БШК эки талапкерди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди

Сүрөттүн булагы, БШК
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке депутаттыгына талапкер Лира Акунова менен Гүлназ Халилованы кылмыш жоокерчилигине тартууга макулдук берди. Акунова Бишкектеги №22, Халилова №24 көп мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышып жаткан.
БШК кабарлагандай, талапкерлерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы суранган.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы күн мурун айрым бир талапкерлердин атынан шайлоочуларга акча сунуштап жүргөн топту аныкташканын кабарлаган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси — "Шайлоочулардын добушун сатып алуу" боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Лира Акунованын жакын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов добуш сатып алуу иштерин уюштургандыгы аныкталганы айтылган.
"Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 360 миң сом өлчөмүндөгү каражат шайлоочулардын добушун сатып алуу максатында берилгендиги такталды. Бул акча талапкер Л.А.нын шайлоо штабында, анын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов тарабынан өткөрүлгөн. Каражатты бергенден кийин алар добуш сатып алуу схемасын уюштуруу боюнча так көрсөтмөлөрдү берип, шайлоочулардын тизмелерин алуу менен алектенишкен", – деп айтылат маалыматта.
Сот талапкерлердин жакындарын камакка алуу чечимин чыгарып, аларга издөө жарыяланган. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланып жатканы маалымдалган.
Бул арада милиция депутаттыкка талапкер Гүлназ Халилованын атынан добуш сатып алуу ишине 43 жаштагы адам, анын 22 жаштагы уулу жана Бишкек шаарынын "Восток-5" кичи районунун 64 жаштагы үй комитет башчысы тартылганын кабарлаган.
Маалыматка караганда, батирди тинтүү учурунда 80 миң доллар, 116 миң сом, штабдан алынган 29 миң 500 сом, аны менен катар шайлоочулардын тизмелери табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Шайлоочулардын добушун сатып алуу" беренеси менен иш козголгон.
Талапкер Гүлназ Халилова жергиликүү агенттиктердин бирине президентке кайрылууга аргасыз болуп жатканын, каралоого кабылганын билдирген.
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы быйыл сентябрда эч кандай саясий кризиси жок эле өзүн-өзү таркатып, президент тарабынан жаңы парламенттик шайлоо дайындалган. Ага ылайык, шайлоо 30-ноябрга белгилегенген.
Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу, эки аял болсо бири эркек болушу абзел.












