Климат өзгөрүп жатканда тоо-токойго барып эс алуу опурталдуу болуп калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Навин Сингх Хадка
- Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
Климаттык өзгөрүүлөр тоолорго чыгып, токой аралап эс алган туризмди барган сайын кооптуу кылып жатканын Би-Би-Сиге туриндустрия уюмдары, туроператорлор жана эксперттер билдирүүдө.
Алардын айтымында, Альпы тоолорундагы кээ бир жөө баскан маршруттардагы таш кулаган учурлар, Түштүк Европа менен АКШнын түштүгүндөгү кемпингдерге коркунуч туудурган токой өрттөрү, Венесуэладагы дарыяларга кулаган көчкүлөр - мунун баары климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети.
"Тоо-токой аралап эс алган туризмдеги коркунучтар жана башкалар туруктуу мониторингди талап кылууда".-дейт Саякат ассоциациясынын соода бирикмесинин климат боюнча эксперти Бекманн. Бул бирикмеге туризм боюнча миңден ашык улуттук кеңештер жана 33000 адам мүчө.
"Климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети биздин көбүрөөк ачык болуп, ар кандай өзгөрүүлөр менен коркунучтарга даяр турушубузду талап кылууда".
Бекманн айымдын айтымында, азыркы учурда туризм тармагы улам жаңы толукталып жаткан эрежелерге ылайык эффективдүү иштөөгө аракет кылууда.
БУУнун дүйнөлүк туризм уюму дагы кооптуу кырдаалды көрүп жатат.
"Туризм сектору климаттык өзгөрүүлөрдөн улам болуп жаткан экстремалдык аба ырайы көрүнүштөрүнө көп кабылууда",-дейт аталган уюмдун директору Дирк Глассер.
Таш көчкү жана мөңгү
Гиддердин айтымында, тез эрип жаткан мөңгүлөр пайда кылган таш көчкүлөр тоо туризми үчүн эң чоң коркунуч болууда.
"Азыркы убакта кышында кар аз түшүп, кандай гана кар же муз болбосун тез эрип кетүүдө",-дейт тоо гиди Жан-Клод Разель.
«Тоо гиддери үчүн бул көп көйгөй жаратууда, анткени кар көчкү жүрүп, таш кулаган жерлер көбөйүп, аларга барганга тыюу салынууда".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ушул жылы жайында Альпы тоолорунда таш көчкөн жерлерде бир нече маршруттарды токтотууга туура келди, июлда Италиянын Альпысында кар көчкүдөн 11 турист каза болду.
Августта Франциянын мэри Монбланга келген туристтер мындан кийин куткаруу иштерине жана эгер өлүп калса анын чыгымдарына күрөө коюшу керек деп билдирди.
Непалдын тоо гиддеринин бирикмесинин төрагасы Анг Норбу Шерпанын айтымында, климаттык өзгөрүүлөр күтүүсүз жана ыкчам болуп жатат.
"Азыр Эверест эки лагеринде суулар пайда болгонун көрө аласыз. Бардык жерде таштар козголуп, кулап жатат".
Ошондой эле Гималай менен Альпыда альпинисттердин жолунда мөңгүнүн үстүндөгү чокусу же муз аскалар оркоюп кулап кетчүдөй болуп араң эле илинип турат. Кээ бир жерлерде аңырайган жараңкалар пайда болду, ал жактан эми өтүүгө такыр болбойт.
Токой өрттөрү
Грецияда, Францияда, Испанияда жана Калифорнияда жайкы аптапта токойду каптаган өрттөн улам жүздөгөн эс алуучуларды эвакуация кылууга туура келди. Бул авантюристтер үчүн эле эмес, жаратылыштын койнуна баргысы келген ар бир турист үчүн көйгөйлүү маселе.
"Соңку жылдары мындай инциденттер көп болуп жатат, "эми ал барган сайын көбөйөт",-дейт Испаниянын Лерида университетинин токойдогу өрт жана глобалдык өзгөрүүлөр боюнча профессору Виктор Реско де Диос.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн жылы профессор Диос өзүнүн илимий изилдөөсүн жарыялады. Анда 2008-жылдан 2021-жылга чейин токойдогу өрттөн 473 адам каза тапканы, анын ар бир төртүнчүсү турист болгону айтылат.
Эң коркунучтуу инцидент Грецияда Аттикада 2018-жылы болду. Чет өлкөлүк меймандар үчүн абдан популярдуу болгон кыштакта өрттөн 103 адам каза тапты. Мати сыяктуу көп туристтик жерлер токойдун ичинде жайгашкан.
"Эми эс алуучулар туюкта калбаш үчүн бул райондордо коркунучтарды азайтуунун планын иштеп чыгуу жана эвакуация кылуунун жолдорун даярдоо керек".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ылай суу
Окумуштуулар жаан-чачындын режими өзгөрүп жатканына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкүлөр көп болот деп жатышат. Нөшөрлөгөн жаандан тоо кыртыштары жибип, бузулууда.
Кар көчкүлөр рафтинг үчүн да кооптуу болуп жатат, дейт Венесуэладагы рафтинг боюнча гид Алехандро Буццо.
Кээ бир дарыялар менен сүзүү кыйын болуп калды.
"Кээ бир тайыз жерде жерде дарыялардын багыты өзгөрүп кетүүдө, рафтинг мүмкүн эмес болуп калды",-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баззонун айтымында, климаттык өзгөрүүлөр тоолуу райондордо эле эмес, жаан нөшөрлөп жаап аномалдуу суу ташкынын пайда кылган райондордо да сезилүүдө.
"Эки жыл мурда дүйнөдөгү эң жазы дарыя болгон Ориноко 18 метге чейин көтөрүлүп, бир нече майда аралдар жок болуп кетип, жаңылары пайда болду,-дейт Буццо. - Менин кемпингим турган чакан аралды дарыя жууп кетти».
Ал эми Испаниянын кээ бир райондорунда жаан чачындын аз болгонунан жабыр тартышууда. Гальего дарыясында рафтинг өткөрүп келген Фермин Ларреа азыр суу керектүү деңгээлдин жарымына араң жетерин айтууда.
Андан сырткары, соңку учурларда суунун температурасы беш пайызка көтөрүлүп, анын айынан гиддер таман кургаткан оорулардан жабыркай баштады.
"Бул гиддерде анда-санда эле болчу, азыр баарыбызда бар. Биз грибокко каршы крем колдонуп жатабыз, бирок ал анча жакшы болбой жатат".
'Табият койнуна'
АТТАнын эсебинде тоо-токойго барып саякат курган туризм жалпы туризмдин болжол менен 30% түзөт жана бул сан барган сайын өсүүдө.
"Айрыкча пандемияда үйдө камалып отуруп калып жадаган эл азыр табият койнуна качууда",-дейт тоо гиди Жан-Клод Разел.
«Бул жакшы, бирок климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин эске алганда, эгер сактык чаралары көрүлбөсө, этият болбосо, арты жаман бүтүшү мүмкүн". (КС)













