Согуштун жаңы фазасына израилдиктердин реакциясы: коом арасындагы ажырым канчалык терең?

Сүрөттүн булагы, SOPA Images/LightRocket
- Author, Анастасия Успенская
- Role, Би-Би-Си
2023-жылдын 7-октябрындагы окуядан кийин Израил бийлигинин Газа тилкесинде баштаган аскердик операциясын көптөгөн израилдиктер колдогон. Бирок эки жыл өтсө дагы ХАМАСты толук жок кылуу жана барымтадагыларды бошотуу сыяктуу коюлган негизги максаттар алиге чейин ишке аша элек. Бул жумада Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) ошол эле максаттарды көздөгөн "Гидеондун арабалары" деп аталган операциянын жаңы фазасын баштады. Муну Израил коомчулугу кандай кабыл алууда? Өлкөдө ички ажырым тереңдеп жатабы?
ХАМАС тобу толук кыйрабаса дагы, жетишээрлик талкаланды, бирок алардын колунда дагы деле 50 киши барымтада. Израил бийлиги согушка эбегейсиз каражат жумшады. Ошондой эле палестиналык жай тургундардын өлтүрүлүшүнөн улам Израил дүйнөлүк аренада көптөгөн өнөктөштөрүнүн колдоосун жоготту.
Жөөт коомчулугу бийликтин радикалдык топту жок кылуу максатын колдойт, бирок аны ишке ашыруу ыкмасы менен баары эле макул эмес. Коомдун бир бөлүгү барымтага алынгандарды бошотууну талап кылып жатса, экинчи тарап Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бардык чечимдерин "кыңк этпестен" колдоп жаткан учур.
Израил коомундагы ажырым чындыгында канчалык терең жана анын себеби эмнеде?
Израилдиктерге согуш керекпи?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"ХАМАСты толук кыйратуу жана бардык туткундарды бошотуу – бири-бирине тыгыз байланышкан максаттар", – деди Израилдин премьер-министри өткөн аптада айткан билдирүүсүндө.
Ушул айтылгандарда көпчүлүк израилдиктердин көйгөйү катылууда. Согуш жүрүп келатканына эки жылдын жүзү болуп калса дагы өкмөттүн бул сөзүнө көбү ишенбейт.
Ошондон улам коомчулук өкмөттү аскердик операцияны токтото туруп, ХАМАС менен компромисске барып, барымтага алынгандарды бошотуп алууну талап кылууда.
"Биз өзүбүзгө тийиштүү нерсени талап кылып жатабыз — биздин балдарыбызды. Израил өкмөтү адилеттүү согушту маанисиз салгылашууга айлантты",- дейт Матан аттуу туткундун апасы Эйнав Зангаукер.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал дайынсыз жоголгондор жана жакындары туткунда калган үй-бүлөлөр форумунун лидерлеринин бири.
Согушка каршы ири акцияга Барух Модецки дагы катышкан. Би-Би-Си орус кызматына берген маегинде, нааразычылык акцияга ХАМАСты жок кылууга каршы болгону үчүн эмес, согуштун созулушу туткундагы израилдиктердин өмүрүн тобокелге салып, аларды кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүп жаткандыктан келген.
"Мен жөөт элинин жалпы тарыхына токтолбой эле коеюн, ал жакка көз чаптырсак бизде бир күн да тынч болгон эмес. Сиздер израилдиктер жөнүндө сурап жатасыздар. Израилге али 80 жыл да боло элек, бирок согушту башынан өткөрбөгөн бир да муун төрөлгөн жок. Сиз кандай ойлойсуз, биз согушту каалайбызбы же жокпу?" – деди ал.
Коомдогу маанайдын өзгөрүшү 2023-жылдын октябрынан тарта Израил Демократиялык институту (IDI) жүргүзгөн коомдук сурамжылоонун жыйынтыгынан айкын көрүнүп турат.
Андагы маалыматтарга ылайык, ХАМАС Израилге кол салгандан кийинки алгачкы айларда израилдиктердин болгону 17%ы гана туткундарды бошотуу боюнча согушкерлер менен келишимди колдошкон. Арадан бир жыл өткөндө (2024-жылдын октябры) бул көрсөткүч 53%га жеткен, азыр болсо израилдиктердин 74%ы Нетаньяхунун каршы тарап менен эпке келүүсүн талап кылышууда.
Нетаньяху коомдун кыжырына тийип жатабы?

Сүрөттүн булагы, AFP
Би-Би-Сиге маек курган көптөгөн эксперттердин айтымында, Израил коомундагы Беньямин Нетаньяхуга байланыштуу ажырым көп убакыт мурун башталган жана Газадагы согуш бул бөлүнүүнү олуттуу күчөткөн жок.
Өткөн дем алыш күндөрү согушту токтотууну жана барымтадагыларды бошотууну талап кылган жүз миңдеген адамдар (айрым булактар боюнча миллионго жакын) наарызычылык акциясына чыгышкан.
Ошол эле адамдар 2023-жылы жайында (согушка чейин) Нетаньяху сунуш кылган сот реформасына каршы чыккан. Ал эми 2020-жылы аны коррупцияга жана бийликти кыянаттык менен колдонууга айыптап, кылмыш ишин козгоону талап кылган акция уюштурушкан.
Нетаньяхуну сындагандар аны бийликти кандай болсо да кармап калгысы келет деп айыпташууда.
Аны саясий талашы оңчул саясатчы болуп турган кезинде ашынган оңчулдар менен "саясий оюн" жүргүзө коем деп өзүнүн өнөктөштөрүн жоготуп алгандан башталган.
Мунун жыйынтыгында, коалицияга кирген ашынган улутчулдарга көз каранды болуп калган. Алар ар кандай мүмкүнчүлүктө анын өкмөтүн чачыратып салуу менен коркутушат.
Ал Газа тилкесин урандыларга айлантып, аталган саясий күчтөргө ыңгайлуу шарт түзүп жатабы? Ооба.
Анын аскердик операциясынын максаттары көпчүлүктүн ХАМАС менен "коңшу" болуу көйгөйүн түп-тамырынан жоюуга болгон үмүтүн канааттандырабы? Ага дагы "ооба" деген жооп айтылат.
Мунун негизинде төмөнкүдөй бүтүмгө келсе болот: Биньямин Нетаньяху өзү Израил коомчулугунда олуттуу пикир келишпестиктерди жаратып жатканы менен, ХАМАСты кыйратуу максаты баарына жаккан.
Айрыкча, ХАМАС толугу менен талкаланбаса да, ага чоң зыян келтирилгенин эске алганда.
"Эки жылга жакын согушта ХАМАС аскердик террордук уюмдан "жанчылган жана чарчаган партизандык бандага" айланды", – деп ЦАХАЛдын өкүлү Эффи Дефрин шаршемби күнү билдирген.
Ал сектордун борбору Газа шаарын көзөмөлгө алуу жана андан соң шаардагы, анын айланасындагы ХАМАСтын жашыруун жайларын жок кылуу максатын көздөгөн аскердик операциянын жаңы фазасы алардын мүмкүнчүлүктөрүн ого бетер начарлатат деп убада кылды.
"Биз Газа шаарында, бул уюмдун административдик жана аскердик террордук таянычы болгон ХАМАСка дагы да катуу зыян келтиребиз. Биз алардын террордук инфраструктурасын, жер үстүндө да, жер астында дагы да талкалап, калктын ХАМАСка болгон көз карандылыгын азайтабыз", – деди Дефрин.
Нетаньяхуга кыжыры келип турган, бирок ЦАХАЛдын аракеттерин баалаган израилдиктерге бул айтылгандарды четке кагууга эч кандай негиз жок.
Израилдиктер Газа элинин азабын сезип жатабы?

Сүрөттүн булагы, Anadolu
Израилдиктер үчүн барымтадагыларды кайтаруу азыркы таптагы эң башкы маселе. Ал эми калган нерселер, мисалы, Газадагы тургундардын азаптары жана ачарчылык, сурамжылоолор көрсөтүп тургандай, аларды анча тынчсыздандырбайт.
Бул жылдын июль айында Израил демократия институту өткөргөн сурамжылоолорго ылайык, Израилдин еврей калкынын 79%ы бул маселе боюнча эч тынчсызданбай турганын көрсөттү. Ал эми Израил арабдарынын 86%ы өтө тынчсызданганын билдиришкен.
79 пайыздын ичинен көпчүлүгү Израилдин аскерлери Газадагы калкты кыйнабоого жетиштүү аракет кылып жатканына ишенет. Алардын айтымында, айрыкча калкты чабуул тууралуу эскертүү практикасы дүйнөдө болгону ЦАХАЛ тарабынан колдонулат, башка эч ким тарабынан эмес.
Мындан тышкары, бул топтун басымдуу бөлүгү Газадагы ачарчылык тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбейт деп эсептейт, ал эми бош казандар менен түшкөн көптөгөн балдардын сүрөттөрү атайлап тартылган деп ойлошот.
Көпчүлүктүн айтымында, алар согуштун аякташы менен туткундарды кайтарып алууну жана израилдик жоокерлердин өмүрүн сактап калууну гана каалашат.
"Мен кыргын болгон аймактардын биринде эртеси күнү болгом, ал жакта көргөндөрүм мени өмүр бою коштоп жүрөт. Ошондон кийин, жеке менде боорукерлик сезими өчкөн", – деди тез жардам айдоочусу Ариэль.
Израилдин аскердик операциясы март айынан баштап күчөгөндөн бери өлкөнүн ар кайсы шаарларында палестиналык балдарды колдоп, акциялар өтө баштады.
Алардын катышуучулары Газада каза болгон балдардын сүрөттөрү жана ысымдары жазылган плакаттарды кармап чыгышкан.
Мындай нааразычылык жөө-жүрүштөр 18-мартта Израил бийлиги ХАМАС менен болгон акыркы тынчтык келишимин бузуп, согушту кайра жанданткандан кийин башталганын уюштуруучулардын бири Тимина Перец айтып берди.
"Бир жуманын ичинде канчалаган балдардын өлүп кеткенин түшүндүк. Геноцид жана ачарчылык болуп жатканда мен унчукпай коё албайм", — дейт Тимина.
Анын айтымында, Израилде бул демилгеге ар кандай реакция кылышууда: кээ бирлери ыраазычылык билдиришсе, көбүнчөсү жактырбайт.
"Бизди көп учурда саткындар деп атап, Газада жашашыбыз керек дешет. Алар мамлекетти сындоо идеясынын өзү демократиянын негизи экенин түшүнө алышпайт", – дейт Тина.
2025-жылдын башынан бери жүргүзүлгөн ар түрдүү социологиялык маалыматтарга ылайык, гуманитардык себептер менен Газадагы согушту токтотууну каалаган израилдиктердин саны болгону 6%ды түзөт.
Тескери таасир

Сүрөттүн булагы, AFP
Августтун башында Франция, Улуу Британия жана Канада өлкөлөрү Палестина эгемен мамлекетин таануу ниетин билдиришти. Буга Израил армиясынын блокадасынан улам Газа тилкеси гуманитардык кризиске кептелгени себеп болду.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул кадамды 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС уюштурган кол салуудан кийин "террор үчүн сыйлык" деп сыпаттады.
Расмий түрдө мындай кадам Израил үчүн көп нерсени өзгөртпөйт. Ар кандай шартта, Израил жана анын эң жакын өнөктөшү болгон АКШнын макулдугусуз Палестина мамлекетин де-юре түзүү мүмкүн эмес.
Бирок де-факто жогорку деңгээлдеги ой-пикирлердин өзгөрүшү Израил менен ХАМАС жаңжалында "бурулуш учур" болушу мүмкүн – бул палестиндер үчүн гана эмес, израилдиктер үчүн да маанилүү.
Палестинанын эгемендүүлүгү тууралуу маселеси израилдиктер үчүн дайыма олуттуу, ал эми 7-октябрдан кийин бул тема таптакыр күн тартибинен алынган.
Израилдин демократия институтунун 2024-жылдын февралында жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, израилдиктердин 55%ы Палестин мамлекетин түзүүгө кескин каршы чыгып, болгону 37%ы гана колдогон.
Бирок андан бери Газадан ондогон каза тапкан туткундардын сөөгү Израилге кайтарылып, бул айырмачылык мурдагыдан да жогорулады.
Израил саясий форумунун (ISP) изилдөө уюму согушта "эки эл үчүн эки мамлекет" концепциясы тынчтыкка жетүүнүн мүмкүн болгон жолу катары көрөт. Анын директору Шира Эфрондун айтымында, 7-октябрдан кийин израилдиктер Палестин мамлекетин түзүү жөнүндө ар кандай сөздөр жана ой-пикирлер майнапсыз жана коркунучтуу деп эсептеп калышканын белгиледи.
Кээ бир социологдордун пикиринде, дүйнө лидерлеринин билдирүүлөрүнө израилдиктердин кыйыр реакциясын жакынкы убактарда көрүшүбүз мүмкүн.
Жакында эле өлкөдөгү парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү израилдиктердин 71 пайызы колдогон (план боюнча алар 2026-жылдын аягында өтүшү керек).
Бул 71% экиге бөлүнөт: согушка карабай шайлоо өткөрүүнү каалагандар жана анын бүтүшүн күтүү керек деп эсептегендер.
Бирок дүйнөдө Палестин мамлекеттүүлүгүн колдоого даяр өлкөлөрдүн саны өсүп жаткан сайын, Израилде бул кадамга эч качан барбай турган лидерден кутулууга ашыкпашы мүмкүн. (КВ)
Редактор Ксения Гогитидзе











