Июнь коогалаңына 12 жыл: кандуу жаңжал калтырган кара так...
Элдияр Бакиров, Би-Би-Си Бишкек

Сүрөттүн булагы, social
Майдын аягында Башкы прокуратура Кыргызстандын түштүгүндө 12 жыл мурун болгон этникалык кагылышуу боюнча Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып такканы белгилүү болду. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов.
Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев 1-июнда башкы көзөмөл органдын токтомун жарыялады. Анда: “Алмазбек Атамбаев жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аракетсиздиген улам, сепаратист Кадыржан Батыров жана анын тарапташтарынын кылмыштуу арам ойлорун ишке ашырууга багытталган аракеттери” Ош жана Жалал-Абаддагы кагылышууларга жол ачкан деп жазылган.

Сүрөттүн булагы, sergei slesarev
“Июнь коогалаңы” боюнча тергөө өткөн жылдын апрель айында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жанданган.
2010-жылдын 10-14-июнь күндөрү Ош жана Жалал-Абадда кыргыз жана өзбек тектүү жарандардын ортосунда жаңжал чыккан. Эки шаарда тең өзгөчө абал менен комменданттык саат киргизилген эле.
Териштирүү маалында жаңжал 11-июнга караган түнү Оштун борбордук бөлүгүндөгү “Алай” мейманканасынын алдында кыргыз жана өзбек улутундагы балдардын ортосунда чыккан уруштан улам башталганы такталган. Балдардын урушу адам өлүмү жана талкалоо менен коштолгон төрт күндүк этникалык кагылышка айланган.
Кыргыз бийлиги “июнь коогалаңы” деген атка конгон трагедияда 446 киши набыт болуп, миңден ашууну жаран жарадар болгон деп билдирген. Мындан сырткары, 3 819 объект өрттөнүп же талкаланганын, материалдык зыяндын өлчөмү 4,21 млрд сомду түзгөнүн жарыялаган.
Ал эми “июнь коогалаңын” иликтеген Эл аралык көз карандысыз комиссия кагылышууда 470 киши мерт кетип, эки миңден ашууну жарадар болгонун билдирген. Ошондой эле маркумдардын үчтөн эки бөлүгү октон каза тапканы аныкталган.

Сүрөттүн булагы, igor kovalenko
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кильюнен Би-Би-Синин орус кызматына курган маегинде, Кыргызстандын түштүгүндө болгон этникалык кагылышууну “геноцид” же “аскердик кылмыштар” деп атоого болбойт турганын, бирок бул “адамгерчиликке каршы кылмыштар” экенин айткан.
“Бизде 11-13-июндарда өзбек махалляларга жасалган чабуулдар адамгерчиликке каршы кылмыштар экенин күбөлөгөн далилдер бар. Алар кеңири таратылган, системалуу түрдө болгон жана жай тургундарга каршы багытталган”, - деген Кильюнен.
Кыргызстандын өкмөтү эл аралык комиссиянын тыянактарын кескин сындап, докладды “бир тараптуу” деп атаган. Ошол убактагы өкмөт комиссия “бир этникалык топтун курмандыктарына көңүл бурбай, алардын жасаган аракеттерин көбүрөөк эске алып, ошол эле учурда башка топту жабырлануучу жана коргоосуз кылып көрсөткөн” деген. Ошондой эле кыргыз бийлиги каза болгондордун жана жабыркагандардын сандык көрсөткүчтөрү “жаңжалдын маңызын ача албайт жана аны изилдөө үчүн башка ыкмалар керек” деп билдирген.
Көп өтпөй Жогорку Кеңеш Киммо Кильюненге Кыргызстанга кирүүгө тыюу салган.
Кылмыш иштер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, “июнь окуяларына” байланыштуу жалпы 5 642 кылмыш иши козголгон. Күч органдары кылмыш иштерин көбүнчөсү “киши өлтүрүү”, “уурдоо”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” жана “автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу” беренелери менен козгогон.
Аталган кылмыштардын 360нын гана бети ачылган жана жалпысынан 511 кишиге айып тагылган - алардын 224үнө айыптөө өкүмдөрү чыккан. Дагы 28 шектүүнүн иши кыскартылган, ал эми эки кылмыш ишинин алкагында эки адамга медициналык мажбурлоо чаралары колдонулганы айтылат.
Күч органдары 3919 кылмыш ишинин тергөөсүн убактылуу, ошондой эле 13 ишти биротоло токтотушкан.

Сүрөттүн булагы, social
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, кылмышка шектүүлөрдүн көпчүлүгү чет өлкөгө чыгып кеткендиктен иштердин басымдуу бөлүгү тергелбей калган. Азыркы учурда жүздөн ашуун адам издөөдө жүрөт, мындан сырткары этникалык кагылыштарды уюштурууга шектелген 37 киши эл аралык издөөдө.
Абдыганы Эркебаев жетектеген Улуттук комиссия кандуу “июнь окуяларына” экс-депутат жана өзбек диаспорасынын лидерлеринин бири Кадыржан Батыров баштаган “сепаратисттик күчтөр, бозгун президент Курманбек Бакиевдин тарапташтары, сырткы күчтөр жана уюшкан кылмыштуу топтор күнөөлүү” деп аныктаган.

Сүрөттүн булагы, social
Бакиев үй-бүлөсү менен 2010-жылы Апрель революциясынан кийин, ал эми Батыров майдын аягында өлкөдөн чыгып кетишкен - кыргыз бийлиги экөөнү тең сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан.
“Улуттар аралык кастыкты козутууга” айыпталган Батыров Би-Би-Синин өзбек кызматына курган маегинде соттун чечимин “мыйзамсыз” деп атаган. Ал 2018-жылдын декабрь айында Украинанын Одесса шаарында дүйнө салган.
Дагы бир чуулуу кылмыш иштердин бири жалал-абаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров менен байланыштуу болгон. Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду “массалык башаламандыктарды уюштурууга” жана “милиция кызматкерин өлтүрүүгө” күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аскаров ага тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш иштери “милиция жана прокуратуранын өчү” деп атаган, анткени ал укук коргоочу катары күч органдары менен тирешип жүргөнүн айткан. Аскаровдун иши бир гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө да катуу сынга кабылган. Укук коргоо уюмдары, жадагалса Бириккен Улуттар Уюму Аскаров кыйноолорго кабылганын жана анын соту акыйкат болгон эмес деген тыянакка келген.
Ошол эле учурда Аскаровко байланыштуу маселе көтөрүлгөн сайын коомчулук арасында да нааразылыктар айтылып, аны актоого каршылык болуп келаткан. 2016-жылы Жогорку Сот БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин корутундусунун негизинде Аскаровдун ишин кайра кароону чечкен, ал эми ошол кездеги өлкө башчы Алмазбек Атамбаев күмөн санап жаткан чет өлкөлүк эксперттерди соттук отурумга чакырган.
Натыйжада Жогорку Сот укук коргоочунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Азимжан Аскаров 2020-жылдын июль айында пневмониядан каза болду.
Мезгил менен жокко чыгарылган фейктер
Этникалык кагылышуу башталгандан тарта эки тараптын ортосунда көптөгөн фейк-маалыматтар тарап, жаңжалдын күчөшүнө алып келген. Бирок убакыт өткөндөн кийин бул маалыматтар жалган болуп чыкты.
Негизги фейктердин бири: 11-июнга караган түндө “Алай” мейманканасынын маңдайындагы Ош МУнун жатаканасына “өзбектердин тобу бир нече студенттерди өлтүрүп, кыргыз кызды зордуктап койгон” деген айың кеп тараган. Бул бир нече кишинин “Алай” мейманканасынын алдына чогулуп, катуу нааразылыгын билдирүүгө себеп болгон.
Бул такталбаган маалыматтын бирдиктүү версиясы болгон эмес. Биринчисинде “бир кыз зордукталганы” айтылса, экинчисинде 8 кыз зордукталып, өлтүрүлгөнү айтылган. Кээ бир каңшаар кептерде жабыркаган кыздардын саны 37 же 300 деп сөз болгону айрым баяндамаларга камтылган.
“Мемориал” укук коргоочу уюмунун докладында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров жатаканада зордуктоого шектелген үч киши кармалганын билдиргени айтылган. Бирок кийинчерээк Бекназаров зордуктоолор болбогонун, бул “кыргыздар Ошко ыкчам келүүсү үчүн айтылганын” билдирген.
Башкы прокурордун мурунку орун басары Рыскул Бактыбаев жана “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова да жатакананын алдында зордуктоолор болгон эместигин билдиришкен. Бактыбаев чыр чыкканда бир студент каза болгонун тастыктаган, бирок ал Пакистандын жараны болгон. Ал эми жатаканадагы бардык студенттер Ош облустук администрациясынын алдындагы коопсуз жайга көчүрүлгөн.
“Кылым шамы” бул ушак кийинчерээк “өч алуу зордуктоолорго алып келгенин” кабарлаган. Аталган уюм өлкөнүн түштүгүндө 15тен 60ка чейин зордуктоо фактысын каттаган.
Мындан сырткары, “Мемориал” уюму Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун “жаңжал болгон түнү 40ка чукул киши каза таап, анын көбү кыргыздар болгон” деген билдирүүсүн четке каккан. Маалыматка ылайык, 11-июнда эртең менен Оштун ооруканаларында ондой кишинин өлүмү катталган, алардын көбүнчөсү өзбек улутунда болгон. Улуттук комиссия да, Эл аралык комиссия да өздөрү жүргүзгөн изилдөөлөргө таянып, этникалык кагылышта каза болгондордун 70 пайыздан ашууну өзбек тектүү болушкан деген бүтүмгө келген.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:









