Шайлоо-2025: Жаңы эрежелер, ызы-чуулар жана оппозициясыз шайлоо

Добуш берүү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Добуш берүү

Добуш берүү көп мандаттуу 30 округда өтүп, бир округдан 3 депутат шайланат. Бул жолу 4 миллион 294 миң шайлоочу добуш берет. Соңку маалымат боюнча 30 округда 461 талапкер катышууда. Шайлоо күнү 2 миң 492 добушкана иштейт. Анын 100ү чет өлкөдө.

Шайлоо-2025: жалпы маалымат

2025-жылдын 30-ноябрында Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдө. Ага өлкө боюнча көп мандаттуу 30 округдан 90 депутат шайланып жатат. Ал үчүн 2 миң 492 шайлоо тилкелери ачылды. Адеп Боршайком бул шайлоого талапкер катары 467 адамды расмий каттаган. Анын 268сы эркек, 199у аял. Бирок шайлоо күнүнө алардын 461и жетти. БШК мыйзам бузду деген жүйөө менен бир нече талапкерди жарыштан четтетти. Айрымдары өз талапкерлигин алып койгон.

Шайлоого соттуулугу бар, диний ишмердик кылган, криминалга катышы бар делген жарандар кое берилген жок. Ошондой эле соңку беш жылда чет жакка чыккан сапарларынын убактысы жылына алты айдан ашкан адамдарга да чектөө коюлду.

"Жогорку Кеңешке шайлоолор катардагы эле шайлоолордон эмес, бул жалпы тагдыр чече турган улуттук саясий кампания. Андыктан биздин мамлекет жана эл үчүн бул абдан маанилүү өнөктүк. Шайлоого талапкерлердин көбү ишкерлерден, коомдук сайттардан жана маданият тармагынан адамдар катышты. Бирок менин жеке мониторингим боюнча жеке ишкерлер көп болду. Өкүнүчтүүсү, алар мурда-кийин саясий айдыңга чыгып, кабыл алынып жаткан мыйзамдарга өздөрүнүн пикирлерин, сунуштарын айтпагандар болду. Жогорку Кеңешке келгенге чейин саясий лидер катары өзүн көрсөткөндөр аз болду. Бул жергиликтүү кеңеш эмес да, бул улуттук масштабда ой жүгүртүүнү ,интеллектти талап кыла турган мамлекеттик институт. Тилекке каршы, өзүн ушул деңгээлде көрсөтө алган, лидерлик сапаты бар инсандарды көрө алган жокпуз", - дейт эксперт Венера Акматбекова.

Өзгөчөлүгү

Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү ал толугу менен мажоритардык система менен өлкө боюнча 30 шайлоо округдарында өтүп жатат. Бул округдардын аймагы быйыл гана өкмөт тарабынан бекитилди. Ар бир округга орточо эсеп менен 140 миң шайлоочу туура келип жатат. Округдагы шайлоочулардын санында 20 пайызга чейин айырмага уруксат бар. Кээ бир округдардын аймагы бир башынан экинчисине чейин 400 километрге чейин созулду. Ушул себептүү 2025-жылы парламенттик шайлоодо талапкерлерге 1 миң агитаторго чейин жалдоого уруксат берилди.

Быйыл өтүп жаткан шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү - күрөө акысы 100 миң сомдон 300 миң сомго көтөрүлдү. Мурда талапкер 5% көбүрөөк добуш алса ал акча кайра кайтарылып берилчү. Азыр эми андай жок, күрөөгө коюлган каражат республикалык бюджеттин эсебине кетет. Мындан улам, өлкөдөгү оопозициялык маанайдагы саясатчы Адахан Мадумаров бул шайлоодо байларга артыкчылык берилип жатканын сындап чыккан эле. Буга президент Садыр Жапаров "эми бул акча кайтарылып берилбейт жана кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөйт. Шайлоону уюштурууга жумшалат. Мурда шайлоону уюштуруу үчүн кеткен чыгым элдин чөнтөгүнөн чыкчу. Тагыраагы республикалык казынадан берилчү. Эми мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Мен муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт. Элдин ар бир тыйынын үнөмдөп, сарамжалдуу колдонушубуз керек" - деп жооп берген.

Дагы бир өзгөчүлүк, бул жолу талапкерлерге кыргыз тилин билүүсү милдеттендирилген жок.

2025-жылы Боршайком аралыктан добуш берүүнү максималдуу уюштуруп жатат. ID card, Түндүк тиркемеси бар жаран өз шайлоо тилкесинде эле эмес, каалаган шайлоо участкасына барып, аралыктан добуш бере алат. Бул эреже четтеги кыргыз жарандары үчүн да иштейт.

Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү ал кезексиз шайлоо болуп жатат. Быйыл сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын айрым депутаттары өздөрү демилге көтөрүп, парламент өзүн-өзү таркаткан. Депутаттар 2026-2027-жылдары өтчү парламенттик жана президенттик шайлоолордун удаалаш болуп жатканын жүйө келтиришкен.

Ызы-чуусу

Кызганычтан аялынын таанышына балта менен тап берип, анын манжасын кыя чапкан Ш.К аттуу талапкер бул шайлоодогу талапкерлердин "жылдызы" болду. Шектүү милиция тарабынан кармалып, камалганы менен Боршайком аны марадан четтеткен жок. Себеби, анын күнөөлүү экенин ырастаган сот өкүмү чыга элек. Мурдагы чиновник Кудрет Тайчабаров баштаган бир нече талапкерлер кримтөбөл, маркум Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү үчүн шайлоодон четтетилди. Мындан тышкары, талапкерлер арасында коомдук сайттар аркылуу бирин-бири каралоо да орун алып жатты. Айрым талапкерлердин жарандыгы тууралуу талаштуу маалыматтар болду. Мындан тышкары, шайлоого бир үй-бүлөдөн аялы-күйөөсү, эжеси-сиңдиси, жеңеси-кайниси болуп топтошуп шайлоого аттанып жаткандар тууралуу сындар айтылып жатты.

Добуш сатып алуу жана кылмыш иштери

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Адеп Боршайком бул шайлоого талапкер катары 467 адамды расмий каттаган. Анын 268сы эркек, 199у аял. Бирок шайлоо күнүнө алардын 461и жетти. БШК мыйзам бузду деген жүйөө менен бир нече талапкерди жарыштан четтетти.

Шайлоо процессиндеги тартип бузууларга байланыштуу чаралар көрүлүп, 30 талапкерге жана алардын өкүлдөрүнө расмий эскертүүлөр берилген. Ошондой эле, шайлоо мыйзамдарын жана үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 503 миң сом өлчөмүндө айып пулдар салынган.

Мындан тышкары, добуш сатып алууга шектелген талапкерлерге каршы олуттуу кадамдар жасалды. БШК 27-ноябрдагы отурумунда, Жогорку Кеңешке талапкерлер Лира Акунованы (№22 округ) жана Гүлназ Халилованы (№24 округ) кылмыш жоопкерчилигине тартууга матулдук берди. Эки күндөн кийин, 29-ноябрда, Бишкек милициясы добуш сатып алуу фактысы боюнча шайлоодон четтетилген талапкердин жакындары кармалганын билдирди. Кармалгандар Лира Акунованын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов болгон.

Атаандаштык курч округдар

Борбордо №19 округ талапкерлер эң көп катталган округ болуп жатат. Мында үч депутаттык орун үчүн 25 талапкер ат салышат. Бул округга Сокулук району жана Бишкектин Ак-Өргө, Ак-Ордо, Ала-Тоо конуштары кирет. Бул жерден парламент депутаттары Медербек Алиев, Гүльшат Асылбаева, Аманкан Кенжебаевдер күчтөрүн дагы бир ирээт сынап жатышат. Белгилүү бизнесмен Рыскүл Акимжанова да ушул округдан талапкерлигин койгон.

БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров өзү атаандаштык төмөнкү округдарда курч болот деп эсептейт:

"Мисалы, №10 округ. Талапкерлери көп, анан белгилүү саясатчылар талапкердин катарында. Анан Ысык-Көл облусундагы №27 округда дагы талапкерлер көп. Бишкек шаарында дагы ошондой. Азыр мобул жеңил округ деп айтыш кыйын".

Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаары, Түп, Ысык-Көл райондору толугу менен, Ак-Суу районун айрым айылдары караган №27 округдан шайлоого жалпы 24 киши аттанды. Алардын арасында аракеттеги Жогорку Кеңеш депутаттары Акылбек Түмөнбаев,Гүлкан Молдобекова, Табылды Муратбековдор жана белгилүү маданий ишмер Жеңишгүл Өзбекова жана башкалар бар. Бул округ эркек талапкерлер (13) эң көп катышып жаткан округ да болуп жатат. Ошондой эле аял талапкерлердин (11)саны боюнча да бул округ алдыда.

№10 округдан шайлоого мурдагы прокурор Курманкул Зулушев, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Батырова, аракеттеги ЖК депутаттары Улугбек Ормонов, Сүйүн Өмүрзаков, экс-депутат Аалы Карашев, белгилүү саясий активист Орозайым Нарматова бар.

Талапкерлер эң аз округ бул №11 шайлоо округу болду, ага Манас, Көк-Жаңгак шаарлары, Сузак району кирет. Мында болгону 5 талапкер бар, алардын үчөө сөзсүз депутат болот. Бул округда талапкерлигин өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев дагы койду.

Админресурс жана тобокелдик

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 30-сентябрдагы билдирүүсүндө бул жолу парламенттик шайлоо ачык, таза жана калыс өтүшү үчүн көзөмөл күчөтүлөрүн баса белгилеген. Бул үчүн негизги шарт мамлекеттик кызматкерлер эч бир талапкерге жан тартпашы катуу эскертилди.

"Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз. Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар. Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар", - деди Жапаров.

Кыргыз бийлиги шайлоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн тигил же бул талапкерге же партияга артыкчылык берүүсүнө жол берилбейт деп келет. Болбосо, ал административдик ресурсту пайдаланууга жатат жана ал үчүн жаза чегерилет.

Бул жолу, ал түгүл, коомдук сайттарда мамлекеттик кызматкердин кайсы бир талапкерге лайк басып, репост жасоосу же сүрөтүн бөлүшүүсү да эреже бузуу катары каралып жатат. Ушундай эле чектөө мугалим, догдур өңдүү социалдык кызматкерлерге да кирди.

"Илгертен эле шайлоого эң активдүү катышкан - бул мугалимдер болгон. Анан талапкерлердин баары мугалимдерге чуркап барышат. Мугалимдердин көз карашы кандайдыр бир деңгээлге таасирин тийгизиши мүмкүн. "Биздин мектептин директору же мугалими бул талапкерди колдоп атыптыр"деши мүмкүн. Эми кандай десем, бул жалпы саясат да. Ошол мугалимдер, медиктер, мамлекеттик кызматкерлер кандай болсо дагы шайлоого аралашпасын деген сөз. Жарандык укугун чектөөбү дегенде эми жолугушууларга барсын, талапкердин программаларын уксун, маселе жок. Шайлоо күнү келип каалаган талапкерине добуш берсин да"- деген эле Би-Би-Сиге бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров.

Эксперттер келе жаткан шайлоонун негизги чакырыктарына административдик ресурс менен катар эле добуш сатып алууну да атап жатышат.

Боршайкомдун мурдагы өкүлү Атыр Абдрахматова добуш сатып алуу бул шайлоонун эң негизги коркунучу болуп жатат" дейт:

"Бул добуш берүүгө чейинки эле административдик ресурстай эле тобокелчилик. Бийликтин административдик ресрустту жокко чыгаруу аракети жакшы.Бирок добуш сатып алуу тобокелчилиги сакталууда. Азыр округдарда кеминде 10-15 талапкер чыгып жатат. Алар жер-жерлерде элди топтоп, өзүнчө бөлүп алып атат, эл болсо акчасы барлардын аркасынан ээрчип кетүү коркунучу бар. Эгер добуш сатып алуу мурункудай эле көрүнө да, көмүскө да схемалар менен жүрсө, бул эл дагы деле жакыр дегенден кабар берет. Анткени чөнтөгү толгон шайлоочу, акчаны ээрчибейт. Эгер бул шайлоодо кайрадан эле олигарх, өз бизнестери барлар өтсө, анда бизде экономикалык көрсөткүчтөр өстү дегенге карабай, эл дагы деле жакыр дегендин көрсөткүчү болот".

БШК төрагасы Тынчтыбек Шайназаров Би-Би-Сиге берген маегинде шайлоодогу эң чоң көйгөй катары жарандардын активдүүдүгүн белгилеген эле.

Аялдар

Жогорку Кеңештин VII чакырымында жыйырма аял иш алып барды, анын бирөө гана бир мандаттуу округдан, калгандары партиялык тизме менен шайланып келди. Бирок Конституциянын 64-беренесине киргизилген жаңы толуктоолорго ылайык, бул жолку шайлоонун жыйынтыгы боюнча парламентке аял депутаттар көбүрөөк келери күтүлүүдө.

Анткени, көп мандаттуу бир округдан үч депутат шайланса, анын үчөө тең эркек же жалаң аял боло албайт. Алардын бирөө сөзсүз башка жыныстан болушу шарт.

"Мисалы, округда үч талапкер эркек көп добуш алса, эки эле мандат эркектерге берилет, бирөө добуштарды топтоо боюна алдыга чыккан аял талапкерге ыйгарылат", - деп түшүндүрүштү БШКдан.

"Мурда аялдар эркектер менен бирдей шартта эле шайлоого катышчу. Көрдүңүздөрбү? Дүйнөдө бир да өлкөдө жок системаны киргиздик. Аялдардын укугу тебеленбесин дедик. Биз аялдарды сыйлаган улутпуз. Биздин улуттан эл башкарган аялдар, мекенин коргогон баатыр кыздар чыккан. Ошол эле адам укугун, аялдардын укугун коргошубуз керек деп кыйкырган өлкөлөрдө аялдар үчүн мындай шарттар жок. Айткан сөздөрү менен кылган иштери дал келбейт. Башкалардан талап кылганды жакшы билишет, бирок өздөрү ошол талаптарды иш жүзүндө аткарышпайт",- деген эле президент Садыр Жапаров шайлоо тууралуу өзүнүн билдирүүсүндө.

Соңку эрежелерге ылайык, эгер аял депутат кайсы бир себептер менен депутаттык кызматын тапшырса, анын ордун аял гана киши баса алат. Ошондой эле эреже эркек талапкерлерге да иштейт.

Мурунку депутаттар

Кызыгы, Жогорку Кеңештин VII чакырылышындагы 90 депутаттын 75и бул шайлоого кайра аттанды. Спикер Нурланбек Тургунбек уулу №15 округдан талапкерлигин койду. Парламенттин өзүн өзү таркатуусун демилегеп чыккан депутат Улан Примов №8 округдан шайлоого бара жатат. Жогорку Кеңештин эң активдүү депутаттары Дастан Бекешов №22, ал эми Элвира Сурабалдиева №23 округдан талапкерликтери коюшту.

Бул шайлоодо БШК учурдагы депутат Жалолидин Нурбаевди талапкер катары каттаган жок. Буга Нурбаевге 2006-жылы козголгон кылмыш иши негиз болгон. Ал өзү Борбордук шайлоо комиссиясынын аны талапкер катары каттоодон баш тарткан чечимине каршы сотко кайрылды. Нурбаев ага кезинде кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып жатат.

Оппозициясыз шайлоо

Быйылкы шайлоодо талапкерлер арасында бийликке катуу сын айткандар болгон жок. Мисалы, VIIчыгарылышта депутаттык мандатынан ажыратылып, кылмыш иши козголгон оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров бул шайлоого соттуулугу бар үчүн бара албады.

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков дагы соңку жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолордо добуш сатып алууга айыпталып, сот өкүмү чыкканына байланыштуу бул жолку шайлоого талапкерлигин кое алган жок.

Мындан улам, бул шайлоого Темирлан Султанбековдун апасы Кыял Токторбаева 30-октябрда өтүүчү шайлоого Бишкектин №12 Свердлов округдан талапкер катары аттанган. Анын үгүт ишине уулу Темирлан, мурдагы президенттин баласы Кадыр Атамбаев жана башкалар жардам берип жаткан. Бирок шайлоого бир жума калганда Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев жана башка адамдар кармалып, соттун чечими менен алар 2026-жылдын 17-январына чейин камакта калтырылды.

"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин түштүктөн баштап Бишкекте жана башка облустарда массалык нааразылыкты жаратып, өлкө боюнча бир катар митингдерди мерчемдешкен. Алардын мерчемдеринде Конституцияга каршы чакырыктар, ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарактарды жана пенитенциардык системанын мекемелерин басып алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Темирлан Султанбековдун апасы Кыял Токторбаева укук коргоо органдары берген маалыматтарды четке кагууда. Ал "Фейсбуктагы" видео кайрылуусунда кармоолорду шайлоого байланыштырды:

"Мунун баарына тиешебиз жок. Бул, өздөрү айткандай, болгону "шайлоонун шайтан оюндары". Кармалгандар бири-бирин тааныбайт. Биз ошол жерде милициянын алдында турдук, алар бири-бирин тааныбайт экен. Балким, Темирлан алардын арасынан эки-үч саясатчыны тааныйт чыгар. Алар болсо баарын өздөрүнүн оюнан чыгарып, каалагандай толтуруп жазып жатышат. Укук коргоо органдарынын мындай кылганы туура эмес. Былтыр шайлоого үч күн калганда "Социал-демократтарды" шайлоодон четтетишкен эле. Быйыл болсо чыдабай кетишип, шайлоого жети күн калганда баягы оюндарын кайра башташты. Анткени биз өз күчүбүз менен, болгону беш киши болуп иштеп жатабыз: Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Эрмек - ишенимдүү өкүлдөрүбүз. Алар атайын биздин команданы бүтүндөй камакка алышты. Темирлан мындай ишке эч качан барбайт, Кадыр дагы барбайт. Алардын командасынан эч ким мындай кадамга бармак эмес. Сиздерден суранам, буларга ишенбеңиздер! Алардын айтып жаткандарынын баары — калп".

Боршайкомдун төрагасы Би-Би-Сиге маек берип жатып, шайлоого ар кандай саясий көз караштагы, анын ичинде оппозициялык маанайдагы саясатчылар эркин, чектөөсүз бара жатабы деген суроого мындай деп жооп кайтарган эле:

"100% деп айта алам. Себеби, шарт түзүлдү да. Анан кайсы бир саясатчы соттолгон болсо, же сыртта жүрсө... Анан соттолгон саясатчы мага мүмкүндүк берген жок деп айта албаса керек. Соттолгон болсо бара албайт да. Мыйзам жол бергендерге тыюу жок. Барсын".