BBC

BBC navigation

Ош окуясы боюнча издөөдө жүргөн адам кармалды

Соңку жаңыланышы: 26-октябрь, 2012 - 04:45 GMT

Июнь окуясы Ошто 2010-жылы 10-июндун кечинде тутанган. Расмий маалыматтар боюнча бул кандуу окуялардан төрт жүздөй адам каза таап, эки миңдей киши жаракат алган, миңдеген турак-жайлар талкаланып, өрттөлгөн.

Кыргызстандын Ош шаарында мындан эки жыл мурунку июнь коогалаңына активдүү катышкан, бийлик өкүлдөрүнө күч колдонгон, кылмыштуу топтун мүчөсү болгон деп изделген адам кармалганын шаардык милиция кабарлоодо.

Милиция маалыматы боюнча Ош шаары боюнча июнь окуясына тиешелүү 52 адамга издөө жарыяланып, алардын алардын 20дан ашууну кармалганы айтылып келатат. Бирок кармалгандардын дээрлик баарысы Орусияда кармалып, экстрадиция маселеси чечиле элек.

2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абатта болгон коогалаңдарга байланыштуу 6 миңге чукул кылмыш иши ачылып, алардын 10%га жакыны гана аягына чыккан. Жалпысы болуп 600гө жакын адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 400дөн ашуун адам эркинен ажыратылган. Бул өз учурунда коомчулукта сын-пикирлерди жаратып, коогалаңдардан жабыр тарткандар жана жакындарынан айрылгандар тарабынан окуяны уюштургандар жана окуялар учурунда кылмыш аракеттерге баргандар жазалансын деген талаптар бийликке айтылып келатат.

Июнь окуясы Ошто 2010-жылы 10-июндун кечинде тутанган. Расмий маалыматтар боюнча бул кандуу окуялардан төрт жүздөй адам каза таап, эки миңдей киши жаракат алган, миңдеген турак-жайлар талкаланып, өрттөлгөн.

Бул окуялар боюнча бир катар тергөө жана сот иштери болду. Башкы прокуратура он миңден ашык кылмышты каттаган, кийин аларды үч жарым миңден ашуун ишке бириктирген. Анын ичинде көп кылмыштардын бети ачыла электиги коомчулуктун нааразылыгын жаратып келүүдө.

Ондогон адамдарга издөө жарыяланган, айыпкерлердин көбү качып жүргөндүктөн, кылмыш иштери токтоп турат. 94 адам мамлекет аралык издөөдө, он үчү эл аралык издөөдө.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.

]]>