Июнь жаңжалынын таржымалы

- Author, Ибраим Нуракун уулу
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери
2010-жылдын 10-11-июнунда Кыргызстандын Ош жана Жалал Абад аймактарында тутанган улуттар аралык кагылышуулардан расмий маалыматтар боюнча 400дөн ашуун киши көз жумуп, эки миңге жакыны жарат алган, ондогондор дайынсыз жоголгон.
Ош шаарынын дээрлик үчтөн бири өрткө чулганган. Жалал Абад аймагында да үйлөр, мекемелер өрттөнгөн. Мындан бир жыл мурда болуп өткөн окуяга жана кызгыз-өзбек коомчулугунун кайра куруу, жарашуу аракеттерине сереп.
Коогалаң кантип башталды?
Коопсуздук органдарынын маалыматы боюнча 10-июндун түнүндө Ош калаасынын чок ортосундагы Алай мейманканасынын жанынадагы казинодо кечки саат ондордо өзбек жана кыргыз жаштарынын ортосунда чыр чыккан. Арадан жарым саат өткөндө бир жарым миңден үч миңге чейин өзбек тургундары чогулуп, көбү колдоруна таш, таяк жана арматураларды көтөрүп алып, башаламандык күч алган.
Аларды тосууга келген аз сандагы милиция кызматкерлерине таштар ыргыган. Ал ортодо коңшу кварталда кыргыз улутундагы тургундардын саны дагы өсө баштаган. Түн ичинде студент кыздар жашаган жатаканага өзбек кишилер тарабынан кол салуу болуп, зордукталган деген уу-дуу кептер тараганда, жаңжал ансайын күчөп кеткен.
Бирок, улуттар аралык кагылышууга түрткү болгон факторлор тууралуу пикирлер бирдей эмес. Көз карандысыз эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килльюнен: “Мурдагы президент К.Бакиевдин режимин кулатууга алып келген 7-апрель окуясынан кийин убактылуу бийлик өлкөдөгү коопсуздукту көзөмөлгө ала алган эмес. Андыктан июнь окуясы апрелде эле башталган”, - деп эсептейт.
Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматы мурдагы президенттин айланасындагы кишилер жана күчтөр каржылаган, уюштурган чагым катары түшүндүргөн.
Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму Кыргызстандын күч органдарын катуу сынга алып, окуяны айрым өзбек лидерлери баштап, кыргыз тургундары тарабынан катуу жооп болгон деп мүнөздөгөн.
Окуянын чыгышына коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев төрагалык кылган улуттук комиссия дагы баа берип, ошол учурдагы утурумдук өкмөттү айыптаган. “Кандай гана бийлик болбосун, атуулдардын тынчтыгын сактоого милдеттүү болчу”, - деген ал.
“Видео-аудио жазуулар, сүрөттөр, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, документ түрүндөгү далилдер жаңжал бирөөлөр тарабынан атайын уюштурулганын көрсөткөн”, - деп кошумчалаган Эркебаев.
Июнь окуяларына андан тышкары да бир катар коомдук уюмдар, анын ичинде Кыргызстандын Акыйкатчы институту иликтөө жүргүзүп, ар түрдүү бааларын беришкен.
Зыяндар чоң
Июнь окуяларында набыт болгон кишилердин саны жөнүндө башында ар түрдүү маалыматтар айтылган. Расмий маалыматтар менен божомолдонгон сандар дээрлик он эсеге айырмаланып турган. Бир жыл өткөндөн кийин көз жумгандар саны 470 экени ырасталууда. Көпчүлүгү эркек кишилер. Арасында аялдар жана балдар дагы бар.
Отуздан ашуун киши азырга чейин дайынсыз жок. Ар түрдүү жарат алып, мецидина жардамына кайрылгандардын саны эки миңге жакындаган. Ош жана Жалал Абадда бардыгы болуп бир жарым миңден ашуун үйлөр, мекемелер жана дүкөндөр өрттөнгөн. Алдын ала божомолдор боюнча акчалай чыгымдар миллиарддап саналышы ыктымал.
Улуттар аралык жарашуу
2010-жылдын жайкы окуяларынан кийин Карасуу, Ош шаары, Өзгөн калаасы, Жалал Абад шаарында кыргыз жана өзбек коомчулугунун өкүлдөрү жарашуу өнөктүгүн баштаган. Эки тарап тең бири-бирин кечиримдүүлүк, чыдамдуулук менен мамиле кылууга үндөшкөн.
Жарашууга көптөгөн себептер бар экени айтылган. Алардын негизгилери кыргыз-өзбек коомчулугунун бир динде болгону, кыз алышып, кыз беришип куда-сөөк мамиле түзгөнү, эң башкысы, кагылышуулар учурунда өзбек тургундар кыргыз коңшуларын, кыргыз тургундар өзбек коңшуларын куткарып, кол салуулардан коргоп калган фактылары болгон.
Бири-бирин куткарган кыргыз-өзбектер
Кагылышуулар учурунда өзбектер кыргыздарды же кыргыздар өзбектерди аман алып калган, же үйүн сактап калган учурларды жергиликтүүлөр жөн гана достук катары баалашат. Сырттан келген байкоочулар болсо, каармандык деп эсептешет.
Фуркат районунда жашаган Айбек кагылышуулар башталган күнү көчөдөгү өзбек досторунун үйлөрүн коргоп жүргөн.
Өзбектер жыш жашаган кварталдарда кыргыз үй-бүлөлөрдү сактап калгандар дагы болуптур. Алардын бири - өзбек аксакалынын каармандыгы жөнүндө көчөлөш коңшусу Абдыкалык Абдыбаситов укканын айтты.
“Ушул көчөдө Мамыржан деген өзбек аксакал жашайт. Ошол бир кыргыз жигитти көп киши чогулуп алып өлтүргөнү жатышканда сактап калды деп уктум”, - деди ал.
Дагы бир окуяда Заапар Сейтакунова деген аял коогалаңдан качып жүрүп, өзбек үй-бүлөсү менен түн өткөргөнүн эстеп айтып берди:
“Биз жашырынган кыргыз бүлө бир өзбек үй-бүлөнү – баары болуп үч кишини катып коюшуптур. Чогуу бир үйдө түнөгөнбүз”, - дейт Заапар.
Кайра куруу
Кыргыз бийликтери Ош жана Жалал Абаддагы кыйроолорду кыйрадан калыбына келтирүү үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзгөн. Эл аралык коомчулук кайра курууга бир миллард доллардан ашуун жардам убада кылган. Ош жана Жалал Абадда алгачкы көп кабаттуу үйлөр өткөн жылдын соңунда курулуп бүткөн. Кыргыз өкмөтү андан тышкары жабыр тарткан жана жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө бир миллион сомдон акчалай жардам көрсөтөөрүн билдирүүдө.
Маалымат таңсыктыгы
Өткөн жылдагы улуттук кагылышуулар кайталанышы ыктымал, же болбосо, өч алыш керек деген сыяктуу чакырыктар ар түрдүү интернет сайттарда жана мобилдик телефондор аркылуу тарап кетиши ыктымал деген коркунучтар азыркыга чеийн бар.
Байкоочулар мунун бардыгы аймактагы маалымат таңсыктыгы менен байланыштуу экенин айтышууда. ОБСЕ сыяктуу эл аралык уюмдар жергиликтүүлөргө туура жана такталган маалыматтарды жеткирүү боюнча кабарчыларга окууларды өткөргөн.
Ош жана Жалал Абад аймактарынын бийликтери июнь окуясынын бир жылдыгына саналуу күндөр калганда, кыргыз жана өзбук тургундарын ар түрдүү маалымат чагымынан сак болууга чакырган.









