Бизге тышкы дүйнөнүн колдоосу өтө керек

Сүрөттүн булагы, sultan dosaliev
Кыргыз Президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышканы Нью-Йоркто жүрөт. Күтүүсүз эмес. Мурда бара турганы кабарланган. Расмий маалымат супсак, БУУ баш катчысы Антониу Гуттериш жана бир катар жогорку денгээлдеги адамдар менен жолугаары учкай маалымдалды. Эл ачууланып, ичи кайгыга болуп, ызасы кайнап туру. Ошондон уламбы, же маалыматтын кемдигиненби, дал ушул кыйын кезеңде башкы командачы мекенинде болуусу абзел эле, Нью-Йоркто не ишти кыйратат деген пикирлер да жок эмес. Улуттар уюмунун сессиясы дүйнө лидерлеринин көбү топтолгон аянт. Баарын бизге чакыра албайбыз, бирден жолукканча далай заман өтөт.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чечилбеген чек ара чыры бар. Эки өлкө эгемендүү болгондон бери чек арада жүздөн ашык жаңжал чыгыптыр. Тажиктер кыйналып, жарандык согушта жар боорунда турганда опол тоодой жардам кылыптырбыз. Алардын кыйналып турганын пайдаланып, өз кызыкчылыктарыбызды таңуулабаптырбыз, үстөмдүк кылып, кемсинтип, күчккө салып, жамандыкка барбаптырбыз. Элде не айып, башчылары баалабаптыр. Былтыр да тажиктер куралдуу агрессия жасап, кан төгүлгөн. Быйыл Самарканда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөр күнү таңга маал алдын ала пландаштырып, масштабдуу согуштук аракеттерди уюштурду. Тажик президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн ортосунда эч нерсе болбогондой, тажик куралдуу күчтөрү дос, кошуна, бир тууган аталган өлкөгө кол салып жатса чымын чаккандай көрбөдү. Капкаяктагы темалардан кеп салып отурду. Аны менен чектелбеди. Дароо Кыргызстанды айыптап, биринчи кол салды деп бетпактык кылды коңшуларыбыз. Тажиктердин бул жолку кол салуусунун чыныгы жана негизги, башкы жана коштомо, ички жана тышкы себептерин биз али толук билбейбиз. Дегеле биз коңшуларыбызды, соңку Тажикстанды жакшы билбейбиз.

Сүрөттүн булагы, СОЛОВЬЕВ АНДРЕЙ/TASS
Азыр эки тарап бири бирин айыптап турган кези. Айыптоо эл аралык деңгээлге чыкты. Кыргыз сырткы саясат министрлиги маалымдагандай, тажик тарап жалган маалымат таратып, ушак-айыңды жаюуда. Бирок эки өлкө ортосунда куралдуу жаңжалга чындап кабатырлангандардын катары аздай. Ичи ачышып, кооптонгон билдирүүлөрдү учуратуу кыйын. Маселе өлкөлөрдүн масштабында деле эмес. Ушундай эле жаңжалдарда ири держава, кубаттуу уюм аталган күчтөр тикесинен тик турчу эле. Эң жакын бир тууган казактар бизге да, тажиктерге көңүл айткан коендой окшош телеграмма жиберди. Кремль эки тарапты тең бирдей тынчтыкка чакырды. Албетте, президенттер телефондон не сүйлөшкөнү бизге беймаалым. Кытай саммит бүткөндөн кийин, кечээ гана элчиси аркылуу Кытай Эл Республикасынын уюшулганына байланыштуу иш чарада көңүл айтты. АКШ, Европа тынчтыкка чакырды, позициясын учкай билдирди. Жогорку деңгээлде, мамлекет башчылары, премьер-министрлер жаңжалга беймаани түр калтырды.
Саммиттин кожоюну, кандаш коңшубуз Өзбекстан да ыңгайсыз абалда калды. Өз шаарында керней-сурнай тартып саммит өтүп жатканда уюмга мүчө өлкөнүн биринин аскери жана жалданмалары башкасына капыс кол салып, айыл-кыштактарын өрткө чулгап, канга боеп, кишилерин мерт кылып жатса мамлекет башчыларынын кенешинин кезектеги төрагасы катары президент Шавкат Мирзиёев да негедир үн катпады. Демейде илбериңки, ийкем дипломат Мирзиёев жыйынга келген президенттерге кайрылып, кур дегенде экөөнө кайрылып, үй ээси катары кой-айга жарабады. Башкалары да ырыстуу кептен, омоктуу сөздөн тартынды. Жалгыз гана Индия премьер-министри орус президентине орус-украин жанжалы боюнча кайрылып, азыр согуштун заманы эмес, тынчтык зарыл деп позициясын билдирди. Күн тартибине шылтоо да орунсуз. Ошол эле Индиянын лидери кун тартибинде жок орус-украин кармашын айтты да. Ким аны алка жакадан алып, оозун тыйды. Эч ким. Балким ШКУ сыяктуу уюмдардын саммитинде эреже азыр өзгөргөндүр, бирок биз тарыхтан окуган, аз да болсо күбө болгон мындай жыйындарда күн тартиби догма эмес, аны ошол чогулгандар аныктайт, бекитет, керек болсо өзгөртөт, кошумчалайт. Актуалдуулугуна жараша козголо турган, катышкандар козгоого тийиш жана акылуу, ал тургай милдеттүү маселелер ар дайым болуп келген. Уюмдун ичинде эмес, Галактиканын кайсы бир бурчунда кенедей окуя болуп жаткандай мамиле кылышты чиркиндер. Башка маселелерди анан талкуулайлы, биздин эки өнөктөш мамлекеттер ортосунда кооптуу кырдаал жаралды, биротоло чечпесек да көмөктөшөлү, кеңешип алалы, чогулганыбыздын максаты – биримдик менен ынтымак го акыры деген демилге чыкпады. Балким билгени бардыр, же неден тартынганы белгисиз, айтор негедир биздин президент да буйдалды, дароо реакция кыла албады. Бул не жорук, биз биякта жыйынга чогулуп отурсак, тиякта аскерлериби, жалданмаларыбы, айтор биздин элди атып жатат, минтип отурсак оңдуу уюм боло албайбыз, тажиктер дароо ок атканын токтотсун, токтото албаса өлкөнүн атынан кантип сүйлөйт, мен тараптан ок атылбады деген сыяктуу кеп чыкпады. Аттиң.
Кыргыз эли, кыргыз журту мындан да мин эсе кыйынчылыкты жеңип, сыноодон абийирибизге доо кетирбей чыгып келгенбиз. Бул кырдаалдан да жеңиш менен чыгабыз. Ошентип саммитте кайдыгерликке күбө болдук. Албетте, карапайым калкка белгисиз кайсы бир дипломатиялык кааданы бетке кармашы мүмкүн, бирок уюмдун өзүнө да, катышкан калгандарына да, уюмду демлгелеп, көч башында жүргөн, ушул уюмдан пайда көздөгөн Кытай менен Россияга да аброй алып келбей турган иш болду. Шанхай кызматташтык уюмунун эң негизи максаты - аймактагы тынчтык, коопсуздук үчүн биргелешип аракеттенүү жана ишенимге негизделген кызматташуу. Уюмду түзүү тууралуу келишимде дал ушинтип жазылган. Уюмдун уставдык милдети – биргелешкен коопсуздукту камсыздоо, терроризм, наркотрафик жана башка коркунучтарга чогуу каршы туруу, уюмга мүчө өлкөлөрдүн достугун, ынтымагын чыңдоо аркылуу алардын социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүү. Куп болот, эң сонун. Демек уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна шек келип жатса, а балким экөө бири бирине кол салбагандыр, анда демек тышкы террористтер, наркокылмышкерлер, экстремисттер же башкасы дал ушул биздин жыйынга туштап, бизди кемсинтип, бизге чакырык таштап, атайылап чатак чыгарып жаткандыр деп тикесинен тик тура кала турган жерде эле. Баары болбосо да мен лидермин деген мамлекет башчылары топ жарыш керек болчу. Андай болбоду. Кайсы бир абройлуу медиаагенттик ШКУ тышка сес көрсөтүүгө умтулган, ичте пайдасы аз деген ойду айтты эле. Кемирээк айтыптыр. Каяктагы сес. Тышка да жараксыз, кудурети чакталуу, айрым гана өлкөлөргө утурумдук керек уюм экенин ушул ирет тастыктады.

Сүрөттүн булагы, sultan dosaliev
Кыргызстан менен Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө, экөө тең араңжан КМШга мүчө бойдон келе жатат. Ушул эки уюмдун анабашы, демөөрчүсү жана башкы бенефициары (пайдакору) Россия. Кечээ жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө Армения расмий жардам сурап кайрылса, ЖККУ шагын сындырды, ушуну менен экинчи мертебе супсунун суутту. Көңүлү калган Арменияда ЖККУдан жана Евразия биримдигинен чыгууну талап кылган митинг өтүп жатат. Кыргызстан же Тажикстан да кайрылып жибербесин деп ЖККУ жетекчилиги адатынча шыпшынды, сөз жууткусу жок. Ошентип Шанхай уюму, ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана башка уюмдар мүчө мамлекеттердин ич ара маселесин да, уюмдарга жалпы тиешелүү маселелерди да чече албай, чатакташканын элдештиргенге жарабай, кайдыгерлигинен же жараксыздыгынан улам кедерине кетип, аброю түштү. Буга адаттагыдай АКШ же Европа айыптуу, ошолордун кылганы деген көндүм жомок шоона эшпейт азыр. Силер түзгөн, силер жетектеген уюм болсо, өзүңөр жолугуп жатсаңар, бизден алакчылап, кол баладай жетелеп жүргүңөр келген мамлекеттерди кайраштырбасаңар да чабыштырып коюп, кан төгүлүп жатса карап турдуңар, ага да биз күнөөлүбүзбү деген жоопту угары бышык.
Капыс агрессиянын натыйжасында кан төгүлүп, уул-кыздарыбыздан айрылып, кабыргабыз кайышып туру. Ахыбал оор жана татаал. Бирок эркибиз бекем, майтарылбады, эл биримдигин көрсөтүүдө. Тажиктер замбирек менен аткылаганын токтото элек жатып, маалымат мейкиндигинде кыргыз тарапты жаманатты кылуу аракетинде. Ушундай кырдаал түзүлдү. Маалыматтык согуш жүрүүдө. АКШ, Европа, Азия, калган дүйнө жогоруда айткандай позициясын учкай билдирди же маалыматы так эмес. Демек аныгына жете элек, баарын кылдат талдап жатат. Алардын позициясы ошол окуяга катышкан жана ага кызыктар мамлекеттердин мамилесине, аракетине жараша болмогу анык. Дал ушул шартта президенттин Нью-Йорктогу чоң жыйынга барганы менимче туура кадам. Бизге азыр ахыбалды дүйнө коомчулугуна так жеткирип, документтер менен далилдеп, жаңжалдын бир жактуу агрессия экенин, экинчи мертебе болуп жатканын, буга чейинки кылыгына айкөлдүк, сабырдуулук кылганыбыздан кыянаттык менен тажик тарап пайдаланып жатканын билдиришибиз керек. Ким айтат муну. Мамлекет башчылары, өкмөт жетекчилери жана дүйнөлүк масштабдагы саясатчылар чогулган жерде мамлекет башчысы айтуусу кажет. Тажик тарап куралдуу агрессия уюштурду, жок, эгер уюштурбаган болсо, анда террористтер менен жанкечти баңгимафиянын уюгу, расмий бийлиги суверендүү территориясына ээлик кыла албай, тынчтыкка жана адамзатка каршы кылмышка жол бергенин айтуу абзел. Тажик тараптын агрессиячыл аракети, эгер агрессияны уюштурбаган болсо анда өз теериториясында жүргөн куралдуу жанкечтилерге карата аракетсиздиги эл аралык мыйзамдарды одоно бузганын, Кыргызстан азыр жабыр тартканын, дипломатиялык жол-жоболорду сактаган, бирок өз кызыкчылыгын коргоого кудуреттүү экенин билдирүү зарыл. БУУнун жыйынына келген саясатчылар жана дипломаттар менен жолугуп, позициясы так жана ачык, коркок-билиши жок, ар кандай маселени саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө дилгирлигибизди демонстрациялоо милдети туру. Коштоп барган министр Жээнбек Кулубаев да тажрыйбалуу дипломат катары өз коллегалары, башка өлкөлөрдүн делегациялары менен кезигип, абалды туура баяндап, керектүү пикир калыптандырууга далалат кылмагы абзел. Ага интеллекти жетет, кызматы жана жоопкерчилиги милдеттендирет. Фейсбуктан өчүп калма же жардамчылары чала сабат жазган посттор менен дүйнөлүк коомчулуктун пикирине таасир этүү мүмкүн эмес.
Биз өзүбүз тууралуу анык маалыматты элге жеткирүүгө милдеттүүбүз. Биз дүйнөлүк коомчулуктун бизге керектүү пикирин калыптандырууга муктажбыз. Бизге бекем ички ынтымак керек. Бизге тышкы дүйнөнүн колдоосу андан бетер керек. Экөө өтмө катар, органикалык байланыштагы маселе. Ошондуктан президенттин Улуттар уюмунун башкы жыйынына ат тизгинин бурганы саякат эмес, саясий жана дипломатиялык зарылчылык.
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.














