Ар кандай уюмдан аракет кылсак гана майнап чыгат

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпинь

Сүрөттүн булагы, sultan dosaliev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров Самаркандда Кытай элдик республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь менен жолугушту

Мындан 21 жыл мурда түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюмдун кезектеги саммити бул ирет Самарканда 15-сентябрда өтөт. Өзбекстан бул саммитке катуу даярданууда. 2020-жылы эле президент Мирзиеев жарлык чыгарып, Самарканды босогосунан тартып төрүнө чейин көркүн чыгарууну, байыркы шаардын инфраструктурасын түгөл оңдоп, жаңыртууну буюрган.

Окумал, илим-билимдин очогу болгон бай цивилизациянын мураскери экенин көрсөтүп, ачылган китеп түспөлүндө, төбөсү жылдыздуу асманды элестеткен жаңы аэропорт салынды. Мунусу Улукбектин обсерваториясын эске салгандагысы окшобойбу. Ондогон мейманканалар (алардын бир тобу “Мараканда Парк отел” деген тармакка биригет), эл аралык туристтик борборлор, 135 гектар аянтка “Түбөлүк шаар” аталган этношаарча, 2 миң 800 чарчы метр конгресс-холл, келишкен амфитеатр, кыскасы көз кубанаткан заманбап шаар курулду. Болсун. Саммитер бизде да өткөн. Биз да убагында даярданганбыз. Коңшуларыбыз шаар куруп даярданды, биз 2005-жылы басып алган айдоого салынган кунарсыз кыштактарды, жепирейген жер кепелерди темир тосмо менен жаап кутулганбыз. Таң-гөрү дейсиң эрксизден.

Самарканддагы жаңы аэропорт

Сүрөттүн булагы, spot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Самарканддагы жаңы аэропорт

Уюмга сегиз мамлекет мүчө - Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Орусия, жана Өзбекстан. Анын ичинен 4 ири өлкө өзөктүк куралга ээ, уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны дүйнөдөгү калктын 44% түзөт, планетанын 30% ээлеген чоң уюм. Уюмга кирген мамлекеттердин биргелешкен кубаты күчтүү, потенциалы эбегейсиз. Өзөктүк курал демекчи орус бийлиги Украина менен жаңжалдан улам өзөктүк куралды да колдонуудан кайра тартпай турганын билдире баштады. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмиртрий Медведев Орусия кайсы учурда өзөктүк ракета колдоноорун түшүндүргөн 4 жагдайдын ар бири кенен чечмелене турган шарттар.

Оюнчулар жана позициялар

Владимир Путин жана Си Цзиньпинь

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин жана Си Цзиньпинь Пекиндеги жолугушууда. 2022-жыл 4-февраль

Шанхай кызматташтык уюмуна Орусия менен Кытайдын үмүтү чоң. Экөөнө абдан керек, калгандарына уюмдун пайдасы алардын аракетине жараша. Орус-Батыш кармашы апогейине жетип, Кытай менен АКШнын мамилеси курчуп турган кезде бул эки өлкө саммитти жана уюмду болушунча пайдаланат. Чоң-кичинесине карабастан калган мамлекеттердин колдоосун алгысы келет, өздөрүнө пайдалуу ар кандай долбоорлорго жетелейт, керектүү билдирүүлөрдү айттырганга чакырат, кур дегенде колдогонго ынандырат, болбосо мажбурлайт. Ушул жолку саммитте орус-украин согушуна байланыштуу орус тарап кайсы бир билдирүүсүн жабыла кубаттоого умтулат.

Кытай Тайван боюнча да өз позициясын бекемдегиси келет. Кытай менен АКШ Тайван маселеси курчуганда куралдуу күчтөрүн аракетке келтирип, бири бирине кылыч кезеп турган кези. АКШ учактары Тайванга жакын эл аралык аймакка учуп келди, Кытай куралдуу күчтөрүн жогорку даярдыкка келтирди. Туура, ар кандай интеграциялык уюм өз ара пайдалуу кызматташтыктын формасы, жолу экендиги талашсыз. Бирок геосаясий абал курчуп турганда мындай саммиттер күчтүн демонстрациясы, билдирүүлөрдүн аянты, позицияларды чагылдыруунун формасы. Москва эмитеден эле ШКУга жана саммитке өз ыңгайына жараша аныктама ыйгарууда.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери

Сүрөттүн булагы, mil.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери августтун аягында Ташкенде жыйын өткөргөн

Дароо көзгө урунган аныктамалардын бирин саммиттин алдында уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жолугушуусунда орус коргоо министри Сергей Шойгу жар салды. Ал Шанхай уюмун дүйнөдөгү жаңы күч борбору деп атады. Эл аралык дипломатияда терең мазмунга ээ аныктамалар бар. Маселен дүйнөнүн көп полярдуулугу. Орусия менен Кытай бир тарабы, АКШ менен Европа экинчи тарабы бул аныктамага өзүнө пайдалуу мазмун ыйгарып, чечмелеп келишет. Көп полярдуулукту Вашингтон оозангысы келбейт, бул термин айтылбай калса Москва менен Бээжиндин итатайы тутулат. Кытай Африкадагы, Латын Америкасында өлкөлөр менен мамилесинде ушул аныктаманы колдонот, шыктандырат. Эми жалпак тил менен айтканда “эч бир мамлекет дүйнөнүн туткасы эмес, Америка жалгыз башкаргысы келет, бирок биз ага жол бербейбиз” деген кеп. Бирок негедир ар кандай ири мамлекетке Жон Орруэлдин “Малкана” деген романындагы камандын “малканада бардык жандык тең укуктуу, бирок чочколор бааарынан көбүрөөк тең укуктуу” деген идеологиясы жүрөгүнө жакын бейм.

Самаркандагы саммитти орус басылмалары орустар менен кытайлардын Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн көргөн камкордугу деп атады. Кеп төркүнү каякта? “Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар бири жана баары биригип өз коопсуздугун камсыздоого кудуретсиз. Америка менен Европанын да колунан келбейт. Бул миссияга Москва менен Бээжин гана жарактуу жана дилгир. Орусия менен Кытай улуу өлкөлөр катары ушул чөлкөмгө кам көрүүнүн аракетинде”. Бул тезис жаңы эмес. Эски да эмес. Кыябы келген сайын айтылмагы анык саясий постулат. Америка проблема жараткандан башка Борбор Азиянын ажатын ачканга жарабайт деген кепти АКШ Ооганстанды талибдерге (ШКУ мамлекеттеринде тыюу салынган экстремисттик уюм) таштап баса бергенден бери күчөдү.

“Кечээ жакында талибдер Амударыя боюндагы Өзбекстандын Арал-Пайгамбар (Арал-Баба) аралын басып алган учурда Ташкенге келген АКШ конгрессмендер тобу деле бу теманы оозго алган жок, демек кайдыгер” деп баалады орус медиасы. Бул Ооганстан менен Өзбекстандын чек арасында ушуну менен 3-жолку куралдуу инцидент. Айтмакчы, Вашингтондон Өзбекстанды колдоо (Caucus –лоббист саясатчылар бирикмеси) тобунун келишин талдаган орус басылмалары АКШ Өзбекстанга кыйраткан инвестиция салбайт, чөлкөмдө дурус иш кылууга жараксыз, Москвага гана каршы максатты гана аркалайт деген тыянакты бекемдегенге аракет кылды.

Ички карама-каршылыктар

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шанхай уюмуна мүчө мамлекеттердин айрым негизги оюнчулары ошентип АКШ менен Европага каршы. Буларды ушул бириктирет. Бирок уюм ичинде деле бекем ынтымак, баары ойдогудай дешке болбойт, оор проблемалар бар. Маселен, Индия менен Пакистан ортосунда жер талаш, дин талаш маселеси татаал, чырлуу. Индия менен Кытай ортосунда да территориалдык талаш чек арадагы конфликтке чейин жетти. Чыр басыла элек. Казакстан менен Орусия соңку мезгилде бири бирине кыр көрсөтүп турат. Быйыл эле Москва Казакстандын нефть экспортун төртүнчү ирет болбогон шылтоо менен токтотуп, өткөрбөй койду.

Шылтоосу – 2-дүйнөлүк согуштан калган мина табылган имиш, деңизде шторм, нефть ташуучу транспорттордун техникалык оңдоо иштери ж.б.у.с. Казакстан дүйнөдөгү чийки мунайзаттын 1% экспорттойт, Орусиянын Новороссийск жана башка порттору аркылуу жылыга 60,7 миллион тонна нефть (510 миллионов баррель) тышка чыгарат. Ушул экспорт маршруту аркылуу сатылган нефтиден түшкөн киреше Казакстандын бюджетинин 44% түзөт. Демек ушунча оокаттан ажырап калганы турат.

Казактар орустардын тоскоолдуктарын билип эле турат. Бирок азырынча аргасыз, анткени альтернативдүү маршрут, ылайыктуу логистика жок. Ошондуктан Казакстан Орусиянын түтүктөрүнө жана портторуна көз каранды болгусу келбей, башка жолдорду издей баштады. Мунусу Москванын ачуусуна тийип, улам бир кепти айттырууга түрткү болууда. Казакстан Орусиянын Украинадагы саясатын колдобойт, аннексияланган Крым боюнча кескин пикирин ачык айткан жалгыз өлкө. Калгандары бейтарап. Казакстан менен Кыргызстандын соода-экономикалык мамилеси чек жылытарлык эмес, транзиттик проблемалар Бишкекке түйшүк жараткан көйгөйлөрдүн бири. Борбор Азия өлкөлөрү ЕАЭБге мүчөлүгү деле жарытылуу пайда алып келбептир. Эми суроо жаралып, кай максат, кимдин мүдөөсү үчүн кирип, эмне пайда таптык деп отурушат. Бул кепти баарыдан мурда ушул уюмга алгач кирген казактар, кийин жетеленип кирген кыргыздар көбүрөөк айта баштады. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чечилбеген чек ара тилкелеринин айынан куралдуу конфликттер да болду. Тажикстан Москванын соңку кездеги мамилесине ичи чыкпай, кооптонуп турат. Эски пантюркизмдин жаңы карааны да санаасын арттырды. АКШ дал ушул Тажикстанда августтун ортосунда аскерий машыгуу өткөрдү. Буга орус бийлиги чычалады, тынчсызданганын кеп кылды. Айтор, маселелер арбын.

"Аймактык кызматташтык - 2022"

Сүрөттүн булагы, social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир ай мурун Тажикстанда АКШ бийлиги тарабынан уюштурулган "Аймактык кызматташтык - 2022" аскерий машыгуулары өттү

Мындан Өзбекстан гана ким менен болсо да тил табышып, соодасын жүргүзүп жатат. Евразия бирлигине кирбей туруп ушуга мүчө мамлекеттердин ар бири менен тыгыз мамиледе, пайдалуу кызматташууда. Орусияга коон-дарбызы, жер-жемиши эркин кирип-чыгып, аларманы көп. Кытай менен темир жолун бабырабай эле бүтүрүп алды, поезддер жүрө баштады. Жогоруда айткандай АКШ байма-бай каттап турат. ЕАЭБге же ОДКБга кирбейсиң деп орустар жакалаганы жок. Эми Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна талапкер, жакында кирет. Бул уюмга биз илгери эле киргенбиз, бирок пайдасын көрбөдүк.

Саммитти пайдалануу абзел

Албетте, Шанхай уюму ага мүчө мамлекеттерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача алат. Баары бир Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүнө таасири арбын. Туш-туштан чырмалып, оңой менен кое бербейт. Бул өлкөнүн байлыгы мол, эли да арбын, аянты кенен, кубаты артык. Байыса пайдасы азыраак тийген, кыйналса азабы тең тийме өлкө. Чындап кызматташса стратегиялык өнөктөш, сырдакана мамлекет. Кытай эбегейсиз рынок, кубаттуу экономика, оп тартса же жалын бүрксө оңдурбайт. Кытай Борбор Азия мамлекеттериндеги кен-байлыктарды иштетүүгө, ири инфраструктуралык объектилерди курууга катышып келет. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу башталганы турат, угуумда техникалык-экономикалык негиздемеси даярдала баштады. Эн сонун, ылайым ишке ашкай эле. Чегирткеден корккон эгин экчү эмес. Кытай капиталы катышпаган ири экономикалык долбоорлор Борбор Азияда жокко эсе. Кытай инвестициялык мүмкүнчүлүгү кенен, технологиялык гигант. Тоо-кен тармагында өзүбүз дурустап иштеше же элге туура түшүндүрө албай, аларды иренжитип, элде акылга сыйгыс фобия жаратып алган өзүбүздө айып. Жоопкерчилик менен мамиле кылып, шарттарды мыктап сүйлөшүп алса ар кандай инвестиция жемишин берет. Кытай менен иштешпеген өлкө аз. Биз менен кызматташууга дилгир, мүмкунчүлүгү жетиштүү, биздин да сунуштай турган нерселерибиз бар.

Саммит позициялардын да такталышына шарт түзөт. Жогоруда айткандай уюмга кирген мамлекеттер ортосунда көйгөйлүү маселелер бар. Албетте, эки тараптуу мамилени ортого алып чыкпагыла деши мүмкүн калгандары. Бирок орток уюмдагы мүчөлүктүн да жоопкерчилиги бар, канетсе да оң таасири тийбейт койбойт. Уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин кай бирлери пандемиядан бери биринчи ирет тышка чыканы турат (мисалы Си Цзин Пин), орус-украина жаңжалынан бери орус лидери Путин да Борбор Азиянын кээ бир президенттери, Кытайдын, Индиянын, Пакистандын башчылары менен алгач ирет бетме-бет жолукканы турат. Аталган өлкөлөрдүн лидлерлери деле соңку эки-үч жылдан бери бет маңдай кезиге элек. Кыскасы Самаркан саммити далай окуялар чордонуна айланат. Кенен сөз болот. Албетте, саммит Өзбекстанга бир кыйла дивиденд берет. Биринчиден эң сонун даярдыгы аркылуу өлкөнүн күч-кубатын демонстрациялайт. Ушунча лидерлер менен өзбек президенти үй ээси катары ээн-эркин сүйлөшүүнүн эксклюзивдүү укугуна ээ. Самаркан бир нече убакыт бою дүйнөлүк медианын көңүлүн бурат. Өлкөнү даңазалоонун эң сонун мүмкүнчүлүгүн өзбек туугандарыбыз мыкты билет. Бул жолу да жакшы колдонот.

Саммит бизге да пайда. Уюмдун ичинде болгонубуз, аралашып турганыбыз дурус. Чоң жыйынга келгендер менен баарлашууга, маселелерибизди талкуулап, колдон келсе чечип алууга шарт түзүлөт. Баары камданып, айтар сөзүн белендеп келет. Биз да даярданып барып, Шанхай уюмунун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануубуз абзел.

Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.