АКШ: Айдын убактысын аныктоо системасы киргизилет

Сүрөттүн булагы, ISLAM DOGRU/ANADOLU VIA GETTY IMAGE
Ак үй НАСАга Айдагы убакытты эсептөөнүн бирдиктүү стандартын түзүүнү тапшырды: Координацияланган Ай убактысы (LTC). Бул Жердегидей убакыт алкагынын системасы эмес, Айдын өзүнүн убакытты эсепке алуу системасы болот.
Чындыгында, Айдагы тартылуу күчү Жердикине караганда азыраак жана ал жакта убакыт Жерден суткасына 58,7 микросекундга ылдамыраак жылат. Башкача айтканда, бир секунд айырма 46-47 жылда топтолот.
Бир караганда, бул көп эмес, бирок космостук учууларды синхрондоштуруу үчүн кымындай айырмачылык да олуттуу болушу мүмкүн.
«Биздин Ааламдагы гравитациянын фундаменталдык теориясынын маанилүү натыйжасы бар: убакыт Ааламдын ар кайсы жеринде ар кандай өтүп жатат, - деп түшүндүрдү Шотландиялык астроном, профессор Кэтрин Хейманс Би-Би-Сиге берген маегинде. - Айдагы тартылуу күчү бир аз жайыраак жана ал жактагы сааттар башкача иштейт».
Жерде убакыт планетада жайгашкан жүздөгөн атомдук сааттар менен өлчөнөт, алар атомдордун өзгөргөн энергетикалык абалын аныктайт жана наносекунддук тактык менен убакытты жазышат.
Эгер бул атомдук сааттар Айга жайгаштырылса, жарым кылымдан кийин алар Жердеги сааттарга караганда бир секундага ылдамыраак болмок.
«Айдагы атомдук сааттар Жердеги сааттарга караганда башкача ылдамдыкта иштейт, - дейт НАСАнын космостук байланыш жана навигация кызматынын башчысы Кевин Коггинс. - Демек, сиз башка космостук бөлүккө, мисалы, Айга же Марска учканда, анын өзүнүн убактысы болгону жөндүү».

Сүрөттүн булагы, BETTMANN/GETTY IMAGES
NASA Айдын убактысын киргизүүнү каалаган жалгыз уюм эмес. Европалык космостук агенттик да өзүнүн убакытты эсепке алуу системасын иштеп чыгууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондуктан, жаңы убакытты макулдашып, координациялоочу уюмду түзүү керек, а анын функцияларын учурда Эл аралык таразалар жана өлчөө бюросу аткарып жатат.
Мисалы, МКС учурда жалпы макулдашуу боюнча координацияланган универсалдуу убакытты (UTC) колдонот, анткени станция төмөн орбитада жайгашкан.
Макулдашууну талап кылган дагы бир маселе - жаңы убакытты эсептөө кайсы учурда киргизилиши керек жана ал канчага чейин созулушу керек.
АКШ CLTти 2026-жылга - Айга пландаштырылган адам башкарган миссияга чейин киргизүүнү каалайт.
«Артемида-3» миссиясы 1972-жылыкы «Аполлон 17» миссиясынан кийин Айдын бетине биринчи конуу болот деп күтүлүүдө. Космонавттар тобун күн нуру эч качан кирбеген кратерлерде тоңгон суунун чоң запастары бар деп эсептелинген Айдын түштүк уюлуна кондуруу пландаштырылууда.
Бул миссиянын ийгилиги наносекундга чейин өтө так пландаштырууну талап кылат, анткени кымындай четтөө да космос кемесин туура эмес орбитага жибериши мүмкүн.
«Артемида-3» Айга пландалган көптөгөн мамлекеттик жана жеке экспедициалардын бири гана. Ал эми бул экспедициялардын ортосунда убакытты туура координациялоо жок болсо, бул маалыматтарды жөнөтүүдө жана космостук аппараттардын, спутниктердин жана Жердин ортосундагы байланышты камсыздоодо олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.












