Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялады

Сүрөттүн булагы, KREMLIN.RU
Россиянын президенти Владимир Путин телекайрылуу менен чыгып сүйлөп, Россияда жарым мобилизация жарыялады. Ал жарлыкка кол койгонун билдирди. Мобилизация жөнүндө чечим шаршембиден баштап иштей баштайт.
"Аскердик кызматка азыркы убакта запаста турган жарандар гана чакырылат, биринчи кезекте куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөндөр, айрым бир аскердик адистиги жана тийиштүү тажрыйбасы барлар. Аскердик кызматка чакырылгандар аскер бөлүктөрүнө жөнөп кетердин алдында милдеттүү түрдө атайын аскердик операциянын тажрыйбасын эске алуу менен кошумча аскердик даярдыктан өтөт",-деди Путин.
Бир эле учурда Мамдума Кылмыш Кодексине толуктоолорду кабыл алып, "мобилизация", "аскердик абал", " аскердик учур" деген түшүнүктөрдү киргизди. Ошондой эле ыктыярдуу түрдө туткунга түшүү, армиядан качуу жана дезертирлик үчүн жазалоо чараларын киргизди. Кылмыш жоопкерчилиги мамлекеттик коргонуу заказдарын аткаруу тармагында да киргизилди.
Мамлекеттик телекөрсөтүү Путиндин кайрылуусунан кийин коргоо министри Сергей Шойгунун интервьюсун берди. Шойгу өз кезегинде Россиянын "мобилизациялык резерви эбегейсиз" деп билдирди. Запаста турган 300 миң адамды аскерге чакыруу пландаштырылууда.
Мигранттар да согушка барабы?
Ошондой эле Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында бир жылдан кем эмес кызмат өтөгөн чет элдик жарандарга орус жарандыгы автоматтуу түрдө берүү да каралды.
Маанилүүсү, бул мыйзамдар Россияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарына жана орус жарандыгын алууга жетишкен кыргызстандыктар үчүн машакат жаратары айтылууда.
Себеби, аларды Украинадагы согушка тартууга мыйзамдык жол ачылууда.
Толкунбай Акматов мындан отуз жыл мурун Россияга чыгып кеткен алгачкы кыргызстандыктардын бири. Ал бул жыл аралыгында орус жарандыгын алганга да жетишкен. Россиядагы жогорудагы жаңы мыйзам тууралуу ал кандай ойдо?
"Россиянын жарандыгын алып, аскерге бара турган жашта болсо барууга мажбур. Болбосо, мыйзам чегинде жооп берет да. Бирок мен аскер жашынан өтүп калгам", - дейт Акматов.- "Негизи биз азыр Кыргызстанда ызылдап атабызго, башка улуттун балдары эмне барбайт аскерге деп, ошондой эле нерсе бул жерде да болуп атат. Кайсы өлкөнүн жараны болсоң, ошонун мыйзамына баш ийүү керек деп ойлойм. Ал эми башка өлкөгө кол салып, ошо жакка барасыңар десе, ал туура эмес".

Сүрөттүн булагы, official
Россиянын жаңы Кылмыш Кодексинде согушка катышуудан баш тарткан жарандарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Ал эми согуш талаасынан качкандарды он жылга дейре түрмөгө кессе болот.
Бул мыйзамдын кабыл алынышы Украинадагы согушка баруудан баш тарткандар көп болуп, орус армиясы таңкыстыкка кабылып жатат деген талаш-талкууга туш келди.
Ал арада Москванын мэри Сергей Собянин Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн мигранттарды жалдоосү үчүн болушунча шарт түзүп берерин билдирди.
Мисалы, "Сахарово" миграциялык борбордо мигранттарды аскердик кызматка кабыл алуу үчүн атайын инфраструктура уюштурулат.
Зулпидин Нурматов узак убакыттан бери Россияда жашайт. Буга чейин материалдык азыгырыктар болсо да, мекенчилдик сезимден улам орус жарандыгын албай койгонуна сүйүнүп отурат:
"Мен 17 жылдан бери көгөрүп кыйналсамда РФ жарандыгын албай жүрөм. Алып койсом төрт уулума айына 40 миң рублдан пособие алат элем. Ошентсе дабир күн мекенге кетем деп албай жүрөм. Жарандык алгандарды эми жашы жетсе чакырат да. Айла жок барышат".
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын этегине карата расмий эсептөөсү боюнча Россияда бир миллион кыргыз жараны иш алып барат. (КС, ЕК)








