Казакстан: Өкмөттүн жаңы курамы бекитилет, Токаев менен Путин сырткы күчтөрдү күнөөлөдү

Алматы

Сүрөттүн булагы, VALERY SHARIFULIN/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскерлер Алматынын көчөсүндөгү адамды кармап жатат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө парламентине өкмөттүн жаңы курамын тааныштырат. Бул тууралуу ал дүйшөмбү күнү өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитинин алдында билдирген.

Шейшемби күнү эртең менен парламенттин отурумунда Токаев Алихан Смаиловду премьер-министрликке дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Смаилов 5-январдан бери өкмөт башчынын милдетин аткарып келаткан.

Ал күнү, өлкө боюнча массалык нааразычылыктар башталып кеткенде, президент Аскар Мамин жетектеген мурдагы өкмөттү таратып жиберген. Нааразылык акциялары суюлтулган газдын баасынын өсүшүнөн улам чыгып, бирок тез эле саясий нукка бурулуп кеткен. Кийин митингчилер бийликтин толугу менен алмашуусун талап кыла башташкан эле.

Дүйшөмбү күнү Токаев өткөн аптадагы баш аламандыктарды чет элдик террористтер кылды деген тезисти колдонуусун улантты. Бирок ага азырынча анча деле ишенбей турушат.

Токаев адегенде ЖККУнун виртуалдык саммитинде, андан кийин сайтында жарыяланган өзүнүн билдирүүсүндө өткөн аптадагы массалык баш аламандыктарды сырттан пландалып ишке ашырылган “террористтик кол салуу” деп дагы бир жолу атады. Анын айтымында, баш аламандыктарда чет элдик, анын ичинде Афганистандагы жана Жакынкы Чыгыштагы согушкерлер катышкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандагы окуяларды “өлкөгө кол салуу” деп атап, Токаевди колдоду.

Путин ЖККУнун видеосаммитинде тополоңдун жүрүшүндө “чет жердеги террористтердин лагерлеринде даярдыктан өтүп келген, так жана жакшы уюшулган согушкер топтор колдонулганын” билдирди.

Токаев менен Путин так далилдерди келтиришкен жок, бирок Токаев далилдер жакынкы аралыкта берилерин убада кылды.

Кыргызстандык джаз музыкант мекенине кайтты

Казакстандын күч түзүмдөрүнүн “чет элдик жалданма аскерди” дүйнө жүзүнө көрсөтүү аракети жер менен жексен болду.

Жекшемби күнү алар сабалган кишинин видеосун чыгарган эле. Видеодон Кыргызстанда жумушсуз жүргөнүн, баш аламандыктарга катышуу үчүн 90 миң тенге ($200) алганын айткан жигитти көрүүгө болот.

Бирок аталган “жалданма аскерди” кыргызстандыктар тез эле аныктап, анын джаз музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болду.

Кыргызстандын бийлиги каршылык билдирип, дүйшөмбү күнү Викрам Рузахуновду мекенине алып келди. Рузахунов Бишкекке келери менен Жеңиш аянтында журналисттердин суроолоруна жооп берип, кыргыз бийлигине жардамы үчүн ыраазычылык айтты.

Викрам Рузахунов

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Викрам Рузахунов Бишкекке дүйшөмбү күнү кечинде кайтып келди

Казакстандын мамлекеттик телеканалдары өзүнүн барактарындагы Рузахунов тартылган видеолорду өчүрүп салышты. Ал эми күч түзүмдөрү видеодо башка киши болгонун айтууга ашыгышты. Бирок ошол видеодогу киши менен эркиндикке чыккандан кийин журналисттерге жооп берген кишини салыштыра келгенде эч кандай күмөн саноого негиз жоктой.

“Эки террористтик топ”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети чет элдик террористтер темасын улай дүйшөмбү күнү беш кишини, анын ичинде “эки экстремисттик топко кирген” чет элдикти кармаганын айтты.

Казакстандын бийлигинин расмий маалыматтарын чыгарган Coronavirus2020.kz телеграм-каналы кабарлагандай, кармалгандардан ок атуучу куралдар, октор, травматикалык жана кулак тундуруучу гранаталар, диний адабияттар табылган. Ал эми кармалган чет элдиктин “сырттагы террористтик топтор менен байланышы болгон”.

Казак бийлигине көз каранды эмес байкоочулардын оюнча, өлкөдөгү тополоң сырттан кол салуу эмес, бийлик үчүн ички тирештин курчуп кетүүсүнөн улам чыккан. Алардын антип айтуусуна бийлик өкүлдөрү азыркы күнгө чейин айткан сөзүнө далил көрсөтпөй, “Елбасы” Нурсултан Назарбаев бүгүнкү күнгө чейин коомчулукка көрүнбөй жатканы негиз болууда. Ошондой эле, Назарбаевге жакын делген кишилерди кызматтан алынышы жана камалышы да негизги себептердин бири.

Казакстандын ИИМи дүйшөмбү күнү маалымдагандай, өлкө боюнча кармалгандардын саны 7939 кишини түзгөн. Күч түзүмдөрү аларды митингге жана баш аламандыктарга катышты деп эсептейт. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Алматы шаарында жана Алматы облусунда соңку суткада эле 675 киши кармалганын кошумчалады.

Алматы жандана баштады

Казакстандын мурдагы борбору Алматыда жашоо акырындык менен калыбына түшө баштады. Өткөн аптадагы баш аламандыктарда Алматы эң эле талоонго алынган жана зыянга учураган шаарга айланган.

“Шаардын борборунда жашоо өз нугуна түшө баштады”, — деди Би-Би-Сиге саясат таануучу жана Алматынын тургуну Расул Жумалы. “Биз өзүбүз бүгүн көчөгө чыгып, супермаркетке бардык. Дүкөндөр ачыла баштады, айрым банкоматтар иштеп калды. Чоң жолдо коомдук транспорт иштөөдө. Коммуналдык кызматтар шаарды иретке келтире башташты”.

Алматы

Сүрөттүн булагы, VALERY SHARIFULIN/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматынын көчөлөрү иретке келе баштады

Интернет толук иштей элек

Расул Жумалынын айтымымында, Алматыда интернет дээрлик толугу менен иштебей жатат: кээде гана иштеп, ал да көпкө созулган эмес.

Ушундой эле көрүнүш азыркы борбор Нур-Султанда да бар. Шаар тургуну Аиша (анын өтүнүчү менен ысымы өзгөртүлдү) Рейтер агенттигине айткандай, интернет өчөрү менен өлкөдө эмне болуп жатканын билбей калган. “Сыналгы интернетсиз иштебейт, радиодо эч кандай жаңылык айтылган жок, бүт эле көңүл ачуу программалары коюлду”, — дейт Аиша.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

Казакстанда интернет азырга чейин үзгүлтүк менен иштеп жатканын NetBlocks кызматы да ырастайт. Бул кызмат интернет бөгөттөлгөн учурларга байкоо жүргүзөт. (EA)