Укук коргоочулар Аскаров боюнча кайрылды

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровду ден соолугуна байланыштуу эркиндикке чыгаруу зарыл деген кайрылуу менен чыкты.
2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда милиция кызматкерин өлтүрүүгө катыштыгы болгон жана массалык баш аламандык уюштурууга катышкан деген айыптар менен Азимжан Аскаров өмүр боюу эркинен ажыратылган эле. Бир катар адам укугун коргоо боюнча иш алып барган эл аралык уюмдар дагы Аскаровко байланыштуу ишти кайра кароону талап кылап келатат.
“Жашы алтымыштан өткөн, өзү абакта олтурса, чыны менен эле ооруп жатат. Жакшылап дарылоо зарыл. Биз чыгарсын деп кайрылып эле келатабыз”,-деди уюмдун адвокаттарынын бири Валерьян Вахитов.
“Акыркы кездерде “Бир дүйнө” уюму абакка дарыгерлерди киргизип дары-дармектен жардам берип жатат. Мен өзүм аны көргөн жокмун. Бирок абакка барып кабар алган уюмдардын, дарыгерлердин, жактоочулардын айтмында Азимжан Аскаровдун абалы күн сайын начарлап ооруп жатат”,-деди “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулов.
Азимжан Аскаров азыркыга чейин өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып келет. Аскаровдун иши бир гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө да катуу сынга кабылган. Ошол эле учурда Аскровко байланыштуу маселе көтөрүлгөн сайын коомчулук арасында да нааразылыктар айтылып, аны актоого каршылык билдиргендер бар. Мындай абалда ишти кайра тергөөгө алып, милиция кызматкеринин өлүмү боюнча күнөлүү кишилерди табыш керек дешет укук коргоочулар.
Бир ай мурун Бириккен улуттар уюмунун баш катчсы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда да бул маселе козголду. Өткөн жылы Кыргызстандын Жогорку соту Азимжан Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо негизсиз деген бүтүмдү күчүндө калтырган эле.
Буга чейинки билдирүү, кайрылуулар боюнча өлкө жетекчилиги соттук териштирүүлөргө кийгилише албайбыз деп жооп берип келатат. Соңку жылдары эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар тарабынан Азимжан Аскаровко байланыштуу ондогон кайрылуулар болгон.





