2010-жылдагы коогалаң боюнча Кадыржан Батыров өмүр бою эркинен ажыратылды

Айыпталгандардын баары 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айыпталгандардын баары 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Оштогу кабарчысы

Ош шаардык соту Кадыржан Батыровду, Иномжан Абдурасуловду 2010-жылдагы май, июнь айларындагы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуяларды уюштурган жана козуткан деп айыптап, өмүр бою эркинен ажыратты. Ушундай эле айыптоолор тагылган Карамат Абдуллаева 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы маалымат таратты.

Айыпталгандардын баары 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Буга чейин Жалал-Абад областтык соту, Жалал-Абад шаардык соту Кадыржан Батыровго улут аралык чыр-чатактарды уюштурганы үчүн күнөөлүү деп таап, аны өмүр бою эркинен ажыратуу жана мал-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган эле.

Кадыржан Батыров менен кошо мурдагы парламент мүчөсү Иномжан Абдрасулов дагы ушундай өкүм менен соттолгон, ошондой эле дагы төрт киши ар кандай мөөнөткө кесилген.

Кадыржан Батыров менен Ином Абдрасулов өздөрү тергөө жана сот иштерине катышкан эмес, алар эки жыл мурда тополоң окуядан кийин эле өлкөдөн качып чыгып кетишкен. Кадырдан Батыров акыркы жолу Би-Би-Сиге Швециядан байланышка чыгып, өзүнө карата чыккан сот чечимдеринин баарын тааныбай четке каккан эле. Андан кийин да Батыров интернет аркылуу интервьюларды берип, бул окуяларда күнөөсү жок экенин айтып келатат.

2010-жылдын июнь айында болуп өткөн каргашалуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн Улуттук комиссиянын корутундусунда:

“2010-жылдын 7-апрелинен кийин түзүлгөн баш аламан абалдан пайдалануу менен К.Батыров улуттук ураанга жамынып, өзбек жамаатынын кызыкчылыгын коргоочу баатыр болуп чыга келген. Ушундай максаты менен ал республика түштүгүнүн өзбек калкы жыш жашаган бардык райондорун кыдырып, ал жактагы өкүлдөрдү өзүнүн университетинин жанына чакырып, үгүт митингин өткөрүп турган. Өзүнүн сөздөрүндө К.Батыров өзбек элин кыргыздарга каршы тукуруп, кайраштырган. Ал бул учурду өзбектер 20 жыл бою күтүшкөн деп 1990-жылды эске салган чагымчылык сөздөрдү айткан. Ага идеялаштары, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары И.Абдрасулов, Ж.Салахитдинов жана Ош шаарынын аялдар коомчулугунун президенти К.Абдуллаева активдүү жардам беришкен”, - деп айтылган.

Бирок бул айыптоолорду баарын Батыров четке кагып келатат. 2010-жылдын июнь айында Ош менен Жалал-Абаддагы коогалаңда 400дөн ашык адам набыт болуп, миңдеген турак-жайлар, имараттар кыйраган.