Дүйнө өлкөлөрү Палестина мамлекетин таануу ниетин билдирүүдө. Бул эмнени түшүндүрөт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Пол Адамс
- Role, Би-Би-Синин дипломатиялык кабарчысы
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, эгер Израил бир катар шарттарды аткарбаса, Лондон сентябрда Палестинаны мамлекет катары тааный турганын билдирди. Бул шарттардын катарында — Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга макул болуу жана Палестинанын эгемен мамлекет болушуна кайрадан мүмкүнчүлүк берүү ниетин көрсөтүү талаптары бар.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул билдирүүгө кескин жооп кайтарып, Британиянын мындай чечими ХАМАС кыймылынын "коркунучтуу террорчулугуна" дем берет деп айтты.
Палестинаны мамлекет катары таануу эмнени билдирет жана ал эмнени өзгөртөт?
Палестинаны дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер расмий таанып, анын эл аралык деңгээлде дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар. Ошондой эле ал өзүнүн курама командалары менен Олимпиада сыяктуу ири спорттук мелдештерге катышып келет.
Бирок палестиналыктар менен Израилдин ортосундагы жаңжалдан улам, анын эл аралык деңгээлде таанылган чек арасы да, борбор шаары да, өзүнүн армиясы да жок.
Израилдин Батыш жээкти оккупациялоосунан улам, 1990-жылдары Осло келишинен кийин түзүлгөн Палестин администрациясы өз аймагын, калкын толук көзөмөлдөй албайт. Израил Газа тилкесин да оккупациялаган жана ал жерде азыр согуштук абал өкүм сүрүүдө.
Палестинанын азыркы макамы квази-мамлекеттик түзүлүшкө жакын болгондуктан, аны расмий таануу көбүнесе символикалык мүнөзгө ээ. Мындай кадам иш жүзүндө көп нерсени өзгөртпөсө да, моралдык жана саясий жактан маанилүү билдирүү болуп саналат.
Ошентсе да, бул символикалык чечимдин мааниси чоң. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми 29-июлда Бириккен Улуттар Уюмунда сүйлөп жатып: "Улуу Британия эки мамлекеттүү чечимди колдоо үчүн өзгөчө жоопкерчилик алат", - деп белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Bettmann via Getty Images
Андан ары Дэвид Лэмми 1917-жылдагы Балфур декларациясына токтолду. Бул документ ошол кездеги Британиянын тышкы иштер министри Артур Балфур тарабынан жарыяланган. Декларацияда Британия алгач "Палестинада жөөт элинин улуттук үйүн түзүү" идеясын колдогон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок Лэмми белгилегендей, ошол эле декларацияда еврей элинен башка Палестинада жашаган элдердин жарандык жана диний укуктары бузулбашы керектиги тууралуу убада да болгон.
Израилди жактагандар көп учурда лорд Бальфур декларацияда палестин элин так көрсөткөн эмес жана алардын өз алдынча улут катары укуктары тууралуу эч нерсе жазган эмес деп келишет.
Бирок Палестина деп аталган аймак 1922-жылдан 1948-жылга чейин Британиянын башкаруусунда болуп, ал көпкө чейин дүйнөлүк коомчулук үчүн талаштуу, чечилбей келген маселе болуп саналган.
1948-жылдын 14-майында Израил өз көзкарандысыздыгын жарыялаган. Палестин мамлекетин түзүү аракети ар кандай себептерден улам ийгиликсиз болуп келген.
Лэмми белгилегендей, саясатчылар "эки эл үчүн эки мамлекет" деген сөздү колдонууну адат кылып алышкан.
Бул ураан Израилдин жанында - Батыш жээкте, Чыгыш Иерусалим жана Газа тилкесин камтыган Палестина мамлекетин түзүү ниетин билдирет. Аталган аймактар 1967-жылдагы араб-израил согушуна чейин Палестинанын аймагы катары эсептелчү.
Бирок эл аралык коомчулуктун бул багыттагы аракеттери жакшы жыйынтык бербейт келет. Израилдин Батыш жээктин чоң бөлүгүн эл аралык укукка каршы колониялаштыруусу бул идеяны бош жана ишке ашпас ураанга айлантып койду.
Кимдер Палестинаны мамлекет катары тааныды?
Учурда БУУга мүчө 193 өлкөнүн ичинен 147си Палестинаны мамлекет катары тааныган.
БУУнун курамында Палестина "туруктуу байкоочу мамлекет" макамына ээ. Бул макам ага уюмдун иштерине катышууга мүмкүнчүлүк берет, бирок чечим кабыл алууда добуш берүүгө укугу жок.
Эгерде жакын арада Франция Палестинаны мамлекет катары расмий тааный турган болсо жана Улуу Британия да бул чечимге кошулса, анда Палестина БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн төртөөнүн колдоосуна ээ болот (Кытай менен Орусия эбак эле тааныган).
Мындай учурда, Израилдин эң маанилүү өнөктөшү болгон АКШ Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн арасынан Палестинаны мамлекет катары тааныбаган жалгыз өлкө болуп калат.
АКШ 1990-жылдардын ортосунда Махмуд Аббас жетектеген Палестина администрациясын тааныган, бирок аны толук кандуу мамлекет катары эч качан эсептеген эмес.
АКШнын бир нече президенти араб-израил жаңжалын чечүү жолдорунун бири катары Палестинанын эгемен мамлекет болушун колдогон. Бирок Дональд Трамп алардын катарына кирбейт. Ал президент болуп келген эки мөөнөттө тең АКШнын тышкы саясаты толугу менен Израилди колдоого багытталган.
Израилдин эң жакын жана таасирдүү өнөктөшү болгон АКШсыз "эки элге — эки мамлекет" идеясын ишке ашыруучу тынчтык жараянын элестетүү кыйын.
Эмне үчүн Британия Палестина мамлекетин азыр таанууну чечти?
Буга чейин британ өкмөттөрү Палестинаны мамлекет катары таануу маселесин тынчтык жараянынын алкагында, мүмкүн болсо Батыштагы өнөктөштөр менен бирге жана чечүүчү учур келгенде гана карап чыгуу керек деп келген.
Британ өкмөтү Палестинаны жөн эле символикалуу түрдө таануу туура эмес деп эсептейт. Андай чечим негизги талапты канааттандырышы мүмкүнмүмкүн, бирок жагдайдын реалдуулугуна эч кандай таасир тийгизбейт деп эсептеген. Бирок соңку окуялар өкмөттү башкача чечим кабыл алууга мажбурлады.
Газа тилкесиндеги ачарчылык, Израилдин аскердик кампаниясына карата нааразычылыктын күчөшү жана Британиядагы коомдук пикирдин олуттуу өзгөрүшү өкмөттүн позициясына түз таасир тийгизди. Парламент жана айрым министрлер катуу талап кое баштады.
Өткөн аптада Төмөнкү палатадагы талкууда тышкы иштер министри Лэммиге көпчүлүк депутаттар "Эмне үчүн Британия Палестинаны алиге чейин тааныбай келет?" деген суроону жаадырды.
Саламаттыкты сактоо министри Уэс Стритинг көптөгөн депутаттардын оюн жыйынтыктап, "Палестина сакталып турганда" өкмөттү аны мамлекет катары таанууга чакырды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Британия жөн гана Франциянын президенти Эммануэль Макрондон, Ирландия, Испания жана Норвегиянын өкмөтүнөн үлгү алып жаткан жок.
Британиянын премьер-министри так шарт койду: эгер Израил өкмөтү Газа секторундагы кан төгүүнү токтотуу үчүн чечкиндүү кадамдарга барбаса, ок атышууну токтотпосо жана Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги аймактарды аннекциялоодон баш тартпаса Британия Палестина мамлекетин тааныйт.
Мындан тышкары, Израил эки көз карандысыз мамлекетти түзүү принцибине кайтууга макул болушу керек.
Даунинг Стрит жакынкы бир жарым айда Нетаньяху мындай чечимге барат деп ойлобойт. Ал бир нече жолу Палестина мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган. Демек, Британия шарттарды эске алуу менен Палестина мамлекетин тааныйт.
Нетаньяхунун каршылыгына карабастан, Стармер бул чыныгы бурулуш болот деп үмүттөнөт.
Бирок 2025-жылдагы Улуу Британия Балфур декларациясына кол коюлган 1917-жылдагы Улуу Британия эмес. Анын башка мамлекеттердин чечимдерине таасир этүү мүмкүнчүлүгү XX кылымдын башына караганда алда канча чектелген. Учурда Палестина мамлекетин таануу кандай кесепет алып келе турганын айтуу кыйын.











