Израилдин Ирандагы аскердик операциясынын түпкү максаты кандай?

Лиз Дюсет
Би-Би-Синин эл аралык иштер боюнча кабарчысы
Өткөн жума күнү Израил Иранга болуп көрбөгөндөй чабуул баштагандан кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ирандыктарга түз кайрылуу жасады. Ал англис тилинде сүйлөп, иран элине "кылмыштуу жана зөөкүр режимге" каршы чыгууга убакыт келгенин айтты.
Ал Израилдин аскердик аракеттери ирандыктарга эркиндикке жетүүгө жол ачып жатканын билдирген.
Азыр Израил соккусун улам жаңылап, бутага алынуучу объекттердин тизмесин кеңейтип жатса, Иран жооп кайтарууга аракет кылууда. Ушундай шартта көпчүлүк Израилдин чыныгы максаты кандай деген суроону берип жатышат.
Нетаньяху чабуулдун биринчи түнүндө жарыялагандай, максат – "ислам режиминин өзөктүк жана ракеталык коркунучуна" чекит коюубу?
Же бул Тегерандын өзөктүк программасы боюнча АКШ менен Ирандын ортосундагы кийинки сүйлөшүүлөрдү токтотуу үчүн жасалдыбы? Анткени бул сүйлөшүүлөрдүн алкагында Иранга салынган санкцияларды жоюу сунушталып жаткан эле.
Же болбосо, "эркиндикке жол ачуу" жөнүндө иран элине жасалган кайрылуу – өлкөдөгү диниятчылардын бийлигин түп-тамырынан жок кылуу сыяктуу чоң максатты көздөгөн кыйыр эскертүү беле?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Генералдардан тарта Трампка чейин: Нетаньяху кимдин сөзүнө кулак салат?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Израилдин азыркы премьер-министри бул кызматты башкаларга караганда узак убакыттан бери аркалап келе жатат. Ал Иран жаратып жаткан коркунуч тууралуу дүйнөгө эскертип туруу өзүнүн жеке миссиясы экенин айтып келет.
Бул жылдар аралыгында АКШ президенттери да, өзүнүн аскер башчылары да аны Ирандын өзөктүк объектилерине сокку уруудан баш тартууга үндөп келгени жашыруун эмес.
АКШ президенти Дональд Трамп бул жолу да Нетаньяхуга "жашыл жарык" бербегенин билдирген. Бирок, сыягы, ал берген "сары жарыктын" өзү эле жетиштүү болду.
Батыштагы аткаминерлердин бири Нетаньяхунун аракетин "эми ал оюнга толугу менен аралашып калды" деп сыпаттады. Ал Израилдин башкы максаты — Ирандын өзөктүк программасын толугу менен жок кылуу деген көз карашты кайталады.
Бул чечимди Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн өлкөлөр жана Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) сынга алды.
Уюмдун башчысы Рафаэль Гросси: "Мен бир ядролук объектилер кандай гана жагдай болбосун чабуулга кабылбашы керек экенин айтып келгем", — деди.
Израилдин Иранга жасаган соккуларын юристтер да кескин сынга алышып, бул эл аралык укукка каршы келерин билдиришти.
Эми көпчүлүк Нетаньяху өзүнүн негизги кеңешчилери менен союздаштары көздөгөн максаттарга чындап эле умтулуп жатабы деген суроону берип жатышат.

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
"Нетаньяхунун жеке максаты режимди алмаштыруу болсо, Израилдин саясий жана аскерий чөйрөсү Ирандын өзөктүк программасына олуттуу тоскоолдук жаратууну көздөйт", — дейт Chatham House аналитикалык борборунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча программасынын директору доктор Санам Вакил.
Ал өзөктүк программанын өнүгүшүн токтотуу кайсы бир деңгээлде мүмкүн экенин, бирок режимди алмаштыруу кыйынга турарын белгилейт.
Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу
Нетаньяху Израилдин операциясын алдын ала жасалган сокку деп атап, өз өлкөсү үчүн өмүр менен өлүмгө тете коркунучту жок кылып жатканын билдирүүдө. Анын айтымында, Иран өзүнүн өзөктүк куралына жетерине аз калган.
Батыштагы союздаштары Ирандын чектен ашуусуна жол бербеш керек деген пикирди колдошот. Бирок Нетаньяхунун "саатынын тактыгы" да шек санатып жатат.
Иран өзөктүк курал жасоону көздөбөй турганын ар дайым айтып келген.
Март айында АКШнын Улуттук чалгын кызматынын жаңы директору Тулси Габбард: "АКШнын чалгын мекемелери Иран өзөктүк курал жасап жатат деп эсептебейт", — деп билдирген.
МАГАТЭнин акыркы баяндамасында айтылгандай, Иран уранды 60% деңгээлде байытуу менен өзөктүк курал үчүн зарыл болгон 90% деңгээлге жетүүгө бир кадам гана калган. Ушундай темп менен кете берсе, Иран тогуз өзөктүк заряд жасай алмак.
Алгачкы бир нече күндүн ичинде Ирандын өзөктүк программасына тиешелүү үч негизги объект — Натанз, Исфахан жана Фордо — чабуулга кабылды. МАГАТЭнин маалыматына ылайык, Натанздагы жер астындагы эксперименталдык байытуучу орнотмо толук талкаланды.
Ошондой эле Исфахандагы төрт "өтө маанилүү имарат" зыянга учураганы кабарланды. Израил Ирандын объектилерине "олуттуу" доо келтирилди десе, Иран анча чоо эмес объектилер гана кыйраганын билдирүүдө.
Израил "программанын мээси" деп эсептелген илимпоздорду бутага алууда: азырынча кеминде тогуз өзөктүк илимпоз өлтүрүлгөнү белгилүү болду. Ошондой эле Ирандын аскер башчыларын жок кылуу аракети да күч алууда.
Башында Израил аскер базаларын, ракеталык аянтчаларды жана курал-жарак заводдорун бутага алса, азыр мунай объектилери менен өлкөнүн башка экономикалык борборлоруна да чабуул жасап жатат.

Сүрөттүн булагы, Maxar Technologies/ Getty Images
Иран да бутага ала турган объектилерди тизмектеп, жооп кайтарууда. Бул тизме кеңейип бара жатат. Эки өлкөдө тең карапайым калк арасындагы курмандыктар көбөйүүдө.
Ирандын кеңири жайылган өзөктүк программасына акыркы жана чечүүчү сокку берүү үчүн Израил эң ири жана өтө бекем корголгон объект – Фордо ядролук комплексин бутага алышы керек. Айрым эксперттердин айтымында, тоонун ичинде, терең жер алдында жайгашкан бул жайда Иран урандын негизги бөлүгүн топтогон.
Израилдин аскаларды теше алгандай бомбалары жок. Бирок мындай мүмкүнчүлүк АКШнын Аскер-аба күчтөрүндө бар. Алар MOP (Massive Ordnance Penetrator) деп аталат. Ал салмагы 13,5 тонналык, өтө так сокку ура турган ири бомба. Бирок Фордо сыяктуу бекем объектти жок кылуу үчүн мындай ондогон курал керек болот. Ошондо да ал бир нече күнгө созулган соккуларды талап кылат.
"Менимче, эң ыктымалдуу сценарий — Нетаньяху Трампка телефон чалып, "мен зарыл иштердин баарын бүтүрдүм, B-2 бомбалоочу учактары үчүн коркунуч жараткан объекттерди жок кылдым, бирок өзөктүк курал даярдоо программасын толугу менен кыйрата албай жатам" деп айта турган учур келет", — дейт Колумбия университетиндеги Глобалдык энергетика саясаты борборунун Иран боюнча адиси, мурдагы америкалык аткаминер Ричард Нефью. Трамп кандай чечим кабыл алары белгисиз.
Тынчтык сүйлөшүүлөрү бузулабы?
Трамп өзүнүн позициясын улам өзгөртүп келет. Мурдараак ал Израилди Иранга аскерий күч колдонуудан баш тартууга чакырып, мындай чабуул Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратышы ыктымал экенин эскерткен.
Бирок Израил аскерий кампаниясын баштагандан кийин Трамп чабуулду "мыкты" деп атап, "али бүтө элек, дагы көп нерсе болот" деп эскерткен. Ошону менен катар бул чабуул Иранды келишим түзүүгө түртүшү мүмкүн деген божомолун да билдирген.
Жекшемби күнү Трамп Truth Social платформасына: "Жакында Израил менен Ирандын ортосунда ТЫНЧТЫК орнойт! Азыр көптөгөн телефондук сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар өтүп жатат", — деп жазды.
Эми ирандыктар жекшемби күнү Оман мамлекетинин борбору Маскатта жанданышы керек болгон сүйлөшүүлөр чынында эле Тегеранды алдоо аракети болгон деп жатышат. Бул сүйлөшүүлөр Израил эми чабуул жасабайт деген ишенимди жаратуу үчүн уюштурулган болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Анткени өткөн жума күнү таң эрте жасалган Израилдин соккулары Тегеранды толугу менен нес абалда калтырган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аналитиктер сокку жасалган убакыт өтө маанилүү болгонун белгилешүүдө.
Еврокеңештин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча программасынын директорунун орун басары Элли Геранмайенин айтымында, Израилдин соккулары Трампка Иран менен өзөктүк келишим түзүүгө тоскоолдук жаратууга багытталган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнөн кабары бар расмий адамдар өткөн жумада келишим түзүүгө аз калганын билдиришкен.
Бирок келишим АКШ Ирандан уранды байытууну толук токтотууну талап кылуудан баш тартабы же жокпу деген маселеден көз каранды болчу. Ак үй тынчтык максатында, аз өлчөмдө уран байытууга да тыюу салууну талап кылынган. Тегеран бул талапты "кызыл сызык" деп эсептеген.
Трамп президенттик кызматындагы биринчи мөөнөтүндө 2015-жылдагы тарыхый өзөктүк келишимден АКШны чыгарып кеткен. Натыйжада Иран уранды 3,67% деңгээлде байытуу милдеттенмесинен баш тартып, андан жогорку деңгээлге чыккан. Жарандык атомдук электр станциялары үчүн отун даярдоодо уран 3,67% дэңгээлинде гана байытылат.
АКШ президенти кийинки аракетинде Иранга келишим түзүү үчүн "60 күн убакыт" берген. Бирок бул тармакта тажрыйбасы бар ортомчулар бул сыяктуу татаал маселе үчүн мындай мөөнөт өтө эле кыска экенин айтышкан.
Израил 61-күнү чабуулга өттү.
"Омандагы сүйлөшүү каналы азырынча жабык десек болот. Бирок аймакта чыңалууну басаңдатууга жана бул кризистен чыгуунун жолун табууга багытталган аракеттер уланып жатат",- дейт доктор Санам Вакил.
Нетаньяхуда Черчиллдей чечкиндүүлүк бар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тегерандын көз карашында азыркы чыңалуу уран, центрифуга же ракеталар маселеси менен эле чектелбейт, бул андан да чоңураак маселелерди камтыйт.
"Иран Израилдин бул чабуулун өлкөнүн жалпы мүмкүнчүлүгүн, аскерий түзүмдөрүн алсыратуу, Иран менен Израилдин ортосундагы күчтүн тең салмагын кескин өзгөртүү, керек болсо Иран Ислам Республикасын толук кулатуу аракети катары кабыл алып жатат", — дейт Жон Хопкинс университетинин профессору Вали Наср.
Бул чабуулдарга иран эли кандай реакция кылары азырынча белгисиз.
90 миллион калкы бар Иран узак жылдар бою катаал эл аралык санкциялардан, ошондой эле өлкө ичиндеги тамыры терең жайылган коррупциядан жабыр тартып келүүдө. Инфляциянын өсүшү, жумушсуздук, суу жана электр энергиясынын тартыштыгы, аялдардын укуктарын чектеген адеп-ахлак полициясынын ашкере катаалдыгы – жыл сайын нааразылык акцияларынын тутанышына жол ачып келет.
2022-жылы өлкөдө ири толкундоолор болгон. Демонстранттар эркиндикти талап кылышкан, бирок бийлик аларды күч менен баскан.
"Эл жактырбаган төрт-беш генерал өлтүрүлгөндө калктын бир бөлүгү өзүн жеңил сезип калган чыгар. Бирок азыр соккулар турак үйлөргө, тынч тургундарга багытталып, өлкөнүн энергетикалык жана электр тармактары бутага алынып жатат. Көпчүлүк ирандыктар өз өлкөсүн бомбалап жаткан агрессорду колдоп, муну боштондук катары кабыл аларын элестете албайм", – дейт профессор Вали Наср.
Өткөн ишемби күнү Нетаньяху анын өлкөсү "аятолла режими" көзөмөлдөгөн ар бир объектке, ар бир бутага сокку урарын эскерткен.

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
Жекшемби күнү Fox News телеканалы режимди алмаштыруу –аскердик кампаниянын бир бөлүгүбү деген суроо узатканда, Израилдин премьер-министри "албетте, дал ушундай натыйжа болушу мүмкүн, анткени иран режими азыр өтө алсырап турат", деп жооп берди.
"Иран режимин азыр көзөмөлдү жоготуп алабыз деген коркунуч басып турат. Дал ушул психологиялык согуштун алкагында Изариль аларга басым кылууну көздөйт", — дейт The Economist журналынын Израилдеги кабарчысы жана Нетаньяхунун өмүр баянын жазган Аншел Пфеффе.
Израилдин чалгын кызматтарында Иран режиминин кулашын алдын ала айтуу же пландоо маанисиз деген консенсус бар. Бул азыр же 20 жылдан кийин болушу мүмкүн.
Пфеффер болсо премьер-министр мындай ойго кошулбайт деп эсептейт:
"Менимче, Нетаньяху чалгын кызматынын жетекчилеринен айырмаланып, чындап эле өзүнүн стратегиялык чечимдеринин ишке ашарына ишенет. Анда Черчиллдин маанайы бар (Британиянын белгилүү саясатчысы Черчилль депрессия жана тынчсыздануу мезгилине карабастан, таң калаарлык ишке жөндөмдүү экенин көрсөткөн — ред)".
Жекшемби күндүн кечинде АКШнын ЖМКлары өз булактарына таянып, президент Трамп акыркы күндөрү Израилдин Ирандын жогорку жетекчиси аятолла Али Хаменейини жок кылуу планына вето койгону тууралуу жазышты. Бул талкуу Reuters агенттиги эки анонимдүү америкалык аткаминерге таянып биринчи болуп жарыялаганда башталды.
Мурдараак Израилдин аткаминерлери, атап айтканда тышкы иштер министри Гидеон Саардан тартып, Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Цахи Ханегбиге чейин Ирандын саясий жетекчилиги алардын көңүл борборунда эмес экенин айтышкан.
Бирок убакыт өткөн соң, пикир өзгөрүшү мүмкүн.
Натыйжада бул оюндун акыркы сценарийин кооптуу жана күтүүсүз тирешүү, ошондой эле АКШ президентинин күтүлбөгөн жүрүм-туруму аныктап калышы ыктымал.
Израил өкмөтүнүн мурдагы кеңешчиси, "АКШ — Жакынкы Чыгыш" долбоорунун президенти Дэниель Леви бул согушта жеңүү же жеңилүү негизинен жаңжалга АКШ аралашабы же жокпу — ошого жараша болорун айтат:
"Азырынча бул жаңжалды токтото ала турган жалгыз өлкө — Америка. АКШ гана согуш качан, кайсы чекке чейин жетип, кантип аяктарын аныктай алат".
Макаланын башындагы коллаж үчүн Anadolu via Getty, ATEF SAFADI/EPA — EFE/REX/Shutterstock ресурстарынын сүрөттөрү колдонулду. (АА)












