Октябрь окуяларына бир жыл

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Октябрь окуяларына бир жыл толду

Сүрөттүн булагы, ABYLAI SARALAYEV\TASS VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Октябрь окуяларына бир жыл толду

Кыргызстанда былтыр орун алган октябрь окуялары боюнча ИИМ жана УКМКга ондогон саясатчылар суракка чакырылып жатат.

Алардын ичинен ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жана оппозициялык “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго “бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо” айыбы тагылды.

“Туран” партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро: "октябрь окуялары боюнча Жеңиш Молдокматовго бийликти басып алуу айыбы коюлуп жатcа, анда Садыр Жапаровдун, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бийлик бутактарын жетектеп турганга укугу барбы" - деген суроо салууда.

“Жок да. Анда биз Сооронбай Шариповичти кайта бийликке алып келишибиз керек. Кайрадан шайлоо өткөрүп, кассетаны артка түрдүрүш керек болуп калат”, - дейт “Туран” партиясынын мүчөсү.

Кыргызстанда былтыркы парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп, 12 саясий партия анын жыйынтыгын тааныбай, нааразылык акциясына чыгышкан. Бул митингге катышкандардын саны көбөйүп, 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланган.

Натыйжада соңку бир жыл ичинде бийлик алмашып, Конституциялык реформанын негизинде өлкө парламенттик башкаруудан президенттикке өтүп, жаңы мамлекет башчы шайланды.

Октябрь окуяларына бир жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда 2005 жана 2010-жылдары болгон толкундоолор революция катары таанылган. Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев былтыркы парламенттик шайлоодон кийинки окуялар мурунку толкундоолордон айырмаланып турганын белгилейт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Былтыркы октябрдагы окуялардын айырмасы – биз болгону мыйзам жолуна батырак түшүп кеттик. Кандай болгон күндө да мыйзамдуулукка аракет болду. Эч кандай убактылуу өкмөт деген болгон жок. Жогорку Кеңеш жаманбы-жакшыбы, туурабы-туура эмеспи, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатат. Парламент премьер-министрди шайлады, анан президенттик шайлоо өткөрдүк. Мыйзамдуулук чегинде барып мыйзам талаасына өттүк”, - деген пикирин ортого салды мамлекеттик катчы.

Ал арада, былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында Кыргызстанда быйыл жазында 100гө жакын саясатчы, активист, ал тургай парламент депутаттарынын телефондору ИИМ тарабынан тыңшоого алынганы ачыкка чыкты.

Бул маселе парламент жыйынында көтөрүлүп, депутаттар ИИМге октябрь окуяларын калыс тергөө үчүн президент Садыр Жапаровду, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди дагы суракка чакыруу сунушун беришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев октябрь окуяларын тергөө кандай фактылардын негизинде жүрүп жатканы тууралуу суроосун жолдоду. Анын пикиринде, эгерде кылмыш иштери “бийликти басып алуу” деген берененин негизинде болсо, анда президент мыйзамсыз болуп калат.

Дастан Бекешев, Жогорку Кеңеш депутаты

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты

ИИМ октябрь окуялары Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестринде “массалык башаламандык” деп катталганын, тергөө иши ошонун негизинде жүрүп жатканын жооп кылды.

Өлкөдөгү айрым саясатчылар октябрь окуяларында өлкөдөгү саясий процесстер конституциялык нуктан чыгып кеткен деп жатышат.

Кырдаалдан чыгуунун жолу катары алар октябрь окуялары боюнча тергөөнү токтотуп, суракка чакыруу, кармап-камоону токтотууну сунуштап келишет.

"Ошол күндөрү "Ала-Тоо" аянтында, Атамбаевдин "Форум" имаратында, өкмөт үйүнүн алдындагы эски аянтта бир топ саясий күчтөр турушту. Алардын укуктук макамы - баарыныкы бирдей. Бири мыйзамдуураак, экинчиси мыйзамсыз деп айтканга болбойт. Алардын баарынын ниети бир, өзүнүн түшүнүгүнө жараша өлкөнү конституциялык нукка алып келип, жаңы бийлик органдарын түзүү болгон. Ошентип, былтыр 6-октябрдан 15-октябрга чейин Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик болгон жок. 14-октябрда тарап кеткен парламент кайра чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып дайындады. Ошол күндөн баштап Кыргызстан мыйзамдык нукка кайра келди. Садыр Жапаровдун да өкмөт башчы болуп дайындалышы да кынтыксыз, мыйзамдык процедураларды сактап өттү деп айтууга болбойт. Анткени конституциялык укуктан чыккандан кийин кайра келүү үчүн сөзсүз анча-мынча жерлерди аттап өтүү керек болчу", - деген эле буга чейин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

2020-жылы октябрь айындагы толкундоолор учурунда бир адам каза таап, 170ке жакын адам жараат алган. Алардын айрымдары бийликтен октябрь окуяларын революцияга теңеп, аларга “октябрь окуяларынын баатыры” наамын ыйгарууну талап кылып келишет.