Украинанын контрчабуулу Путинди канчалык кыжаалат кылды?

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Стив Розенберг
- Role, Би-Би-Си, Москва
Россиянын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн башкы маалымат программасынын Кремлдин ийгиликтерин жар салышы адаттагы көрүнүш. Бирок жекшембидеги программа башкача болду.
"Атайын операциянын алдыңкы сабында (Украина) бул эң оор апта болду",-деп кабагын түйүп сөз баштады алып баруучу Дмитрий Киселев.
"Өзгөчө Харьков фронтунда оор болду, душмандын үстөмдүк кылган күчтөрү аскерлер мурда бошотуп алган шаарларды таштап кетүүгө мажбур болду".
"Бошотулган" деген сөздөрдү "басып алынган" деп окуш керек. Москва бул райондорду бир нече ай мурун басып алган, бирок украин армиясынын чагылгандай контрчабуулунан кийин орус аскерлери Украинанын түндүк-чыгышында бир топ аймактан кол жууду.
Ошого карабастан, орустардын мамлекеттик ЖМКлары солк этип коюшкан жок. Харьковдо болгон окуяларды расмий түрдө "чегинүү" деп аташууда.
"Россиянын Коргоо министрлиги орус аскерлери Балаклеи, Купянск жана Изюмдан артын карабай качты деген ушак-айыңдарды төгүндөдү",-деп айтылат өкмөттүк "Российская газетанын" акыркы санында. "Алар качкан жок. Бул алдын ала пландалган күчтөрдү которуштуруу болчу".
«Московский комсомолец» гезитинин аскердик баяндамачысы башка көз карашты айтты: "Душманды биз жакшы билбей турганыбыз эми түшүнүктүү болду, [Россиянын күчтөрү] согушуп жатканына көп болду, анан … жоготуулар болуп, биздин аскерлер курчоодо калбаш үчүн аларды чыгарып кетишти».
Бул "жеңилүү" социалдык тармакта россиялык патриот блоггерлердин кыжырын кайнатты, алар өздөрүнүн башчыларын аскердик көп ката кетирди деп айыпташты.
Чеченстандын күпүлдөгөн лидери Рамзан Кадыров да четте калган жок.
"Эгер бүгүн-эртең стратегияда эч кандай өзгөрүү болбосо",-деп эскертти Кадыров. - мен Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана өлкөнүн жетекчилиги менен өзүм сүйлөшүүгө аргасыз болом, жер-жерлердеги чыныгы кырдаалды түшүндүрөм. Абдан кызык кырдаал. Бул таң калыштуу".
Путин Украинага толук масштабдуу басып кирүүгө буйрук бергенден бери алты ай өттү. Россиянын саясатчылары, комментаторлору жана аналитиктери телекөрсөтүүдөн Кремлдин "атайын аскердик операция" деп атаган жортуулун бир нече күндө эле бүтөт, украин эл орус аскерин куткаруучулар катары тосуп алат, Украинанын өкмөтү кулайт деп сайрап жатканы менин эсимде.
Андай болгон жок. Анын ордуна жарым жылдан бери орус армиясы позицияларын колдон чыгарууда.
Эми кабыргасынан коюлган чоң суроо: Владимир Путинге мунун саясий кесепети тиеби?
Өлкөнү жыйырма жылдан ашык башкаруу убагында Путин орус элитасында жеңүүчүнүн кадыр-баркын кармап келатат. Эң оор кырдаалдан жол таап чыгып жүрдү, кыскасы жеңилбес атка конду.
Бирок бул образ 24-февралда өзгөрдү.
Акыркы алты ай президент Путиндин Украинага басып кирүү чечими олуттуу жаңылыштык болгонун көрсөтүүдө. Ыкчам жеңишке жете албай, Россия кандуу узак чабуулга чайналып, бир катар жеңилүүгө дуушар болду.
Авторитардык лидердин жеңилбес аурасы кеткенден кийин, бул биз жогоруда келтирген лидердин өзүнө көйгөй жаратышы ыктымал. Владимир Путин Россиянын тарыхын жакшы билет. Согуш баштап бирок жеңилген өткөндөгү орус лидерлер үчүн мунун аягы жаман бүткөн.1905-жылы Россия Жапониядан жеңилгенде ал биринчи орус революциясын алып келди. Дүйнөлүк биринчи согуштагы аскердик каталыктардан 1917-жылдагы революция дүрт этти, падышалык бийликтин күнү бүттү.
Бирок Путиндин жеңилип четке чыга бере турган түрү көрүнбөйт.
Дүйшөмбүдө анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков "атайын аскердик операция улантылууда жана мурда коюлган милдеттер баары аткарылмайынча улантыла берет" деп айтты. Бул бизди башка маанилүү суроого такады: Путин эми эмне кылат?
Ырас, Путин эмне ойлоп, эмне пландаштырып жатканын билген бирөөнү бул жерден табыш кыйын. Маселе көп жагынан анын өзүнүн аскердик жана чалгын кызматынан алып жаткан маалыматка байланыштуу.
Бирок биз эки нерсени так билебиз: орус президенти катасын мойнуна алган учур сейрек. Ошондой эле ал баштаган оюнан кайткан учур да сейрек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Азыркы убакта мамлекеттик ЖМКлар берип жаткан маалыматтарга караганда, биз согуш талаасындагы мүчүлүштүктөр үчүн Украинанын батыштагы колдоосу күнөөлүү экенин көрүп жатабыз.
"Киев НАТОнун колдоосу менен контрчабуулга өттү",-деп билдирди мамлекеттик телекөрсөтүү.
Көптөн бери арткы планда калып келаткан дагы бир ыңгайсыз суроо бар: Эгер кадимки куралдар менен жеңишке жете албаса, президент Путин өзөктүк куралын алып чыгабы?
Бир нече күн мурда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный эскертти: Россиянын куралдуу күчтөрү айрым бир кырдаалда тактикалык өзөктүк куралды колдонуп кое турган тикелей коркунучу бар".
Азырынча Кремлдин кымгуут түшкөнү көрүнбөйт. Россиянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү бир топ эле көтөрүңкү маанайда сүйлөп жатат.
Украинанын энергетикалык инфраструктурасына Россиянын ракеталык соккулары "атайын операциянын бурулуш учуру" катары сыпатталууда.
Ал эми Кремлдин лидерине келсек, өткөн ишембиде Россия өзүнүн позицияларын жоготуп баштады деген кабарлар Украинадан келе баштаганда, Москвада Путин Европадагы эң чоң "көрмө арабаны" ачты. Россиянын президенти Москвадагы Чоң көрмө араба сыяктуу эле атайын операциянын аягы ал үчүн жакшы бүтөт деген ойдо болуп жаткансыйт. (КС)








