Жоокерлерди жер сүздүргөн окуянын сабагы менен санаасы
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакында эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүктүн биринде тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жаратты. Бул көрүнүш армиядагы тартип жана басым-кысым маселесин кайрадан козгоду. Кыргыз армиясы реформаланып жатат деген чакта ашкере болгон бул көрүнүш жана буга окшогон фактылар аскерде дагы деле зомбулук, чоң муштумдук жоюла элекпи деген суроону кабыргасынан койду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №86123 аскер бөлүгүндө жоокерлерди башы менен жер сүздүрүп коюп, кимдир бирөөнүн ашатып сөгүп жатканы коомдун катуу сынына кабылды.
Бул окуя боюнча түшүндүрмө берип жатып өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов мындай жазалоо ыкмасын өзүнүн отуз жылдык тажрыйбасында көрбөгөнүн жана укпаганын билдирди.
"Анонимдүү сурамжылоодо жоокерлердин бири улук-лейтенант кээде бизди "афган стойка" кылдырат деп жазып берген. Ушунча жыл иштеп жүрүп, "афган стойка" дегенди укпаптырмын. Баса белгилей кетчү нерсе мындай көрүнүш бизге башка жактан келип жатат",- деди Шамырканов.
Айтымында, жоокерлерге "афган стойка" жасаткан улук-лейтенант 2024-жылдын февраль айында кызматка алынган. Ал мөөнөттүү аскер кызматын Коргоо министрлигине караштуу "Скорпион" аскер бөлүгүндө өтөгөн жана ошол эле жерде офицердик курстан өтүп, запастагы лейтенант болуп чыккан.
"Ал бизде 7-8 айдан бери резервде турган. Кийин кызмат орду бошогондо жумушка алыптыр",- деп кошумчалады ал.
Министрдин орун басарынын сөзүнөн улам, мындай жазалоо ыкмасы башка аскер бөлүктөрүндө кадимкидей эле колдонулуп келгенби? деген суроо жаралат.
Окуянын чоо-жайы

Сүрөттүн булагы, Uulkan Baigubatova
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Министрликтин маалыматына ылайык, 26-мартта жоокерлердин биринин ата-энеси анонимдүү түрдө кайрылып, уулу кызмат өтөп жаткан бөлүктө чоңсунуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын билдирген. Бул кайрылуудан кийин ошол эле күнү министрлик тарабынан атайын комиссия түзүлүп, ички иликтөө иштери башталган.
Шамыркановдун айтымында, анонимдүү сурамжылоо учурунда жоокерлердин ичинен бирөө гана мындай көрүнүш болгонун жазып берген.
"29-март күнү өзүм барып, жоокерлер менен жолуктум. Аларды коркпостон ачык айтууга чакырдым. Болгонун болгондой жазып бергиле деп сурандым",- деди Шамырканов.
Сурамжылоонун жыйынтыгында улук-лейтенанттын аты аталып, жетекчилик аны менен баарлашуу өткөргөн.
"Башында коюлуп жаткан доону мойнуна алган эмес. Бирок иликтөө улантылып, жыйынтыгында түшүнүк кат жазып берди",- деди министрдин орун басары.
Окуя 24-март күнү таңкы саат 6:00 чамасында, өздүк курам ойгонуп, эртең мененки машыгууга чыгардын алдында болгону айтылат. Ошол күнү батальондо жооптуу болгон улук-лейтенант машыгууга чыгаруу учурунда үч жоокердин жок экенин байкаган.
"Анонимдүү катта аскерлердин бири үч бала келгенге чейин алар "афган стойка" абалынга турганын жазган. Жоокерлер табылгандан кийин өздүк курам толук жыйналып, саптык аянтка чыгарылган. Үч жоокер деле ошол эле жердеги кийим-кече сакталган бөлмөнүн ичинде болгон",- деди Шамырканов.
Тартылган видео ким аркылуу жана кантип тарап кеткени азырынча белгисиз. Министрдин орун басарынын айтымында, улук-лейтенанттын телефону дагы текшерилген. Бирок эч кандай шек жараткан материал табылган эмес.
21-апрелде иликтөөнүн жыйынтыгы министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун колуна тийгенден кийин, №86123 аскер бөлүгүнүн жети кызматкерине карата тартиптик чара көрүлгөн.
Аскер бөлүктүн командирине жана анын штаб-башчысына катуу сөгүш берилген. Жеке курам менен иштөө боюнча командирдин орун басары дагы катуу сөгүш алып, кызматтынан төмөндөтүү маселеси коюлган.
Ошондой эле функционалдык милдеттерин толук аткарбагандыгы үчүн 3-куткаруу кошуунунун командири менен анын жеке курам боюнча орун басарына катуу сөгүш берилип, башка бөлүктөргө которуу боюнча сунуш киргизилген.
Мындан тышкары, прапорщикке ээлеген кызматына ылайык келбей турганы боюнча расмий эскертүү берилип, кызматтык тепкичтен төмөндөтүү чечими кабыл алынган. Жоокерлерге "афган стойка" жасаткан улук-лейтенантты кызматтан четтетүү маселеси коюлган.
Министрдин орун басары аларга караштуу аскер бөлүктөрдө буга чейин мындай инцидент катталбаганын, бул биринчи жолу болуп жаткан окуя экенин билдирди.
Айтымында, жоокерлердин саламаттыгы күн сайын кечинде фельдшер тарабынан текшерилип турат жана анын жыйынтыгы журналга катталат.
"Эгер жоокердин денесинде кандайдыр бир жаракат же көгала байкалса, фельдшер дароо түшүнүк кат алып, себебин тактайт. Жоокерге кимдир бирөө кол көтөргөнбү же өзү жыгылып кеткенби деген маселе кабыргасынан коюлат. Анын негизинде бөлүктүн командирине жана орун басарына доклад берилет",- деди Шамырканов.
Аларга караштуу бардык аскер бөлүктөрүндө жыл башында бекитилген пландын негизинде тарбиялык, моралдык жана психологиялык даярдоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн кошумчалады. Соңку үч жылдан бери жоокерлер атайын кесиптик билим алып жатканын айтты.
"Кызматын аяктаган соң иштеп кетсин деп атайын адистик боюнча диплом алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Былтыр 78 жоокер ширетүүчү, жыгач уста сыяктуу адистиктер боюнча билим алып чыгышты. Бул үчүн атайын кесиптик лицейлер менен келишим түзүп, ошол багытта иш жүргүзүп жатабыз. Мындан тышкары, милдеттүү түрдө англис жана түрк тилдерин дагы үйрөнүшөт. Бул үчүн тийиштүү министрликтер жана элчиликтер менен кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн",- деди ал
Ал арада блогер катары таанылган Батма Жолболдуева өзүнүн Facebook баракчасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Оштогу №81497 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер зомбулукка кабылып, майып болуп калганын жазып чыкты.
Министр Бообек Ажыкеев менен WhatsApp аркылуу болгон сүйлөшүү делген кат алышууларды жарыялады.
Анда Жолболдуева жоокер зомбулуктун кесепетинен психикалык жактан ооруп калганын айткан.
Ага жооп катары жазылган маалыматта, жоокер аскерге чакырылганга чейин эле психикалык оорулары боюнча каттоодо турганы, бирок белгисиз себептерден улам медициналык комиссиядан өтүп кеткендиги көрсөтүлгөн.
2022-жылы дагы ушул эле министрликке караштуу Чүйдүн Беловодск айылындагы аскердик бөлүктө жоокер катуу сабалып, ага шектүү катары келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери кармалганы тууралуу расмий маалымат тараган эле.
Жалпы эле кыргыз армиясында жоокерлерге карата системалуу басым-кысым көрсөтүү жана зомбулук тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет.
"Фактыларды аныктоо жана далилдөө өтө татаал"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Жоокер энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова бул инцидент боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү катары жоокерлер менен бетме-бет жолугуп, алардын ар бири менен өзүнчө маектешкенин айтты. Жоокерлер окуя тууралуу болгонун болгондой жазып беришкен.
"Бул жерде жоокерлерге кол көтөрүү болгон эмес, бирок окуя алардын психологиясына катуу сокку урган. Жоокерлер бул иш таңкы саат 6:00дө эмес, кечки саат 22:30 чамасында болгонун билдиришти. Калганын тергөө аныктайт",- деди Байгубатова.
Айтымында, соңку 3-4 жыл аралыгында армияда мурдагыдай уруп-согуу, кысым көрсөтүү көрүнүштөрү кыйла азайган.
"Мурун мындай фактылар көп болчу. Азыр такыр эле жоголду деп айтууга болбойт, бирок салыштырмалуу азайды. Коомдо кандай көрүнүштөр болсо, армияда дагы кездешет экен да. Учурда жоокер жоокерге зомбулук көрсөтпөй калган. Тескерисинче офицердик жана контракттык курам арасында катталган мыйзам бузуулар байкалууда. Ошентсе да, абал мурдагыга салыштырмалуу кыйла жакшырып калды",- деди Уулкан Байгубатова.
Акыйкатчы институту аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин сабалышы же басым-кысымга кабылышы боюнча фактыларды аныктоо жана далилдөө өтө татаал экенин айтат.
"Себеби, кызмат өтөп жаткан жоокерлер ачык айтуудан кооптонушат. Кесепетинен алар даттануудан баш тартып, далил жок болгондуктан кылмыш иштери токтоп калат",- деди Акыйкатчы институтунун Жарандык жана саясий укуктардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Дороонбеков.
Институт ар квартал сайын аскер бөлүктөрүндө анонимдүү сурамжылоо өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча сунуштарды тиешелүү министрликке жиберип турарын кошумчалады.
"Аталган инцидент боюнча дагы институт тарабынан керектүү иштер жүргүзүп, корутунду даярдалып жатат",- деди Дороонбеков.
Институт учурда аскер бөлүктөрүндөгү жоокерлердин коопсуздугу боюнча жалпы абалды орточо деңгээлде деп баалады.
Жогорудагы маселеге байланыштуу аскер кызматкерлерине карата зомбулук кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Ошондой эле президент жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берди.












