Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотко кайра жетти

Сүрөттүн булагы, Social media
Жогорку сот "Айт Айт Десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын ишин кароону баштап, кийинки отурумду 3-мартка жылдырды. Мындай чечим материалдардын көлөмү чоң болгондуктан, сот курамы иш менен толук таанышып чыгышы керектиги менен түшүндүрүлдү.
Буга чейин айыпталуучунун жактоочулары ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо өтүнүчү менен Кыргызстандын Жогорку сотуна кайрылышкан.
Алар 2025-жылдын ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобу чыгарган корутундуга таянып, өтүнүч келтирген.
Сот отурумуна Махабат Тажибек кызынын жакындары жана адвокаттарынан тышкары эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү да келди.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын ноябрында БУУнун Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобу журналист Махабат Тажибек кызынын ишине байланыштуу корутундусун чыгарган.
Жумушчу топ ага коюлуп жаткан айыптарды негизсиз деп таап, бул окуя Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жети беренесин, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын алты беренесин бузганын аныктаган.
Кыргызстанды Тажибек кызын бошотууга, ага компенсация төлөөгө жана укуктарын калыбына келтирүү үчүн башка чараларды көрүүгө чакырган.
Ошондой эле аны негизсиз камоо кандай шартта болгону боюнча толук жана көз карандысыз териштирүү жүргүзүп, укуктарын бузган адамдарга карата тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындан сырткары, жумушчу топ Кыргызстанды көз карандысыз медианы куугунтуктоону дароо токтотууга жана Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесин эл аралык адам укуктарынын нормаларына шайкеш келтирүү боюнча шашылыш мыйзамдык реформаларды жүргүзүүгө чакырган.
Ушул корутунду жаңы ачылган жагдай катары көрсөтүлүп, ишти кайра кароо өтүнүчү Жогорку сотко берилген.
Тажибек кызынын жактоочусу Акынбек Ногоевдин айтымында, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде эл аралык орган тарабынан адам укуктарынын бузулганы аныкталса, бул жагдай ишти кайра кароого негиз боло алары көрсөтүлгөн.
"Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу топ 1991-жылдан бери иштеп келет. Ошондон бери бул топ эки ирет гана өз сунушун берген. Анын бири Түштүк Корея, экинчиси Түркиядагы соттун чечимине байланыштуу болгон. Үчүнчү болуп өз корутундусун Кыргызстанга берип жатат. Эгер Кыргызстан алардын корутундусун да четке кагып кое турган болсо, анда кандай болот билбейм. Бул өлкө үчүн олуттуу сигнал",- деди адвокат.
Махабат Тажибек кызы ким жана качан камалган?
Махабат Тажибек кызы 2024-жылдын 16-январында кармалган. Ошол күнү Ички иштер министрлиги Бишкекте эки маалымат каражатынын редакциясында тинтүү жүргүзүп, он бир журналистти кармап кеткен.
Алардын баары Кылмыш-Жаза кодексинин "Массалык тополоңго чакырык, бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбегендик" беренеси боюнча кылмышка шектүү катары айыпталган.
2024-жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live жана "Айт Айт Десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, долбоордун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кийин Жогорку сот да аны колдогон.
Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго пробациялык жаза берилген. Долбоордун дагы бир катар кызматкерлери толугу менен акталган.
35 жаштагы Махабат Тажибек кызы кесиби боюнча юрист. Ал 2008-жылдан бери журналист болуп иштеп, Factcheck.kg, Politmer.kg жана Ediviso платформаларында эмгектенген.
2022-жылы күйөөсү Болот Темиров кармалып, андан кийин Кыргызстандан депортациялангандан соң, Махабат Тажибек кызы Temirov Live медиасынын жетекчилигин колуна алган.
Анда коррупция, мамлекеттик башкаруу, бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги жана коомдук маанидеги башка темалар көтөрүлүп келген.
27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан.
Мындан тышкары бул долбоорлорду түптөгөн журналисттер Болот Темировдун жана Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылган.
Сот чечиминде аты аталган долбоорлордо манипуляциялык мүнөздөгү, бийлик органдарына болгон ишенимди солгундаткан, коомдук коопсуздукту бузууга жана жарандарды нааразылык акцияларына катышууга түрткөн материалдар жарыяланып турганы айтылган.
Бул чечим журналисттик коомчулукта жана эл аралык укук коргоо уюмдарында тынчсызданууну жараткан.
Бийлик өкүлдөрү болсо Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана ал сакталарын байма-бай айтып келет.
"Кыргызстанда сөз эркиндиги да, демократия да бар"
Өткөн апта соңунда президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде өлкөдөгү сөз эркиндиги жана адам укуктары тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда сөз эркиндиги да, демократия да бар жана ал чектелген жок.
"Социалдык тармактагы баракчаларындабы, жалпыга маалымдоо каражаттарында болобу жарандарыбыз каалаганын каалагандай эле айтып жатат. Социалдык маселеби, саясий маселе болобу, өкмөттүн деңгээлиндеги чечим же жеке өзүнүн проблемасы болобу жазып деле, видео тартып деле билдирип келишет. Аларды "кой-ай" деген эч ким жок. Тигил же бул маселеге карата өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип жатышат. Аны баары эле көрүп, окуп, бөлүшүп, зарыл дегендер чагылдырып эле жатпайбы",- деди Жапаров.
Ошол эле учурда ал сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбоого чакырды. Жапаров журналисттер менен блогерлер мыйзам чегинде иш жүргүзсө, эч ким тоскоол болбой турганын кошумчалады.
Президент мыйзамсыз чакырыктарга жол берилбей турганын, айрымдар сөз эркиндигине жамынып алып, "аймактар аралык кастыкты козутуп жатканын" айтып, кайсыл бир маселеге карата нааразылык акция кылам дегендер Бишкектеги Горький сейил багына чыгып, журналисттерди чакырып, кайрылса болорун кошумчалады.
"Мамлекеттик органдардын алдына барбасын, алардын ишине жолтоо болбосун деген эле ой. Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө бар. Биз бир гана нерсени суранып жатабыз. Жалган маалыматтарды таратып бирөөлөрдүн аброюна шек келтирбегиле, далили жок каралабагыла деген эле талап", - деди Жапаров.
Ал Европа мамлекеттеринде жана Америкада да адам укуктары жана маалымат каражаттарына байланыштуу маселелелер бар экенин айтып, "саналуу адамдардын эмес, мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек" деп билдирди.
Дүйнө өлкөлөрүндөгү демократиянын жана эркиндиктин абалына көз салган америкалык "Фридом Хаус" уюмунун рейтингинде Кыргызстан соңку беш жылдан бери "эркин эмес" өлкө катары сыпатталып келет.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун "Пресс эркиндиги" рейтингинде соңку беш жыл ичинде Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 82-орундан 144-орунга түшкөн.
"Салыштырмалуу деңгээлдеги сөз жана басма сөз эркиндиги менен бул өлкө 2022-жылга чейин туруксуз экономикасына жана кеңири жайылган кызматтык коррупцияга карабастан Борбор Азияда өзгөчө орунда турган. Бирок азыр ал (Кыргызстан) маалымат каражаттарына карата күчөгөн басымды баштан кечирүүдө", - деп айтылат "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Кыргызстанга арналган барагында.
Кыргыз бийлиги бул сыяктуу эл аралык уюмдардын рейтингдерин негизсиз деп четке кагып келет.
































