Россиядагы мобилизация: кыргыз мигранттары эмне болот?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Россиянын жаңы Кылмыш Кодексинде согушка катышуудан баш тарткан жарандарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Ал эми согуш талаасынан качкандарды он жылга дейре түрмөгө кессе болот.
Бул мыйзамдын кабыл алынышы Украинадагы согушка баруудан баш тарткандар көп болуп, орус армиясы таңкыстыкка кабылып жатат деген мезгилге туш келди.
Москвада мигранттар менен тыгыз иш алып барган юрист Гулиза Акматсияева орус мыйзамдарындагы жаңы өзгөрүүлөр кыргыз мигранттарына кандай таасирин бериши мүмкүндүгү тууралуу Би-Би-Сиге ой-пикир бөлүштү.
Би-Би-Си: Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялабадыбы, бул билдирүүнү Россиядагы кыргызстандыктар кандай кабылдашты?
Г.Акматсияева: “Жалпыбы же жарым-жартылайбы, кандай гана болбосун Россияда расмий түрдө мобилизация жарыяланды. Тилекке каршы, реалдуулук ушундай болуп калды. Өзү ушуга бара жатканын баамдап жатканбыз, бирок мынча тез болорун билген эмеспиз. Эми Россияда запаста делген адамдарды милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөөгө чакырууга жол ачылды. Аскердик даярдыктан өтө электерге дагы чакыруулар келе баштайт.
Бирок буга чейин деле биздин жарандарды акча менен азгырып, көмүскө чакыруулар жүрүп келди да. Эми ал ачык талап кылынат.
Москванын мэри Собянин “Сахарово” деген мигранттар борборунда атайын бирдиктүү терезе ачылып, ал жерде орус жарандыгын алгысы келгендерди тейлөө жүрөт деди. Аскерде кызмат өтөгөндөргө жарандык оңой берилгени жатат. Ушундай болору сөз болуп жаткан, бирок бул мынчалык масштабга чыгаары болжонгон эмес эле.
Бул жаңылыктардын мигранттарга таасири, биринчи эле, жумушта байкалат го. Мобилизация деп жарыяланса, демек эмгек акылары да кармалып, ал армияга жумшалат дештери да мүмкүн. Көптөгөн ишканалар жабылып, жумуш орундары да кыскарышы божомолдонуп жатат. Эми кийинкиси кандай болот, эч ким деле айта албайт го.
Бирок мигранттарды “жарандык ал, ал үчүн аскерге бар” деп эч ким мажбурлабайт. Антсе да жарандык алам деп, өз ыктыяры менен баргандар көп эле болот болуш керек деп ойлойм. Мына, согуш башталганы деле мага келип орус жарандыгын кантип алам деп кайрылгандардын аягы сууй элек. Мага дээрлик күн сайын эле ушундай суроо менен кайрылгандар болот.

Сүрөттүн булагы, facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Согушка катышууга кайыл болуп алгыдай орус жарандыгынын кандай артыкчылыктары бар?
Г.Акматсияева: Мигранттар орус жарандыгын алсак, балдарыбызды бала-бакча, мектепке оңой орноштурсак болот деп ойлошот. Айрымдар, болуп-болбой эле Россиянын келечеги бар деген ишенимде. Аялдар төрөгөндө энелик капитал алам деп, медициналык жардамды жеңилдетилген шартта алам деп ойлошот. Жарандык алам деп акчасын алдаткан кыргызстандыктар бар.
“Сахарово” деген мигранттар борборуна барсаңар, жарандык алам дегендердин узун кезегин көрөсүңөр. “Ал документиң туура эмес, бул жери туура эмес” деп ары бери футбол тобундай "тепкилесе" деле, кайра ошол жерлерин оңдоп алып чуркагандарды көрөсүң. Бизнес ачып бул жерде, эми бул жердин жарандыгын айлып коеюн дешет же медициналык кызмат көрсөтүү жеңил болот деп ишенип келишет.
Бирок ошол эле убакта, орус жарандыгын аларын алып алып, бирок көйгөйү менен кайрылгандар да көп. Мисалы, кредит, ипотека алып, анысын төлөй алышпай же Кыргызстанга кетип кала алышпай ортодо чайналгандар көп.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Убагында кош жарандуулук деп орус жарандыгын алган кыргызстандыктар көп болду эле. Алар эми кандай көйгөйгө тушугат?
Г.Акматсияева: Атайын операция жүрүп жаткан аймакка чакырылышат. Себеби, алар мигрант эмес, де-юро орус жарандары да. “Мен этникалык кыргызмын, баруудан баш тартамын” деп айтышы да мүмкүн эле, бирок эми азыр мобилизация жарыяланып калбадыбы. Эми алар качып Кыргызстанга кете турган болсо, кылмыш иши козголот. Россиянын Кылмыш кодекси жаңыланып, бул үчүн жаза катаалданды. Аскерге барбай койгондор “саткынчы”, “качкын” атка конуп, оор беренелер менен камалат. Мына азыр деле Россиядан мигранттар кетип жатышат, билет калбай калды деп уктум. Балким,чын эле ошондой болуп жаткандыр.
Бирок эми азыр жөн эле басып кеткенге болбой калды. Орус жарандыгы болсо, анан ошентип чыгып кетсе кылмыш жоопкерчилиги болот. “Чыккынчы” деп орус бийлигинин колу бул жакка чейин жетиши мүмкүн. Себеби, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда тийиштүү келишимдер бар, демек аларды кайра Россияга алдырып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Алар качып кайда кете алат?
Негизи кош жарандуулук деген болгон эмес, мыйзам менен ага уруксат берилген эмес. Бирок ошол эле убакта мыйзам чегинде тыюу салынган да эмес. Демек, кыргыз президентинин атына жарандыктан баш тартам деп жазбаса эле, алар кыргыз жарандыгын кайра калыбына келтире алышат.
Бирок алар орус паспортунан баш тартам деп арыз жазышы керек. Аны орус тарап четке кагып, кабыл албай коё албайт. Бирок ага кыргыз жарандары өздөрү барбайт.
Өткөндө орус бийлиги каттоо маселесинде мигранттарды бир аз кысымга алып койду эле, эмне гана болуп кетти. Президент Садыр Жапаров сүйлөшсүн, бул жакта мигранттар көп деп ызы-чуу кылышты го. Миграция деген бул тандоо, ар ким өз тандоосун жасайт деп ойлойм.












