Июнь окуясы: Садыр Жапаров Башкы прокуратурада суракта болду
Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча күбө катарында суракка кирип чыкты.

Сүрөттүн булагы, Prokuror.kg
Башкы прокуратура 2010-жылы июнь айында өлкө түштүгүндө болгон улут аралык кагылышуулар боюнча кылмыш иштерин кайра козгоп, ошол убактагы мамлекеттик бийликте турган адамдардын жоопкерчилигин карап жатат. “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында биринчи кезекте ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иштеринин мыйзамдуулугу каралууда.
2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад аймактарында болгон тополоң учурунда 400дөн ашуун киши каза таап, миңдегени жаракат алган. Ондогон кишилер дайынсыз жоголгон.
Турак-жайлар, мекемелер өрттөлгөн эле. Окуяга катыштыгы болгон кишилерди жазага тартуу аракеттери жети-сегиз жыл бою уланып, жүздөгөн сот иштери өттү.

Мындан мурда Башкы прокуратурага суракка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да келип кетти.
Ал сурактан чыккандан кийин көп жыл мурда болгон кандуу окуяга күнөөкөр катары Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн атады:
"Алар түштүктө өз таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү жикчилдерди (сепаратисттерди) колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангысы келип, мындан улам улуттар аралык кагылышуу келип чыккан".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Айтмакчы, Камчыбек Ташиев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени 2012-жылы парламенттеги оппозициялык фракциянын башчысы болуп турганда көтөргөн эле.
Атамбаевдин убагында Башкы прокуратураны башкарган Аида Салянова июнь окуялары боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан, алардын эч кимиси жоопко тартылган эместигин билдирген.
Оштогу кандуу тополоңду уюштурду деп айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган өзбек диаспорасынын жетекчилеринин бири Кадыржан Батыров Швециядан баш паанек таап, ошол жакта 2018-жылы каза болду.
Кадыржан Батыров акыркы жолу Би-Би-Сиге Швециядан байланышып, өзүнө коюлган күнөөлөрдү баарын четке каккан.
Иномжан Абдрасулов жана башкалардын көбүнүн дайыны жок.
Кандуу коогалаңды уюштургандар кармалбай жана жоопко тартылбай жаткандыгын жабыр тарткан тараптар козгоп жатат деген билдирүүлөр болуп келатат.
Башкы прокуратура июнь окуясына тиешеси бар кызмат адамдарынан 15 киши суракка чакырылганын кабарлады. Анын ичинде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков бар. Алардан сырткары тизмеде Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов, Жалал-Абад областынын мурдагы администрация башчысы Бектур Асанов, баардыгы он беш киши сурак берүүдө.
2010-жылы болгон кандуу окуялар боюнча козголгон кылмыш иштери кайра карала турганы Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин эле айтылган болчу.
Ошондой эле 2018-жылы бийликте Сооронбай Жээнбеков турганда дагы бул маселе козголгон.
Ошол кандуу окуялардан кийин сыртка чыгып кеткен кыргызстандык айрым өзбек тектүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер президентке кайрылуу жолдошкон. Анда Ош окуясын калыс тергөө үчүн аны эл аралык уюмдардын катышуусунда жүргүзүү сунушталган.
Би-Би-Си ошондо 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон коогалаңдын себептерин жана кесепеттерин иликтөө боюнча түзүлгөн улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевди сөзгө тартып, бул коогалаңды эл аралык уюмдардын катышуусу менен кайра иликтөө өткөрүүгө негиз барбы деп сураган эле.
"Ар кимдин кайрылууга укугу бар, бул ал тургай Баш мыйзам тарабынан да кепилденген. Бирок ал канчалык жөндүү жана негиздүү бул өзүнчө суроо. Эми Ош окуялары боюнча канчалаган комиссия түзүлбөдү. Мына мен жетектеген улуттук комиссияга өлкө боюнча эн кадыр-барктуу адамдар: окумуштуу, эксперттер кирди эле. Алардын ичинде ар кайсы улут өкүлдөрү да болгон. Өзбек туугандардан Бактияр Фаттахов, Базар-Коргондон мыкты өзбек врач кирген, ЖКнын мурунку депутаты Бөрүбай Жураев жана башкалар. Ош окуясын кийин парламенттик комиссия да иликтеди. Анан Киммо Кильюнен башында турган эл аралык комиссия да изилдеди. Ал комиссияныны жыйынтыгын мен айрым депутаттардай болуп такыр эле терс кабыл алган жокмун. Ал корутундунун туура да жерлери бар. Ош окуяларында адамгерчиликке жатпаган айрым окуялар болгон дегенин мен деле туура көрөм. Биз өтө улутчул болбостон жалпы адамзаттык маданияттык укукту сыйлаш билишибиз керек. Алар деле изилдеп көрүп, эч кандай геноцид, аскердик кылмыштар болгон жок дешти. Адамгерчиликке байланыштуу иштер болгонун биз деле танбайбыз да. Биздин өзүбүздүн деле комиссия ошондой мисалдарды келтиргенбиз. Эми кайрадан эле эл аралык иликтөө болсун дегенди мен туура көрбөйм",-деген Абдыганы Эркебаев. (KC)











