Папуа-Жаңы Гвинеяда 670 кишини жер көчкү басып калды, БУУ кооптонуп турат

Райондун 4000ге жакын тургуну жабыркаганы айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Райондун 4000ге жакын тургуну жабыркаганы айтылууда

БУУнун болжолдуу эсеби боюнча, Папуа-Жаңы Гвинеяда жума күнү жетүүгө кыйын делген бийик тоолуу Энга провинциясында болгон өтө чоң жер көчкү 670ке жакын кишини басып калды.

Эл аралык уюмдун Папуа-Жаңы Гвинеядагы миграция боюнча өкүлү Серхан Актопрак, кырсык болгон райондогу абал башында көрсөтүлгөндөн кыйла эле начар экенин билдирди.

Азыркы учурда жүз элүүдөн ашуун үй ылайга көмүлүп калганын чиновниктердин бири билдирди. Ал "жер кыртышы дагы деле жылып жатат", бул куткаруучулардын ишин абдан татаалдаштырып, алардын өзүнө да коркунуч жаратып жатат деп кошумчалады.

Жоголгондорду издөө уланууда, бирок үмүт өчүп баратат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жоголгондорду издөө уланууда, бирок үмүт өчүп баратат

Райондун 4000ге жакын тургуну жабыркаганы айтылууда.

Care Australia гуманитардык уюму, уруулар аралык чабыш, жаңжалдардан кутулууну көздөп, өлкөнүн ар кайсы регионунан качып келгендердин Энгедеги бир нече башкалкасын тапкан соң, жабыркагандардын саны БУУ эсептегенден да кыйла көп болот деп болжоп жатат.

Эбегейсиз жер көчкүдөн кийин дагы жер кырытышынын жылышы токтобой жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эбегейсиз жер көчкүдөн кийин дагы жер кырытышынын жылышы токтобой жатат

Жер көчкү коопсуз жайга чыгуу үчүн үй-жайын таштоого аргасыз болгон бери дегенде миң кишини талаада калтырды.

Алар азык-түлүгүн өздөрү өстүрүп, терип жыйып алчу, бирок жер көчкү аларды камсыздаган булак менен алардын айдоо жерин кошо басып калды.

Ылайдын калыңдыгы кээ бир жерлерде сегиз метрге жетет.

Жума күнкү жер көчкү эл тынч уйкуда жатканда, жергиликтүү убакыт боюнча түнкү үчтөрдө жүргөн.

"Жер көчкүнүн айынан каза тапкандардын так санын азырынча билбейбиз жана муну билүү үчүн бизге дагы убакыт керек. Жер көчкү кайсы учурда жүргөнүн эске алганда каза атпкандардын саны дагы да өсүшү мүмкүн деп болжоого аргасыз кылат",- деп эскертти Care Australia уюмунун өкүлү.

Папуа-Жаңы Гвинеяда 11,7 миллионго чукул киши жашайт.

Папуа-Жаңы Гвинеяда 11,7 миллионго чукул киши жашайт.