна каршылык акциясына баргандар үчүн анын "кесепети чоң" болору айтылды.

Бир студенттин айтымында, бул жөнүндө психология институтунун директору Елена Кравцова катышкан лекцияда жарыя болду.

Андан сырткары, студсоветтин башчысы чаттарга билдирүү таркатып, баардыгын кечинде үйүндө болууга чакырган. Акцияларга барбаган студенттерге экзамен менен зачетто жеңилдик болот деген экен.

Ушундай коркутуп-үркүтүүлөр жөнүндө "ОВД-Инфого" Нижегородск айыл чарба академиясынын студенттери да кабарлашты. Жалпы жыйында мындай ээнбаштык үчүн окуудан чыгарып, кайра кабыл албай тургандай кылып айдап салышарын эскертишти.

t.me/velvetstreet

Сүрөттүн булагы, t.me/velvetstreet

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Томскиде плакат көтөрүп чыккандарды бат эле кармап кетишти

Ал эми Түмөндөгү ФСБ аскердик мобилизацияга каршы чыккандарга чакыруу биринчи барат деп убада кылды: кармалгандардын дароо категориясы такталып, биринчи кезекте кете тургандар тизмесине катташууда.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дагы четте калган жок. Ал мобилизацияга каршы митингге чыккандарды "эл душманы" деп атап, аларды кармап, "атайын операция" болуп жаткан жерге айдоо керек деп чыкты.

Москва менен Петербургдагы каршылык жыйындар

Москвада 19:00 гө пландалган согушка каршы акциялар баштала электе эле активист Владимир Салтевский мамлекеттик телекомпаниянын имаратынын жанына украин желегин кармап, жалгыз пикетке чыкты.

Андан кийин бир топ адам плакаты жок чогулду. Плакат көтөргөндөрдү дароо эле кармап кетишмек.

Sota

Сүрөттүн булагы, Sota

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Активист Владимир Салтевский өзүнчө жалгыз пикетке чыкты. Аны кармап кетишти.

Анын үстүнө акция адаттагыдай Тверь же Пушкин аянтында эмес, адамдар жөө басып сейилдеген Эски Арбатта болду. Келгендер "Путиндин өзүн окопко", ал эми полицияга "маскара!" деп кыйкырып жатышты.

Аларды кармоо бат эле башталды, эркектерди колу-буттан алып автозакка алып кетишти. Кээ бир адамдар кол кармашып көчөнүн башына өтүштү, башкалары Арбат менен "Согуш болбосун!", "Балдарыбызга өмүр"! деп ураан чакырып басып өтүштү.

"Автозак Live" телеграм-каналынын кабарына караганда, келгендердин бирөө кармоо учурунда эс-учунан танып жыгылды. Полицейлер аны кармап алып кетишти.

задержания на акциях протеста проходили жестко

Сүрөттүн булагы, Vyacheslav Prokofiev/TASS

Бир видеороликте чогулгандар бир адамды полицейлердин колунан талашып жатканын көрүүгө болот. Бул Россия үчүн сейрек көрүнүш. Анткени полицияга баш ийбегендиги үчүн кылмыш иш козголушу мүмкүн. Көчө акцияларына чыккан активисттердин ичинде полицияны колдон тартып же ага кагаз стакан ыргытып койгону үчүн эле бир нече жылга түрмөгө кесилип кеткендер бар.

Каршылык акциясы бир жарым саатка созулду, тогуз жарымда Арбат ээн калды. Ошол убакыт боюнча Москвада кармалгандар кеминде 394 адам деп ОВД-Инфо кабарлады.

Петербургда жүздөгөн адамдар Исаакиевск аянтына чогулду. Жүрүш ушул жерден башталып Александр-Невскиге чейин болмок, бирок полиция каршылык акциясына чогулгандарды дароо эле жарым саатттын ичинде кууп салды.

Собордун тосмолорунун жанына адамдар чогулуп, каршы турууга аракет көрүштү. Алардын көбү аялдар болду. Видеороликтерге караганда аларды дагы союл менен сабашты. "ОВД-Инфонун" кабарына караганда Питерде кечки саат тогуз жарымга кармалгандар 376 болду.

Konstantin Lenkov

Сүрөттүн булагы, Konstantin Lenkov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Исаакиевск соборунун жанына топтошуп тургандарды полиция союл менен сабады
X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

Башка региондор

Улан-Удэ шаарында ондогон адамдар каршылык акциясына чыкты. Би-Би-Си ачык булактардан топтогон маалыматка караганда июлда Бурятия Украинада курман болгондордун саны боюнча региондор арасында экинчи орунда болчу.

Томскиде 35 адамды кармашканын "Тайга инфо" кабарлады.

Новосибирскиде мобилизацияга каршы акцияга жүздөй адам чогулду. Алар плакат көтөрбөсө да, эч кандай ураан чакырышпаса да полиция аларды дароо кууп таркатты. 45 адам кармалганы айтылды. "Мен Путин жана силер үчүн өлгүм келбейт!" - деп кыйкырган бир жигитти дароо кармашты.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

Иркутскиде ОМОН 60 адам чогулган акцияны кууп, жыйырмасын кармап кетти.

Красноярскиде согушка каршы жарандар көчөгө жүрүшкө чыгышты, анын отузу кармалды.

Барнаулда болсо эч ким кармалган жок деп жергиликтүү активисттер айтышты. 60 адам шаардагы аянтка чыкты, полиция алардын паспорт маалыматтарын гана жазып алды.

Ушул сыяктуу аскердик мобилизацияга, согушка каршы акциялар жана кармап-камоолор Екатеринбург, Пермь, Уфа, Белгород, Самара жана башка шаарларда да болду.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 3
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 3