"Аймактар маселесин эл чечиши керек". Украинада референдум болобу?

Зеленский

Сүрөттүн булагы, Volodymyr Zelensky

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү журналисттер менен баарлашуу учурунда Орусияга мүмкүн болгон аймактык чегинүүлөр маселесин Украинанын эли аныкташы керектигин билдирди.

"Менин оюмча, бул суроого Украинанын эли жооп берет. Шайлоо болобу же референдум болобу, Украинанын эли өз позициясын билдириши керек", — деген Зеленский. Бул тууралуу AFP агенттиги жазды.

Зеленский, мындан тышкары, Киев АКШга "тынчтык планынын" жаңыртылган версиясын жөнөткөнүн ырастады. Ошол эле учурда, анын айтымында, АКШ жөнгө салуунун алкагында өлкөнүн чыгышында орусиялык жана украиналык аскерлердин ортосунда демилитаризацияланган "эркин экономикалык зона" түзүүнү талап кылууда.

"Алар украин аскерлери Донецк облусунун аймагынан чыгып жатканын көрүшөт, ал эми ыктымал компромисс – бул орусиялык аскерлер ал аймакка кирбейт. Алар "эркин экономикалык зона" же "демилитаризацияланган зона" деп атап жаткан бул аймакты ким башкарарын алар билбейт", — деди Зеленский журналисттерге.

Бул планга ылайык, Орусия аскерлерди Донецк облусунан же Херсон жана Запорожье облустарындагы өз позицияларынан чыгарууга милдеттүү болбойт, бирок ал көзөмөлдөп турган Харьков, Днепропетровск жана Сумы облустарынын бөлүктөрүнөн чыгып кетет.

Буга чейин Орусия төрт жылдык толук масштабдуу согуштун ичинде басып ала албаган аймактарды кошо алганда, бүткүл Донбассты өз көзөмөлүнө алууну көздөй турганын билдирген.

Украина лидеринин айтымында, Донецк облусунун келечектеги статусу жана Запорожье АЭСин көзөмөлдөө – бул Вашингтон менен согушту токтотуу боюнча келишим тууралуу сүйлөшүүлөрдөгү эки негизги талаштуу маселе болуп саналат, деп жазат AFP.

"Бул биз талкуулоону улантып жаткан эки тема", — деп кошумчалады ал.