Россиядагы мигранттар: “көчөдө абайлап жүрүп калдык”
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, TASS
Пандемиядан кийин келип чыккан каатчылык жана жумуш орундарынын кыскарышы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү мигранттардын Россияга көп санда агылуусуна алып келди.
Ал арада орус бийлиги мигранттарга эрежелерди катаалдантып, 3-сентябрдан тарта рейддер күч алды.
Би-Би-Си Россияда иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктарга кайрылып, алардын ал-акыбалы менен таанышты.
Өмүркан Исмаилова, төрт жылдан бери миграцияда жүрөт:

Сүрөттүн булагы, Social media
“13-августта орус бийлиги ички мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, мигранттарга катаал эрежени чыгарышты. Эмгек келишиминин негизинде мигранттар жашаган жерине каттоого турушу керек болуп калды. Азыр бизди эң кыйнап жаткан башкы көйгөй - регистрация маселеси болуп жатат. Мигранттар расмий түрдө ишке орношкондо деле көпчүлүк орус ишканалары эмгек келишимин бербейт. Алар өздөрү мыйзамына шайкеш иш алып барбай жатат.
Эмгек келишимиң колунда жок болсо, кантип жашаган жериңе каттоого турасың?
Ошол документти эптеп колго алган күндө деле жашап жаткан квартиранын ээси каттоого койбой атпайбы?! Алар дагы салык төлөгөндөн качышат. Анан бизди полиция кармайт да, штрафты бизге салат. Ар бир рейд учурунда кармалган сайын 5 миң рубльдан төлөп жатабыз. Ошентип эки жолу штраф чыккандан кийин депортацияга жөнөтүшөт. Бул мигранттарды ачык куугунтуктоого жатат”.
Назира Дүйшөбаева, 10 жылдан бери эмгек мигранты:

Сүрөттүн булагы, Social media
“Бизге 3-9-сентябрь күндөрү катуу рейд болот экен деген кабар тараган. Себеби көпчүлүк мигранттар квартираларда каттоосу жок болгону үчүн участковый менен байланышта болушат. Алар айтышыптыр, “9-сентябрга чейин эшигиңерди эч кимге ачпай, абайлап кирип-чыгып тургула” деп. Дагы бир маселе, эптеп сүйлөшүп бирөөнүн үйүнө каттоого турсаң деле, ал жакка катталган адамдар көп болуп, кайра эле базадан чыгарып коюп жатышат.
Эки күндөн бери метродо дагы текшерүүлөр көп болуп жатканын байкадым.
Чек арадан өтүп кирди-чыкты болуу тууралуу баягы талап дале күчүндө. Россиядан чыгып кетип, кайра келсе базада фамилиясы жок, ара жолдо, ээн таладаа калып калгандарды угуп атабыз. Москвада азыр көчөгө чыкканда абайлап калдык. Мындан ары кыйын болот го, бул өткөн эки күндө эле байкалды. Ушуну биздин бийлик эртерээк чечип берсе болот эле. Кыйын эле болду”.
Толкунбай Акматов, Россияга 30 жылдай мурун көчүп келген, учурда жеке ишкер:

Сүрөттүн булагы, Social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Буга чейин каттоо боюнча өзгөртүүлөр болору айтылган, мигранттар чырылдап “элчи чуркасын, мамлекет көңүл бурсун” деп аттык. Бирок ал тараптан эч кыймыл болгон жок. “Туура эмес маалымат, чек арадан чыгып келбесеңер деле болот” деген ар турдүү сөздөрдү айтып атышты. Бирок эми 3-сентябрдан тарта бардык мигранттарды кубалап, тутуп, поезд, самолетко салып дүңүнөн жөнөтүп атпай эле турушат. Акырындап текшере берет, мыйзамга туура эмес келбегенин акырын кубалай берет окшойт.
Мигранттардын көбүнүн эле документи жасалма,андыктан алар депортацияга туш болот деген эле сөз бул.
Медициналык текшерүү күчөдү деп айта албайм, былтыр 29-декабрда эле бул тууралуу айтылган. Орус өкмөтү айткандай, медициналык кароодон өтүш үчүн орточо 6 миң рубльдай кетет экен. Аны ар жылы тапшыруу зарыл. Сахароводогу мед борборго чейинки таксиге жол, ал күнү жумуштан калгандагы чыгымын айтпай эле коеюн. Мен эсептеп көрдүм, бир күндө эле андан 50-60 миллион сом рубль түшөт экен ошонун шылтоосу менен орустардын бюджетине. Бул дагы мигранттардын акчасын сааштын эле бир жолу деп ойлойм”.
Августта Россияда 14 кыргыз жараны Ульяновсктогу жол кырсыгында каза таап, алар миграциялык эрежелерге шайкеш чек ара кесип өтүү үчүн баратканы белгилүү болгон. Бул окуя коомдо катуу талаш-талкууларды жаратып, кыргыз элчилиги жакшы иштебей жаткандыгы да сындалган.
Москвадагы кыргыз элчилиги Би-Би-Сиге түшүндүргөндөй ар бир эле мигрант кирүү-чыгуу эрежесин аткаруусу кажет эмес.
“Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында жана Россия Федерациясында жүрүүгө мыйзамдуу негиздери бар Кыргыз Республикасынын жарандары, башкача айтканда расмий эмгек же жарандык-укуктук келишими барларга чыгуу-кирүү жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылчылгы жок”,- деди элчиликтин басма сөз кызматкери Назгүл Отунчиева.
Элчилик миграциялык каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү маселеси орус тарап менен үзгүлтүксүз талкууланып келе жатканын да белгилей кетти. Бирок мигранттар элчилик тарабынан жаңы эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштери чабал болуп жатканынан да нааразы болууда.

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR GERDO/TASS
Коронавируска байланыштуу Путиндин жарлыгы менен 2020-жылы мигранттардын каттоо тартибине убактылуу жеңилдик берилген эле. Анын мөөнөтү ЕАЭБ уюмуна кирген Беларус менен Казакстандын жарандары үчүн 23-августта, ал эми Армения менен Кыргызстандын жарандарына 3-сентябрда чыкты.
Буга чейин айрым ММКлар кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн Москвадагы кыргыз элчиси орус өкмөтүнө нота жолдогонун жазып чыгышкан. Кыргызстандын ТИМинин Консулдук департаменти ал маалыматты тастыктаган жок.
Бирок мигранттар маселесинде жакында Москвада өкмөт аралык жолугушуу уюштурулуп жатканы белгилүү болду.
“Буга чейин элчилик тарабынан бир топ документтер орус өкмөтүнө жолдонгон. Бүгүн-эртең Москвага Кыргызстандан министрлер жана компетенттүү органдардын өкүлдөрү барып миграциялык каттоого туруунун тартиптерин жеңил жолдорун издөө боюнча Россияга сунуш киргизет”,- деди Би-Би-Сиге Консулдук департаментинин биринчи катчысы Гүлбарчын Байымбетова.
Жогорку Кеңеште дагы бул маселе көтөрүлүп, депутат Исхак Масалиев ГосДумага атайын кайрылууну демилгеледи. Эл өкүлү өкмөт аралык жолугушууга чейин эле парламент аралык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү сунуштап жатат:
"Биз жолукканда талкуулай турган көп маселе бар. Аны биз жумуш тартиби боюнча кийин айтабыз. Бирок азыр биз ыңгайына карап, Мамлекеттик Думага кайрылуу жасап көрбөйлүбү. Ал жанагы миграциялык мыйзамын кайра карап чыгып, биздин мигранттарга бир аз болсо дагы жеңилдик берсин. Мына ушундай мазмундагы жалпы кайрылууну тездетүү керек".
Кыргызстан ЕАЭБге кирерде жумушчу күчүнүн эркин жүрүү шарттары боюнча макулдашылган эле. Андыктан кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдө ЕАЭБдин алкагында коюлган андагы шарттарды жүйөө катары көтөрөрү күтүлүп жатат.
Россиялык маалымат каражаттарына жарыяланган кабарларга караганда, быйылкы жылдын экинчи кварталында Росисияга сырттан агылган мигранттардын саны 3 миллиондон ашты. Мынчалык көп санда мигранттар Россияны соңку жолу 2017-жылы каптаган эле.
Бирок быйылкы эсепке Украинадан жер которуп келгендердин кошулуп же кошулбаганы так белгисиз. Украинада согуш башталгандан тарта миңдеген украиналыкты мажбурлап, Россияга жер котортушканы дагы айтылып келет. Миграциядагы кыргызстандыктар ал жакта эрежелер катаалдаша баштаганын айтып, коңгуроо кагууда.












