Азимжан Аскаровдун сөөгү соттук-медициналык экспертиза борборунда

Сүрөттүн булагы, Anadolu Ajensi
Европа Биримдиги Азимжан Аскаров кандай жагдайда каза болгонун тактоого чакырды. Жактоочусунун айтымында, маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертиза борборунда. Жубайы менен адвокаты аны Өзбекстанга алып чыгууга аракет кылып жатат.
Европа Биримдиги Азимжан Аскаров кандай жагдайда каза болгонун, акыркы учурларда кандай шартта кармалганын аныктоо керек деди.
ЕБнын Тышкы байланыштар боюнча кызматы тараткан билдирүүдө:
"Европа Биримдиги 2010-жылдан бери Аскаров мырзанын сотуна көз салып келди. БУУнун Адам укуктары комитетинин 2016-жылдагы бүтүмүнө ылайык, биз бир канча жолу соттук териштирүү боюнча пикирибизди айтып, Аскаров мырзаны бошотууга үндөп келдик. Евробиримдик Кыргызстандын бийлигине анын ден соолугу начарлаганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Гуманитардык баалуулуктарды эске алып, коё берүү чакырыктарына карабай, Аскаров мырза түрмөдө каза болгонуна абдан өкүнүп жатабыз",-деп айтылат.
Аскаровдун сөөгү Соттук-медициналык экспертиза борборунда экенин, денеси изилденгенин адвокаты Валерьян Вахитов билдирди.

Анын айтымында, өмүр бою жазага тартылган чуулгандуу террористтерден сырткары сөөктүү алып кетүүгө мыйзам жол берет.
Маркумдун жубайы Жалал-Абаддан Бишкекке келди. Адвокаты экөө сөөктү Өзбекстанга алып кетүү аракетин көрүп жатышат. Жактоочунун айтымында, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине арыз менен кайрылышты.
"Азимжан Аскаров көзү тирүү кезинде, каза болсо сөөгүн Өзбекстанга коюшту суранган. Бул жашоо менен коштошуп жаткан адамдын керээзи. Бирок бул эки өлкөнүн жок дегенде кайсы бир чиновниктеринин ортосунда чечиле турган маселе. Ал каралып жатат. Мен Өзбекстан тараптан кыйынчылык болот деп ойлоп жатам. Биздикилер эми тоскоол болушпайт чыгаар. Ал Өзбекстанда төрөлгөн, бирок ал жактын жараны эмес болчу. Гумандуулук кылып, эки өлкө бир пикирге келет деп абдан үмүт кылып жатабыз", - деди Вахитов.
Азимжан Аскаровдун ден соолугу начарлаганы тууралуу бир топ убакыттан бери адвокаттары жана укук коргоочулар айтып келатышкан.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов жаз айларында Жазаларды аткаруу кызматына Азимжан Аскаров баш болгон, ооруганы айтылып жаткан жарандарга медициналык жардам берүү тууралуу кат жазышканын айтты. Акыйкатчы институту 16-июлда Аскаровду №47 колонияга которуп, дарылоо тууралуу сунушун берген.
"Биздин кызматкерлер 16-июлда Жаза аткаруу кызматынын медкызматкерлерине Азимжан Аскаровдун ден соолугун караткан. Аны №47 колонияга которуп дарылаш керек дегенбиз. Бирок Аскаров өзү "№47 колониянын шартын билем, мен бул жакка көнүп калдым, дары-дармек алып келип ушул жерден эле дарыласын" деп баш тартты. Бирок биздин кайрылуубуздан кийин №47 колонияга - ооруканага которушкан. Азыр эми медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтөбүз", - деди акыякатчы.
Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров №47 колонияда 25-июлда каза болгону кабарланды. Ал пневмония болуп ооруп жаткан.

Азимжан Аскаров Чүй облусуна караштуу №19 абакта кармалган. Жазаларды аткаруу кызматы азырынча маалымат берилбей турганын билдирди.
Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы "Июнь окуясынан" кийин 16-июнда кармалган. Ал "улуттар аралык кастыкты козутуу", "милиция кызматкеринин өлүмүнө тиешеси бар", "массалык башаламандыкты уюштурууга катышкан" деп айыпталып, ошол жылды сентябрь айында өмүр бою эркинен ажыратылган. Аскаров коюлган күнөөлөрдү мойнуна алган эмес жана аталган кылмыштарга тиешеси жоктугун айтып келген.

Адам укуктарын коргогон бир катар эл аралык уюмдар Аскаровду бошотууга кыргыз бийлигин чакырган. Жогорку Сот 2020-жылы июнда Аскаровдун даттануусун карап, мурдагы инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган. Кесиби боюнча сүрөтчү Азимжан Аскаров өлкөнүн түштүгүндө милициядагы кыйноолорду териштирип, укук коргоочу катары таанылган. Анын балдары Ташкентте жашары айтылууда.









