"Артка санак": климаттын өзгөрүшү дүйнө калкынын ден соолугуна олуттуу таасир этүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Климаттын өзгөрүшү дүйнө жүзү боюнча адамдардын ден соолугу үчүн барган сайын олуттуу кесепеттерге алып келүүдө - мындай тыянакты “Lancet” медициналык журналында жарыяланган жыл сайын жасалчу "Артка санак" докладынын авторлору жасашкан.
Докладдын авторлору ондогон эл аралык уюмдардын, анын ичинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын бириктиришти.
Ага ылайык, ысыктан азыр бир жарым эсе көп киши каза болуп, адамдар безгек (малярия), Денг ысытмасы сыяктуу чиркейлер аркылуу жугуучу инфекцияларга көбүрөөк чалдыгышат.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Би-Би-Сиге берген маегинде акыркы убакта климаттык көйгөйлөрдү чечүүнү кийинкиге калтыруу тенденциясы байкалып жатканын моюнга алып, бул теманы азыркы эл аралык күн тартибине кайтарууга чакырды.
"Биз чындыкты айтышыбыз керек. Чындык, климаттын өзгөрүүсү ансыз деле кээ бир өлкөлөргө кыйратуучу таасирин тийгизип жатат", - деди БУУнун баш катчысы.
Бириккен Улуттар Уюмунун жылдык климаттык конференциясы ноябрда Египетте башталат жана азыркы баяндама тез арада чара көрүүгө жана адамзаттын энергетикалык стратегиясын өзгөртүүгө чакырат.
"Дүйнө жүзүндөгү ар бир өлкөнүн өкмөттөрү жана компаниялары адамдардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна зыян келтирип, күйүүчү майларды күйгүзүүгө артыкчылык беришет. Ошондуктан биз болушунча тезирээк чара көрүшүбүз керек", - деди докладдын авторлорунун бири, Мельбурн университетинин профессору Кэтрин Боуэн.
Йель университетинин Медицина мектебинин жана Климаттын өзгөрүшү жана ден соолук борборунун эксперти, баяндаманын авторлорунун бири, доктор Жоди Шерман Би-Би-Сиге өнүккөн өлкөлөр да, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр да чара көрүшү керектигин билдирди. Анын айтымында өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бул кадамды чоң каалоосу жок жасашат.
"Бүгүнкү күндө бир дагы өлкө жетиштүү иш алып барбайт. Ал эми климаттын өзгөрүүсүнөн эң көп жапа чеккен өлкөлөр кесепеттер менен күрөшүүгө дээрлик даяр эмес. Атмосферага эң көп зыяндуу заттарды чыгарган бай өлкөлөр жана ага адаптациялануу ресурстары жок кедей өлкөлөр бар", - деп белгилейт Шерман.
Докладда эмне тууралуу жазылган?
Белгилүү “Lancet” медициналык журналында жарыяланган отчетто дүйнө жүзүндөгү адамдардын ден соолугу отун күйгүзүүнү колдогондордун ырайымына ээ экенин болжолдойт.
Отчетто 2020-жылы 4,7 млн адам абанын булганышынан каза тапканы айтылат. Анын ичиндег, 1,3 млн адамдын өлүмү казылып алынган күйүүчү майлардын күйүшүнө түздөн-түз байланыштуу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эң чоң көйгөйлөрдүн бири – азык-түлүк коопсуздугу. “Lancet” жүргүзгөн талдоо көрсөткөндөй, азыр 1981-2010-жылдардагыга караганда 100 миллионго көп адам катуу тамак-аш тартыштыгына кабылган.
Катуу кургакчылыктан жапа чеккен жердин аянты акыркы жарым кылымда дээрлик үчтөн бир эсе көбөйүп, жүз миллиондогон адамдар дыйканчылык кыла албай, чаңкоодон өлүү коркунучунда калды.
"Климаттын өзгөрүшү тамак-аш жетишсиздиги жана начар тамактагуу сыяктуу коркунучтуу кесепеттерге алып келген азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жатат”, - дейт Лондон экономика мектебинин Грантхэм изилдөө институтунун директору жана отчеттун башкы автору Элизабет Робинсон.
"Температуранын андан ары жогорулашы, экстремалдык аба ырайынын жыштыгы жана интенсивдүүлүгү жана көмүр кычкыл газынын концентрациясы, айрыкча, эң аялуу адамдар үчүн, тамак-аштын жеткиликтүүлүгүнө жана жетүү мүмкүнчүлүгүнө көбүрөөк басым жасайт", - деп кошумчалады ал.
Февралда Орусиянын Украинага басып киришинен улам келип чыккан азык-түлүк менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашы дүйнөнүн азык-түлүк логистикасындагы үзгүлтүккө карата канчалык сезимтал экенин көрсөттү жана бул абал климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин дагы да күчөттү.
Дагы бир көйгөй - ысыктан каза болгондор. Акыркы 20 жылдын ичинде ал бир жарым эседен ашык - 68 процентке өстү.
Дээрлик ушунча эсе жылына токой өртү чыгуу коркунучу жогору болгон күндөрдүн саны да көбөйдү - азыр алардын саны 61%га көбөйдү.

Сүрөттүн булагы, EPA
Мындан тышкары, атмосферанын жылышы көптөгөн олуттуу жугуштуу ооруларды алып жүрүүчүлөр – чиркейлер (москиттер) үчүн абдан жагымдуу. 1951-1960-жылдардан бери безгек жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон күндөрдүн саны Американын айрым бөлүктөрүндө үчтөн бирге, Африкада 14 пайызга көбөйдү. Демек, бул чиркейлер алып жүрүүчү инфекциялардын саны да көбөйдү дегенди билдирет.
Көмүртектин атмосферага бөлүнүп чыгышы пандемия сыяктуу глобалдык ден соолук кризисинин кесепеттерин күчөтүүдө.
Бир жагынан алганда, саламаттыкты сактоо тутумдары Covid-19 кесепеттерин жеңүүгө каражат табуу үчүн күрөшүп жатышат, ошол эле учурда өкмөттөр жүздөгөн млрд долларларды субсидия түрүндө казып алуучу отунга бөлүп жатышат, бул көбүнчө саламаттыкты сактоо бюджетине окшош сумманы түзөт.
Жашоого болбой турган жылуу келечек
Докладдын авторлору дүйнө жүзү боюнча 86 өкмөттүн иш-аракеттерин талдап, 2019-жылы алардын 69у күйүүчү майларды өндүрүүнү жана керектөөнү жалпысынан 400 миллиард долларга субсидиялаганын аныкташкан.

Сүрөттүн булагы, GIRONDE FIREBRIGADE/EPA-EFE/SHUTTERSTOCK
Керектөөчүлөр электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн кымбатташы менен күрөшүп жатканда, казылып алынган отун компаниялары рекорддук киреше алып жатышат.
Ошол эле учурда алардын алдынкы он бешинин планы Париж климаттык келишиминин катышуучулары күч-аракет жумшоону максат кылууну чеччкен коопсуз 1,5 градус Цельсийге жылуулатуу стратегиясына дал келбейт.
Эгерде биз азыркы темп менен жүрсөк, көмүртектин күйүүсүнөн толугу менен арылуу үчүн 150 жыл талап кылынат, бул дагы Париж келишиминин өлкөлөрүнүн 2050-жылга карата нөлдүк газ чыгаруу максатына туура келбейт.
"Көптөгөн өкмөттөрдүн жана компаниялардын казылып алынган отунга байланышкан азыркы стратегиялары бизди өлүмгө алып келген келечекке - жылуураак, бирок жашоого мүмкүн эмес дүйнөгө алып барат", - деп эскертет Лондон университеттик колледжинин профессору Пол Акинс.
Ал өкмөттөр көйгөйдүн олуттуулугун моюнга албай, көмүртектүү нөлдүк дүйнөгө карай аракет кыла албай жатат деп эсептейт.
Докладдын авторлору бийликти “ден соолукка багытталган жоопко” чакырышат.
Бул, мисалы, абанын сапатын жакшыртуу же өсүмдүк менен тамактанууга өтүүнү тездетүү дегенди билдирет – докладдын авторлору бул атмосферага айыл чарба калдыктарын чыгарууну эки эсеге кыскартып, тамактануу көйгөйлөрүнөн улам келип чыккан 11,5 миллионго чейин өлүмдүн алдын алат деп эсептешет.
Кызуу талкууга даярданыңыз
Жастин Роулатт, Би-Би-Синин климаттын өзгөрүшү боюнча редактору
“Lancet” басылмасынын бугунку доклады — аракетке чакыруу.
Анын авторлору Бириккен Улуттар Уюмунун Египеттеги Климат саммитинде чукул чечимдерди кабыл алуунун зарылчылыгы тууралуу жетиштүү далилдерди келтиришти деп үмүттөнүшөт.
Бирок, бул идеялар катуу каршылыкка дуушар болушу мүмкүн.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр климаттык өзгөрүүнүн жоготууларын жана келтирилген зыяндарынын ордун толтурууга көбүрөөк акча бөлүү үчүн бай, казылып алынган отунга бай коңшуларына басым жасашат.
Ал эми алар кантип өнүккөн өлкөлөр 2020-жылдан баштап климаттын өзгөрүшүнө жылына 100 млрд доллар бөлүүгө тийиш деп сурашат? Бул бюджетте дагы деле тешик бар.
БУУнун Климат саммитин (COP27) өткөрүп жаткан египеттиктер өнүккөн өлкөлөрдүн убадаларына болгон ишеним кризиси тууралуу эскертти.
Ал эми өнүккөн өлкөлөрдүн өз көйгөйлөрү бар: алар энергия менен азык-түлүк кымбаттагандыктан жашоонун кымбатташы менен күрөшүүгө аракет кылып жатышат.
Алардын көбү мындан сырткаиы Украинага аскердик колдоо көрсөтүү үчүн миллиарддаган акчаларды коротушат.
Андыктан Египеттеги кызуу талкууга даярданыңыз.















