Жакынкы Чыгыштагы конфликт мындан ары эмне болот?
1-октябрда Израиль Ливандын түштүгүнө кургактан чабуул койду. Иран буга жооп кылып, Израилди карай 180 ашык ракета менен аткылады.
Газа тилкесинде согуш токтобой, бул Жакынкы Чыгыштагы масштабдуу конфликтке айланып кетпейби деген кооптонуулар болууда.
Бул конфликттин эскалация болуу коркунучу канчалык чоң? Мына ушул темада Би-Би-Би эксперттерди кепке тартты.
Израилдин Ливандагы чоң максаты эмне?

Израиль өзүнүн түндүгүн коопсуз кылуу үчүн Хезболланы алсыратуу максатынан да ары кетип, аны биротоло күм-жам кылууну чечкен сыяктуу. "Хезболла" көп жоготууларга учурады, бирок Израилдин аскердик өнөктүгү "Хезболланы" биротоло жок кыла албайт.

Өкмөттүк риторика менен жер-жерде болуп жаткан иштин айырмасын түшүнүү кыйын. Алар Түндүк Израилдеги "Хезболланын" ракеталык аткылоосунан улам көчүрүлгөн карапайым элди коргоо үчүн "Хезболла" коркунучун жоюу жөнүндө айтып жатышат. Бирок бул өкмөттүн стратегияны эмес, жеңип чыгууну космостон караган диний күчтөрү бар. Ошондуктан биз экспансионисттик мүнөздөгү жүрүш бар болушу мүмкүн деп ойлойбуз.

Израил Ливан мамлекети "Хезболланын" үстүнөн көзөмөл орнотушун каалайт. Бул мага Израилдин 1982-жылы Ливандагы Палестинанын Боштондук уюмуна каршы кургактагы согушун эске салат. Узак мөөнөттө алганда бул Ливандын чек арасына жакын жерде жашаган Израил жарандарына жакшы нерсе алып келген жок. Мындай болсо, Израилге кыска жеңишке – кырдаалды тынчытып, Түндүк Израилден көчүрүлгөн 600 миң адамдын үйүнө кайтышын камсыз кылышы керек.
Бул Жакынкы Чыгыштын картасын өзгөртүүнүн башталышыбы?

Жакынкы Чыгышта күчтөрдүн катышы өзгөрө баштады, бул Ирандын региондогу таасирин азайтат. Бирок статус-квону өзгөртүү – бул көп убакыт ала турган процесс.

Азырынча мындай тыянак кылуу эрте, бирок Ирандын жетекчилигинин алдындагы күчтөр копшоло баштаганы шексиз. Израил бир топ эле тактикалык ийгиликтерге жетти окшойт. Эми аларды дипломатиянын жардамы менен стратегиялык ийгилик кылып өзгөртө алабы, көрөбүз.

Карта эмес, бирок күчтөрдүн балансы өзгөрүп жатканы көрүнөт. Соңку 20 жылда Иран жана анын ишенимдүү күчтөрү (Хамас жана Хезболла) бир жагынан, Израиль экинчи жагынан бири-бирин ит жыгылышта кармап келишти. Бул баланс 7-октябрда бузулду, Израил үстөмдүк кылып калды.

Азыр айтууга эрте. Мени менен эки аптадан кийин же бир жылдан кийин сүйлөшсөңүз, биз ошондо Түштүк Ливан экинчи жолу оккупация болдубу, жокпу, билебиз… Ошол эле убакта Иран менен конфликт бар, бирок алар Жакынкы Чыгыштагы чек араны өзгөртүүгө аракет көрүп жатат деп ойлобойм.
Бул Ирандын өзөктүк куралдануусу үчүн эмнени билдирет?

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Иран эффективдүү тизгиндеген күч катары "Хамас" жана "Хезболладан" айрылганы, Ирандын истеблишментинде өзөктүк куралды иштеп чыгууну каалаган ишмерлер көп болот дегенди билдирет.
Бирок бул практикада кандай билинет? Израил билгенде эмне болот? Иранда Израил чалгынчысы жакшы иштесе - эгер Иран чынында эле курал жасап баштаса, Израил кийинки аптада эле билеби? Эгер Иран ошол ишти уланта берсе, анда абдан кооптуу зонага айланат. Бирок азыркы шарттан алганда Ирандын колундагы аскердик мүмкүнчүлүктөрү Израиль менен салыштырганда бул жөн эле күлкү келтирет. Ошондуктан ал пайдасы анчалык болбогон салттуу куралдарга таянбайт.
Ирандын өзөктүк амбициялары Израилди тынчсыздандырбай койбойт, анын кашкайган себептери бар. Бул Израилге кастык режимдин эң башкы саясаты болуп кала берүүдө. Аятолла Али Хаменейи үчүн Израилди жок кылуу долбоору эң эски жана эң башкы талап. Бул ал умтулган, Израилге каршы бирден бир максат – бул Израилди атып келаткан дүйнөдөгү бирден бир өлкө.
Бирок Ирандын саясий истеблишментинде прагматик элементтер да бар, аны да эске алыш керек. Алар Иран палестиндер үчүн палестиндик согушту жүргүзгөнгө укугу жок деп эсептешет.

Иран өзүнүн өзөктүк программасын коопсуз кармоо үчүн бардык ишти кылат. Ал өзүнүн өзөктүк программасына Израилдин чабуулун экзистенциалдык коркунуч катары көрөт.

Ирандын көз карашында оюндун жүрүшүн чындап эле өзгөртө турган акыркы арга - бул өзөктүк курал болушу мүмкүн, Бул иш жүзүндө эмне болорун мен билбейм – балким мындай мүмкүнчүлүк бар, кайсы бир чөлдө өзөктүк сыноо өткөрүп, көрсөтө алышы мүмкүн.
Конфликттин кеңейиши Израилге Газа тилкесинде өз максатына жеткенге кыйынчылык жаратабы?

Израилдин кеңейген компаниясы Жакынкы Чыгыштагы палестиндерге жан тарткан элдин кыжырын кайнатууда. Бул алдыда тынчтыкка тоскоол болот.

Албетте, масштабы чоңойгон согуш Израилге оор жүк. Газа тилкесинде ХАМАСты чөгөлөтө элек. Бирок Израил Кошмо Штаттардын аскердик колдоосунан пайдаланып жатат.

Израил согушуп жатканына бир жыл болду, ХАМАСтын ири бригадаларын жок кылды, өзүнүн аскеринен да жоготуу болду. Газадагы тынчтыкка жетүүдө эң чоң проблема - Израилде атаандаш башкаруучу көз караш жок.
Израилдин күчтөрү чачыранды болуп жатканында эмес проблема. Кеп Израилге саясий стратегия керек болуп жатканында, ал палестиндерге өз тагдырын чечүүгө мүмкүнчүлүк берип, эл аралык колдоого ээ болушу керек. Ансыз Газа туруктуу коркунуч жана аскердик майдан болуп кала берет.

Израиль Газада өзүнүн максатына жетпей жатат, анткени анын саясий максаты жок — эч качан болгон да эмес, согушту анысы жок эле баштаган. Бул анын эң талуу жери. Бирок Нетаньяху, ага кандайдыр бир саясий натыйжа керек экенин сезбейт окшойт. Анын согушу акыры бүтөт, батыш дүйнөсүнүн көбү дайыма эле ал тарапта боло бербейт.
Масштабдуу конфликттин алдын алуунун алгылыктуу жолу кайсы?

Ар бир атылган ракета же абадан урулган сокку менен амал түгөнүп баратат.

Бул конфликтти эч ким аскердик жол менен жеңе албайт. Акыр аягында туруктуулукка алпара турган жалгыз жол - дипломатия.

Эки жол бар. Биринчи – Израиль Газадагы ок атышуунун токтотууга макул болуп, аскер күчтөрүн макулдашкан жерлерге алып кетип, гуманитардык жардам жеткиликтүү болуш керек. Израилдиктер же америкалыктар эмес, палестиндер өздөрү тандаган жаңы палестин бийлиги түзүлүшү керек.
Экинчи - Ливандагы согуш токтоп, "Хезболла" Израилге ракеталык чабуулду токтотуп, Израил өз кезегинде ага жооп кылып, аба соккуларын жана кургактагы чабуулдарын токтотушу керек.

Ливанда кырдаалдан чыгуунун жолу - согушту токтотуу жана түштүктө коопсуздуктун жаңы келишимин түзүү. Мен мындай вариант ушул жылдын аягына чейин боло калат деп күтпөйм жана АКШнын жаңы администрациясын күтөбүз.

Бул жерде АКШ жана батыштын башка ири өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштагы окуялардын багытын өзгөртүүнү максат кылмайынча, эч кандай ылаажы болбойт. (КС)












