2020: Кыргызстандагы шайлоо, саясий кризис жана бийлик алмашуу

Демонстрация

Сүрөттүн булагы, Nazir Aliyev Tayfur/Anadolu Agency via Getty Imag

Кыргызстанда күзүндө өткөн шайлоо бийлик алмашууга алып келип, өлкөнү саясий кризиске кептеди. Бул туңгуюктан чыгуу үчүн бийликтин башкаруу формасын өзгөртүү керек деген демилге коомчулукта кызуу талкууланууда. Ушуну менен Кыргызстанда үч жолку бийлик шайлоодон кийинки нааразылыктар арты менен алмашты.

Өлкөнүн экономикасы коронавирус пандемиясынан катуу жабыркаган мамлекеттердин катарына кирет. Пандемиядан улам 2020-жылы өлкөнүн экономикасы 12 пайызга кыскарды жана тышкы карызы дагы өстү. Бюджет дефициты 35,6 млрд сомго чыкты жана эмдиги жылы пенсия сыяктуу төлөмдөргө каражат табылышы керек. Коронавирус пандемиясы каптап, экономикалык кыйынчылыктар торуп турган маалда Кыргызстан шайлоо өткөрүүнү чечкен дүйнөдөгү 41 өлкөнүн бири болду. Өлкө парламентиндеги 120 мандат үчүн 16 партия ат салышты.

Бирок кыргыз бийлигинин вирустун күчөп кетүү тобокелчилигине карабай, октябрдын башында өткөргөн шайлоосу башаламандык жана толкундоолорго алып келди. Өлкө шайлоолордон кандай сабак алса болот?

"Коомчулуктун туура сасий маданиятын тарбиялоо эң биринчи сабак болушу керек. Бул билим берүү аркылуу болот. Ошондой эле биз эртеңки, бир жыл же үч жылдан кийин деп ойлобой, андан алысырак мөөнөттү эске алышыбыз керек. Ошол көйгөйлөргө көңүл бурсак туура болот",-дейт саясат таанучу Чынара Эсенгул.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

Шайлоо алдында коомчулукта каршылык маанай курчуп турганына айрым серепчилер көңүл бурушкан эле. Тургундар пандемия маалындагы өкмөттүн иш-аракетин катуу сынга алып, парламентти жоокерчиликсиздиги үчүн айыпташты.

Коронавирус түзгөн коркунучка карабастан үгүт ишетир учурунда партиялар социалдык аралыкты сактабай, санитардык эрежелерге дагы көңүл бурган эмес. Андан тышкары "Форма-2" же жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү туралуу арызы чоң талкууга жем таштады. Бул арыз менен шайлоочу өзү каалган жерден добуш берүүгө укук алмак. Башкача айтканда "Форма-2" шайлоочунун укугун камсыздашы керек эле. Бирок бул арыз добуш сатып алуунун жаңы айлангандай. Шайлоо жарышына старт берилген күндөн тарта эле партия талапкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймактарга "Форма-2" документи менен массалык түрдө кошумча тизмеге кишилерди тургуза баштаганы тууралуу маалыматтар тараган.

"Шайлоого катышып жаткан партиялардын ичинде дагы талапкердин кандай добуш аларына карап мандат берилери сүйлөшүлгөн,-деп айткан ысымын жашыруун калтырууну өтүнгөн талапкерлердин бири. -Ошондуктан ар бир талапкерге тиешелүү аймактар бөлүнүп, ошол аймактан жетиштүү добуш алуу үчүн туугандарын, жакындарын же өздөрүн шайлай турган топторду ошол аймакка "Форма-2" менен каттоого тургузууга аракет кылышты".

Ала-Тоо аянты

Сүрөттүн булагы, Abylai Saralayev\TASS via Getty Images

Шайлоо жана анын эртеси

Добуш берүү тыянагы эл ичинде мурдатан топтолуп келген нааразылык, кыжырдануунун акыркы чеги болду. Добуш берүүгө байкоо жүргүзгөн эл аралык уюмдар болсо шайлоо учурунда бурмалоолор болду деген сөздө жүйөө бар экенин жана тынчсыздануулар негиздүү экенин билдирди.

Шайлоодо партиялардын добуш сатып алуусу эң оркойгон жана эң көп жайылган мыйзам бузуу болгонун эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар белгилешти.

"Эң биринчи эле добуш сатып алуу болду. Экинчиси административдик ресурс колдонулду. Башкача айтканда бийликте отурган, мамлекеттик мекемелерде иштеген адамдар бийликтеги же акчасы бар адамдар үчүн иштеп беришти. Мурдагы шайлоолорго салыштырганда октябрда өткөн парламенттик шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү - криминалдык топтордун ролу күчтүү болуп, бул жолу ачык эле көрүнүп турду",-дейт саясат таанучу Чынара Эсенгул.

Демонстрациялар күчөп, саясий кырдаал курчуп турганда ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Би-Би-Си менен болгон маегинде кызматтан кетүүгө даяр экенин жарыялап, абалды жеңилдетүүгө шарт түздү:

"Ошол тың чыккан жигиттерибиз, кайсыл топтон болбосун амбициялуу жигиттердин колуна жоопкерчиликти берип, өзүм аларга көмөктөшкөнгө даярмын".

Видеонун түшүндүрмөсү, Президент Жээнбековдун Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маеги.

Ала-Тоо аянтындагы окуялардан кийин БШК шайлоо тыянагын жокко чыгарды. Ошентип, октябрдагы шайлоодон кийин он күндө президент кызматтан кетип, жаңы спикер менен премьер-министр шайланды.

Толкундоолор учурунда, Кумтөрду улутташтыруу чакырыгы менен чыкканы үчүн белгилүү болгон, "бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыпталып, камакка алынган, мурдагы депутат Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан бошотуп, ал өлкө бийлигин колго алды.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Кыргызстандагы октябрь окуялары дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду. Эл аралык уюмдар өлкөнү демократиялык жолдон тайбоого үндөштү.

Эми өлкөнүн алдында дагы эки чоң сыноо турат: президенттик жана парламенттик шайлоолор. Бул саясий өнөктүктөр Кыргызстандын алдындагы өнүгүү багытын аныктап, эл аралык абройуна таасирин тийгизмекчи.