БУУ: Азимжан Аскаров абактан бошотулушу керек

- Author, Руфат Эргешов
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
“Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылы өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Кече БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровго карата чыккан сот өкүмү туура эмес болгонун, аны тез арада бошотуу керектигин айтып чыккан эле. Бул чакырыкка кыргыз бийлиги кандай реакция кылат?
“Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын кайрылуусуна БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаров боюнча жарыялаган билдирүүсү себеп болгон. Бул билдирүүдө Аскаровго карата чыккан сот өкүмү туура эмес болгону, ал мыйзамсыз кармалып, кыйноого кабылганы айтылат.
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова кыргыз бийлиги Аскаровду бошотуп, ага материалдык жана моралдык компенсация төлөп бериши керек деп эсептейт:
“Президентке кайрылып, Аскаровду тезинен абактан чыгаруу керектигин айтып жатабыз. Эгерде кандайдыр бир жетишпеген документтер керек болсо, же кандайдыр бир экспертиза жасалышы керек болсо биз жардам берүүгө даярбыз. Ал күнөөсүз кармалып жатат”.
Азимжан Аскаров ак жеринен беш жылдан ашык убакыттан бери кармалып отурат деген дагы бир укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, Аскаров БУУнун Адам укугу боюнча комитетине жекече даттануусу менен кайрылган учурда, комитеттин жыйырмага жакын көз карандысыз эксперттери Кыргызстан эл аралык конвенциянын эрежелерин бузган деп чечим чыгарышкан. Бул чечим кече жарыяланды.
“Аскаровдун иши боюнча буга чейин ондогон эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар кыргыз бийлигине кайрылышкан. Бирок алардын баары юридикалык күчкө ээ эмес болчу. Ал эми БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечими юридикалык күчкө ээ, бийлик аны аткарууга милдеттүү”, - дейт Азиза Абдирасулова.
Комитеттин Аскаров боюнча жарыялаган чечими азырынча Кыргызстандын Башкы прокуратурасына келе элек. Алар расмий кат алган учурда жооп беребиз деп жатышат.

"Аскаров саясий фигурага айланган"
Аскаровдун маселесине адам укугун коргогон эл аралык уюмдар тыгыз көңүл буруп, анын соту акыйкат болгон эмес деп келишет. 2010-жылдагы кандуу окуялар жаңы эле аяктап, элдин ызаасы кайнап турган абалда сот адвокаттарды, күбөлөрдү коркутуулар менен коштолуп өткөн дешет алар.
Азыр болсо бул иш “саясий футболго” айланды дегендер бар. Айрым укук коргоочулар жаңы чакырыкты саясий чечим деп баалап, Азимжан Аскаровдун иши кайрадан сотто каралат дегенге ишенишпей турушат. Ал эми бийлик бул чакырыкка кандай реакция жасашы мүмкүн?
"Бул саясий чечим. Өлкө жетекчилери кандай чечим кабыл алаары белгисиз. Менин оюмча, Аскаровдун маселеси ал аркылуу кыргыз бийлигине таасир көрсөтүү куралына айланып калгандай сезилет. Ошондуктан бул маселе өтө көп кырдуу, татаал жана назик маселе», - дейт Акыйкатчы Кубат Оторбаев.
2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда милиция кызматкерин өлтүрүүгө катыштыгы болгон жана массалык баш аламандык уюштурууга катышкан деген айыптар менен Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган эле. Ал азыркыга чейин өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып келет.
Аскаровдун иши бир гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө да катуу сынга кабылган. Ошол эле учурда Аскаровко байланыштуу маселе көтөрүлгөн сайын коомчулук арасында да нааразылыктар айтылып, аны актоого каршылык билдиргендер бар. Мындай абалда ишти кайра тергөөгө алып, милиция кызматкеринин өлүмү боюнча күнөлүү кишилерди табыш керек дешет укук коргоочулар.








